СОТ БОЛГОН КОЁН

  • 29.11.2023
  • 0
СОТ БОЛГОН КОЁН

 Бермет ЖООМАРТ кызы,  №27 Топ-Терек негизги мектебинин башталгыч класстар мугалими, Кара-Суу району

(Адабий окуу. Бөлүмү: Күлкү бар жерде өмүр бар, 4-класс)

 

Сабактын максаты:

1.  Билим берүүчүлүк:

«Сот болгон коён» деген теманы кеңири түшүнө алышат.

2. Өнүктүрүүчүлүк:

Окуучулардын сынчыл ойлоосу, кабыл алуусу өсүп, сөз байлыгы өнүгөт.

 
3.Тарбия берүүчүлүк:

Окуучулар ынтымакта,

достукта жашоого тарбияланышат.

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү

Сабактын усулу: аңгемелешүү, суроо-жооп

Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, маркер, китеп, теманы телевизордон көрүшөт.

Сабактын формасы: топто иштөө

Сабактын жүрүшү: 5 этаптан турат

Сабактын этаптары

1-этап

Шыктандыруу — 5 мин.

Мугалимдин ишмердүүлүгү:

Окуучулардын сабакка даярдыгын карайт. Жагымдуу маанай түзөт.

Топко бөлүнүшүп, дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасашып, көңүлдөрү көтөрүлөт.

  
 

 

2-этап

Үй тапшырмасын

суроо

Өтүлгөн теманы суроо-жооп иретинде бышыктайт.

– Үй тапшырмасына эмне берилди?  Эмне үчүн анын аты ушунчалык узун экен?

– Ал мактанам деп жүрүп кандай күнгө кабылды?

Окуучулар берилген суроолорго  ойлонуп жооп беришет.

3-этап

Жаңы тема — 10 мин.

Келгиле балдар, анда эмесе “Сот болгон коён” тамсилин чогуу биргеликте көз алдыбызга элестетип  көркөм окуйбуз.  Көңүлүбүздү экрандагы жаныбарларга  буралы. Тамсил адамдардын кылык жоруктарын айбанаттардын образы менен чагылдырган чыгарма экенин биле алышат.

4-этап  — 20 мин.

1. Окуучулар коён жөнүндө билгендерин айтышат.

2. Топтордо иштешет. Өзүңөр атап алгандай бүгүнкү сабакта биринчи топ “Ынтымак”, экинчи топ “Достук” деп аталат. Анда эмесе, балдар, “Ынтымак” тобу ач карышкырга  кластер түзүп, мүнөздөмө беребиз. Экинчи “Достук” тобу  коёнго жана кулжага кластер түзөбүз.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3. Макалдардын маанисин чечмелешет.Эзелки досуң, кас болбос,

Эзелки касың, дос болбос.

Жамандын жанын сактаганча,

Жакшынын кадырын сакта.

“Достук” тобу биринчи макалды, ал эми “Ынтымак” тобу экинчи макалды чечмелеп  айтып беришет.

Кайсы команда жакшы жооп берсе, упайларга ээ болушат.

5-этап

1) Ач карышкыр берген убадасында турдубу?

а) Ооба  б) жок

2) Карышкыр менен кулжанын чатагына ким (сот)  калыс болду?

а) коён  б) эчки в) арстан

3) Коён туура чечим чыгардыбы?

а) Ооба б) жок

4) Жакшылыкка жамандык менен жооп берген туурабы?

а) ооба б) жакшылыкка жакшылык менен жооп берген туура

5) Карышкыр эмне үчүн коёнго шылдың болду?

а) убадасына турбады  б) арык болгону үчүн

Окуучулар тесттерге жооп беришип, упайларга ээ болушат.

Жыйынтыктоо — 5 мин.

Уктум

Билдим

Түшүндүм деген таблицаны толтурушат.

Окуучулар эмнени укканын, эмнени билгенин, эмнени түшүнгөнүн жазышат.

Жыйынтыктоочу суроолор: тамсилдин мааниси кандай деп ойлойсуңар?

Карышкырга окшогон алдамчы адамдар  турмушта барбы?

Окуучулар өз ойлорун айтышат.

 

Үйгө тапшырма

Баалоо

—        2 мин.

2 мин.

Ушул үчөөнүн сүрөтүн элестетип тартып, өз сөзүңөр менен айтып бергиле.

Сабакка эң мыкты катышкан окуучулар “4”, “5” деген баалар менен бааланышат.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер