МАТЕМАТИКА: ФУНКЦИЯЛАР
- 05.03.2026
- 0

Мектеп: №10 А. Мадалиев атындагы негизги жалпы билим берүү мектеби
Класс: 7-класс
Предмет: Математика
Мугалим: Замирбек кызы Тахмина
Жайгашкан жери: Гүлчө шаары, Курманжан датка айылы
- Сабактын максаттары жана күтүлүүчү натыйжалар
Сабактын максаты:
- Окуучулар функция түшүнүгүн билишет
- Функцияны формула, таблица жана жуп сандар аркылуу түшүндүрө алышат
- Жөнөкөй функцияларга мисал келтире алышат
Күтүлүүчү натыйжалар:
- Окуучу функциянын аныктамасын так айтып бере алат
- Берилген таблица же формула боюнча көз карандылыктын функция экенин аныктай алат
- Сабактын уюштуруу мүнөздөмөсү
- Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү (5Е модели)
- Колдонулган методдор: «Мээге чабуул», жуптарда иштөө, мисалдар менен иштөө
- Керектүү каражаттар: Доска, проектор, маркер, таратылуучу материалдар (таблицалар, графиктер), окуу китеби
- Сабактын жүрүшү (5Е модели боюнча)
- (Кызыктыруу, Сабакка тартуу) – 5-7 мүнөт
Максаты: Окуучулардын көңүлүн топтоо жана жаңы темага кызыгуусун арттыруу
- Мээге чабуул: Мугалим турмуштук суроолорду берет: «Эгер 1 дептер 20 сом болсо, 3 дептер канча сом болот?» же «Дептердин саны өзгөрсө баа кандай өзгөрөт?»
- Турмуштук мисалдар: Унаанын жүрүү убактысы менен аралыктын, товардын баасы менен санынын, айлык акы менен иштеген сааттын ортосундагы байланыштар талкууланат
- Киришүү: Мугалим бул математикалык көз карандылык «Функция» деп аталарын жарыялайт
- (Изилдөө, Өз алдынча аракеттенүү) – 10-12 мүнөт
Максаты: Окуучуларга жаңы түшүнүктөрдүн негиздерин өз алдынча табууга шарт түзүү
- Таблица менен иштөө: Окуучуларга x тин (1, 2, 3, 4) жана y тин (2, 4, 6, 8) маанилери берилип, алардын байланышы изилденет
| х | 1 | 2 | 3 | 4 |
| у | 2 | 4 | 6 | 8 |
- Суроолор: 1. x өзгөрсө y кандай өзгөрөт?
- y дайыма x ке көз карандыбы?
- Жуптарда иштөө: Ар бир жупка y = 3x – 1 формуласы берилип, топтук талкуу жана байкоо жүргүзүлөт
III. (Түшүндүрүү, Билимди системалаштыруу) – 15-18 мүнөт
Максаты: Функциянын так аныктамасын жана терминологиясын киргизүү
- Аныктама: Эгерде X көптүгүнөн алынган ар бир x маанисине Y көптүгүнөн алынган жалгыз y мааниси туура келсе, анда бул функционалдык көз карандылык же функция деп аталат
- Терминдер: x — көз каранды эмес өзгөрмө (аргумент), y — көз каранды өзгөрмө
- Жазылышы: y = f(x)
- (Бышыктоо, Билимди тереңдетүү) – 7-8 мүнөт
Максаты: Жаңы билимди типтүү көнүгүүлөр аркылуу бекемдөө
- Жекече иштөө:
- f(x) = x^2 – 4 болсо, f(0) жана f(-5) ти табуу
- y = 3x формуласы боюнча x = 1, 2, 3 болгондо y ти табуу
- Текшерүү: Окуучулар доскага чыгып чыгарылыштарын көрсөтүшөт же бири-биринин ишин текшеришет
- (Баалоо, Жыйынтыктоо) – 3-5 мүнөт
Максаты: Сабактын максатына жеткендигин текшерүү
- Рефлексия: Функция деген эмне?
- Көз каранды жана көз каранды эмес өзгөрмөлөр кайсылар?
- у=5х функциясында х=2 болсо, у канча болот?
- Үйгө тапшырма:
- Функциянын аныктамасын жаттоо
- y = 5x — 7 функциясы үчүн таблица түзүп, x{-3; 0;4}маанилеринде y ти табуу
- Окуу китебинен №3 көнүгүүнү аткаруу
- Педагогикалык анализ (Мугалим үчүн сунуштар)
- Окуучунун ролу: Сабактын 70% убактысында окуучу өз алдынча иштейт (изилдөө, диалог)
- Мугалимдин ролу: Негизги түшүндүрмө 10 мүнөттөн ашпашы керек, калган убакта багыттоочу суроолорду берет
- Күчтүү жактары: Сабак практикага бай жана реалдуу турмуш менен тыгыз байланышкан
Бөлүшүү
Комментарийлер