ТАЗА БОЛСОҢ СУУДАЙ БОЛ, БААРЫН ЖУУП КЕТИРГЕН

  • 26.10.2024
  • 0
ТАЗА БОЛСОҢ СУУДАЙ БОЛ, БААРЫН ЖУУП КЕТИРГЕН

1-класс, тарбия саат

«Суу адамзаттын өмүр булагы”

“Суу сыйлаган зор болот, суу кордогон кор болот”. 

Сабактын темасы: “Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген”.

Сабактын максаты:

  • Суунун касиеттүүлүгүн түшүнүп, үйрөнүшөт;
  • Суунун баалуулугун үйрөнүшөт.

Билим берүүчүлүк максаты:

  • Кыргыз жерин жана суу байлыктарын баалоону түшүнүүгө аракеттенет.
  • Суунун адам жашоосундагы зарылдыгын аңдашат.

Өнүктүрүүчүлүк:

  • “Сууну сыйла” деген ырды жатташат.
  • Кабыл алууга, көңүл бурууга, ой жүгүртүүгө, колдонууга үйрөнүшөт.

Тарбия берүүчүлүк:

  • Ата мекендин артыкчылыгын сезишип, анын баалуулуктарын барктоого тарбияланышат;
  • Сууну булгоо, ысырап кылуу туура эмес экендигин билишет.

Сабактын усулу: Аңгемелешүү

Сабактын жабдылышы: Көлдөрдүн, дарыялардын сүрөттөрү, суроолор, накыл сөздөр,  ырлар, макалдар. Скоч, маркер, ватман, түрдүү-түстүү кагаздар.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.

Мугалим: Кыргыз жери суулары менен даңктуу. Ар бир өрөөндө мөңгүдөн келген суулар бар. Суулар кошулуп чоң дарыяларды түзөт. Кыргызстандын атактуу дарыялары Нарын, Чүй, Кара-Дарыя, Ак- Буура, Жазы, Көкөмерен жерибиздин көркү. Кээ бир жерлерде суулар топтоло берип, көлдү пайда кылган. Кыргызстанда Ысык-Көл, Чатыр –Көл, Соң-Көл, Сары-Челек аттуу тоо көлдөрү бар. Мындан тышкары көп жерлерден булактар агып чыгат.

Мекенибизде 150дөн ашык дары булактарыбыз бар. Ысык-Ата, Арашан, Нарзан, Кара-Шоро, Кыз- Булак, Аюу-Булак деген булактардан дары суулар агып чыгып турат. Биздин жаратылышыбыз эң эле кооз. Суу жөнүндө эмнелерди билебиз: Жер бетиндеги суу үч абалда кездешет. Суюгу-суу, газ абалындагы – буу, катуу абалындагы – мөңгү жана түбөлүк муздар. Адам үчүн суудай зарыл нерсе жок. Аны ичебиз, жер сугарабыз, кир жууйбуз, үй тазалайбыз. Жер алдында да суу бар. Таза суу жерибиздин байлыгы, аны кор тутпайлы, сактайлы.

Суу жөнүндө сонун ырлар бар, келгиле балдар угуп көрөлү.

                            Суу

Таза аба таттуу суу,

Түссүз муздак.

Көңүлдөргө жакчуу суу,

Агат, сугарат, тазалайт.

Суу өмүрдүн булагы

Жакшы жердин жакшысы.

Жашоо Жер жүзүндө жайылып,

Толуп чыккан аккан суу,

Жети кабат жер астын,

Жарып чыккан аккан суу.

ТАЗА БОЛСОҢ СУУДАЙ БОЛ, БААРЫН ЖУУП КЕТИРГЕН

Азыр, балдар, мен силерге табышмак айтайын, силер тапкыла:

  • Жутуп алып бууну, жерге себет сууну,

Асманда учуп жүргөнү элестетет ак-кууну. (Булут)

Макал-лакаптар. Суу атасы — булак. Сөз атасы — кулак. Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор. Суу — дыйкандын каны. Жер — дыйкандын жаны. Ташкын сууда таш агат.

Сабакты бышыктоо:

Суроолор:

  1. “Суу — жерге, байлык – элге” деген макалды кандай түшүндүңөр?
  2. Суу болбосо адамдар, жаныбарлар, өсүмдүктөр жашай алабы?
  3. Сууга түшкөндү жакшы көрөсүңөрбү? 

Бабалар сөзүн билип жүр!

1.”Суу атасы – булак, сөз атасы-кулак”.

  1. “Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор”.
  2. “Суу дыйкандын – каны, жер дыйкандын- жаны”.
  3. “Ташкын сууда таш агат”.
  4. “Суу адамдын жаны, өсүмдүк каны”.
  5. Суу бар жерде жашоо бар”.
  6. «Суу жүргөн өзөн кургабайт».
  7. «Суу ичкен кудугуңа — түкүрбө».
  8. “Суу менен ойнобо – чөгөсүң, от менен ойнобо – күйөсүң”.
  9. “Суу эркиндикти сүйөт”.

Жыйынтыктоо: Мына балдар, бүгүн биз суу жөнүндө көп маалымат уктук. Суунун кандай пайдасы бар экен? Суу болбосо адамзаты, өсүмдүктөр, жаныбарлар, куштар жашай алабы? Суу жөнүндө кандай түшүнүк алдыңар? Бүгүнкү класстык сааттыбыз жактыбы? Көңүл бурганыңар үчүн чоң рахмат!

Үйгө тапшырма:

  • “Суу бар жерде жашоо бар”, — деген макалды кандай түшүндүңөр? Эмки сабакта суу жөнүндө ыр жаттап келесиңер.

Бермет Алымбаева, КББАнын Тарбия, социалдаштыруу жана

 мектептен  сырткаркы кошумча билим берүү

 лабораториясынын башчысы 

Бөлүшүү

Комментарийлер