МЕН МУГАЛИММИН

  • 06.04.2024
  • 0
МЕН МУГАЛИММИН

Адамдын жашоосундагы эң аруу, эң таттуу, бактылуу учурлары балалык мезгили эмеспи. Ошол балалыкта: “Чоңойгондо ким болууну каалайсың?” — деген суроого көп жолу туш болсок керек. Ар бир наристе бул суроого сүйүнө, аптыга, кең келечекти элестетүү менен жооп берет. Мен ар дайым: “Мугалим болом!” — деп чечкиндүү айтар элем. Менин арзуум мугалим болуу эле… Билбейм, балким бул кандан өттүбү же Кудайымдын маңдайга жазган таалайыбы..?!

МЕН МУГАЛИММИН

Мен 1988-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Казарман айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлүп, үй толгон китеп, кагаздардын арасында чоңойдум. Атам физика мугалими, апам башталгыч класстар мугалими. Тагдыр кошкон жолдошумдун да мугалимдик кесипти аркалап калганы андан бетер кубандырбай койбойт.

Албетте, мугалим болуу оңой-олтоң иш эмес. Эң оболу өзүң бала болуп туруп, балдардын баёо дүйнөсүн түшүнүү, аларга мээрим төгүү кыйын тура. Ошондой эле күндө окуп, тынымсыз изденүүнүн үстүндө болуп турбасаң заман талабына шайкеш келген мугалим боло албасың анык. Ал эми коом заманбап, талапка ылайык мугалимге муктаж. “Санаамда сабак, оюмда сенсиң окуучум” демекчи, ар дайым оюмда, элесимде жандай көргөн окуучуларымдын балбал жанган көздөрү… Ушуларга канткенде жугумдуу билим, татыктуу тарбия бере алам деген саналуу суроолорго жооп издейм. Ошондуктан ар бир сабагымды колдон келишинче жеткиликтүү, таасирлүү, интерактивдүү методдорду, усулдарды колдонуп, чыгармачылык менен өтүүгө аракет кылып келем. Ийгилик — аракеттин натыйжасы демекчи, кылган эмгегим кесиптештерим, окуучуларым, ата-энелер тарабынан да жылуу бааланып келет.

МЕН МУГАЛИММИН

Эң негизги максатым – окуучумдун гүлдөй назик жан дүйнөсүнө билим, тарбия үрөнүн себе билүү жана ал үрөндүн көктөп, мөмө берип кетүүсүнө өбөлгө түзүү болуп эсептелет.

“Мугалим — устат, жол көрсөтүүчү, даанышман. Күн астында мугалимдиктен башка кесип жок” (Я.А.Каменский) деген сөздөр багытталган мугалимдик кесибим менен ар дайым сыймыктанам жана ар сайын коом алдындагы, келечек муундун алдындагы, окуучуларымдын алдындагы бийик жоопкерчилигимди сезем… Мен мугалиммин…

Мира ТӨРӨГУЛОВА, Тогуз-Торо районундагы №2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими.

 

ТӨЛ ЖАНА БӨТӨН СӨЗ

Бөтөн сөздү колдонуу жолдору: тике жана кыйыр сөз. Тике сөздү кыйыр сөзгө айландыруу. Тике сөздүн цитата, диалогдо колдонулушу, алардын тыныш белгилери.

Өтүлгөн теманы кайталоо үчүн тесттик суроолор:

  1. Экиден кем эмес жөнөкөй сүйлөмдүк түзүлүштөн турган синтаксистик бүтүн бирдик:

а) татаал бирдик

б) татаалдашкан сүйлөм

в) татаал сүйлөм

г) багынычсыз сүйлөм

  1. Тутумундагы жөнөкөй сүй¬лөмдөрдүн ортосундагы маанилик карым-катышына жана байланыш өзгөчөлүктөрүнө карай татаал сүйлөмдүн бөлүнүшү:

а) 2                      б) 3                 в) 4                 г) 5

3.»Шашып келсем, кетип калыптырсың». Татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн баш мүчөлөрүнө мүнөздөмө:

а) баш мүчөлөрү берилген эмес

б) баяндоочтору стилдик максатта түшүпкалган

в) баш мүчөлөрдүн болушу талап кылынбаган

г) ээлери стилдик максатка ылайык айтылбай калган

  1. Татаал сүйлөмдү уюштурган жөнөкөй сүйлөмдөр:

а) жөнөкөй сүйлөмдүн баары

б) маани жагынан байланыштуу жөнөкөй сүйлөмдөр

в) структурасы окшош жөнөкөй сүйлөмдөр

г) эки тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөр

  1. Азаматты сөз бузат, тоону-ташты сел бузат.

Татаал сүйлөмдүн түрү:

а) аралаш сүйлөм

б) багыныңкы татаал сүйлөм

в) көп багыныңкылуу сүйлөм

г) тең байланыштагы татаал сүйлөм

  1. Татаал сүйлөм:

а) Эшикти ачып Асан бөлмөгө кирди.

б) Эшик ачылып Асан бөлмөгө кирди.

в) Эшикти ачмакка Асан бөлмөгө кирди.

г) Эшикти ачканы Асан бөлмөгө кирди.

Тесттик суроолордун жообу:

  1. Экиден кем эмес жөнөкөй сүйлөмдүк түзүлүштөн турган синтаксистик бүтүн бирдик

а) татаал бирдик

б) татаалдашкан сүйлөм

в) татаал сүйлөм

г) багынычсыз сүйлөм

  1. Тутумундагы жөнөкөй сүй¬лөмдөрдүн ортосундагы маанилик карым-катышына жана байланыш өзгөчөлүктөрүнө карай татаал сүйлөмдүн бөлүнүшү:

а) 2                      б) 3                 в) 4                 г) 5

3.»Шашып келсем, кетип калыптырсың». Татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн баш мүчөлөрүнө мүнөздөмө.

а) баш мүчөлөрү берилген эмес

б) баяндоочтору стилдик максатта түшүпкалган

в) баш мүчөлөрдүн болушу талап кылынбаган

г) ээлери стилдик максатка ылайык айтылбай калган

  1. Татаал сүйлөмдү уюштурган жөнөкөй сүйлөмдөр:

а) жөнөкөй сүйлөмдүн баары

б) маани жагынан байланыштуу жөнөкөй сүйлөмдөр

в) структурасы окшош жөнөкөй сүйлөмдөр

г) эки тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөр

  1. Азаматты сөз бузат, тоону-ташты сел бузат.

Татаал сүйлөмдүн түрү

а) аралаш сүйлөм

б) багыныңкы татаал сүйлөм

в) көп багыныңкылуу сүйлөм

г) тең байланыштагы татаал сүйлөм

  1. Татаал сүйлөм:

а) Эшикти ачып Асан бөлмөгө кирди.

б) Эшик ачылып Асан бөлмөгө кирди.

в) Эшикти ачмакка Асан бөлмөгө кирди.

г) Эшикти ачканы Асан бөлмөгө кирди.

ЖАҢЫ ТЕМА

Адамдар өз ара пикир алышууда, же ойлорун жазуу аркылуу баяндоодо өз сөзү менен башка бирөөлөрдүн сөзүн, пикирин да колдонот.

Мисалы, Чыңгыз Айтматов мындай деген: “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу”.

“Күндө да бар бир кемчилик – ал өзүн өзү көрө албайт”, — деген экен Сократ.

Мисалдардагы тырмакчанын ичиндеги жазылган сүйлөмдөр — бөтөн сөз, калгандары – төл сөз.

Бөтөн сөз кепте айтылып жаткан ойду толуктоо, тактоо же андан ары улантуу үчүн колдонулат да, төл сөздөн өзгөчө интонация аркылуу бөлүнүп айтылат .

Демек, кепте кандайдыр бир максаттар үчүн колдонулган башка бирөөнүн сөзү бөтөн сөз, ал эми ага байланыштуу айтылган өзүбүздүн сөзүбүз төл сөз деп аталат.

Төмөнкү сүйлөмдөн төл жана бөтөн сөздү айырмалагыла.

Исхак Раззаков: “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот”, — деп айткан.

Атактуу Леонардо да Винчинин: “Пайдасыз жаткан темирди дат басат, акпаган сууну балыр басат, ал эми пайдаланбаган акылды маң басат”, — деген акылман сөзү эл арасында кеңир маалым.

Жообу:

Исхак Раззаков: “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот”, — деп айткан.

Атактуу Леонардо да Винчинин: “Пайдасыз жаткан темирди дат басат, акпаган сууну балыр басат, ал эми пайдаланбаган акылды маң басат”, — деген акылман сөзү эл арасында кеңир маалым.

Жогорудагы сүйлөмдөрдө асты сызылган сүйлөмдөр бөтөн сөз, калгандары төл сөз болуп эсептелет.

Тике жана кыйыр сөз – кепте бөтөн сөздөрдүн колдонулушу айтыла турган ойдун ар түрдүү жагдайларына байланыштуу ар кандай мүнөздө болот.

Бөтөн сөз колдонулуш өзгөчөлүгүнө карай: 1) кыйыр, 2) тике болуп экиге бөлүнөт.

Демек, башка бирөөнүн сөзүн өзүнүн сөздүк тутуму жана грамматикалык түзүлүшү боюнча эч өзгөрүүсүз ошол калыбында колдонулган бөтөн сөздүн бир түрү тике сөз деп аталат.

Тике сөздүн алгачкы грамматикалык түзүлүшү лексикалык курамы жагынан айрым бир өзгөчөлүктөргө учурап, бирок андагы негизги мазмун сакталуу менен айтылса, кыйыр сөз деп аталат.

Төмөндөгү тике сөздөрдү кыйыр сөздөргө айландырабыз

  • Конфуций: “Кичинекей мүмкүнчүлүктүн артынан түшүү чоң ийгиликке алып барышы толук мүмкүн”,-деп айткан.
  • Элде: “Достук тар кыяда сыналат”, — деген макал бар.

Кыйыр сөзгө айланганда:

  • Конфуцийдин чоң ийгиликке жетүү үчүн кичинекей мүмкүнчүлүктүн артынан түшүү керек экендиги тууралуу айтканы бар.
  • Элибизде достуктун кыйын күндө (тар кыяда) сыналары тууралуу айтылып жүрөт.

Тике сөздүн түрлөрү:

o   Цитата

o   Диалог

Тике сөздүн колдонулушу:

  1. Цитата түрүндө:

—   Бүтүндөй абзац, же сүйлөм түрүндө;

—   Цитата катары сүйлөмдүн айрым бир керектүү гана бөлүгү алынышы мүмкүн;

—   Керегине жараша айрым алынган сөз, термин же тема түрүндө гана болот.

  1. Диалог түрүндө:

— Бул эмне?

Көркөм адабий чыгармаларда диалог түрүндө колдонулган тике сөз каармандардын өз ара сүйлөшүүсү аркылуу берилет да анын ким тарабынан айтылгандыгын туюнтуу үчүн автордун сөзү да катышышы мүмкүн.

Көркөм адабий чыгармаларда диалог түрүндө колдонулган тике сөз каармандардын өз ара сүйлөшүүсү аркылуу берилет да анын ким тарабынан айтылгандыгын туюнтуу үчүн автордун сөзү да катышышы мүмкүн.

Кара менен берилгендер тике сөз, калгандары – автордун сөзү – төл сөз

Бирок автордун сөзүнүн бардык учурда эле тике сөзгө катышуусу зарыл боло бербейт. Алар кээде каармандардын өз ара сүйлөшүүсү аркылуу берилет:

Сизди чакырып келдим.

—   Каякка?

—   Шашып жатам, тезирээк жооп бериниз.

—   Каякка? Ким чакырат?

—   Кара суунун баш жагындагы айылга, коктунун өрдөшүндөгү чоң сарайлуу үйгө.

Тике сөз менен төл сөздөргө коюлуучу тыныш белгилер:

  • — тике сөз.
  • _________ — төл сөз

“ Өлөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт”, — дейт элибизде.

Элдик макалда : “Өлөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт”.

Бул тууралуу : “Өлөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт”, — деген макал бар элибизде.

“ Өлөр эчки”, — дейт элибизде, — койчунун таягына сүйкөнөт.

— Сен айылга барасыңбы?

— Жок, барбайм,

— Эмнеге?

“ ” , — деп айткан.

_____: “ ” ”

_____: “ ”, —

“ , -______, — ”

Диалог түрүндө:

 

Биз силер менен бүгүн төл жана бөтөн сөз, тике жана кыйыр сөз, тике сөздөрдүн колдонулушу, жана аларга коюлуучу тыныш белгилержөнүндө кеп кылдык.

Тапшырма:

  • Канагат карын тойгузат. (макал)
  • Дос күткүлө кудайым сүйө турган,

Акыретте пайдасы тие турган. (Надырбек Алымбеков)

Жогорудагы бөтөн сөздөрдү кыйыр сөзгө айландыргыла.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер