Мисал, маселе иштөө

  • 21.02.2024
  • 0
Мисал, маселе иштөө

Сабактын тиби: Бышыктоо сабагы

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, карандаш, сызгыч, сүрөттөр, таркатма материалдар, КТП.

Предметтик байланыш: мекен таануу, көркөм өнөр.

Колдонулуучу стратегия: Түшүндүрүү, негиздөө, моделдердин көптүгү.

Колдонулуучу ыкма: Конкреттүү, графикалык, абстракттуу (КГА).

Сабактын максаты:

Билим берүү: өтүлгөн теманы бышыктоо менен мисалдарды, маселени чыгаруу үчүн арифметикалык амалдарды аткаруу жана талдоо.

Өнүктүрүү: амалдарды аткарууда математикалык тил менен сүйлөп иштөөсүн, өз оюн айтып түшүндүрүп жана негиздеп берүүсүн өнүктүрүү.

Тарбия берүү: математикалык амалдарды жөн гана жазып үйрөнбөстөн, аларды турмушунда пайдалана билүү.

Күтүлүүчү натыйжа: 

  • Мисалдарды, маселени чыгаруу үчүн арифметикалык амалдарды аткара алат жана өз алдынча талдайт.
  • Амалдарды аткарууда математикалык тил менен сүйлөп иштешет, өз ойлорун так айтып түшүндүрүп жана негиздеп берүүсүн өнүктүрүшөт.
  • Математикалык амалдарды жөн гана жазып үйрөнбөстөн, аларды турмушунда пайдалана билүүгө багыт алышат.

Сабактын жүрүшү

Сабактын этабы: уюштуруу,  шыктандыруу,  жагымдуу маанай.

Саламдашуу, сабакка даярдануу. Окуучуларды тактоо.

— Келгиле, балдар, ордубуздан туруп кол кармашалы, колубуздан өткөн жылуулук жүрөгүбүзгө жетип, бири-бирибизге жылмаюу тартуулап коёлу.

Үй тапшырмасын текшерүү: анда кар бүртүкчөсү менен үй тапшырмабызды текшерип алсак. 402-мисал боюнча.

Жаңы теманы өтүү. Баалоо критерийлери менен маалымдоо.

-Бүгүн биз, балдар, саякат сабак өтөбүз. Саякатыбыз баарыбыз жакшы билген кинотасма “Деңиз каракчылары” фильминдеги Джек Воробейдин каткан кенчин издеп табуу. Демек, биз кемеге түшүп, деңизден арал издеп, ошол аралдан катылган сандыкчаны тапмакпыз. Ал үчүн биз топко бөлүнөлү. Столдо турган кемелердин жаккан сүрөтүн өзүңөр тандап алгыла да парталарда жайгашкан кеменин сүрөтүнө окшоштургула. Топторго бөлүндүк. Демек, кемелерге түштүк деп эсептейли, эми бизге деңизге сүзүп чыгууга эң негизги каражаттар керек, эмнелер болушу мүмкүн дейсиңер?

—  Эң туура, компас, дагы кошумча таза суу керек. Бизде бул каражаттардын бардыгы бар, бирок бир көйгөй: карта төрт бөлүккө бөлүнгөн. Ал картаны бириктирмейин биз кенчти таба албайбыз. Картанын бетинде компастын жебесиндеги төрт тарап көрсөтүлгөн, алар:

1) Чыгыш 2) Батыш 3) Түндүк  4) Түштүк жана тапшырмаларды аткарсак картабыз биригет да кенчти тез табабыз. (Карта пазл болуп төрт бөлүккө бөлүнгөн)

Түшүндүрүү жана негиздөө, моделдердин көптүгү

Окуучулар мугалимдин столундагы кемелердин сүрөтүн тандап, топторго бөлүнүп отурушат. Каалаган жол менен аткарсаңар болот. Столго ак баракчаларды, маркерлерди жана геоборддорду коём жана топторго керектүү нерселерди алууга уруксат берем. Окуучуларга жардам керек учурда жардам көрсөтүп, класс ичинде басып жүрөм. Бул учурда кинотасманын музыкасы угулуп турат.

Практикалык иш: Берилген убакыт бүткөндөн кийин топтордун ортосуна туруп компастын жебесин магнит аркылуу жылдыруу менен тапшырмаларын доскага чыгып презентация кылууларын суранам.

-Кана анда компасыбыздын жебеси Чыгышты көрсөтүп жатат, даяр болсоңор өзүңөрдүн ишиңерди көрсөтсөңөр. Бул эсептерден биз эмнени байкадык. Туура. Бирок Арсен 0*5=0 дегенге кошулбайм. Ал 5 болот деп жатат, силер кандай ойлойсуңар? Туура, эмне себептен 5 болот деди, эмнеден жаңылды Арсен? Азаматсыңар! Кол чабуулар. Дагы бир жолу ушул мисалды төмөндөгүдөй кылып аткарсак болот. Проектордун жардамы менен бул мисалдын таблица түрүндө аткарылышын көрсөтөм. Кийинки мисалга өтөлү.

Бардыгы 40 кг. Ушундай эле кесиндини 3кө бөлөм.

9кг ____ 9кг_____ 9кг?

Ар бири 9 кгдан

Бардыгы канча кг?

40кг:4=10кг

3*9кг=27кг

Ж: 10 кг, 27 кг.

Компасыбыз Түндүктү көрсөтүп жатат. Түшүндүрүп айтып беришет. Проектордун дагы бир жолун көрсөтөм. Биз көбөйтүү амалын өткөндөн кийин көбөйтүү амалы менен аткарып көрөлү.

1) Р=(1см*2см)+(12см+2)=2+24=26(см)

2) Р=(а+в)*2=(1+12)*2=26(см)

Периметрди табууда төрт бурчтуктун карама-каршы жактары бирдей, ал жактары экөө, демек, 1 см 2си бар, 12 см дагы экөө. Туюнтма түзүп, жогорудагыдай кылып тапсак болот. Компас түштүктү көрсөттү. Проектордун жардамы менен туюнтманын тууралыгын текшеребиз. Картанын акыркы бөлүгүн досканын төмөн жагына чапташат. Баш бармактарды көрсөтүү менен баалайбыз.

— Кана, балдар, картабыз бирикти, эми артындагы чырды ачып көрөлү. Чогуу окуп коёлу: “Алтынга байыбай, акылга байы”. Балдар, Джек Воробей бизди билим алып, акылдуу болушубузду каалаптыр.

Жыйынтыктоо: Суроо-жооп иретинде сабакты жыйынтыктайбыз. Силерге бүгүнкү сабак жактыбы? Эмнелерди өттүк? Тапшырмаларды аткарууда кыйналган жоксуңарбы? Түшүнбөй калган жерлериңер болдубу?

Сабакка активдүү катышкан окуучуларга баа коюу. Ошондой эле өзүн-өзү баалоо баракчаларында белгилетүү.

Үйгө тапшырма берүү: Үйгө алдыңарда турган таза сууда калкып жүргөн эсептерди дептериңерге жазып аткарып келесиңер.

Мисал, маселе иштөөГүлкайыр Шейшеева, Орузбай Жумаев атындагы Чоң-Сары-Ой жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер