ИСХАК РАЗЗАКОВДУН ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮРҮ
- 20.01.2026
- 0

Аңгемелешүүнүн багыты: Улуу инсандардын өрнөктүү өмүрүнөн.
Максаты: Нарктуу инсан, анын сапаттары тууралуу түшүнүктөрдү түптөө.
Тема: Үлгүлүү адам ким, кандай адам үлгүлүү жана өрнөктүү адам? Нарктуулук сапаттарга (уяттуу, намыстуу, адилеттүү, жоопкерчиликтүү, салабаттуу, калыс, жөнөкөй, туура кийинген ж.б.) ээ болгон адамдар, алардын үлгү сапаттары менен жүргөн-турганы, башкаларга мамилеси, алардын өрнөгү, аларды туурап, ошондой адам болуу тууралуу баланын жеке кыялдануусу (нравалык идеал) жөнүндө жана кандай адамдан үлгү алып чоңоюну ойлогондугу, келечекте ким болууну самагандыгы тууралуу аңгемелешүү.

Практикалык иш: Ким кандай адамдан үлгү алып чоңоюп, кандай адам болууну каалагандыгы тууралуу, келечек кыялдары жөнүндө талкуулар, ойлор, пикирлер, презентациялар, диспуддар.
Сабактын максаты:
- Өмүрү өрнөктүү, үлгүлүү адамдар кандай болоору тууралуу билишет. Улуу инсан-Исхак Раззаковдун өрнөктүү өмүрүнөн маалымат алышат.
- Нарктуулук сапаттарга, калыстыкка, адилеттүүлүккө, чынчылдыкка, эмгекчилдикке тарбияланышат, үйрөнүшөт, келечекте пайдалана билүүгө багыт алышат.
- Келечек кыялдары, келечекте ким болууну самагандыгы жана кандай адам болуп өсүп, кимден үлгү алары жөнүндө ой-чабыттарын өнүктүрүшөт.
Сабактын жабдылышы:
Видео материалдар, тематикалык сүрөттөр, буклеттер, учкул сөздөр ж.б.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу (3 мүнөт)
Саламдашуу, балдарга жагымдуу маанай түзүп алуу.
Сабактын темасы менен тааныштыруу.
Киришүү бөлүмү (5 мүнөт).
Мугалим: Балдар, бүгүн силер менен үлгүлүү, мыкты, өмүрү элге жаккан адамдар тууралуу баарлашабыз.
— Силер үчүн үлгүлүү адамдар — кандай адамдар?
Суроо-жооп иретинде балдардын ой-пикирлерин, көз караштарын угабыз, биргеликте талдайбыз, жалпы түшүнүккө багыт алабыз.
Негизги бөлүк (25 мүнөт).

— Ооба балдар, туура айтасыңар биздин жашообузда жакшы адамдар көп жана жакшы адамдар биздин жаныбызда жүрүшөт. Алгач эле силерди багып өстүрүп, бардык жагынан камкордукка алган ата-энеңер силер үчүн мыкты адамдар. Силер идеал тутуп, ошондой болсом экен деп тилек кылган адамдарыбыз ар кандай кесиптин ээлери болушу мүмкүн. Анткени дүйнөдө кесиптер көп, бирок ошол кесиби, жумушу менен таанылган, кылган эмгеги элдин эсинде калган жана анын адамгерчилигин, жөнөкөйлүгүн, эмгекчилдигин ал адам дүйнөдөн өтүп кетсе элдер үлгү тутуп, даңаза кылып айтып жүрсө — ошол адамдын өмүрү өрнөк.
Демек, өрнөктүү, үлгүлүү адам — калыстыгы, чынчылдыгы, ар тараптан билимдүүлүгү, адамдарга жасаган мамилесинин жөнөкөйлүгү, иштермандыгы, башкача айтканда төрт тарабы топ келген адам. Эң негизгиси, өрнөктүү, үлгүлүү адамдын аты муундан-муунга изин калтырып, элдин жүрөгүндө кылган иши, айткан кеби узакка сакталып калса, анда ал адам — өрнөктүү адам.
Эң негизгиси, өрнөктүү, үлгүлүү адамдын аты муундан-муунга изин калтырып, элдин жүрөгүндө кылган иши, айткан кеби узакка сакталып калса, анда ал адам — өрнөктүү адам.
— Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот! (жазуу доскада турат).
— Балдар, бул сөз кимге таандык эле?
— Албетте, Исках Раззаков.
— Анда эмесе балдар Исках Раззаковдун өрнөктүү өмүрүнөн маалымат алабыз.
— ИСХАК РАЗЗАКОВ тасмасынан балалык чагын чагылдырган үзүндүнү көрөбүз (экрандан)
Исхак үч жашында энесинен ажырап, аны бакканга атасы Раззактын эжеси Гүлхан жардам берет. 1918-жылы оор турмуштун айынан Ташкенттеги туугандарыныкына жөнөшөт. Бирок жол азабынан Раззак катуу ооруп, сегиз жаштагы уулу Исхакты томолой жетип кылып таштап кетет. Ошентип бала алгач Ходжент шаарындагы балдар үйүндө тарбияланат. Тың окуп, орус тилин өздөштүрөт. Тарбиячылар Исхактын зээндүүлүгүн, билимге ынтызарлыгын байкап, Ташкенттеги интернатка жөнөтүшкөн.
— Кана балдар баланын жообунан эмнелерди байкап, көрө алдыңар?
(Балдардын жоопторун угабыз)
— Баланын кыялдануусун, келечекти көрө билген зээндүүүлүгүн, улуулардын суроосуна такылдап жооп берген сөзмөрлүгүн, тапкычтыгын көрө билүүгө болот. (Мугалим балдардын жоопторун улай толуктоо жүргүзөт)
— Исхак Раззаковдун ишмердүүлүгү менен таанышабыз.

Ишмердүүлүгү:
1939-1940-жылдары Өзбек ССРинин элдик комиссарлар кеңешинин алдындагы мамлекеттик пландын төрагасы;
1940-1944-жылдары Өзбек ССРинин элдик комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары;
1941-1944-жылдары Өзбек ССРинин Компартиясынын катчысы;
1945-1950-жылдары Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасы;
1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон;
1961-1962-жылдары СССРдин мамлекеттик экономикалык кеңешинин мүчөсү;
1962-1965-жылдары СССР министрлер кеңешинин алдындагы мамлекеттик илимий экономикалык бөлүмүнүн башчысы;
1965-1967-жылдары СССР министрлер кеңешинин мамлекеттик пландоо комитет бөлүмүнүн башчысы;
— И. Раззаков кайсыл жерде, кандай кызматта иштесе да дайыма ак ниеттүүлүктү, чынчылдыкты, ишмердүүлүктү, мекенчилдикти, өз ишине берилгендикти баарынан жогору койгон. Ушундай сапаттарды үй-бүлөсүнөн, жакындарынан, туугандарынан, кесиптештеринен, эли-журтунан көргүсү келген.
Исхак Раззаков ар бир кадамын талдап, эл үчүн, коом үчүн ак кызмат кылуу менен жалпы элдин жүрөгүндө жакшы иши менен кубаттуу, таасирлүү сөзү менен кала алды.
Исхак Раззаковдун учкул сөздөрүн окуйбуз. Бирөөнүн күчтүүлүгүнөн эмес, өзүңдүн чабалдыгыңдан корк. Коом деген сени менен мен. Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот.
Бүгүн бүткөрүүгө мүмкүн болбой турган ишти эртең бүткөрүш үчүн аны дал бүгүн пландаштырып, бүгүн ойлонуу зарыл.
Ак иштеген адам акыры жамандык көрбөйт. Бай жашоого болот, бирок өрнөктүү жашоо кыйын.
Калыс кызматкер болом десең кек сактаба, калыс бол. Касташуудан кач, бирок адилдиктен тайба.
Өмүр өтөт, өлүм болсо татаал. Туулдуң-өлдүң. Өлбөй калуунун жолу барбы? Ал – эмгек.
Эмгек гана адамды түбөлүк жашатат. Ишти акыл менен иште. Эгерим сезимге жеңдирбе. Алданып каласың.
Сезимди акылдын эркине баш ийдире алсаң, анда пайдаң арбын болот. Уйку таттуу, эмгек андан да ширин.
Эң оболу адаммын, андан соң жетекчимин, мен үчүн адамдык биринчи планда.
Манжалар биригип, муштумду түзөт. Намыстуу болсоң, жеңищиң арбын болот.
Сыйлыктары:
Эки ирет Ленин ордени жана эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, Улуу Ата мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени, Кызыл Жылдыз орденижана көптөгөн медалдар менен сыйланган. 2016-жылы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын ыйгарган.
1979-жылы 18-мартта кыргыз элинин улуу уулу Исхак Раззаков дүйнөдөн катып, Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган. Ал эми 2000-жылы 1-июнда Исхак Раззаковдун сөөгү Кыргыз жерине алып келинип, бардык жөрөлгөсү менен коюлган.
Сабакты бышыктоо (5 мүнөт)
Өмүрү өрнөк адам — ал элдик адам, элдин уулу, элдин кызы. Дүйнөдө жакшы адамдар көп, элибизде мыкты адамдар көп, жаныбызда жакшы адамдар бар. Бирок элдин таразасында бийик баага татып, үлгү болгон, артында опол — тоодой эмгеги өрнөк болгон адамдарыбыз — элдин табылгасы, кенчи болот экен.
И. Раззаковдун жалындуу, учкул сөздөрүнөн таалим алып, окуп, үйрөнүп келечектеги жолубузду, багытыбызды туура тандоого, адамдык жакшы сапаттарга ээ болууга салым кошоорун баамдап, барктайлы.
Үйгө тапшырма берүү (3 мүнөт).
- Сен үчүн өрнөктүү, үлгүлүү адам ким?
- Силер байкаган, силер ойлогон, өзүңөр идеал туткан адамыңар барбы? Болсо ошол адам жөнүндө дил баян жазып келгиле.
Б. Бейшенбаева,
Кыргыз билим берүү академиясы,
Тарбия, социалдаштыруу жана мектептен
сырткары кошумча билим берүү
лабораториясынын ага илимий кызматкери.
Жумагулова С.
Бишкек шаарына караштуу,
Ленин районунун Жалил Садыков атындагы
№ 84 орто мектебинин мугалими.
Комментарийлер