КИНОАКТЕР ЖАНА СҮРӨТЧҮ С.ЧОКМОРОВ, АНЫН ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮРҮ

  • 22.01.2026
  • 0
КИНОАКТЕР ЖАНА СҮРӨТЧҮ С.ЧОКМОРОВ, АНЫН ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮРҮ

“Кыргыз өңү – Чокморовдун өнүндөй” (Ж.Мамытов) деген өлбөс-өчпөс анын кептин жаралышы, кыргыз кино өнөрүндөгү “алтын доордун” өкүлү, “Эң мыкты эркектин ролун жаратуучу”, сүрөтчү, эң жөнөкөй адам, кадырлуу инсан, жаркын киноактер, ысмы өлбөс болуп калган бул улуу адамдын өрнөктүү өмүрү тууралуу ангемелер, даректүү материалдар менен таанышуу.

Практикалык иш: С.Чокморов катышкан көркөм фильмдерди көрүү, А.Матисаковдун ал тууралуу көркөм очеркин окуу, актердун өрнөктүү өмүрү тууралуу слайд, долбоорлор, талкуулар, ойлор, пикирлер, презентациялар.

Сабактын максаты:

  • Окуучуларды кыргыз элинин залкар уулу, эл артисти, сүрөтчү жана актер Сүймөнкул Чокморовдун чыгармачылыгы, адамдык образы менен тааныштыруу;
  • Анын эмгегине сый-урмат сезимин жаратуу;
  • Патриоттук, чыгармачылык, жаратмандык  жана эстетикалык сапаттарды өнүктүрүү.

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

I Уюштуруу бөлүгү (3 мүнөт)

  • Саламдашуу, окуучуларга жагымдуу маанай түзүү
  • Класстан тышкаркы иштин темасы менен тааныштыруу.                                                                                                                                                                                                                                                                      II Киришүү (5 мүнөт):

Мугалим сабакты төмөнкү сөздөр менен баштайт:

  • Музыка жай угулуп турат (мисалы, «Караш-Караш окуясы» тасмасынан күүлөр).
  • Алып баруучу:

2-тема:  Урматтуу мугалимдер жана окуучулар! Бүгүн биз кыргыз элинин көркөм өнөр тармагында өчпөс из калтырган улуу инсан – Сүймөнкул Чокморовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу маектешмекчибиз.

III.Негизги бөлүк (25 мүнөт):

Мугалим: Кана балдар, кимиңер Сүймөнкeл Чокморов жөнүндө билесиңер? Кандай кинолору чыккан? Үч топко бөлүнөбүз.

1-топ: а) Кыскача өмүр баяны:

  • Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында туулган.
  • Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын, кийинчерээк Москвадагы Суриков атындагы көркөм окуу жайын бүтүргөн.
  • Сүрөтчү катары улуттук темада ондогон полотнолорду жараткан.
  • Кино дүйнөсүнө 1960-жылдардын ортосунда келип, кыргыз жана совет киносунун жылдызына айланган.

2-топ: б) Кино чыгармалары:

  • «Караш-Караш окуясы» (1968)
  • «Улан»
  • «Жетинчи ок»
  • «Кызыл алма»
  • «Жамийла
  • «Дерсу Узала»

Мугалим: 3-топко  С.Чокморовдун  ар бир ролу – кыргыз мүнөзүн, адамдык тунуктукту, элдик намысты чагылдырган образдар жөнүндө айтып бергиле.

3-топ: в) Сүрөтчүлүк өнөрү:

  • С. Чокморовдун сүрөттөрү улуттук көркөм өнөрдүн туу чокусу болуп саналат.
  • Анын иштери азыркы күндө Улуттук көркөм өнөр музейинде сакталууда.

III. Интерактивдүү бөлүк

  • Суроолор жана жооптор:
    • Сүймөнкул Чокморов кандай тасмаларда роль жараткан?
    • Анын сүрөтчүлүк өнөрү эмнеге бааланат?
  • Окуучулардын презентациясы же чакан ролдук оюн:
    • Окуучулар актердун белгилүү образдарын (мисалы, “Жетинчи ок” Максумовдун, “Дерсу Узала” кинокартинасындагы токой каракчылары менен күрөшүүчү отрядды баштаган чынчыл, ак пейилдүү адам – Чжан Баонун ролун ойногонго, режиссер Б.Шамшиевдин “Караш-караш” тасмасында башкы каарман Бактыгулдун ролун ж.б.) чагылдырган чакан көрүнүш көрсөтүшөт.

Сценка (Музыка: «Караш-Караш окуясы» тасмасынан күүсү жай угулуп турат.)

Алып баруучу:

  • Урматтуу мугалимдер, окуучулар жана коноктор! Бүгүн биз кыргыз элинин тарыхында өчпөс из калтырган улуу инсан – эл артисти, сүрөтчү жана актер Сүймөнкул Чокморовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу эскерүү саатына чогулдук.

Алып баруучу:
– Ал кыргыз элинин жүзүн дүйнөгө тааныткан, улутубуздун руханий байлыгын көркөм өнөр аркылуу чагылдырган улуу талант болгон.

1-топ:

1-бөлүк: ӨМҮР ЖОЛУНАН

Окуучу
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында туулган. Бала кезинен сүрөт тартууга, искусствого кызыгып, кийинчерээк бул өнөрдү кесипке айланткан.

Окуучу:
Ал Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайын бүтүрүп, Москвадагы Суриков атындагы көркөм окуу жайында билим алган. Сүймөнкул агайдын сүрөттөрү улуттук темага бай, кыргыздын жаратылышы, мүнөзү жана сулуулугу аркылуу элдин рухун чагылдырган.

2-топ:

2-бөлүк: КИНОНУН ДҮЙНӨСҮНДӨ

Алып баруучу:
– Сүймөнкул Чокморовдун актерлук таланты кыргыз киносунун өнүгүшүнө зор салым кошту. Анын катышуусундагы ар бир фильм — улуттук рухтун күзгүсү.

Окуучу:

Анын табият тартуулаган таланты алгачкы ирет 1968-жылы режиссер Б.Шамшиевдин “Караш-караш” тасмасында башкы каарман Бактыгулдун ролун аткаруусунда эле ажайып ачыкка чыккан.

Окуучу:
«Караш-Караш окуясы» тасмасына удаалаш Данияр (“Жамийла”, 1969-жылы), Хожаев («Атайын комиссар», 1970-жылы)Карабалта(«Касиеттүү Ысык-Көл», 1971-жыл) Азат («Улан», 1977-жыл)жана башка фильмдерге негизги ролду ойногон. Анын экинчи белгилүү ролу өзбек киносундагы «Жетинчи ок» фильминдеги милиция отрядынын командири — Максумовдун образы болду.

3-топ:

3-бөлүк: СҮРӨТЧҮЛҮК ӨНӨРҮ

       Алып баруучу:
– Сүймөнкул Чокморов актёр гана эмес, мыкты сүрөтчү да болгон. Анын «Эне», «Чабан», «Тоо гүлү» сыяктуу чыгармалары бүгүнкү күндө Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде сакталууда.

       Окуучу:
– Сүймөнкул Чокморовдун кистинде кыргыз жаратылышы, адамдын ички дүйнөсү жана эмгекчил турмушу көркөм чагылдырылган. Анын ар бир сүрөтү – элдин руханий күзгүсү.

4-топ:

4-бөлүк: АКТЕРДИН СӨЗҮНӨН

(Жумшак музыка фон катары угулуп турат.)

Окуучу: (цитата окуйт) “Өнөр адамдын жүрөгүн тазалайт, элди бириктирет. Эл үчүн иштөө — адамдын эң бийик бактысы.” — Сүймөнкул Чокморов

5-топ:

5-бөлүк: ОКУУЧУЛАРДЫН ПИКИРИ ЖАНА ЫРЛАР

Окуучу: (Өз ойлорун айтат)
– Мен үчүн Сүймөнкул Чокморов кыргыздын сыймыгы. Ал жөнөкөй, таза, элдик адам болгон. Анын эмгегинен мен мекенди сүйүүнү үйрөндүм.

Окуучу: (Ыр окуйт)

— Боз кыроо түшкөн күнү келгин кайтып,
Кайткан соң каркылар тизмек тартып.
Мен сага баргым келет, көргүм келет,
Мен жамгыр болуп жааган терезеңден.

Мен сага алыс калган ал жылдардан,
Мен сага обон болуп барып-келем.
Мен сага алыс калган жаштыгымдан,
Мен сага ырым болуп бара берем.

Бул “Кыялымда” деген ырды Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев 1987-жылы улуу талант Сүймөнкул Чокморовдун өнөрканасында “Эсимде” деген өзүнүн өмүр таржымалын камтыган картинасын тартып жатып, ырдын обонун да, сөзүн да жазып, ырдап чыгат.

Алып баруучу:

Сүймөнкул Чокморов – кыргыз маданиятынын сыймыгы. Ал кыргыз элинин мүнөзүн, сулуулугун, руханий дүйнөсүн искусствонун бардык түрүндө чагылдырган. Биз улуу инсандардын эмгегинен үлгү алып, өз талантыбызды элге арнашыбыз керек.

  1. V. Рефлексия

Окуучулар кыскача пикирлерин билдиришет:

    • «Мага Чокморовдун кайсы сапаты жакты?»
    • «Анын эмгегинен кандай сабак алууга болот?»

Үй тапшырма:

С.Чокморовдун эң белгилүү сүрөтү кайсы? Эссе жазып келгиле.

Бөлүшүү

Комментарийлер