ЧЕПТЕН ЭРДИН КҮЧҮ БЕК

  • 17.12.2025
  • 0
ЧЕПТЕН ЭРДИН КҮЧҮ БЕК

Сабакты сахналаштырып өтүү

Сабактын темасы: Ж. Бөкөнбаевдин “Чептен эрдин күчү бек” поэмасынын идеялык мазмуну.

Сабактын максаты: а) Поэманын идеялык мазмунун жана андагы патриоттук пафосун сахна аркылуу окуучулардын түшүнүгүнө жеткирүү. б) Окуучуларды ынтымактуулукка, эл биримдигине, патриоттуулукка тарбиялоо.

Сабактын жүрүшү: 1. Жаңы темага өбөлгө.

Мугалим: — Өзүбүзгө белгилүү кыргыз эли – байыркы эл. Ошол байыртадан турмуш кечип, тирилик көрүп келген элибиздин башынан өткөргөн тарыхый окуялардын элестери элдик оозеки чыгармаларда чагылдырылып келгени менен биздин тааныштыгыбыз бар. Кайсы бир элге салыштырмалуу биздин эл аз санда болуп, көчмөн турмушта бытыранды өмүр өтөп, уруу-урууга бөлүнүп жиктешип, ого бетер чачкын жашап, ырксыз болгондуктан, басып алчу каардуу душмандардын оңой олжосу болуп, бүлүндүргүч запкысынан далай жапа чегип, жабыр тартып келген. Ошондо да кыргыз эли элдүүлүгүн жоготкон эмес. А түгүл айрым жоосуна тийип-качып, сезин алып, чабуулга өтүп, катылгандардын катыгын берген учурлары да болгон.

  • Эми балдар, ошондой өткөн замандарда басып алуучу душмандардын талоончулугунан сактаныш үчүн эл эмнени зарыл деп келген? Ким айтат?

Окуучу: — Эл биримдигин. Эл башын бириктирген ынтыкмактын болушун.

Мугалим: — Туура айтасыңар. Ошондуктан эл биримдигине, элди коргоого карата макал-лакаптардан баштап, эпостук чыгамаларга чейин элдик идеялар көп эмеспи. Ошондой макал-лакаптардан ким кайсыны келтирет? Эстегилечи?

Окуучулар: “Ырыс алды ынтымак”, “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”, “Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт”. Жакшы! Элде дагы “Алтооң ала болсоң, алдыңдагыны алдырасың, төртөөң түгөл болсоң, төбөңдөгүнү аласың”, “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” деген макал-лакаптар да турмуштук тажрыйбанын корутундусунан келип чыккан. Буларда да ич-ара ынтымак, биримдикке чакыруу идеясы берилген.

— Ооба, жогоруда келтирилген макал-лакаптарда эл биримдигинин зарылчылыгы менен бирге дагы эмнени бардык учурда муктаждык көрүп келгенин билесиңер? Же болбосо, элди биримдикке алып келген, эл ишенимине ээ болгон эмне же ким болот дешкен? Ойлогулачы?!

Окуучу: Элден чыккан эр жүрөк баатыр болот, ошо баатыр керек дешкен эл.

Мугалим: Ырас. Элибиз эл коргогон, элдин башын кошкон, эл ынтымак-ырашкерин сактаган баатырды зарыл керектеп, зарын тартып, эл камын, бейкуттугун ойлогон патриот баатырды даңазалаган көп эпосторду жараткан. Ушундай таалимдеги кыргыз элинин эпостук чыгармаларынан кимиңер мисал келтиресиңер?

1- окуучу: “Манас”, “Семетей”, “Курманбек”.

2- окуучу: “Эр төштүк”, “Эр табылды”.

Мугалим: Эң туура! Азаматсыңар! Эсиңерде бардыр, атактуу жазуучубуз

Ч. Айтматовдун “Ак кеме” повестиндеги Момун карыянын ардактап сүйүп айткан, небереси кайталап уккандан тажабаган, ар дайым ынтаа коюп эшиткен жомогу кандай деп аталчу эле?

Окуучу: “Бугу эне” жомогу.

Анда ошол жомоктон сценка көрөлү. (Сценканы сахнага алып чыккан 6”и” классынын окуучулары)

Бугу эне – Жоогаштиева А., Майрык Чаар жез кемпир – Мамаюсупова Ж., Уул-бала – Муканов Э., Кыз-бала – Арстанова Г.

(Сахнанын тапчасынын эл көргөн жак алдына узунунан кеткен 3 метр, бийиктиги 70-80 см өлчөмүндө материалга агып жаткан дарыя, анын аркы жагы бийик жар сүрөтү тартылган. Жардын кырында кемпир, анын жанында уул-бала, кыз-бала, бири-бирине сүйөнүшүп ыйлап турат. Жардан ылдый караган адамга жүрөктү алкымга тыгылтып, окторулуп аккан Энесай үрөй учурат). Сценканын жүрүшү.

Жез кемпир. Кана, коштошуп алгыла, балдарым. Кучакташкан боюнча кеткиле, мени жаман көрбөгүлө. Бешенеңерге жазганы ушул экен… (Ушунтип сөзүн айтып, оозун жыйып алгыча жан-жактан үн чыгат).

Бугу-эне. Ашыкпа, акылман-эне. Күнөөсүз балдарды жайлаба (Жез кемпир кылчайып караса, Бугу-эне турат, эки көзү балбылдайт).

Жез кемпир. Сен кимсиң? Адамча сүйлөп кубулган кандай жансың?

Бугу-эне. Мен Бугу эне болом, адамча сүйлөбөсөм, сен кайдан түшүнмөксүң да, кандай собол укмаксың?

Жез кемпир. Каалаганың эмне, Бугу-эне?

Бугу-эне. Адамдар эгиз музоомду атып өлтүрүштү. Балдарымдын ордуна бала издеп жүрөм.

Жез кемпир. Ушул балдарды эмизип багып алам дейсиңби?

Бугу эне. Ошентем, акылман чоң эне.

Жез кемпир (күлүп). Жакшылап ойлондуңбу, Бугу эне? Булар деген адам баласы. Чоңоюп алып өзүңдүн бугучаларыңа ок атат, ошону ойлондуңбу?

Бугу эне. Чоңойгондо булар бугучаларыма кол көтөрбөйт. Мен буларга эне болом, булар мага бала болуп калат. Анан кантип өз ага-карындаштарына кара санасын?

Жез кемпир. О, кең пейил, Бугу эне, адам деген кандай экенин али билбейт турбайсыңбы? (башын чайкайт). Адамдар кайберен эмес, бирин-бири аябайт. Бул эки жетимди берип деле коер элем, бирок башка адамдар көрөр замат, бул эки кичине адамды өлтүрүп салат.

Бугу эне. Эч ким таппас жакка алып кетем. Аясаң, акылман чоң эне, кое берсең. өз балдарыман кем көрбөй асырайм. Желиним сүткө толуп ооруп турат, бала деп ийип турат.

Жез кемпир. Кантейин, болуптур. Сурап калдың, бирок тез кет бул жерден, дегинкиси өзүңдөн көр, Бугу эне. (Бугу эне жез кемпирди ары узатып, уул-бала менен кыз-балага келет).

Бугу эне. Балдарым, мына эми мен силердин энеңермин. Мен силерди ак кардуу алкак Ала-Тоосу бар, көз жашындай мөлтүр Ысык-Көлү бар жерге алып барам. (Кетишет. Бугу эненин соңунан балдар так секирип сүйүнүп чуркап алышат).

Мугалим. Мына, өзүңөр көргөндөй каардуу душман Энесай боюндагы кыргыздарды капысынан кол салып, бүт кырып, мал мүлкүн олжолоп алып кетет. Душман айылын апаат кылган мезгилде токойго мөмө-жемиш тергени кетип аман калган наристени да жоо башчы аео кылбай, Энесайга таштап өлтүрүүгө жез кемпирге буюруп, тукум курут кылууну көздөгөнүн көрдүңөр. Бирок Бугу эненин мээрими менен элдин тукуму үзүлбөй, өмүр учугу уланып калганы жомокто айтылган. Мына, аесуз жоонун кылары кандай?! Кыргыз эли ушундай жоонун кордугун көп көрүп, азабын чеккен. Бабаларыбыздын башынан кечирген мындай окуялар, эртеңки өмүрлөрү элдик оозеки чыгармаларда айтылып изин калтырган. Биз ошол окуяны жаңы темабызга өбөлгө катары сахналаштырып эскердик.

 

Жаңы теманы таржымалдоо

Мугалим: Эми бүгүн белгилүү акын-драматург Ж. Бөкөнбаевдин эл оозунда айтылып келген жомокту ырга айландырып иштеп чыккан ”Чептен эрдин күчү бек” деген поэмасын өтөбүз. Балдар теманын аталышынан баштайлы. “чеп” деген сөздүн маанисин билишиңер керек, биз былтыр чеп жөнүндө изложение жаздык эле, эстегилечи (түркмөн жазуучусу, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты К. Таңгыркулиевдин “Таалайды даңазалаган дутар” деген Туркмен республикасы жөнүндө жазылган документалдуу очерк китебинин ичинен Көнөүргөнч шаары  жөнүндөгү баяны боюнча баяндама жазылган). Эсиңердеби? Ким кыскача айтып берет.

Окуучу: Баяндама жазганбыз. Көнөүргөнч 12-кылымда Хорезм падышачылыгынын гүлдөгөн борбору болгон. Бул шаар даңкын чыгышка белгилүү кылган түрдүү кол өнөрчүлөргө бай болгон. Монгол жортуулчулары орустарга чабуул коер алдында Көнөүргөнч шаарынын чебине бет келет. 6 жолу чабуул коюп, чептен өтө албай, дарбазасынан коргоочулардан кире албай коюшкан. Душмандар эл ачтан аргасы кеткенде, шаардын капкасын өздөрү ачып берет деп 6 ай курчоого алып күтүштү. Акыры ал ою ордунан чыкпасына көзү жетип, өздөрүнүн мурунтан сыналган амалын пайдаланышып, Амударыянын плотинасын бузушат. Адегенде суу ташкыны, анан сан жеткис аскерлер шаарды каптайт.

Мугалим: Унутпапсыңар, азамат! Ооба, Көнөүргөнч шаарынын калкын курчаган чеби Монголдордун чабуулунан көпкө сактаганы, эл өчөгүшкөн жоонун аёосуз кыргынында болгону жөнүндө билебиз. Бүгүнкү өтөр чыгармабызда да өткөн замандарда бир элдин басып алуучу душмандардан көп жолу талоончулугуна дуушар болгон тагдыр айтылат. Душмандан бүлүнүп, мөгдүрөгөн эл сактаныш үчүн, урагыс чеп курууну акылдашып баарылап чечишип, жапырт аракет кылат. Бирок чеп курулуп эле, урап түшө берет. Элдин айласы кетет. Кеңеше келгенде бирөө айтат: “Ак боз бээни союш керек”- деп. Болбойт. Дагы бирөө: “Асыл таштан түбүнө коюу керек”-дейт. Бирок баары бир болбойт. Ошентип, чепти тургуза албай, элдин ындыны өчүп турганда… (Сахнаны көрөлү).

(Сахна ачылганда “Көкөй кести” комуз күүсү күңгүрөнүп ары жактан угулуп турат. Жеңин, багалегиң түрүнгөн, кетмен-күрөк карманган, отуруп-турган көпчүлүк. Баарынын кабагы салыңкы, шылкыйыңкы. Бери жакта бир топ курулуп келип, аягы көтөрүлүп барып ураган дубал чеп көрүнөт. Сценканын окуясын көрсөткөн 7 “д” клаастын окуучулары: Белгисиз карыя – Абдиев Б., бала – 13-14 жашар – Акматов Ж., эне – Казбекова Д., жарчылар – Казбеков, Сапарбаев. (Элдин тобуна жылаңбут ак сакалдуу карыя келет).

                                Карыя:   Калайык журт!

Калп болбойт карыянын айткан кеби,

Калайык акылыма көнсөң деги.

Түк көчпөйт бул дубалың кылым бою

Тирүүлөй бир кишини көмсөң эми.

(Карыя кайырлашып кетет. Эл тунжурап кала берет. Жарчылар каршы-терши басып жар чакырат).

Жарчылар. Эй, калайык! Жарыяны уккула! Жаңы кабарды тындагыла! Кайсы эр бул кызматка чыгар экен? Бул дубал эр канына кумар экен. Кана, жарай турганың барбы? Чыккыла! (Көпчүлүк ың-жыңсыз. Аңгыча эл арасынан бир жаш бала обдулуп чыга келет).

Бала:

Уктум да, шашкан бойдон келдим, элим,

Мен даяр, өз эркимден тездеп көмгүн,

Арманым, бул дүйнөдө эч калбайт го,

Жарасам өз элимдин керегине.

(Бала байдубалды карай басат. Ары жактан кыйкырып, ыйлап жыгылып туруп, жүгүргөнсүп бир аял келет).

Эне. Көмбөгүлө!.. Жалгызымды көмбөгүлө! (Кучагын жайып, баласына бет алат, баласы да энесин тосо басат).

Кулунум, кучактайын бери келчи!

Куратпа, карыганда энекеңди

Баласы.

Ыйлаба, көз жашыңды тыйгын эне,

Ырайым жетимине кылгын эне,

Жаныңдан артык көргөн тууган элдин,

Жалгызың жарап кетти керегине

(Бала энесин сооротот, кайраттандырат. Энеси көз жашын желкесине түшкөн жоолугунун учу менен сүртүнүп, башына салынып, алдына буунат).

Эне.

Ата-Журт кызматына жанды берип,

Айланам, ак сүтүмдү актап кеттиң.

(Энеси уулу менен жетелеше басып келет. Бала дубал түбүнө түшөт. Көпчүлүк баланы топурак ыргытышып көмүп киришет. Баланын алкымына келген кезде, баягы карыя жетип келет).

Карыя.

Көмбөгүн, бул баланы ачкын эми

Чеп курбай, үй-үйүңө кайткын эми

Киришсе ким да болсо чеп тургузат.

Чеп – ылай каптап кирсе, душман бузат.

Черди жаз, тепкин шапар кургун сайран,

“Чеп жок” деп кайгы тартып, кам санаба

Кандай жоо басып кирип баш ийдирмек

Турганда мындай эне, мындай бала!

(Элдин жүзүндө жайдарылык, кубаныч келип, күлкү-шаң менен тарай баштайт, көшөгө акырындап жабылат).

Мугалим. Өзүңөр көрдүңөр, чеп акырына чейин курулдубу?

Окуучулар. Жок.

Мугалим. Чеп эмне үчүн курулган жок? Чыгарманын аты эмне үчүн “Чептен эрдин күчү бек” деп аталып калган? деген түйүндүү суроолорго жооп таап келгиле.

Нургалый Абдесов, Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер