“Сейтек” –“Манастын” үчүнчү бөлүмү
- 17.11.2025
- 0

9-класс. Кыргыз адабияты
Сабактын максаттары:
- билим берүүчү
- Окуучулар “Манас”,“Семетей”,“Сейтек” эпосу жөнүндө маалыматтарды толукташат, талкуулайт. Эпостогу образдар жөнүндө окушат, мүнөздөмө берип үйрөнүшөт. Тапшырмаларды аткарышат.
- тарбия берүүчү
- Окуучулар өз алдынча жана бири-бири менен иштөөгө, бири-бирин угууга, сыйлоого, түшүнүүгө тарбияланышат.
- өнүктүрүүчү.
- Окуучулар окуу, угуу, сүйлөө, которуу, жазуу, ойлонуу, баарлашуу жөндөмдөрүн өнүктүрүшөт. Тексттин мазмуну боюнча суроолорду жарата алышат. Окуганы боюнча өзүнүн оюн айта алышат.
Сабактын жабдылышы: “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосунун басылыштарынан көргөзмө, сүрөттөр.
«Замандан заман өтүп, жер үстүндө кыргыз тили жашап тургуча “Манас” биздин улуттук туу чокубуз катарында тура бермек». Чыңгыз Айтматов
«Бул зор эпопеяда кыргыздардын турмуш-тиричилиги, салты, мүнөзү, географиясы, диндеги, медицинадагы билими жана эл аралык катнашы чагылдырылган«. Чокан Валиханов
Эпостун тили так, ыр саптары көркөм, таасирдүү, кыргыздар ыр жаратууга жөндөмдүү. В.В.Радлов
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу убагы. Окуучулардын маанайын билип, сабакка уюштуруу үчүн
Притча
Жашы улгайган аксакалдын көптөгөн жылдар бою эгин эккен бир эгин талаасы болот, анын ортосунда чоң таш болгон. Ал илгертен бул таш көптөгөн соколорду сындырып келет. Ар жылы ал ташка чоң көнүл буруп, аны айланасынан айланып, этияттык менен айдап, убакыт кетчү экен.
Бир күнү дагы соконун башын сындырган соң, дыйкан бир айла табыш керек деп ойлонуп отурду.Ал таш өтө чоң болгондуктан, жердин алдында ошончо терең жайгашкан деп ойлогон. Акыры түбүн казып баштаса, бир аз кыймылдап жыла баштаганын билди. Бир –эки урунушта таш ордунан жылды. Көрсө, ал терең деле жайгашкан эмес экен.
Картайган дыйкан таштын үстүнө отуруп алып өзүнө өзү күлдү. Оңой эле алып салууга болгон ташка мынча жыл сокосун сындырып, убара болгонун ойлоду.
Демек, балдар, алдыда турган кыйынчылыктар оор көрүнгөнү менен, аракет кылсак, жеңил чечиле турганын эстен чыгарбасак.
“Энчилүү атты тап” оюну. Оюндун шарты: мугалим текстти биринчи жолу окуганда “Уккула!” деген тапшырма берилет. Экинчи жолу окуурдун алдында “Дептериңерге уккан тексттен бардык энчилүү аттарды гана жазып алгыла!” деген тапшырма берилет. Текст үчүнчү — акыркы ирет окуларда “Бири-бириңердин жазганыңарды текшергиле!” деген команда берилет.
(Бири-биринин дептерин текшерип, кимдин дептеринде 7 сөз туура жазылса, окуучулар өздөрү баалаш керек)
Текст: Ташкент тарапта жашаган кыргыздардын каны Көкөтөй — эң бай, кадырлуу адам болгон. Көкөтөй ооруп, каза болор алдында керээзин айтат. Баласы Бокмурун атасынын керээзи боюнча Каркырага эл чогултуп, аш берет. Ашка Кытайдан Коңурбай, Жолой сандаган аскерлери менен келип түшөт.
(Энчилүү аттын баарын тең жазып калган окуучу жеңүүчү деп табылат да, топ жетекчиси болуп дайындалат (7 сөз).
Баалоо баракчасы таратылат. Топ жетекчиси ар бир окуучунун жоопторун баалап турат. Сабактын аягында жыйынтык баа чыгарат.
1-тапшырма
- топ Кайсы манасчыларды билесиңер?
- топ Манасчы болуп калганын кантип эстешет?
- топ Эң биринчи “Манас” айткан ким деп ойлойсуңар?
Жооптору: (Окуучулар жооп берет, өздөрүнө белгилешет)
1.Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев. Кежекара Калча уулу кыл кыякчы, манасчы, кыл кыяктын коштоосунда айткан семетейчи болгон. Орус саякатчысы Смирнов Кенжекара Калча уулунан жаздырып алган, ал кыргыз элинин тарыхындагы эң биринчи үн жазуусу, биринчи үн жазууга түшкөн кыргыз сөзү болгон.
2. Саякбай Каралаев — түшүндө Каныкейдин колунан даам татат, Бакай “Манас баатыр сага бере кел деген күлазыгын берейин, оозуңду ач” дейт. Анан Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргакты бирден тааныштырат, -деген.
3.”Манасты” эң биринчи айткан манасчынын аты белгисиз. Сагымбай Орозбаковдун айтуусу боюнча: “Манасты” эң биринчи айткан –Жайсаң ырчы. Жайсан Манастын тушунда жашаган имиш, кээ бир маалыматтарга карасак, Жайсаң -Ырмандын Ырчы уулу- Манастын 40 чоросунун бири.
2-тапшырма
1-топ. “Манас” эпосун эн биринчи жолу кагазга түшүргөн кайсы окумуштуу болгон?
2-топ. “Манас” эпосунан немец тилине которуп чыгарган академик ким болгон?
3-топ Элдик оозеки чыгармачылыгын жыйноочу Каюм Мифтаков качан жана кимден “Манас” эпосун жазып баштаган?
Жооптору:
- Казак окумуштуусу Чокан Валиханов “Көкөтөйдүн ашы” эпизодун кара сөз менен жазып алып, орус тилине которуп бастырган.
- В.В. Радлов 1885-жылы 2000 сап ырды орус алфавитинин жардамы менен кыргыз тилинде Санкт-Петербургда бастырып, немец тилине которуп чыгарган. (“Манас” эпосунун 1000 жылдыгында В.В.Радловдун вариантында “Манас” эпосу Түркиядан басылып чыккан, китеп менен тааныштырылат).
- Элдик оозеки чыгармачылыгын жыйноочу Каюм Мифтаков 1921-жылы Сагымбай Орозбаковдон “Манас” эпосун жазып баштаган.
3-тапшырма.
1-топ. Эмне үчүн “Көкөтөйдүн ашы – көп чырдын башы” деп айтылат?
Ашта көп уруулардын кандары, баатырлары, аскерлери келип, өз ара уруштар чыгып кетпесе, анда Манас кийин Бээжинге чоң казатка аттанбай калмак беле? Кандай деп ойлойсуңар?
Жооп:
2-топ.“Семетей” эпосу жөнүндө эмнелерди билесиңер?
Окуучулардын жообу:
“Семетей” – “Манастын” уландысы. Мында Манастын уулу Семетей баатыр жөнүндө айтылат. “Семетей” эпосун айткандар семетейчилер деп аталат. Улуу манасчы Саякбай Каралаев (1894 – 1971) “Семетей” эпосун толугу менен айткан.
3-топ. “Сейтек” эпосу жөнүндө эмне билесиңер?
Окуучулардын жообу:
“Сейтек” эпосу – “Манас” үчилтигинин үчүнчү бөлүгү, “Манастын” уландысы. Сейтек баатыр – Манас баатырдын небереси, Семетейдин уулу. “Манас” эпосундагы көптөгөң каармандар “Сейтек” эпосунда да кездешет. Алар Манас, Семетей өлсө да, өлбөй Сейтек үчүн жардамчы, кызматчы, кеңешчи болгон жакын адамдары. Булар: Сейтектин апасы Айчүрөк, чоң энеси Каныкей, Манастын акылман кеңешчиси, насаатчысы Бакай, Семетейдин досу Күлчоро.
4-тапшырма.
Эпостон үзүндү угуп кайсы (аудирование) бөлүмдөн эпизод экендигин табуу
1.Сарыбай түрүн сурасаң,
Өңү өрттөнгөн көмүрдөй,
Муруну тоонун сеңирдей,
Көзү көпкөк темирдей.
Кабагы терең быткылдай.
Кармаша калган карасын
Кез болгондун баарысын,
Кабылгандын соргондой
Сакал башы капырдын
Сарапты тешип өткөндөй.
2. Абакеңиз эр Кошой
Ач билектен алганы
Эки жулуп эр Жолой,
Эптеп сууруп алганы,
Шыпырылып кол тери
Кошойго кетип калганы.
Карагандар таң болду
Кара тозоң чаң болду.
Намысынан чирешип,
Акырек менен тирешип,
Согончок тийген жерлерин,
Түз-түз кылып жирешип.
Түн ортосу кеткенде,
Таң жакындап жеткенде,
Доошу чыкты барк этип
Кошойдун үнү карк этип.
3. Карап турган Толтойду,
Кансыратып какшатты,
Жедигердин эр Толтой,
Бура тартып бууданын,
Каарданып бакырып,
Арбактарды чакырып,
Үйдөй болгон эр Толтой
Найзасын сунуп жиберип,
“Жеке! Жеке! Жеке ! деп
“Баатырга баатыр тете”деп,
Желигип сала бергенде,
Как жүрөктун тушу деп,
Өлөр жериң ушу деп,
Эр Семетей бек сайды
“Жедим кулду” деп сайды.
(Окуучулар тездик менен табуу керек. Тапкан топко упай кетет)
Бышыктоо: Биз бүгүнкү сабактын аягында “Манас” үчилтигинин үч бөлүгүн тең бириктирген окшош жактарын жана айырмачылыктарын аныктап, атайын таблицаны толуктайбыз. Ошол таблица менен таанышкыла: ( мугалим тааныштырат)
| Бөлүк
| окшоштуктар | айырмачылыктар |
| “Манас”
“Семетей”
“Сейтек” | 1.Бардык бөлүктөрдө бир башкы каарманы бар. 2.Ошол каарман сөзсүз элдин ишенген баатыры, ханы. 3.Башкы каарман сөзсүз түрдө эл үчүн кашык каны калганча күрөшкөн чыныгы патриот, үлгүлүү жоокер, эр жүрөк баатыр. 4. Манас аялы Каныкейди сыйлайт, кеңешет, айтканын баалайт. Семетей да Айчүрөктүн сыйкырчылык касиетин баалайт, сыйлайт, кеңешет. | 1.Манастын кырк чоросу бар. Семетейдин жана Сейтектин чоролору жөнүндө андай сөз айтылбайт. 2. “Манаста” эл Манас баатырдын бардык сырткы душмандарды талкалап, жеңээрине ишенип, эч кайгысыз өмүр сүрөт. “Семетейде” Манас баатыр өлгөндөн кийин Каныкей, Бакай кайгылуу турмушта жашашат. 3. Манас сырткы душмандарды талкалап, кыргыз жеринен кууп чыгат. 4.Семетей ички чыккынчылар менен согушат. 5.Сейтек болсо, атасын өлтүргөн жеке душмандарын билип, атасынын өчүн алат. |
Эпостогу каармандарды табабыз
Каармандар аралаш жазылган, аларды туура жайгаштыруу зарыл
“Манас” “Семетей” “Сейтек”
Жакып — Манастын атасы
Манас – Жакыптын уулу, баатыр
Каныкей – тажик каны Темиркандын кызы, өз аты Санирабига, Манастын жубайы
Айчүрөк –ооган каны Акундун кызы, Семетейдин аялы
Семетей – Манастын уулу, баатыр
Көкөтөй – кыргыздардын эн бай кадырлуу каны
Сейтек – Семетейдин уул, Манастын небереси
Алмамбет – кытай каны Азиз кандын уулу, Манастын чоросу
Кыяз — жедигер каны
Канчоро –Чубактын уулу
Күлчоро — Алмамбеттин уулу
Бакай – Манастын кенешчиси
Чынкожо –Семетейдин аталаш жакын тууганы
Толтой –жедигер уруусунун башчысы, элдик баатыр
Кошой –балбан, акылман карыя
Жолой – калмак каны жана балбаны
Чыйырды — Манастын энеси
Бокмурун –Көкөтөйдун уулу
Коңурбай –кытай каны Алоокенин уулу
Абыке, Көбөш –Манастын аталаш инилери
Жыйынтыктоо:
“Манас” үчилтигин башкы 3 каарманына мүнөздөмө берүү менен сабагыбызды жыйынтыктайбыз.
Окуучуларды баалоо: Топ жетекчилери упай боюнча баалашат.
Үйгө тапшырма берүү: 45-беттеги тапшырмаларды аткарып келгиле.
Таабалдиева Гүлзат Бишкек шаарындагы №82 жалпы билим берүү мектеби
Комментарийлер