МИСАЛ, МАСЕЛЕ ИШТӨӨ
- 07.03.2023
- 0
Назира Жылтырова
Тогуз-Торо районундагы № 6 Бирдик жалпы билим
берүүчү орто мектебинин
башталгыч класстар мугалими
Математика 2-класс
Сабактын темасы: Мисал, маселе чыгаруу.
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Өтүлгөн тема боюнча мисал, маселелерди чыгарышат.
Сандык маалыматтарды талдоонун негизинде таблицаларды жана тесттерди иштешет.
Математикалык көндүмдөрү калыптанат.
Өнүктүрүүчүлүк: Маалыматка баа беришет, тыянак чыгарат жана прогноздойт. Байкоо, маектешүү көндүмдөрү аркылуу мисалдарды талдай алышат.
Тарбиялык: Сабак учурунда тактыкка, шамдагайлыкка тарбияланышат.
Билимдерин турмушта пайдалана алышат.
Сабактын тиби: Бышыктоо
Сабактын усулу: Жупта, топто иштөө, интерактивдүү усулдар. “Түшүндүрүү жана негиздөө” стратегиясы. КГА ыкмасы.
Сабактын жабдылышы: Дидактикалык жана таркатма материалдар, видео материалдар, онлайн тесттер.
Уюштуруу:
Окуучулар мугалим менен саламдашып тизилип топторго бөлүнүп отурушат:
3. Ырдоо менен маанайлары көтөрүлөт .
Окуучулар ватманга жазып, алтын эреже түзүшөт:
Үй тапшырмасы:
- Окуучулар алган билимдерин эске салуу менен беш кадам оюну аркылуу жооп беришет:
1) Тар бурч, кең бурч, тик бурч.
2) Мм, см, дм, км.
3) 1-разряд: бирдиктер,
2-разряд: ондуктар.
3) Жаңы темага өбөлгө түзүү. ”Сыр сөз” ыкмасы аркылуу теманы табышат:
А В С Д Е О
1 Ц У В К М
2 Г П А К Н
3Б Л Ш З Р
4И Ы У Т А
5О Д Я Е Ы
Сабактын темасы, максаты менен таанышат.
Тема жөнүндө түшүнүк берүү.
№1 Мисалдарды чыгаруунун жолун түшүндүрүп берүүдө математикалык тилде сүйлөөгө көндүрүү.
Кошуу жана кемитүүгө карата амалдарды чыгаруунун жолдорун талкуулашат.
10 10 1 1 1 10
-93 — 90 +15 +54 +49 -67
6 78 85 19 51 28
8 7 1 2 100 73 100 39
Маселе иштөө: Маселени окуучулар так суроосун коюп чыгарышат. Аны конкретүү терминдер жана
символдор менен сүрөттөп беришет. КГА ыкмасын пайдаланып, графикалык негиз менен түшүндүрүшөт.
№2 1-топ:
Агасы 5, карындашы 3 жөөк сугаргандан кийин дагы 4 жөөк калды.
Балдар бардыгы канча жөөк сугарышы керек эле?
Чыгаруу: 5+3+4=12
Жообу: Балдар бардыгы 12 жөөк сугарыш керек.
№3 2-топ
Закирдин 12, ал эми агасынын андан 6га көп фломастери болгон.
Маселе төмөнкүдөй чыгарыла тургандай кылып суроо кой:
(6+12) 12+(12+6)
12 андан 6га көп: 1) (6+12)=18
2) 12+(12+6)=30
Жообу: Экөөнүкү биригип 30 фломастер болгон.
Бышыктоо:
2 ден тегерекчелер 5 жолу кайталанып тартылганын анализдөө менен менен окуучуларга көбөйтүүгө
карата өбөлгө түзүлөт. Сандык маалыматты талдоонун негизинде таблица түшүшөт.
Wordwall платформасынан тесттерди иштешет.
Топтордо Lerning apps платформасынан тест иштешет.
Жыйынтыктоо:
Мугалим окуучулардын алган билимин анализдөө үчүн суроолорду узатат, туура маалымат болсо окуучулар ордуларынан турат .
Мугалимдин билдирүүсү:
- Мамыча түрүндө кошуу жана кемитүүдө ондуктун астына ондукту, бирдиктин астына бирдикти жазып кошуу керек.
- 24 менен 43түн суммасы 69га барабар.
- Эки санды кошуудагы жыйынтык айырма деп аталат
- Баалоо: Тесттин жыйынтыгы жана баштыкчага салынган упайлары менен бааланышат.
Үйгө тапшырма: № 6 мисалдарды иштеп келүү. Окуучулар тапшырманы күндөлүккө жазат.
Комментарийлер