ЛЕЙЛЕК ДЕСЕ ИСХАК АТА КӨҢҮЛДӨ

  • 22.01.2024
  • 0
ЛЕЙЛЕК ДЕСЕ ИСХАК АТА КӨҢҮЛДӨ

Сабактын максаты:

1. Улуу инсан, мамлекеттик жана коомдук ишмер И. Раззаковдун өмүрү, элине жасаган кызматы жөнүндө маалымат алат.

2. Жаңы маалыматтарды алуу менен өз билимдерин өнүктүрүшөт.

3. Раззаковдун элине мурас калтырган учкул сөздөрү аркылуу патриоттуулукка, чынчылдыкка тарбияланышат.

Сабактын жүрүшү: Лейлек — бул кут конгон, касиеттүү жер. Улуу элден гана улуу инсандар жаралат деп айтылгандай, мен бүгүн сабагымды Лейлектин чыгаан инсандары тууралуу жазылган акын агабыз Мажит Алдакуловдун “Лейлек десе…” деген ыры менен баштамакчымын.

Лейлек десе —

Исхак ата көңүлдө,

Баатыр Самат Жеңиш күндүн төрүндө.

Абдырахман, Курбанаалы тирүүдөй —

Эрте моюн сунушса да өлүмгө…

Нууман Саади… Айдаралы, Атакул,

Обон созгон Бабаравшан, Хабини,

Калыс калкым даңктап келет сүйүнө

Жороевдер: Туратаалы, Мырзалы —

Сыйлыктары улам арбып үйүлө.

Моокум канбайт Эрмек ырдап киргенде,

Уксак дагы кошо жүрүп күнүгө.

Бактыбызга мындайларды жараткан

Аман тургун, оо Теңирим, дүнүйө.

(Ыр окулган учурда сүрөттөр көрсөтүлөт)

Бул ырдан эпиграф катары “Лейлек десе Исхак ата көңүлдө” деген сөзүн алуу менен ысымы легендага айланган, кылымда бир жаралчу инсан И. Раззаков тууралуу бүгүнкү сабакта сөз болмокчу.

Мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун көзү тирүү болгондо быйыл 112 жашка толмок.

Эмесе,

Бул күндөн артка, алыска кайткым келди,

Сапарды Лейлек карай тарткым келди.

Алгачкы жадыраган нур өмүрүн,

Андан соң алыста өткөн муң өмүрүн,

Баарына баян кылып айткым келди.

КР эмгек сиңирген мугалими Жоошбай Каримовдун баяндамасы экрандан коюлат.

Бышыктоо: Класс үч топко бөлүнүп, И. Раззаковдун учкул сөздөрүн аралашкан бөлүктөрдөн табышат. Ар бир сабакка кызыккан окуучулар өз-өзүнчө каалоосу боюнча топко кошулат, тема боюнча тапшырмаларды аткарышат

а) Математика: сандар, түшүндүрмө

б) География: жер-суу аттары, түшүндүрмө

в) Адабият: С.Жусуевдин “Раззаковдун тагдыры” романынан үзүндүнү көркөм окушат.

г) Орус тили: текстти орус тилине которушат.

д) Англис тили: И.Раззаков тууралуу англис тилинде баяндап жазуу (тапшырмалар үчүн берилген тексттер тиркелет).

Жыйынтыктоо:

  • Зипгрейд аркылуу тест текшерилип, окуучуларга жиберилет.
  • Үй иши берилет: И.Раззаковдун 100 насаатын таап окуп, өзүнө жаккан насааттарынан жазып келүү.

Элеонора Каримова, Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурзабек Баетов атындагы орто мектебинин мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер