Сөздүн эмоционалдык мааниси

  • 20.02.2026
  • 0
Сөздүн эмоционалдык мааниси

  Кыргыз тили 5-класс(12)

  Ош облусу, Алай району №34 Амат Жээнбеков атындагы жалпы билим берүү мектеп-мекемсинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Билим берүүнүн мыктысы, “Жылдын мыкты мугалими-2009” республикалык сынагынын гран-присинин ээси Кенжебаева Нурмиза Рысбаевна

(Бул сабактын иштелмеси “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна негизделип жазылган.)

Урматтуу кесиптеш!

Сиз бул  сабактан:

Окуу планындагы окуу материалы  (Сөздүн эмоционалдык мааниси);

Текст менен иштөө ыкмасы (Тектти бөлүктөргө бөлүп окутуу);

Улуттук нарк, баалуулуктар айкалышкан, 5Е моделинде тузүлгөн сабакка күбө болосуз .

Сабактын темасы:   Сөздүн эмоционалдык мааниси

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк максаты:

  1. Сөздүн эмоционалдык мааниси тууралуу билишет

Өнүктүрүүчүлүк максаты:

  1. Тексттеги негизги ойду аныкташат, тема коюшат;
  2. Тексттен эмоционалдык мааниде берилген сөздөрдү табышат, өз алдынча эмоционалдык маанидеги сөздөрдү катыштырып, текст түзүшөт.

Тарбиялык максаты:

  1. Кыргыз элинде колдонгон алкоо сөздөрүн өз сөздөрүндө колдонушат.
  2. Элибиздин улуттук баалуулуктарын билүү жана урматтоо менен кийинки муунга өткөрүп берүү боюнча сунуш айтышат.

Сабак максатына жетет. Эгерде окуучулар:

  • Эмоционалдык маанидеги сөздөрдү таанып билсе, маанисин түшүнө алса;
  • Өз кебинде (оозеки жана жазуу) эмоционалдык маанидеги сөздөрдү орундуу пайдалана алса;
  • Тексттеги негизги ойду аныктап, өз алдынча жыйынтыктуу текст түзө алса

Сабактын тиби: Аралаш сабак

Сабактын жабдылышы:  Проектор, уюлдук телефон,тексттер, сүрөттөр, ак кагаз, маркер, баалоо каражаттары (Кубаттоо, жакшы көрүү маанисиндеги эмоционалдык сөздөр жазылган жүрөкчө)

Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

  1. Кептик компетенттүүлүк ПК-1

Окуучу төмөнкүлөргө жетишет:

  • Сабакта берилген маалыматтар боюнча оозеки өз оюн билдире алат, суроолорго жооп берет;
  •  тексттерди окуп, негизги оюн аныктай алат, тема коёт;
  • тексттен эмоционалдык маанидеги сөздөрдү таап, аларды колдонуп, чакан текст түзөт;
  • кеп этикетин сактап, алкоо, сылык сөздөрдү туура колдонууга үйрөнөт.
  1. Тилдик компетенттүүлүк ПК-2

Окуучу төмөнкү тилдик көндүмдөргө ээ болот:

  • сөздүн түз мааниси менен эмоционалдык маанисин айырмалап билет;
  • эмоционалдык маанидеги сөздөрдүн тексттеги ролун түшүнөт;
  • берилген сөздөрдү колдонуп, сабаттуу сүйлөмдөрдү жана чакан текст түзөт;
  • орфографиялык нормаларды сактап, туура жазууга машыгат;
  • сүйлөмдөгү сөздөрдүн маанисине көңүл буруп, так жана байланыштуу оюн  жаза алат.
  1. Этномаданий компетенттүүлүк ПК-3

Окуучу төмөнкүлөрдү өздөштүрөт:

  • кыргыз элинде колдонулган  алкоо, жакшы тилек, эмоционалдык сөздөрдү таанып билет, маанисин түшүнөт, колдонууга үйрөнөт;
  • улуттук баалуулуктарды тааныйт, аларды урматтоо зарылдыгын түшүнөт;
  • улуттук нарк, баалуулуктарды сактоо жана кийинки муунга өткөрүп берүү боюнча ой-пикир айтат;

Практикалык көнүгүү үчүн каражаттар:  Талкан, кум шекер, каймак .

Окуучулардын таяныч билимдери:

  • Байланыштуу кеп: текст, мүнөздүү белгилери, маанилик бүтүндүгү, тексттеги негизги ой:
  • Синтаксис: жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөр түрлөрү, тыныш белгилери, төл жана бөтөн сөз, диалог, тыныш белгилери;
  • Лексика: сөздүн лексикалык, грамматикалык мааниси

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу:
  • Саламдашуу
  • Окуучулардын катышуусун, окуу куралдарын толуктоо
  • Класста жагымдуу маанай түзүү .

Мугалим:

Балдар,   биз азыркы учурда кыргыз тилинин лексика бөлүмүн,  сөз маанилерин окуп-үйрөнүп  жатабыз. Элибизде бекеринен: “Ачуу сөз- жыландын заары, таттуу сөз – жүрөкккө дары”,- деп айтылбаса керек. Ошондуктан өзүбүзгө дем-күч берип урааныбызды айтуу менен сабагыбызды баштайбыз.

Бабалар жолун улайбыз,
Наркты негиз кылабыз.
Билим менен күч алып,
Күчтүү өлкө курабыз!

  1. Үй тапшырмасын суроо:

Окуучулар ата-энесинен, чоң ата-чоң энесинен, айыл  аксалдарынан сурап, жазып келген  кыргыз элинде колдонулган алкоо сөздөрдү  айтып ,анын лексикалык жана грамматикалык маанилерин чечмелешет

  • Жаңы теманы түшүндүрүү.

1Е- Engage- Кызыктыруу

Проектордон адамдын түрдүү эмоцияда (кубанып, кайгырып, кубаттап, өкүнүп )турган сүрөттөрү  көрсөтүлөт.

Мугалим:

-Балдар, бул сүрөттөрдөн адамдын кандай абалдарын көрүп түрабуз? (окуучулар жооп бергенден кийин)

-Биз, адамдар, ушундай абалда кандай сөздөрдү сүйлөйбүз? (Окуучулар жооп беришет).

-Демек, бүгүнкү сабагыбыз кандай темада болот деп ойлойсуңар? (Окуучулар жооп беришет).

А) — Ооба,  бүгүнкү сабагыбыздын темасы – Сөздүн эмоционалдык мааниси.

Б) Сабактын максатын айтуу

В) Баалоо критерийлери менен  тааныштыруу

Баалоо критерийлери

Эгерде окуучу…упай
1Сөздүн эмоционалдык мааниси тууралуу түшүнүп, айырмалай алса2 упай
2Эмоционалдык сөздөрдү орундуу колдоно алса2упай
3Тексттеги негизги ойду аныктадым1упай
 

4

Эмоционалдык маанидеги сөздөрдү катыштырып, жыйынтыктуу  текст түзө алса 

3упай

5Өз оюмдуу так, ырааттуу айта алса2упай

“5”- 8-10упай

“4”- 6-8 упай

“3” -4-6 упай

“2”- 0 — 2упай

 2Е- Explore —Изилдөө

Биз үй-бүлөдө кандай эмоияларды, сезимдерди байкайбыз?” деген темада изилдешет.

  1. Окуучулар үч топко бөлүнөт, бирден сүрөт берилет.

1-топ: Ата

2-топ:  Апа

3-топ   Бөбөк

  1. Үй- бүлөдө атага , апага, бөбөккө карата окуучулар өздөрүнүнун түрдүү эмоционалдык абалын жазып чыгышат.
  2. Ошол абалдарда (кубануу, кайгыруу, аёо,суктануу) кандай сөздөрдү сүйлөшөт, жана биз кантип кайрылабыз?
  3. Окуучулар батманга жазып, презентациялашат.

3Е- Explain-Түшүндүрүү

Сөздүн эмоционалдык мааниси (Слайд көрсөтүлөт, мугалим түшүндүрмө берет, толуктайт, тактайт)

Эмоционалдуулук — (франц. Emotion – ички сезим, толкундануу).

  1-слайд

Сөздүн эмоционалдык мааниси- сүйлөмдө айтылып жаткан ойго карата сүйлөп жаткан адамдын ички сезимдерин билдирген сөздөр

2-слайд

Эмоционалдык маанидеги сөздөр маани жагынан өтө бай

  • эркелетүү, жакшы көрүү
  • жек көрүү, каргоо,
  • кайгыруу, өкүнүү, чочуу
  • аёо, боор ооруу
  • жактыруу,кубаттоо ж.б.у. сыяктуу адамдагы ар кыл сезимдерди билдирет

Жакшы көрүү, эркелетүү маанисинде: чырагым, жарыгым, ырысым, тирегим, көрөр күнүм, айланайын, кагылайын, энеке, эжеке, агатайым, иничегим, алтыным ж.б.

Кайгыруу, өкүнүу, чочуу маанисинде: Аттиң, капырай, каап, аттиң, атаганат, апей, ботом, кайран, карангүн, ээ, эх ж.б.

Жактыруу, кубаттоо, суктануу : Бали, баракелде, азаматсың, жарайсың, мыктысың, акылдуусуң, пай-пай, бах-бах.

Боору ооруу, аёо маанисинде: байкуш, бечера, шордуу, таалайсызым, бактысызым.

Ачуулануу, жек көрүү, каргоо:  Атаңа наалат, акмак, айбан, ашкебе, бечел, ач арбак, өлүгүңдү көрөйүн, көк мээ, жүзүң кургур.

4Е- Elaborate — Кеңейтүү

Мугалим: -Балдар, бүгүнкү сабакта алган билимдерибизди колдонуп көрөлү.

Окуучулардын уюлдук телефонуна текст  жөнөтүлөт.

Нускама:

  1. Текстти өз алдыңарча кунт коюп окуп чыккыла.
  2. Тексттеги негизги ойду аныктап, тема койгула.
  3. Тексттен адамдын сезимине байланышкан сөздөрдү таап, дептерге көчүрүп жазгыла, адамдын сезимдери сүйлөгөн сөзүнө кандай таасир берерин байкагыла.

1-топ үчүн текст:

Айымкан чоң эне шаардагы уулунун үйүнө барды. Бир топ күндөн кийин небереси экөө дүкөнгө жөнөштү.Алар дүкөндү шашпай кыдырып, азык-түлүк алып жатышты. Бир маалда чоң эне таң калып:

-Капырай, талкан да сатылып калыптыр да ээ,- деди кагаз таңгакты колуна алып.

-Энеке, талкан деген эмне?

— Оо, шордуу , талкан эмне экенин билбегениң жакшы эмес!

— Билбегеним чын,- деп кызара жер тиктеди.

2-топ үчүн текст:

Айымкан чоң эне небересинин  катуу уялганын көрүп, аяп кетти да:

— Талкан  элибиздин  эң байыркы улуттук кургак тамактардын бири болот, кагылайын. Талканды  арпадан, буудайдан , жүгөрүдөн жасаса  болот. Дандарды жай отто кууруйт, андан соң тегирменге же жаргылчакка  майдаласа,  талкан болот. А бул тоюмдуу, ден соолукка пайдалуу, табигый азык болуп саналат.

— Баракелде, чоң эне, анда талканды да сатып алалы,даамын билгим келет,- деди бала кудуңдап.

3-топ үчүн текст:

Дүкөндөн чыккандан кийин да баланын талкан тууралуу көп нерсени билгиси келди.

-Энеке, сиз  талкан жеп көрдүңүз беле?

— Жебей анан, кагылайын, Кайран гана апам, талкандан түрлөп тамак жасап берер эле.

— Апей, бир эле  талкандан  түрлөп тамак жасалабы?- деди таңдана.

—  Ооба, берекем, убакыт өтүп, доор алмашып, ата-бабаларыбыздын баскан жолу,кармаган салты, улуттук тамактары унутта калып жатканы өкүндүрөт,- деди оор үшкүрүп.

— Чоң эне, апама, мага, бардык неберелериңизге  үйрөтүңүз, биз башкаларга үйрөтөбүз,- деп бала кудуңдады.

-Акылыңдан айланайын, жарыгым! Ооба, баарын үйрөтөм.

(Окуучулар тексттен эмоцоналдык маанидеги сөздөрдү таап, дептерине көчүрүп жазат. Өздөрү тапкан сөздүн маанисин чечмелейт)

Мугалим:

-Силерге Айымкан чоң эне менен небересинин окуясы кызык болдубу?  А силер талкандан кандай тамактар жасаларын жана талкандын пайдасы тууралуу билесиңерби? (окуучулар жооп бергенден кийин…) – Анда балдар, Айымкан чоң эне менен небересинин окуясын улантсак болобу? Мени  чоң эне элестеткиле, а силер неберелери болосуңар. Аңгемеги окуядай эле мага да талкандан тамак жосоону чоң энем үйрөткөн. А мен силерге үйрөтөм.

Суроолор :

  1. Талкандан тамак-аш жасап жатканда кандай сезимде болдуңар?
  2. Силерге эмне жакты, эмнеге өкүндүңөр,эмнеге суктандыңар, эмнеге ачууландыңар?
  3. Айымкан чоң энеге, эмоцианалдык сөздөрдү катыштырып кайрылгыла жана чоң эне айткан сөздөрдү да эстеп калганга аракет кылгыла.

Сахналык көрүнүш:

Катышуучулар:

Айымкан чоң эне- мугалим

Неберелери- окуучулар

Айымкан чоң эне:

  • Ии, кагылайын балапандарым, мынаке уулум экөөбүз талкан да алып келдик.

Силерге бүгүн  талканды  маштап берейин. Анан калган түрлөрүн кеткенче жасап берем,ээ.  Менин канча өмүрүм калды дейсиң, садагалар.  Мен силерге үйрөтүп койсом, силер өзүңөрдөн кийинкилерге үйрөтсөңөр, ошентип кыргыз көчү уланат, чүрпөлөрүм. Тамакка кол саларадан мурун колду жууп отуруу да салт эмеспи. Кана балапандарым,  бүгүн бизге ким аптабачы болот?

— …

Эгер билбесе…

— Оо , ботом, кыргыздар, колго суу куйган адамды  аптабачы дейт, муну да биле жүргүлө .

— Эгер билсе:

-Акылыңдан айланайын!

(Окуучулар доскага чыгып, уй мүйүз тартып отурушут да, колго суу куюу жөрөлгөсү көрсөтүлөт, үй тапшырмасына берилген, улуулардан сурап жазып келген алкоо сөздөрүн  колго суу куйган балага айтышат. (Бул жерде үй тапшырмасын аткарып келген окуучулар байкалат.)

Ата-баларыбыз күнүмдүк турмушта  талканды,  сүткө, айранга, кымызга, курутка чайып ичишкен. Ал эми  жарма жасап , ак менен катыктап , аны ачытып максым жасап,  суусун кандырып келишкен. Талкан ток кармагандыктан эзелтен  адамдар алыс сапарга чыкканда ага каймак, сары май, кээде жылкынын майын кошуп даярдап, гүлазык катары алып жүрүшкөн.

Небере:

Айымкан чоң эне

  • Ооба , айланайын, балдарга талканга жылуу каймакты , балды аралаштырып, колго мычкып беришкен. Бул тамак таттуу, тоюмдуу, пайдалуу болгон. Канаке, алгылачы!

Сахналык көрүнүштөн кийин…

  1. Талкандан жасалган тамактарды жегенде кандай сезимде болдуңар?
  2. Учурдагы көрүнүштү баяндап, эмоционалдык сөздөрдү катыштырып, Айымкан чоң

эненин неберелерине калтырган мурасы тууралуу аңгемени жыйынтыктап жазгыла.

(Окуучулар жеп көрүшөт да, өз сезимдерин туюнтуп, текст тузөт )

Текстте:

  • 2 ден ашык эмоицоналдык маанидеги сөз
  • Суроолуу сүйлөм 1-2
  • Илептүү сүйлөм 1-2
  • Тең байланыштагы татаал сүйлөм 1
  • Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм-1
  • Төл жана бөтөн сөз 1
  • Диалог

(Жогорудагы суроолорго жооп берүү менен өз алдынча   текст түзүшөт,эки топко бөлүнүп, мыкты деп табылган текст жалпы класс алдында окулат )

5Е- Evaluate — Баалоо.

Мен үчүн маанилүү болгон эки нерсе…

Мен терең түшүнүүм керек болгон 1 нерсе…

Баалоо баракчасы

Бүгүнкү сабакта…упай
 

1

 

Сөздүн эмоционалдык мааниси тууралуу түшүндүм, айырмалай алам
 

2

Тексттен эмоционалдык мааниде берилген сөздөрдү таба алдым
3Тексттеги негизги ойду аныктадым
 

4

Эмоционалдык маанидеги сөздөрдү катыштырып текст түзө алдым 

 

5Өз оюмдуу так, ырааттуу айта алдым

 

(Окуучулар чогулткан жүрөкчөлөрдү эсептешет,  баалоо критерийлерине карап, баалоо баракчаларын толтурушат, мугалим толуктап жыйынтык бааны коёт.)

Үй тапшырмасы:

Аалы Токомбаевдин “ Күүнүн сыры” аңгемесиндеги эмоционалдык маанидеги сөздөрдү (6-8) таап жазуу

Бөлүшүү

Комментарийлер