САБАК ПРЕСС-КОНФЕРЕНЦИЯ: “МАМЛЕКЕТ ЖАНА ДИН”

  • 06.02.2026
  • 0
САБАК ПРЕСС-КОНФЕРЕНЦИЯ: “МАМЛЕКЕТ ЖАНА ДИН”

Кулетова Бактыгүл, Аксы районундагы Үчкемпир Турдубаев атындагы №26 жалпы орто билим берүүчү мектептин тарых, адам жана коом мугалими

Диндердин өнүгүү тарыхы. 9-класс

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар КРдагы мамлекет менен диндин өз ара мамилеси, КРнын дин саясатындагы нормативдик актылары жөнүндө билим алышат.

Өнүктүрүүчү: Окуучулар Кыргыз Республикасында дин чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан саясатты түшүнүп, ынанып, өз ара ой бөлүшүп, анализдеп, чечим кабыл алууну үйрөнүшөт.

Тарбиялык: Окуучулар бардык диндерге, башка конфессиялардын өкүлдөрүнө сабырдуулук менен мамиле жасоого, гумандуулукка жана толеранттуу болууга тарбияланышат.

Сабактын тиби: пресс-конференция

Сабактын методу: аралаш

Сабактын жабдылышы: проектор, ноутбук, плакаттар, слайддар, китептер, КРнын Конституциясы жана дин жаатындагы нормативдик актылары.

 

Сабакта калыптануучу компетенттүүлүктөр:

А) Мааалыматтык: Маалыматты колдоно алат. Жетишпеген маалыматты максаттуу түрдө издеп табат, анын айрым бөлүктөрүн салыштырат жана анын үстүндө иш жүргүзөт.

Б) Социалдык-коммуникативдик: диалог аркылуу зарыл маалыматты алууга аракеттенет, жекече, коомдук жана кесиптик мамилелерди чечүү үчүн аны оозеки жана жазуу түрүндө билдирет.

В) Өз ишин уюштуруу жана маселе чече билүү: өз алдынча же башкалар менен маселелерди чечет, ошондой эле андан аркы иш-аракеттер жөнүндө чечим кабыл алат.

 

Сабактын жүрүшү

Уюштуруу учуру

Кутман күн!  Саламатсыздарбы, бүгүнкү пресс-конференциянын катышуучулары!

“Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагында дүйнөдөгү бардык диндердин пайда болуу, өнүгүү тарыхы, адамзаттын жашоосундагы ролу, маданияты, руханий адеп-ахлак чөйрөсү жөнүндө объективдүү, илимий маалыматтар берилет.

Эгемендик жылдары адам укуктары жана эркиндиктери алдынкы орунга чыгып, демократиялык баалуулуктар орноп, динге болгон мамиле да өзгөрдү. Бул пайдалуу жактары менен бирге коомдо терс көрүнүштөрдү да пайда кылды. Диндин чыныгы функциясы бурмаланып, жаштар ар кандай деструктивдүү диний уюмдарга азгырылып кетүүсү жана соӊку жылдардагы дүйнө жүзүндө, Борбордук Азияда да диний экстремизмдин, радикализмдин өсүшүнүн натыйжасында социалдык-саясий кырдаал татаалданууда. Бул мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирет. Ошондуктан салттуу диндердин негиздерин балдар билиши өзүн-өзү таануу жагынан калыптанышына, экстремизм, терроризмдин алдын алууга өбөлгө түз ойнойт. Өз ишениминин таржымалын билген адам башка терс жолдорго барбайт.

Пресс-конференциябыздын темасы: “Мамлекет жана дин”. Мамлекетибиз менен жарандардын ортосундагы диний мамилелер, байланыштар мыйзамдарда кандай каралганы тууралуу маалымат ала аласыӊар. Бул үчүн бүгүн сабагыбызга тиешелүү органдардан чакырылган коноктор менен таанышып алалы:

Эрназаров Бектурган, Кашка-Суу айылынын баш имамы;

Ташбаев Пилан, Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспектору;

Муса уулу Актилек, Кашка-Суу аймактык тескөөчүсү;

Султаналиев А., Аксы РИИБ 10-башкармалыгынын кызматкери.

Мындан сырткары сабагыбызга ата-энелер, жергиликтүү блогерлер, мугалимдер да чакырылган.

 Жаны тема:

Мугалим: Алгач мен сиздерге мамлекетибиз менен жарандардын ортосундагы дин чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар менен тааныштырамын (слайд аркылуу).

(Кунт коюп угушат, түшүнбөй калган учурда сурашат.)

Динге жасаган мамилеси боюнча мамлекеттердин эки түрүн белгилесек болот: 1) теократиялык; 2) светтик.

