Сумманы санга көбөйтүү

  • 17.01.2024
  • 0
Сумманы санга көбөйтүү

Сабактын максаты:

Билим берүү: окуучулар сумманы санга көбөйтүүнү үйрөнүшөт. Түшүнгөнү боюнча мисал, маселе иштешет.

Өнүктүрүү: ой жүгүртүүсү, оозеки эсептөөсү, темага карата мисал, маселелерди өз алдынча чыгара алуусу, математикалык потенциалы өнүгөт.

Тарбия берүү:  окуучулар билимдүү, ынтымактуу, адептүү, таза, тыкан, тапкыч болууга, алган билимин турмушта колдонууга тарбияланышат.

Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, иш дептери, чийүүгө керектүү буюмдар, карточка, проектор, колонка, баалоо баракчасы.

Сабактын формасы: өз алдынча, жупта иштөө.

Колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: көрсөтмөлүүлүк, жупта, жекече иштөө, интерактивдүү усулдар, “Түшүндүрүү жана негиздөө” стратегиясы, КГА ыкмасы.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу. Мугалимдин иш аракеттери: Окуучулар менен саламдашуу, сабакка даярдыгын карап чыгуу.

Математик балдарбыз,

Билим кенин казабыз.

Аянбастан көп иштеп,

Мисалдарды талдайбыз.

Алтын эреже түздүрүү. Баало критерийлери менен
тааныштыруу. Сабактын бардык этаптарына активдүү катышып, “4”,
“5” деген бааларга ээ болуу.

Үй тапшырмаларын текшерүү:  окуучуларга үй тапшырмаларын окутуп, чогуу текшерүү (5-бет, 7-иш жана ребустар)
27:3+8∙7=65
1) 27:3=9
2) 8∙7=56
3) 9+56=65
*▪*=*3
9▪7=63
Мугалим: математикалык ребустардын аткаруу тартибин үйрөндүңөрбү?
Белгисиз сандын ордуна эмне коюлуптур? Тегерек ондукту, 100дү тегерек ондукка бөлүүнүн ыкмаларын үйрөндүңөрбү?

Жаңы теманы түшүндүрүү: 

Мугалим: балдар, мында кайсы туюнтмалар көбүрөөк жазылыптыр?
(6+4)∙2=                    5∙9=
(6+7)∙3=                   (20+7)∙2=
8+22=                        5∙ 6=
99+1 =                       48:6=
(30+2)∙3=                 99-56=
— Ооба, балдар, биз бүгүн “Сумманы санга көбөйтүү” деген теманы өтөбүз.
Сабактын максаты менен тааныштыруу. Бүгүн биз турмуштук кырдаалда кездешүүчү математикалык мисал, маселелерди чыгарабыз. Көбөйтүүнүн бөлүү менен кандай байланышы бар эле?

Балдар, бизге ушундай туюнтма берилди:
(4+3)∙2=
Өзүңөргө ыңгайлуу жолу менен чыгаргылачы. Мындан да башка чыгарылыш ыкмалары бар болсо бөлүшө аласыңарбы? Кайчы пикир жараларын эске алуу. Болбосо жаратып, окуучулардын оюн угуу.
Моделдештирүү жана жыйынтыктоо. 1-жолу (4+3)∙2=7∙2=14, 2-жолу (4+3)∙2=4∙2+3∙2=8+6=14

Практикалык машыгуулар: 1-иш. Маселени ар түрдүү жол
менен чыгаргыла.
Берилди:
2 оюн чыны — 2 сом
Табактары — 1 сом
Б-?
Чыгаруу: 1-жолу.
(2+1)∙2=3∙2=6
2-жолу
(2+1)∙2=2∙2+1∙2=4+2=6
Жообу: бардыгы 6 сом турат.

2-иш. Жактарынын узундуктары 10 см, 14 см, 9 см болгон үч бурчтуктун периметрин тапкыла.
3-иш. Жогорку, төмөнкү деңгээлди эске алуу.
90:30=                   5∙20-16=
80:40=                   74-60:2=
0∙1:12=                   7∙(42-34)=
0:5∙20=                  (36+36):9=
Мамыча түрүндө да иштөөгө болобу?

Ыкчам текшерүү: проектордон балдардын атынын жанына жазылган мисалдар чыгат. Жооп бере албаган окуучуларга жардам берүү. Аларды белгилеп алуу керек.

Сабакты бышыктоо жана жыйынтыктоо: Сумманы санга көбөйтүүнүн кандай жолдору бар экен? Тема боюнча кандай
мисал келтире аласыңар? Силер сумманы санга көбөйтүүчү мисалдарды
жакшы чыгардыңар. Күнүмдүк турмушуңарда да колдоно жүргүлө.

Үйгө тапшырма: өзүбүздүн жетишкендиктерибизди текшерип, берилген маселени чыгарабыз.
-Чоң эненин канча небереси болуптур?
-Кызыл жана сары алмаларды бирдей бөлүп бериптирби?
-Канча алмадан берди?
-Ребустарды табуу.

Жамалкан УЗУБАЛИЕВА, Талас облусунун Айтматов районунун Айтпаев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер