Караханий кагандыгынын негизделиши

  • 17.03.2026
  • 0
Караханий кагандыгынын  негизделиши

Тарых сабагы, 7-класс

 

Сабактын максаты:          

Билим берүү: Окуучуларга Караханийлер кагандыгынын негизделишинин тарыхый шарттарын, аймагын, башкаруу түзүлүшүн жана тарыхый маанисин түшүндүрүү.

Тарбия берүү: Окуучуларды ата-бабалардын тарыхый мурастарын урматтоого, мекенчилдикке, улуттук баалуулуктарды сактоого тарбиялоо.

Өнүктүрүү: Окуучулардын тарыхый ой жүгүртүүсүн, салыштыруу, талдоо, өз оюн эркин айтуусун жана санариптик каражаттар менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Окуучулар Караханийлер кагандыгынын негизделишинин тарыхый шарттарын, аймагын, башкаруу түзүлүшүн жана тарыхый маанисин түшүнүшөт.
  •  Окуучулар ата-бабалардын тарыхый мурастарын урматтоого, мекенчилдикке, улуттук баалуулуктарды сактоого тарбияланышат.
  • Окуучулар тарыхый ой жүгүртүүсүн, салыштыруу, талдоо, өз оюн эркин айтуусун  жана санариптик каражаттар менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

Сабактын тиби: Жаңы материалды түшүндүрүү

  • Колдонулуучу методдор: Жекече, топто, жупта иштөө, баяндоо, изилдөө, көрсөтүү методу.
  • Колдонулуучу баалоо методдору: Баяндап баалоо, аныктоочу, калыптандыруучу, бири-бирин баалоо, топторду баалоо.
  • Сабактын жабдылышы: Дүйнөнүн физикалык картасы, Кыргызстандын картасы,  сүрөттөр, таркатмалар,  ноутбук, интерактивдүү панель ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу учуру: Саламдашуу. Сабакка келген окуучуларды тактоо.

Жагымдуу   маанай түзүү: ( кыргыздын макал-лакаптарын  улап айтуу)

5Е боюнча сабактын планы

Кызыктыруу (Engage)

  • Мугалимдин иш-аракети: Окуучуларга интерактивдүү суроолорду берүү менен мурунку теманы эске салууга чакыруу.
  • Окуучунун иш-аракети: Өз ойлорун айтышат, суроолорго жооп беришет.
  • Колдонулуучу каражаттар: Wordwall онлайн платформасы, интерактивдүү доска.

Караханий кагандыгынын  негизделиши

2. Изилдөө (Explore)

Мугалимдин иш-аракети: Караханийлер кагандыгынын негизделишин, тарыхый жайгашкан жерин карта аркылуу көрсөтүү;  (GoogleEarth)

Караханий кагандыгы — Борбор Азиядагы биринчи мусулман түрк мамлекеттеринин бири. Ал X кылымдын ортосунда (болжол менен 942-жылы) негизделген. Караханий мамлекетин Сатук Бугра Карахан негиздеген. Ал карлук, чигил, ягма сыяктуу түрк урууларын бириктирген. Сатук Бугра Карахан Баласагун шаарын басып алып, өзүн каган деп жарыялаган. Ошентип Борбор Азияда жаңы түрк мамлекети — Караханий кагандыгы түзүлгөн.

Окуучунун иш-аракети: Карта жана визуалдык материалдар менен иштөө, маалыматтарды салыштыруу. Топтор менен талкуу жүргүзүү.

Колдонулуучу каражаттар: Карта, интерактивдүү доска, спутниктик карта (Google Earth).

Караханий кагандыгынын  негизделиши

3. Түшүндүрүү (Explain)

​Мугалимдин иш-аракети: Караханийлердин негизги шаарлары Баласагун жана Кашкар болгон. Бул шаарлар соода жана маданият өнүккөн чоң борборлорго айланган. Соода Улуу Жибек жолу аркылуу жүргүзүлгөн. Караханийлердин тарыхтагы дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү — алардын башкаруучулары ислам динин кабыл алышкан. Ошондон кийин ислам дини Борбор Азияда кеңири тарай баштаган. Башкаруу системасын жана кагандыктын тарыхый маанисин түшүндүрөт; Өзгөн мунарасы жана Чүй буранасы спутниктен  көрсөтүлөт.​

Окуучунун иш-аракети: Түшүндүрмөнү угуу, маанилүү жерлерин жазып алуу, суроолорду берүү жана өз оюн билдирүү.

Колдонулуучу каражаттар: Спутниктик карта, сүрөттөр, интерактивдүү презентация. Караханий кагандыгынын  негизделиши

  1. Тереңдетүү (Elaborate)

Мугалимдин иш-аракети: Окуучулардын билимин тереңдетүү максатында кроссворд жана топтук иштерди уюштуруу. Төмөнкү суроолордун негизинде тапшырмаларды берет:

  • ​1- топ Маданий жана саясий борбору?
  • ​2- топ Соода жана маданий борбору?
  • ​3- топ Баласагундагы архитектуралык эстелиги?
  • Караханий кагандыгынын  негизделиши
  • ​Улуу Жибек жолундагы маанилүү шаар?
  • ​Орто кылымдагы түрк-мусулман мамлекети?
  • ​Архитектуралык курулуш түрү?
  • ​Илим, билим, архитектуранын өнүгүшү?
  • ​Эл аралык соода жолу?
  • ​Караханий мамлекетинин негиздөөчүсү?
  • ​Мамлекеттик дин катары кабыл алынган?
  • ​Караханийлердин борбору?

Окуучунун иш-аракети: Кроссвордду толтурушат. Топто талкуу жүргүзүп, жоопторун сунушташат. Бири-биринин ойлорун талдашат.

Каражаттар: Сүрөт-суроолор, QR-коддор.

Караханий кагандыгынын  негизделиши

Караханий кагандыгынын  негизделиши

 

5. Баалоо жана жыйынтыктоо (Evaluate)

Мугалимдин иш-аракети: Edukoplay платформасы аркылуу тест менен сабакты жыйынтыктайт. Караханий кагандыгынын  негизделиши

 

Сабакта көп упай топтогон окуучуларды баалайт, окуучулар бири-бирин баалашат.

Үйгө тапшырма: Караханий кагандыгынын негизделишин окуп келүү.

Окуучунун иш-аракети: Тестке жооп беришет, өз ойлорун жыйынтыкташат.

 

Караханий кагандыгынын  негизделиши

Жумабаева Гүлайым, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин тарых, адам жана коом мугалими. 

Ош областы, Чон-Алай району, Ачык-Суу айылы.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер