КЫРГЫЗ ТИЛИНИН АЛФАВИТИ
- 21.02.2023
- 0
Каныкей Эмильбекова,
Ысык-Ата районундагы Динара Мамашева атындагы мектебинин
кыргыз тили жана адабияты мугалими
Кыргыз тили
1-класс
Сабактын темасы: Кыргыз тилинин алфавити
Жаңы лексика: Алфавит, тамга
Грамматика: Канча? Бул эмне? деген суроолорго жооп берген сөздөр.
Колдонулуучу каражаттар: Алфавит жазылган плакат, китепте берилген Ө,Ү,Ң тыбыштары катышкан сөздөр, А3 форматындагы сүрөттөр, китеп, иш дептери, такта, бор.
Сабактын максаттары:
А) билим берүүчүлүк: Окуучулар “алфавит” деген сөздү эстешет, “тамга” деген сөздүн маанисин түшүнүшөт, Ө,Ү, Ң тыбыштары катышкан сөздөрдү кайталап, так айтышат жана аларды туура жазууга үйрөнүшөт;
Б) өнүктүрүүчүлүк: Иш дептеринде берилген тамгаларды, биринчиден, басып жазууга, экинчиден, тамгаларды өз алдынча сулуу, таза жазууга үйрөнүшөт;
В) тарбия берүүчүлүк: Өзүлөрүнүн китебин, иш дептерлерин таза кармоого үйрөнүшөт. Ден соолугун сактоо үчүн партада бүкүрөйбөй түз отуруу керек экендигин эсинен чыгарбоого тийиш.
Сабактын тиби: жаңы билимдерди өздөштүрүү.
Сабактын усулу: көрсөтмөлүү, аңгемелешүү усулу.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу
Үй тапшырмасын кайталоо
Жаңы материалды түшүндүрүү
Жаңы лексика менен иштөө
Окуучуларга алфавит тартылган плакатты көрсөтөм. “А, Б, В… – булар тамгалар” – деп баса белгилейм. Андан кийин окуучулардан башка тамгаларды көрсөтүп, “К – бул эмне?” — деп сурайм. Балдар “тамга” деген сөздүн маанисин түшүнүп, сөздү туура, так айтууга жетишет.
1-сүрөт боюнча иш алып баруу
Өрдөк, өчүргүч, өтүк деген сөздөргө “Бул эмне?” деген суроо берүү менен балдардын эстерине салам. Балдар сөздөрдү эстеген соң: “Бул сөздөрдө кайсы тамгалар бар экен?” деген суроолор менен кайрылам. Алардын жоопторунан кийин, “Силер Ө тамгасы катышкан дагы кандай сөздөрдү билесиңер?” — деп сурайм.
2-сүрөт боюнча иш алып баруу
Түлкү, жүзүм
“Бул эмне? Ал эмне жеп жатат?” — деген суроо берем.
3-сүрөт боюнча иш алып баруу
Жаңгак, бадыраң. Суроо берип, окуучулардын билгендерин байкайм, ошондой эле “Ким көп билет?” оюнун ойнотом.
Иш дептери менен иштөө: 25-бет. Иш дептериндеги тамгаларды, сөздөрдү сулуу, таза жазууга үндөйм.
1.Тактага ө, ү, ң тамгаларын туура жазуунун элементин көрсөтөм.
2.Иш дептериндеги басып жазууга берилген саптарды толтурушат. Жазгандарына көңүл буруп, туура эмес жазылган тамгаларды өчүртүп, кайра жаздырам.
Үйгө тапшырма: Иш дептери: 26-бет жана кошумча жаңы сөздөрдү жазып берем.
Баалоо: Сөз байлыктарына, сүйлөө кебине жараша формативдик баалоо.
Комментарийлер