КАЙРЫМДУУЛУК

  • 25.03.2022
  • 0
КАЙРЫМДУУЛУК

КАЙРЫМДУУЛУК

Жумабү Карамурзаева

 Сузак районунун

 №25 А.Тажибаев атындагы мектептин башталгыч класс мугалими

Сабактын темасы:  Кайрымдуулук – улуулук.

 Сабактын формасы:

Топтук таанытым ( презентация)

Колдонулуучу каражаттар: конверт, ватман, маркер, талкуулоо щчщн тексттер.

  • класстагы окуучулар “бир”, “эки” деп санашып эки топко бөлүнүшөт.
  • Эки конвертке “ жоомарттык”, “кайрымдуулук” деп жазылган кагаздар жана сахналаштыруу үчүн темаларга тиешелүү тексттер салынат;
  • Эки топ бирден ватман жана түстүү маркерлерди алышат; — класстагы отургучтар “I I” формасында жайгаштырылат;

Сабактын жүрүшү:

 Сабактын башында балдарга жагымдуу маанай тартуулоо үчүн

“ Салам-салам” деген музжаргыч ойнотулат. Музжаргыч төмөндөгүдөй тартипте өткөрүлөт: Салам – салам. Класстагы окуучулар ортого чыгышып, айлана – чөйрө тизилип турушуп.

Класс жетекчинин тандоосу менен бир окуучу айлананын сыртына чыгып, окуучуларды айланып чуркайт. Чуркап баратып өзү каалаган окуучунун желкесине акырын бир – эки жолу муштап кетет. Муштап кетет окуучу урган окуучуга карама – каршы чуркайт. Экөө бет келген жерде бири-биринин колун кармап “ салам-салам” деп айтуусу керек. Саламдашып бүткөндөн кийин ким биринчи келип качан окуучунун ордуна туруп калса ошол жеңүүчү болот. Оюн ушул тартипте улунтыла берет. Кайсы окуучу үч жолу ордун таба албай чуркап калса айып тартат. Окуучулардын каалоосу менен ырдап же бийлеп берет.

Мугалим доскага төмөндөгүдөй таблицаны сунуштап ал окуучуларды сурамжылоо аркылуу толтурат. Бул алгачкы түшүнүктөрдү аныктоого көмөк көрсөтөт.

КАЙРЫМДУУЛУКЖаңы тема: “Кайрымдуулук”

Берилген текстти топто талкуулашып, ролдоштуруп аткарып беришет. Гонко маанисин чечмелөө үчүн төмөндөгүдөй макал сунушташат:

  • Кайрымдуу карындаш – түгөнбөгөн казына болот.
  • Кайрымсыз жүргөн туугандан, кайрымдуу болгон дос жакшы. Ватманга кайрымдуу адамга мүнөздөмө жазып, таанытууну талкууга коюшат.
  • Кайрымдуу адам – боорукер, сезимтал, көңүлү назик келет. Колунда барын кыйналган бирөө менен бөлүшүүнү каалайт.

Ар бир адамдын көңүлүндө “кедей-кембагалдарга садага берүү керек” деген ой болот. Толуп-ташкан байлыгынан эмес, бирөөгө берген садагасынан ырахат алат.

Сахналаштыруу үчүн текст:

КАЙРЫМДУУЛУКСадага берүү — кайрымдуулук

Бир карыянын көздөрү азиз эле. Намаз окуй турган бөлмөсүнөн эшиктин алдына чейин жип тарттырып койгон эле. Эгерде кайыр сурап тилемчи келсе, ошол жиптен кармап эшикке чейин басып садага берчү.

Балдары:

  • Ата, неге өзүңүздү мынча убура кыласыз? Сиздин ордуңузга бул кишиге биз деле садага кылабыз го, — дешти.

Ошондо карыя балдарына:

  • Ар бир киши өз колу менен кембагалга садага бериши керек, ал аны ар кандай жамандыктардан сактайт, — деди.

Суроолор:

Балдарынын атасына айткан сөздөрүн туура деп ойлойсуңарбы?

Кайрымдуулуктун маанисин кандайча түшүндүңөр?

Кембагалга берген садага кантип эле жамандыктан куткарсын?

КАЙРЫМДУУЛУКТарбиялык саатты жыйынтыктоо:

-Силер дагы кимдир бирөөгө жоомарттык жасоодо, кайрымдуулук кылууда буйдалбагыла, аккан суудай шар чечим кабыл алгыла. Бул силердин колуңардан келет деп ишенем. Сабакты төмөндөгүдөй икая менен жыйынтыктайбыз.

Үйгө тапшырма:  Кайрымдуулук жөнүндө дилбаян жазып келүү.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер