Маселе чыгарууну үйрөнөбүз

  • 21.10.2024
  • 0
Маселе чыгарууну үйрөнөбүз

Бусурманкул кызы Шахризада, Тогуз-Торо районунун №6 Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстар мугалими

Математика, 3-класс

  1. Маалыматтык компетенттүүлүк.
  2. Социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк.
  3. Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүк

Предметтик  компоненттүүлүк:

ПК-1. Математикалык жаңы маалыматтарды таанып билүү, аны колдонуу жана элементи менен жаза билүү компоненттүүлүгү.

ПК-2. Математикалык түшүнүгүн тереңдетүү жана бышыктоо компоненттүүлүгү.

ПК-3. Математикалык көндүмдөрдү талдоо.

ПК-4. Жашоо тиричилик менен байланыштыруу.

Маселе чыгарууну үйрөнөбүз

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Маселе чыгарууну үйрөнөбүз.

Өнүктүрүүчүлүк: Креативдүү ой жүгүртүүсү, оозеки эсептөөсү, математикалык потенциалы, өз алдынча мисал, маселе иштей алуусу өнүгөт.

Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар биримдүүлүккө, тактыкка, тыкандыкка, адептүүлүккө, ынтымактуулукка, бири-бирине көмөктөшүүгө тарбияланышат.

Сабактын тиби: бышыктоо.

Сабактын формасы: өз алдынча, топтордо эсеп чыгаруу.

Колдонуучу методдор жана ыкмалар: окуу керемет долбоорунун стратегиялары. Көрсөтмөлүүлүк, түшүндүрүү, айтып берүү, өз алдынча, жупта, топтордо иштөө ыкмалары.

Сабактын жабдылышы: Интерактивдүү доска, магниттүү доска, видеоматериалдар, сайттар, дидактикалык материалдар, окуу китеби, иш дептери, геоборд.

Сабактын жүрүшү:

— Кана, балдар, биз азыр сабагыбызды баштаардын алдында математика сабагы биздин турмушубузда кандай мааниге ээ экендигин эсибизге салып алалы (видео).

Анда биздин бүгүнкү темабыз — маселе чыгарууну үйрөнөбүз.

Сабактын максаты айтылат.

Тапшырмаларды аткаруудан мурун алгач баалоону айта кетейин. Бул бош корзина. Корзинага алма чогултабыз. Кайсы топ көп алма чогултса, бүгүнкү сабактын жеңүүчүсү болот. 

Интерактивдүү көнүгүүлөр – сабактын борбордук бөлүгү:

3 топко 3 тапшырма берилет. 1-топко «Беш жашыл топ, андан 3 эсе көп кызыл топ сатып алышты. Канча кызыл топ сатып алышты?

5*3=15

Жообу: 15 кызыл топ сатып алышты

Маселе чыгарууну үйрөнөбүз

2-топко маселе:

Маселе чыгарууну үйрөнөбүз

Чыгаруу: 

Маселе чыгарууну үйрөнөбүз

3-топ геоборд менен иштейт.

Эс алуу мүнөтү: эс алуу максатында окуучулар көнүгүү жасашат. Нейрогимнастика.

Бышыктоо: кана эми, балдар, «Ойлон, тап» оюнун ойнойбуз.

1-топ

Маселе чыгарууну үйрөнөбүз

2-топ

Маселе чыгарууну үйрөнөбүз

3-топ

Жактары  5 см болгон квадраттын периметрин тап. Геоборд аркылуу табышат.

Р=а+а+а+а

Р=5+5+5+5=20

Р=20 см 

Чыгарылыштарын, жообун түшүндүрүп, негиздеп беришет.

Сабактын жыйынтыктарын чыгаруу, натыйжаларын баалоо: окуучулардын билимин бышыктоо максатында “Wordwol” сайтына түзүлгөн тест менен ыкчам текшерүү жүргүзүлөт.

Суроо-жооп иретинде жыйынтыктоо жүргүзүлөт. Чыгарган мисалдарга анализ бере алат. Суроо-жооп иретинде жыйынтыктоо болот.

Сабактын жүрүшүндө демилгелөө, кубаттоо, мактоо сөздөрү менен бирге берилген белгилердин жыйынтыгын чыгарып, жекече баалоого аба шары аркылуу бааланып жаткан пиктограммага жыйынтык чыгат. Топтук баалоого диаграмма түзүлөт.

Пиктограммадагы баалоого өздөрү анализ жүргүзөт. Жеңүүчү топ аныкталат.

Бөлүшүү

Комментарийлер