МИСАЛ, МАСЕЛЕ ИШТӨӨ

  • 18.09.2023
  • 0
МИСАЛ, МАСЕЛЕ ИШТӨӨ

МИСАЛ, МАСЕЛЕ ИШТӨӨ

Кызжибек Жумабаева,

Бишкек шаарындагы №94 мектептин

Башталгыч класстар мугалими

Предмети: математика

 Сабактын темасы:  Мисал, маселе иштөө

Сабактын максаттары: 

билим берүүчүлүк: мисал, маселе  иштөөдө  өтүлгөн темаларды эстешет, алган билимдерин бышыкташат.

өнүктүүрүчүлүк: мисал, маселе  теңдемелерди иштөө менен ой жүгүртүүгө жана логигалык ой жүгүртүүгө үйрөнүшөт.

1-100  таблицасын колдоонуу менен оозеки эсептөөнү өздөштүрөт.

Өз алдынча иштөөгө  машыгышат.

тарбиялык: биргелешип иштөө аркылуу  окуучулар, аң сезимдүү, ынтымакттуу болууга тарбияланышат.

Сабактын тиби: билимдерди бышыктоо, билгичтиктерди жана

көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы.

Сабактын формасы: Мелдеш сабагы.

Сабактын жабдылышы: Карточкалар, «1-100таблицасы», ыр.

Сабактын жүрүшү

Уюштуруу:

— Келгиле, балдар, сабактты жагымдуу маанай менен баштап алалы!

Паровоз деген ырды обону менен ырдайлы:

Паровоз гүш-гүш,

           Биз вагонго түштүк.

           Зуулдап кеттик,

           Биз мектепке жеттик.

          Ээй, ээй, паровоз!

          Кайда шашып барасын?

          Айланып өтөлү,

          Мектепке келебиз.

Тапшырманы суроо.

— Азаматсыңар, балдар, мектепке жеттик эми сабагыбызды баштайлы.

(тапшырманы карап чыгам)

Бышыктоо:

— Келгиле, балдар, мамычаны кантип чыгарабыз эстейличи, эки орундуу санга эки орундуу санды кошобуз. Бирдиктин  астына бирдикти жазабыз, ондуктун астына ондук жазабыз. 5 бирдикке 6 бирдикти кошсок, 11 саны келип чыгат. Бир ондугун эске сактайбыз, бир бирдикти бирдиктин астына жазабыз. 7 ондукка 1 ондукту кошсок, 8 ондук  келип чыгат, эске сактаган бир ондукту  кошсок, 9 ондук болуп, 91 саны келип чыкты.

Жаңы тема өтүү:

Бүгүн, балдар, мисал, маселе иштейбиз. Үч топко бөлүнөсүңөр. 1-100 таблицасын, карточкаларды пайдаланабыз.  (мелдеш-сабагынын программасы менен тааныштырылат).

1.Тааныштыруу.

1-топ  Мээрим командасы.

Биздин девиз: Мээримдуу  ырайымдуу болууга даярбыз!

2-топ Келечек командасы.

Биздин девиз:  Келечек биздин колдо, патриот болууга даярбыз!

3-топ  Үмүт командасы:

Биздин девиз: Үмүттөнүп алга карай, умтулуу үчүн даярбыз!

-Азаматсыңар, балдар! Үч топко бөлүнүп алдык, анда эмесе

мелдеш сабагыбызды баштайбыз:

1-суроо:  1-100таблицасын колдонуп, карточкадагы мисалдарды чыгарып,  плакаттагы  тартылган даракка жообун чаптап турасыңар

 1-топ:    8+18        8+28          24-9           …

2-топ:   9+27         11+24        57-6           …

3-топ:   7+19         32+7          28-4          …

Досканы пайдалануу.

2-суроо: Маселе чыгаруу.

(маселенин берилишин окуп, шартын доскага жазып түшүндүрөм)

1-топ                                         2- топ                                      3-топ

Болгон — 5 жана 3 сом          1-жоок-20 кг                            А-8 ст

Сартады — 4 сом                     2-жоок — 5 кг га көп?              К-2 ст. га аз?

Калды — ? сом                          Бардыгы — ?кг карт.               Бардыгы -? ст. мал.

 

Тыныгуу:   Бир, эки, үч, төрт!

                         Кыймылдаттык буттарды.

                         Бир, эки, үч, төрт!

                        Туурайлы куштарды.

                        Алагды болбойлу!

                        Биз сабакты баштайлы.

3-суроо:

Топтун башчылары жарышат. (карточка берилет)

1-топ:  20+8-5         2-топ:  15+7-6       3-топ:  29+7-6

Жыйынтыктоо:

-Балдар, мен суроо берем «Ким тез табат?» оюнун ойнойбуз. Кайсы топ тез тапса ошол топко упай кошулат.

1-суроо: Эгерде Х+15=20 тендеменин биринчи кошулуучусу  белгисиз болсо биринчи кошулуучуну кантип табабыз?

Мен азыр баштаймын силер эреже чыгаргыла.

-Эгерде 1чи кошулуучу белгисиз болсо…( улайбыз)

Суммадан экинчи кошулуучуну кемитебиз.

Х+15-20

Х=20-15

Х=5

Текшерүү: 5+15=20

(уч топтун жыйынтыгы чыгарылат)

Бышыктоо:

-Балдар, биз бүгүнкү сабакта эмнени үйрөндүк?

Мындан кийин мисал маселелерди тез-тез чыгарып машыккыла.

Тапшырма берүү: Жадыбалды жаттап, кайталап келгиле.

Баалоо:

Бүгүн бардык балдар жакшы катыштынар.  Азаматсыңар!

Бөлүшүү

Комментарийлер