А) Теократиялык мамлекет – диндин үстөмдүгү орногон, дин мыйзамына баш ийген мамлекет. Алар диний бирикмелердин таасири астында мамлекетти жана маданиятты түзүүдө негизги ролду ойнойт. Мамлекеттик бийлик органдары диний мекемелер жана динчилдер менен тыгыз кызматташат. Мамлекет шарият, канондук укуктар менен жашайт.

Б) Светтик мамлекет – мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет. Дин мамлекеттен бөлүнгөн. Мамлекет эч бир динге артыкчылык бербейт жана кандайдыр бир диний идеология жарандар үчүн милдеттүү саналбайт. Мамлекет ар бир жаранга абийир жана дин тутуу эркиндигин берет. Эч ким өзүнүн диний же башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланбайт жана туткан дининин белгилери же анын жоктугу боюнча басмырланбайт.

Укуктук принциптер:

– диний уюмдар менен келишимге баруу же аларды жоопкерчиликке тартуу;

– салыктардан бошотуу;

– диний уюмдардын ишине көмөк көрсөтүү;

– диний лидерлер менен кызматташуу.

КРда дин жана диний уюмдар боюнча мамлекеттик саясат кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө, бекемдөөгө, мамлекеттин эгемендигин жана элдин биримдигин сактоого багытталат. Мамлекет диний уюмдардын, диний окуу жайлардын ишмердик жүргүзүү шарттарын жана алардын укуктарын, милдеттерин белгилейт.

— Кымбаттуу конференциянын катышуучулары, темабыздын кыскача мазмуну менен тааныштыӊыздар. Эми суроолор болсо, конокторго берсеӊиздер болот.

Аудиториядан келген суроолор:

Кылычбекова Айбегим, 9-а кл. окуучусу – Кашка-Суу айылынын баш имамы Б. Эрназаровго:

– Абдышүкүр ажы, Максат Ажы ж. б. инсандар исламдык окууларды активдүү жайылтып келишет. Булардын аудиториясы аябай чоӊ. Аларды көзөмөлдөгөн органдар барбы? Туура динди жайылтып жатабы, анткени ал адамдардын айткандарын фанаттары мыйзам катары кабыл алышат го?

Жооп:

— Дин аалымдары диний эрежелерди жайылтууга укугу бар, себеби Кыргызстанда дин эркиндиги, абийир эркиндиги бар. Бирок дин өкүлдөрү мамлекеттин туруктуулугуна, бүтүндүгүнө коркунуч келтирген, конфессиялар арасында карама-каршылыктарды пайда кылган пикирлерди, чакырыктарды айтууга акысы жок! Буга мыйзам тыюу салат. Алардын ишмердигин көзөмөлдөгөн орган бар, ал – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгы.

Усупбаева Кенжегүл, мугалим – Кашка-Суу айылынын баш имамы Б. Эрназаровго:

– Теӊирчилик дегенди кандайча түшүнөсүз? Аны дин деп эсептөөгө болобу? Арстан Алайды ким деп билесиз?

Жооп:

— Теңирчилик – түрк-монгол элдеринин байыркы замандардан бери келе жаткан диний ишеними, дүйнө таанымы жана философиясы.

Арстан Алай мусулман эмес, теңирчи да эмес. Ал– адашкан бирөө… Өзүн Кудай деп жарыяланган адамды кантип атоону да билбеймин….

Сүйүтова Кенжегүл, жергиликтүү блогер – Кашка-Суу айылынын баш имамы Б. Эрназаровго:

– Учурда дааватка чыккандарды билебиз, арасында мурун алкоголдук ичимдикке берилгендер, түрмөгө камалып чыккандар, динден кабары жоктор бар. Алар кантип туура динди тандай алышат, мүмкүн, экстремисттик уюмдар менен байланышы бардыр, аларды мамлекет көзөмөлдөйбү?

Жооп:

— Кыргызстанда «Таблиги Жамаат» (даават) кыймылына тыюу салынбаган. Дааватка чыгуу – бул баш-аламан процесс эмес. Мамлекеттик органдар (УКМК, ИИМ) жана Муфтият биргелешип көзөмөл жүргүзүшөт. Дааватка чыга турган адам алгач ИИМдин базасы аркылуу өздүгү текшерилип, уруксат кагазын алат. Муфтияттын эрежеси боюнча жаңыдан динге келген адам дааватка чыга албайт, алгач мечиттерде имамдардын көзөмөлүндө негизги түшүнүктөрдү үйрөнүшөт. Дааватчылардын башында диний билими бар адам турат.

Курбанбекова Диана, 9-а классынын окуучусу – эксперт Шерматов Аскарга:

– Учурда ар бир айылда мечиттер көп, алар жеке демөөрчүлөр тарабынан курулган, ошолор мектеп салып берсе болбойбу? Же ислам дининде мечит курганга көп сооп каралганбы мектеп курганга караганда?

Жооп:

— Ооба, мектеп салса болот жана бул коом үчүн өтө пайдалуу.   Алар өз каражатын кайсы багытка жумшоону өздөрү чечишет. Мамлекет же башка жарандар аларды мажбурлап мектеп салдыра албайт, бирок багыт бере алат. Ал үчүн жергиликтүү бийлик демөөрчүлөр менен тыгыз байланышта болуп, коомчулуктун муктаждыктарын, социалдык көйгөйлөрдү аларга ачык көрсөтүп берсе, жакшы болот.

Жуматаева Айгүл, 9-б классынын окуучусу – теолог Торобеков Аргенге, Аксы РИИБнин 10-башкармалыгынын кызматкери А. Султаналиевге:

– Айылдарда, шаарларда кыздар үчүн “Диний лагерлер” ачылып, 9 жаштан 17 жашка чейинки кыздарга диний билим беришүүдө. “Диний лагердин” чыры бизге белгилүү го, журналисттик иликтөөдө тиешелүү документтери жок болуп чыкты. Алар үчүн ким жооптуу, алардын максаты эмне?

Жооп:

— Кандай гана диний билим берүү болбосун ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өтүп, окуу программасы экспертизадан өтүшү шарт. Эгер лицензиясы жок болсо – бул кылмыш. Мыйзам боюнча баланын коопсуздугуна жана анын кандай билим алып жатканына эң биринчи кезекте ата-эне жооптуу. Документи жок жайга баласын берсе, ата-энеси жоопко тартылат.

Абдымомунов Акылбек, 9-а классынын окуучусу – эксперт Шерматов Аскарга:

– “КРдагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КРнын Мыйзамында диний кызматкерлерге кандай иш-аракеттерди жүргүзүүгө тыюу салынган?

Жооп:

— Мамлекетти  башкарууга аралашууга  тыюу  салынат  жана жеке диний  билим берүүгө;

– диний  партияларды  түзүүгө;

– мамлекеттин  бүтүндүгүнө,  коопсуздугуна,  элдин  биримдигине   коркунуч  туудурган  диний  чакырыктарды  жүргүзүүгө.

Сапаралиева Акинай, 9-а классынын окуучусу – Аксы РИИБнин 10-башкармалыгынын кызматкери А. Султаналиевге:

– Азыркы мезгилде мектеп окуучулары мечитке барып, намаз окуса, дааватка барса болобу? Баргандарга мыйзам кандай карайт?

Жооп:

— Мектеп окуучуларынын дааватка чыгуусуна мыйзам жол бербейт. Мектеп – светтик мекеме, ал эми билим алуу – мамлекеттик талап. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ички Жобосуна ылайык, дааватка 18 жашка толгон, мектепти аяктаган, паспорту бар адамдар гана чыга алат. Окуучулар сабак учурунда мечитке барып намаз окуп келүүсүнө тыюу салынат.

Жыйынтыктоо

Азыркы учурда дин мурда аткарып келген функциялардын көпчүлүгү маанилүүлүгүн жоготту, бирок адамды тарбиялоо функциясы дагы деле маанисин жоготкон жок. Бардык диндер адамды жакшылыкка үндөйт. Диндин орток баалуулуктары: адамдын өмүрүнө кол салбоо, калп айтпоо, уруулук кылбоо, күнөө иштерден оолак болуу, ата-энени кадырлоо, зордук-зомбулук кылбоо ж. б.

Пресс-конференциябызды жыйынтыктап жатып белгилей кетели. биздин өлкөдө либерализм орногондуктан, дин тутуу эркиндиги бар. КРда натыйжалуу диний саясатты жүргүзүү колдонуудагы мыйзамдарга жана адамдын укуктары менен эркиндиктерине таянуу керек. Ошондой эле. жарандардын жана мамлекеттик кызматкерлердин диний сабаттуулугун жогорулатуу, экстремисттик пикирлердин жайылышынын алдын алуу, коп конфессиялардын ортосунда мунасалуу мамилени, тынчтыкты сактоо – мамлекеттин дин саясатындагы приоритеттүү максаты.

Мамлекет, коомчулук, дин ишмерлери бирдиктүү иштешкенде гана КРдагы диний саясаттын ийгиликтүү жүрүшүн камсыздоого болот алат. Ошондо гана өлкөбүздө туруктуулук, тынчтык, ынтымак орноп, өнүгүүгө өбөлгө түзүлөт.

Бүгүнкү сабагыбызга катышып, баалуу ой-пикирлерди айтканыӊыздар үчүн рахмат! Саламатта болуӊуздар!

Үй тапшырмасы:

“Дин биздин үй-бүлөдө” деген темада эссе жазып, google формада тест иштөө:

https://forms. gle/BYS1mMac7Pi3mdzb6

 

Бөлүшүү

Комментарийлер