КЫРГЫЗ ТИЛИНИН АЛФАВИТИ

  • 21.02.2023
  • 0

Каныкей Эмильбекова,

Ысык-Ата районундагы Динара Мамашева атындагы мектебинин

кыргыз тили жана адабияты мугалими

Кыргыз тили                      

1-класс

Сабактын темасы:   Кыргыз тилинин алфавити

Жаңы лексика:  Алфавит, тамга

Грамматика: Канча? Бул эмне? деген суроолорго жооп берген сөздөр.

Колдонулуучу каражаттар: Алфавит жазылган плакат, китепте берилген Ө,Ү,Ң тыбыштары катышкан сөздөр, А3 форматындагы сүрөттөр, китеп, иш дептери, такта, бор.

Сабактын максаттары:

А) билим берүүчүлүк: Окуучулар “алфавит” деген сөздү эстешет, “тамга” деген сөздүн маанисин түшүнүшөт, Ө,Ү, Ң  тыбыштары катышкан сөздөрдү кайталап, так айтышат жана аларды туура жазууга үйрөнүшөт;

Б) өнүктүрүүчүлүк: Иш дептеринде берилген тамгаларды, биринчиден, басып жазууга, экинчиден, тамгаларды өз алдынча сулуу, таза жазууга үйрөнүшөт;

В) тарбия берүүчүлүк:  Өзүлөрүнүн китебин, иш дептерлерин таза кармоого үйрөнүшөт. Ден соолугун сактоо үчүн партада бүкүрөйбөй түз отуруу керек экендигин эсинен чыгарбоого тийиш.

Сабактын тиби: жаңы билимдерди өздөштүрүү.

Сабактын усулу: көрсөтмөлүү, аңгемелешүү усулу.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу

Үй тапшырмасын кайталоо

Жаңы материалды түшүндүрүү

Жаңы лексика менен иштөө

Окуучуларга алфавит тартылган плакатты көрсөтөм. “А, Б, В… – булар тамгалар” – деп баса белгилейм. Андан кийин окуучулардан башка тамгаларды көрсөтүп, “К – бул эмне?” — деп сурайм. Балдар “тамга” деген сөздүн маанисин түшүнүп, сөздү туура, так айтууга жетишет.

 

1-сүрөт боюнча иш алып баруу

Өрдөк, өчүргүч, өтүк деген сөздөргө “Бул эмне?” деген  суроо берүү менен балдардын эстерине салам. Балдар сөздөрдү эстеген соң: “Бул сөздөрдө кайсы тамгалар бар экен?” деген суроолор менен кайрылам. Алардын жоопторунан кийин, “Силер Ө тамгасы катышкан дагы кандай сөздөрдү билесиңер?” — деп сурайм.

2-сүрөт боюнча иш алып баруу

Түлкү, жүзүм

“Бул эмне? Ал эмне жеп жатат?” — деген суроо берем.

 

 

3-сүрөт боюнча иш алып баруу

 

Жаңгак, бадыраң. Суроо берип, окуучулардын билгендерин байкайм, ошондой эле “Ким көп билет?” оюнун ойнотом.

 

Иш дептери менен иштөө: 25-бет. Иш дептериндеги тамгаларды, сөздөрдү сулуу, таза жазууга үндөйм.

1.Тактага ө, ү, ң тамгаларын туура жазуунун элементин көрсөтөм.

2.Иш дептериндеги басып жазууга берилген саптарды толтурушат. Жазгандарына көңүл буруп, туура эмес жазылган тамгаларды өчүртүп, кайра жаздырам.

Үйгө тапшырма: Иш дептери: 26-бет жана кошумча жаңы сөздөрдү жазып берем.

Баалоо: Сөз байлыктарына, сүйлөө кебине  жараша формативдик баалоо.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер