ДОСТУК, ДОСТОШУУ, ДОСТУ СЫЙЛОО ЖАНА УРМАТТОО
- 17.03.2026
- 0
Класстык саат: (9 — класстар үчүн)
“Жакшы менен дос болсоң – ырыскы тең болот,
Жаман менен дос болсоң – өзүнөн сени кем көрөт”.
“Байлыгың – досуң эмес, досуң – байлыгың”.

Методдору жана ыкмалары: топто иштөө, талкуулоо.
Ресурстар: достук, достошуу, досту сыйлоо боюнча сүрөттөр, кыска видео же анимация компьютер, сүрөт тартуу үчүн кагаз жана боектор, проектор, ватман кагазы, маркерлер, макал-лакаптар, интернет булактары.
Сабактын тиби: чыгармачылык бышыктоо.
Сабактын формасы: аралаш сабак.
Сабактын методу: маалымат берүү, түшүндүрүү, аңгемелешүү, практикалык.
Максаты:
- Окуучуларга достуктун маанисин түшүндүрүү.
- Чыныгы достун сапаттарын ажырата билүүгө үйрөтүү.
- Өз ара сый-урмат, ишеним жана жоопкерчилик сезимин калыптандыруу.
Милдеттери:
- Достук тууралуу ой жүгүртүүгө багыт берүү.
- Өз ара баарлашуу маданиятын өнүктүрүү.
- Жакшы мамиле түзүүнүн жолдорун көрсөтүү.
Сабактын жүрүшү
- Уюштуруу бөлүгү (2–3 мүнөт)
- Саламдашуу
- Психологиялык даярдык:
Окуучулар тегерек болуп турушат. Ар ким жанындагы досуна жакшы сөз айтат.
Мисалы:
«Сен боорукерсиң», «Сен ишенимдүү доссуң», «Сенин тамашаң жагат» ж.б.

- Киришүү сөз (мугалимдин сөзү)
Адам бул дүйнөгө жалгыз келгени менен, жалгыз жашай албайт. Ар бир адамга дос керек. Достук – бул ишеним, урматтоо, колдоо жана чынчылдык.
Чыныгы дос кыйын учурда билинет.
Достук- бул өз ара ишеничте, кызыктардын жалпылыгында негизделген, жакын мамилелер. Достук — бул эки адам ортосундагы терең байланыш, берилгендикти жана өз ара жардамдашуу гана болбостон, бул ички жакындык, ачыктык жана бир-бирин сыйлоо. Достук ар бир адамдын жашоосунда болот, бирок «достук деген эмне», качан адамда чыныгы достору болгондо, адам өзүн болуп көрбөгөндөй бактылуу сезет. Тилекке каршы, достук маскасын кийип алып, башка мамилелер да болот, мунун натыйжасында адам терең кайгыга батат. Достук кандай болоорун түшүнүү, өзүбүз жакшы дос болуп, жакшы досторду күтүүгө, достукту бекем сактоого жардам берет.
Текст менен иштөө:
Чыныгы достук
Алымбаева Б.Б.
Асыл менен Нурэмир кичинесинен бери бир көчөдө чоңоюп, бир мектепте окушат. Экөө таптакыр эки башка мүнөздө болчу: Асыл тынч, сабырдуу, көп сүйлөбөгөн бала эле. Ал эми Нурэмир шайыр, тамашакөй, ар дайым достордун ортосунда жүрчү. Бирок айырмачылыктарына карабай, экөөнү бекем достук бириктирген.
Бир күнү мектепте математикадан оор контролдук иш болду. Нурэмир
сабакка жакшы даярданбай калган эле. Ал катуу тынчсызданып, жанындагы Асылдан жардам сурагысы келди. Бирок Асыл мугалимдин катуу көзөмөлдөп турганын көрүп, досуна карап акырын гана башын чайкады. Контрол бүткөндөн кийин Нурэмир капаланып: — Сен мага жардам бербей койдуң, – деди.
Асыл жай гана жооп берди: – Досум, эгер мен сага көчүртсөм, балким экөөбүз тең жаман баа алмакпыз. Андан көрө сага түшүнбөгөн жерлериңди үйрөтөйүн дедим.
Ошол күнү сабактан кийин Асыл досуна эки саат бою математика түшүндүрдү. Нурэмир анын чыдамкайлыгына ыраазы болду. Кийинки контролдо Нурэмир өз күчү менен жакшы баа алды.
Бир нече ай өткөндөн кийин Асылдын үй-бүлөсүндө кыйынчылык болуп, ал сабакка көңүл бура албай калды. Муну байкаган Нурэмир досунун жанынан чыкпай, ага моралдык колдоо көрсөтүп, сабактарын бирге окуп жардам берди.
Ошондо Асыл: – Чыныгы дос кыйын учурда билинет экен, – деди жылмайып.
Нурэмир башын ийкеп: – Дос деген – жаныңдагы адамды туура жолго салган, кыйын учурда кол сунган адам, – деп жооп берди.
Ошентип, алардын достугу убакыт өткөн сайын дагы бекемделе берди. Анткени алар достук – жөн гана бирге күлүү эмес, бири-бирине ишенүү, түшүнүү жана жардам берүү экенин билишкен.
III. Ой жүгүртүү суроолору (талкуу)
- Достук деген эмне?
- Чыныгы дос кандай болушу керек?
- Дос болуу кыйынбы же досту сактоо кыйынбы?
- Досуңуз сизди капа кылса эмне кыласыз?
Окуучулар өз ойлорун айтышат.
- Топтук иш
1-топ: «Чыныгы достун сапаттары»
(ватманга жазышат)
Мисалы:
- Ишенимдүү
- Чынчыл
- Колдоочу
- Боорукер
- Кечиримдүү
2-топ: «Жалган достун белгилери»
- Кыйын учурда таштап кетет
- Сөз ташыйт
- Пайда издей турган
Топтор жыйынтыгын коргойт.
- Макал-лакаптар менен иштөө
Окуучулар макалдын маанисин түшүндүрүшөт:
- «Досу көптү жоо албайт»
- «Жакшы дос – жанга жолдош»
- «Досуңду айтсаң, сенин ким экениңди айтам.»
- Жыйынтыктоо
Мугалим:
Достук – бул чоң байлык. Акча жоголот, байлык кетет, бирок чыныгы дос өмүр бою сакталат. Досту табуу – бакыт, досту сактоо – акылдуулук.
VII. Рефлексия
Окуучулар төмөнкү сүйлөмдү улантышат:
- Бүгүн мен түшүндүм…
- Мен досторумду эми…
- Мен жакшы дос болуу үчүн…
Сабактын жыйынтыгы.
Суроолорго өз алдыбызча жооп беребиз:
- Сен достукка кандай карайсың?
- Сенин оюң болушунча чыныгы дос кандай болуш керек?
- Досуңа кандай мамиле кыласың?
- Достук жөнүндө бир макала айт?

Үйгө тапшырма:
Үй тапшырмасы:
«Менин эң жакын досум» деген темада кыскача эссе жазуу.
Тарбия жана социалдаштыруу
лабораториясынын
башчысы Алымбаева Б.Б.
Комментарийлер