Көп орундуу санды бир орундуу санга көбөйтүү

  • 09.01.2024
  • 0
Көп орундуу санды бир орундуу санга көбөйтүү

Сабактын максаты:

а) Билим берүү

Окуучулар көп орундуу санды бир орундуу санга көбөйтүү ыкмаларын колдоно алат.

б) Өнүктүрүү

Математикалык сүйлөө речин, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт.

в) Тарбия берүү

Алган билимдерин турмушта колдоно билүүгө, жупта, топтордо иштөөдө бири-бирин сыйлоого тарбияланат.

Күтүлүүчү натыйжалар:

  • окуучулар көп орундуу санды бир орундуу санга көбөйтүү ыкмаларын колдоно алса,
  • математикалык сүйлөө речин, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрсө,
  • алган билимдерин турмушта колдоно билүүгө, жупта, топтордо иштөөдө бирин-бири сыйлоого тарбияланса.

Сабактын тиби: жаңы  билимди өздөштүрүү.

Сабактын усулу: түшүндүрүү, көрсөтмөлүү, талдоо-жыйноо, жупта, топто иштөө, интерактивдүү.

Сабактын жабдылышы: ноутбук, сыналгы, проектор, маркер, ватман, сызгыч, калем.

Сабактын жүрүшү:

Шыктандыруу: саламдашуу, жагымдуу маанай түзүү, «Алтын  эрежеге»  кайрылуу.

Өтүлгөн теманы актуалдаштыруу

Акылга чабуул жасоо:

  1. Математикада канча амал бар?
  2. 575 санында канча ондук бар?
  3. Бөлүүдөн келип чыккан жыйынтык?
  4. 23*3= ?
  5. 0*999= ?
  6. 81:9= ?

Окуучулар ой жүгүртүп суроолорго жооп беришет. Рандом менен үйгө берилген тапшырманы суроо.

№564 үйгө тапшырма

а) 26134 санынын айрым жана жалпы разряддык бирдиктерин аныкташат

б) 95672

90000+5000+600+70+2

№565 тапшырма

8*(5+4)= 8*9=72

8*(5+4)=(8*5)+(8*4)=40+32=72

Мугалим салыштыруу менен үй тапшырмасын текшерет.

Жаңы тема

Мугалим жаңы теманы слайд менен түшүндүрүп берет (Окуу керемет. Математика).

Баалоо критерийлери менен тааныштырат. Ал эми окуучулар сабактын темасын, максатын, күтүлүүчү натыйжаларын  талкуулашат. Топ менен маселени ар кандай ыкмалар менен чыгарышат. Суроолорго жооп беришет. Аткарган иштерин далилдешет. Көп орундуу санды бир орундуу санга көбөйтүүнүн ыкмалары  менен таанышат.

Актан: 3242*2=6484

Акылай:   3242

*     2

_______

6484

 

Илимбек:

(а+b)*c= а*с+b*с

3242*2= (3000*2)+(200*2)+(40*2)+(2*2)=6000+400+80+4=6484

Китеп  боюнча  иштөө

№567

23241*2=(2*100000+3*1000+2*100+4*10+1)*2= 4*10000+6*1000+4*100+8*10+2=46482

№568

Окуучулар КГА ыкмасын колдонушат. Амалдарды топ менен ар түрдүү ыкмаларды колдонуп чыгарып, далилдеп беришет.

1-топ:

162814*5= 814070

2-топ:

208115

*

6

1248690

3-топ:

78347*9=(70000*9)+(8000*9)+(300*9)+(40*9)+(7*9)=630000+72000+2700+360+63=705123

№570

Мен ойлогон санды 5ке көбөйт. Көбөйтүндү 125 болду. Мен кандай сан ойлогом?

Жообун манжалар менен көрсөткүлө.

Жыйынтыктоо

Ыкчам текшерүү. Бинго оюну аркылуу чакан тест.

Рефлексия. Бүгүнкү сабакта силерге эмне маанилүү болду? Сабакта эмнени үйрөнө алдың? Турмушта сага пайдасы тиеби?

Үйгө тапшырма. №571, 572 түшүндүрүп берүү

Баалоо. Топтук баалоо жүргүзүү. Топтогу өзгөчөлөнгөн окуучуларды комментарийлеп баалоо.

Ж. Мурзарахимова

 

Бөлүшүү

Комментарийлер