Мисал, маселе иштөө

  • 26.02.2024
  • 0
Мисал, маселе иштөө

2-класс

Негизги компетенттүүлүк:

  1. Маалыматтык компетенттүүлүк:
  2. Социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк
  3. Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгү.

Предметтик компетенттүүлүк:

ПК-1. Математикалык жаңы маалыматтарды (термин-түшүнүктөрдү) аң сезимдүү кабыл алуу, аны колдонуу жана элементи менен жаза билүү компетенттүүлүгү.

ПК-2. Математикалык түшүнүгүн тереңдетүү, бышыктоо компетенттүүлүгү (К2).

ПК-3. Математикалык көндүмдөрдү талдоо компетенттүүлүгү (К3)

ПК-4. Жашоо тиричилик менен байланыштуу компетенттүүлүгү.

Сабактын максаты:

Билим берүү: окуучулар кошуу жана кемитүү амалдарына карата мисал, маселелерди туура чыгарууга үйрөнүшөт.

Өнүктүрүү: математикалык моделдерди түзүүгө, логикалык ой жүгүртүүнү өстүрүүгө көнөт.

Тарбия берүү: алган билимдерин турмушта колдоно билет, бири-бирине көмөктөшүүгө тарбияланат.

Сабактын тиби: аралаш сабак.

Сабактын формасы: өз алдынча, топторго бөлүнүп иштөө.

Колдонуучу методдор жана ыкмалар: көрсөтмөлүүлүк, түшүндүрүү, айтып берүү, өз алдынча, жупта, топтордо иштөө ыкмалары.

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, иш дептери, методикалык колдонмо, таяныч таблицасы.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Классты жана окуу жабдыктарын даярдоо. Окуучуларды сабакка уюштуруу. Сабакты кабыл алууга жагымдуу маанай түзүү. «Алтын эреже” түзүп, анын сакталышы эскертилет.

Үй тапшырмасын текшерүү: Өтүлгөн маалыматтарды кайталоо. Мамыча түрүндө кайсыл жагынан биринчи баштайбыз?

Жаңы теманы түшүндүрүү: Болгон билимдерин актуалдаштыруу. Окуучулардын түшүнүүсүн калыптандыруу. Мугалим окуп берет. Окуучуларга маселени топто аткаруусун сунуштайт. Окуучуларга манипулятивдик графикалык моделдерди берүү (эгерде зарыл болсо). Силер кандай жооп алдыңар? Кантип чыгардыңар? Ким бул маселени чыгаруунун башка ыкмасы менен бөлүшө алат?

Окуучуларга мисал: Батма мектептен үйгө чейин токтобой келди. Мектептен нан саткан дүкөнгө чейин 5  мүнөттүк жол. Андан үйгө чейин 2 мүнөткө көп басты. Ал үйгө канча мүнөттө келди?

Карама-каршы божомол: карама-каршы пикир жаратуу. Ушул тапшырманы башка окуучуга сунуштаганда, ал «жообу 7 мүнөт” деп айтты. Мындай жооп менен силер макулсуңарбы же макул эмессиңерби? Кандай деп ойлойсуңар? Окуучу 7 деген жоопту кайдан алды? Ал окуучуга силер эмне деп айтат элеңер?

Окуучуларга окутуу. Маселенин чиймесин же сүрөтүн тартып чыгууга болот. Беш мүнөт убакыт берүү. Моделдин көптүгүн пайдаланып жообун аныкташат.

  • 5+(5+2)=12
  • 5+2=7

7+5=12

Жообу: 12 мүнөт

Ал окуучу туура эмес эсептеп алды. Окуучу 5+2=7 деп  айтып жатат. 5 мүнөт мектептен нан саткан дүкөнгө чейин. Ал эми нан саткан дүкөндөн үйүнө чейин 5+2=7 мүнөт, нан саткан дүкөндөн үйүнө чейин экиге көп деп жатат. Демек, 5+(5+2)=12.

1) 5+2=7

7+5=12

2) 5+(5+2)=12

3) 5+5+2=12

Окуучулар дептерге жазат.

Сабакты жыйынтыктоо: сабакка коюлган максатты кайталап, бүгүнкү сабак жөнүндө эмне айткыңар келет? Эмне өзгөчө эсте калды, жакты? Эмне кыйын болду?

Тапшырма берүү: иш дептерден 10-бетти чыгаруу.

Болгон — 12 китеп

Алышты — ?

Калды — ?4кө көп

12-4=8

12-8=4  Жообу: 4 китеп

Мисал, маселе иштөөКымбат Жумадылова, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ж. Асаналиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер