САН ЖАНА ЭСЕП

  • 14.03.2022
  • 0
САН ЖАНА ЭСЕП

Бусурманкул кызы  Шахризада,

№6 Бирдик орто  мектеби,

башталгыч классынын мугалими ,

Тогуз-Торо району, Бирдик айылы

 

Сабактын темасы:  Сан жана эсеп

Классы:                      Даярдоо класс

Сабактын түрү:        Жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабакта колдонулуучу усул жана  ыкма: Көрсөтмөлүү, инновациялык ыкмалар, топтордо иштөө.

Сабактын ресурсу: Интерактивдуу доска  слайд, түрдүү барактар, быйтыкчалар

Сабактын максаты:        Күтүлүүчү натыйжалар:
 1.Билим  берүүчүлүк:

Цифра менен санды айырмалап билишет, сандан эсеп жаратууну  түшүнүшөт.

 

2.Өнүктүрүүчүлүк:

Амалдарды пайдаланып сандан эсептерди жаратат.

 

3.Тарбия берүүчүлүк:

Топто иштөөдө  бири-бирин сыйлоого жана жардам берүүгө багыт алат.

 

Цифра менен санды айырмалап билсе;

 

 

Сандарды түзө алса, сандардан эсеп жарата алса;

 

 

 

Топто иштоодо бири-бирин  сыйлоого жана жардам  берүүгө багыт алат.

 

1.Мотивация Уюштуруу

Шыктандыруу

Саламатсыңарбы балдар! Маанайыңар кандай? Кандай  эс алып келдиңер?  Сабагыбызды ыр менен баштайбыз.

Аалам биздин жаныбызда

Айга барып конолу,

Коп   коп окуп азыртан

Билимдуу балдар бололу! — деп сабагыбызды баштайлы. Кана  эмесе, балдар,  Алтын эрежени эске салып кетсек.

Биз кечикпей келебиз,

Катышабыз активдүү,

Тартынбастан  талыкпастан,

Оюбузду айтабыз,

Сабактан кол көтөрүп,

Жоопторду беребиз,

Убакытты уттурбай,

Коп нерсени билебиз.

Анда эмесе балдар биздин ураан: “Кичинекей ийгиликтен,  чоң ийгиликтер башталат!”

2.Отулгон сабакты кайталоо. http://ibilim.еd.go.kg

САН ЖАНА ЭСЕП

сайтынан арифметикалык амалдар тууралуу маалымат берем.

3.Жаны теманы түшүндүрүү:     Балдар, доскадан эмнени көрүп  турасыңар?

САН ЖАНА ЭСЕП

Цифралар  балдар 0-9 га чейинки цифралардын жардамы менен сандарды түзөбүз. Демек, балдар, биздин бугүнкү сабагыбыздын темасы:  Сан жана эсеп.

Топто иштоо:  Геометриялык фигуралар менен үч топко бөлүп алам.

 

САН ЖАНА ЭСЕП

Бул эмне балдар  ?

Азаматсыңар балдар   алма бак. Келгиле балдар, алмаларды санайлычы: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 Азаматсынар балдар. Кана  балдар, оңдон солду  көздөй санайбыз: 10 9 8 7 6  4 3 2 1

САН ЖАНА ЭСЕП

Балдар:

Алма бак  алмалар бышкан учур.

Балдар солдон оңду көздөй оңдон солду көздөй санашат.

Мугалим: Акылайдын   4 алмасы   бар. Актанга 2 алма берди. Акылайда канча алма калды?

Бакта 5 чымчык конуп турат. Дагы келип 3 чымчык конду. Баардыгы канча чымчык конуп турат?

Топторго тапшырма берилет.

САН ЖАНА ЭСЕП

Балдар:2 алма калды балдар ойлорун эркин айтып жооп беришет.

8 чымчык конуп турат. Окуучулар өз ойлорун ортого салышат.

Дал келтируу

Балдар, бул сан шоола  чексиз болот. Бирок биз 0 дон 10 го чейин гана аралыкты алдык.

Незнайка  үйүнөн чыгып 5 бирдей кадам таштады. Алдындагы куртту көрүп туруп калды. Незнайка куртка чейин дагы канча кадам ташташ керек. Незнайка курттан даракка чейин  дагы канча кадам ташташ керек?

Незнайка куртка чейин 2 кадам таштайт.  Балдар: ойлорун ортого салышат.

Эс алуу Актан акылайдын кол жуумай ыры.

Сабактын жыйынтыктарын чыгаруу, натыйжаларын баалоо.

Теманы бышыктоо үчүн суроолор берилет.

Окуучулар өз жөндөмдүүлүктөрү менен  жазган иштерин жактап беришет.

Мугалимдин алкышы ар бир окуучуну  өзүнчө сыпаттама баалар менен баалайт.

Талкуу,Баалоо.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  Сабактын   этаптары
   

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер