ЭЛЕКТР КУБУЛУШТАРЫ, «Мен жана дүйнө», 2-класстар үчүн (12-жылдык)
- 17.03.2026
- 0

Сабактын темасы:
ЭЛЕКТР КУБУЛУШТАРЫ, «Мен жана дүйнө», 2-класс (12-жылдык)
Сабактын жүрүшү:
Саламдашуу.
Мугалим:
Саламаттык каалаймын,
Саламатсыңарбы, балдарым!
Садагалар мына эми,
Сабагымды баштайын!
Азаматсыңар! Маанайыңар кандай?

Окуучулар:
Менин маанайым,
Сурайсызбы ал-жайым.
Күлүп турсам жетишем,
Ийгиликке ар дайым.
«Муз жаргыч» стратегиясы боюнча «Ыргактары» оюнун ойнотуу.
Мугалим: Балдар, бүгүнкү сабакта кыргыздын мурасы болгон улуттук баш кийимдери менен силердин билимиңерди баалагым келип турат. Илим өлкөсүнө саякатка барабыз, силер канчалык берилген суроолорго так, туура жооп берсеңер, саякатыбызды андан ары улантабыз.
Окуучуларды сүрөттөр аркылуу эки топко бөлүү.
1-топ: ”Самолет”
2-топ: ”Учуучу килем”
Интерактивдүү доска аркылуу үй тапшырмасын суроо.

1-топко. Түнкүсүн жолго чыктың. Жол караңгы, жол жээгинде бак-дарактар, жол белгилери жана жол чырактары бар. Сен жолду жарык кылуу үчүн эмнени пайдаланасың?
а) жол белгилерин, б) жол чырактарын, в) бак-дарактарды.
2-топко. Түш убактысы. Сен китеп окугуң келет. Бирок сен караңгы бөлмөдөсүң. Жыгач терезелер калың парда менен жабылып турат. Сен бөлмөдө китеп окушуң үчүн кандай аракет жасайсың?
А) терезелерди ачасың, б) пардаларды ачасың, в) жарыкты күйгүзөсүң.
Жаңы темага өбөлгө түзүү. Электр энергиясы менен иштеген буюмдарды алардын милдети менен дал келтирүү оюну.
Демек, балдар, эмне жөнүндө сөз болуп жатат? Азаматсыңар, туура таптыңар, электр энергиясы жөнүндө сөз болуп жатат.
Бүгүнкү өтүлө турган темабыз — Электр кубулуштары.
Сабактын максаты:
1. Окуучулар электр кубулуштарынын пайда болуу себептерин жана анын турмуштагы ролу жөнүндө түшүнүк алышат.
2. Логикалык ой жүгүртүүсүн жана байкоо жөндөмүн өнүктүрүшөт. Электр кубулуштарын турмуш менен байланыштырууга үйрөнүшөт.
3. Электр куралдары менен иштөөдө коопсуздук эрежелерин үйрөнүшөт. Тактыкка жана жоопкерчиликке тарбияланышат.
Окуучулар өздөрү тажрыйба жасап көрүшөт.
Куралдар: Пластмасса сызгычтар, кагаздар, жүндөн токулган кол кап же жоолук.
Тапшырма: Сызгычты кийимге сүртүп, кагазды же өз чачтарын тартып көрүү.
Байкоо: «Эмне үчүн сүрткөндө гана тартылып жатат?» деген суроонун үстүндө иштешет.
3. Мугалимдин түшүндүрмөсү: «Электр деген эмне?» Электр энергиясы — бул зымдар аркылуу келген көрүнбөгөн жумушчу. Ал лампаны күйгүзөт, муздаткычты иштетет, телефонду кубаттайт.
Маалымат: «Биз азыр көргөн нерсе — статикалык электр. Бардык нерселердин ичинде кичинекей «электр бөлүкчөлөрү» болот. Алар бири-бирине сүрүлгөндө ойгонуп, күчкө ээ болушат.»
Турмуштан мисал: Кээде кийимди чечкенде же темир тутканы кармаганда «ток ургандай» чыртылдаган үн угулат — бул дагы электр.

Балдар, силерге бир кызыктуу маалымат айтып берейин. Чагылган бул жаратылыштагы эң чоң электр учкуну. Бир чагылгандын күчү — 100 ваттык. Ал ток биз пайдаланган лампочканы 3 ай бою күнү-түнү тынбай күйгүзгөнгө жетет.
3. Электр энергиясы менен иштелүүчү буюмдар, жумуштар, алардын мааниси.
1. Кана балдар, айткылачы, электр энергиясын эмнелерге иштетебиз? Электр энергиясы өчүп калса, мектепте кандай жумуштар токтоп калмак?
2. Изилдеп көрөлүчү, электр энергиясы кайдан келет деп ойлойсуңар?
3. Иш дептер менен иштөө. Электр энергиясы менен иштөөчү буюмдарды окшоштуктары боюнча топторго бөлүү.
4. Коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча видео көрсөтүү. Ал боюнча окуучуларга маалымат берүү.
5. Тажрыйба жүргүзүү. 1-топ. Окуучуларга оюнчук машина жана коңгуроо берилет. Кана, балдар, машинаны жүргүзүп көрөлүчү. Эмне үчүн жүрбөй жатат? Себебин табалы.
2-топ. Коңгуроо берилип, ал качан, эмне үчүн кагыларын суроо.
Окуучулар изилдешет. Алардын аракети бааланат.
Мугалимдин иш-аракети: Текшерүү суроолорун берет.
1. Балдар, бир күн электр энергиясы жок күндү элестетип айтып бергиле?
2. Электр энергиясын колдонууда этиятсыздыктын кесепети жана коопсуздукту кантип сактоо керек?
Сабакты жыйынтыктоо.
Оозеки баалоо: 1. Өзүн -өзү баалоо, топтук баалоо.
КАЛМЫРЗАЕВА Назгүл, Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими
Комментарийлер