БУЮМДАР ЖАНА МАТЕРИАЛДАР
- 19.03.2026
- 0

1-класс Предмет: Мен жана дүйнө
Убакыты: 45 мүнөт
Методикасы: 5Е модели (Кызыктыруу, Изилдөө, Түшүндүрүү, Тереңдетүү, Баалоо)
Компетенциялары: 4К (Критикалык ой жүгүртүү, Креативдүүлүк, Коммуникация, Кызматташтык)
Сабактын максаттары:
Билим берүүчүлүк:
Балдар ар түрдүү материалдарды (жыгач, пластик, металл) тааный алышат
Материалдардын касиеттерин (катуулугу, оордугу, түсү) айырмалай билишет
Буюмдардын кайсы материалдан жасалганын аныктай алышат
Өнүктүрүү максаттары (4К компетенциялары):
Критикалык ойлоо: Материалдардын айырмачылыктарын талдоо
Креативдүүлүк: Материалдардан буюмдарды элестетүү
Коммуникация: Өз ойлорун айтуу, топто иштөө
Кызматташтык: Биргеликте изилдөө, жардамдашуу
Тарбия берүүчүлүк:
Айлана-чөйрөгө камкордук мамилени калыптоо
Буюмдарга аяр мамиле жасоону үйрөтүү
1
КЕРЕКТҮҮ МАТЕРИАЛДАР: Мугалим үчүн: Жыгач буюмдар (кашык, тарелка, чыны, оюнчук, карандаш)
Пластик буюмдар (кашык, тарелка , оюнчук, вешалка)
Металл буюмдар (кашык, вилка, табак, оюнчук, тыйын)
Плакаттар, сүрөттөр
Изилдөө үчүн материалдар үлгүлөрү
Балдар үчүн:
Жумуш барактары
Карандаштар, боёолор
Кайчы, желим
5Е МОДЕЛИ БОЮНЧА САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:
- ENGAGE (КЫЗЫГУУНУ ОЙГОТУУ) 5-7 мүнөт
4К: Коммуникация, Креативдүүлүк
Уюштуруу: Келген коноктор менен саламдашуу
Кош келдиңиздер, урматтуу коноктор,
Биздин жайлуу, жылуу классыбызга.
Биз биринчи класстын шаң балдары,
Силерди күтүп турдук кубанычта.
Алтын эрежени кайталоо:
Жагымдуу маанай түзүү:(окуучулар бир-бирине жылмаюу тартуулашат)
Өтүлгөн теманы кайталоо:
-Өсүмдүктөр булар эмнелер? Өсүмдүктөр -булар жандуу, тирүү организмдер.
-Адамдын дене мүчөлөрү бар. А өсүмдүктөрдүкү дагы болобу?
-Өсүмдүктөрдүн да бир нече бөлүгү бар. Өсүмдүктөр бири-биринен айырмаланат, бирок алардын окшош бөлүктөрү көп.
-Өсүмдүктүн негизги бөлүктөрүн атап бергилечи?
-Тамыры+сабагы+жалбырагы+гүлү
-Өсүмдүктүн өсүшү үчүн эмне керек?
-Алар өсүш үчүн аба, суу, күн, жарык, азык керек.
-Демек өсүмдүктөргө кам көрүүдө дайыма жоопкерчилүктүү болушубуз керек экенин унутпайлык.
Үй тапшырмасын суроо:
Балдар үй тапшырма эмне берилди эле?
Гүлдүн сүрөтүн тартуу жана аларды негизги бөлүктөргө бөлүп келүү болчу.
Азаматсыңар, сабактын аягында текшерип аткарылган тапшырмаларыңарга баа коюп берем.
Балдар, ар бириңердин жаныңарда кыргыздын улуттук музыкалык аспабы комуз берилди, аны менен силер ар бир жооп берген суроолорго комуздун тепкесин өйдө карай жылдырып өзүңөрдү баалап упай топтойсуңар.
Кимдин упайы 5-10 чейин болсо “Эң жакшы” деген баа аласыңар, ал эми 3-5 чейин болсо “Жакшы” деген баага ээ болосуңар, андан төмөн упай топтосоңор анда дагы аракеттениш керек экенин билесиңер.
Ал эми топтук иште мен силерге мактоо быйтыкчалар менен баалайм.
Кайсы топ көп быйтыкча чогултса, ал топ “Эң жакшы “деген баага ээ болушат.
5Е МОДЕЛИ БОЮНЧА САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:
- ENGAGE (КЫЗЫГУУНУ ОЙГОТУУ) — 5-7 мүнөт
4К: Коммуникация, Креативдүүлүгү
Мугалим класска үч кашык, бирок ар түрдүү материалдардан жасалган буюмдарды алып келет:
Көрсөтүү:
Жыгач кашык + Металл кашык+Пластик кашык
Жыгач отургуч + Пластик отургуч+Металл отургуч
Мугалим сурайт:-«Балдар, менин колумдан эмнени көрүп турасыңар? Бул үч кашыкты карагылачы! Кашык бизге кандай кызмат кылат? Үчөө тең кашык, бирок эмне себептен айырмаланат?»
Балдар жооп беришет:
Кашыктар, алар бизге тамак жегенге кызмат кылат.
Алар үч башка .“Бири жыгач, бири пласмас, бири металл!»
«Түстөрү ар кандай, пластик ак жана тунук, жыгач күрөң болот темир кашык бооз. алтын түстө болот,!»
«Бири жылмакай, бири жеңил, бири оор!»
Проблемалык суроо:
Үчөө тең кашык. Бирок эмне үчүн алар ар кандай? Эмне себептен айырмаланат?»
Видео көрсөтүү (2 мүнөт):
Кыска видео: Фабрикада буюмдардын жасалышы (кашыктын жыгачтан металлга чейин)
Мугалим жыйынтыктайт:
«Балдар, бүгүн биз өтө маанилүү темага токтолобуз: БУЮМДАР ЖАНА МАТЕРИАЛДАР! Биз буюм менен материалдын кандай айырмасы бар экенин үйрөнөбүз!»

Сабактын максаты айтылат.
4К көрсөткүчү:
✓ Коммуникация: Байкоолорун айтышат
✓ Креативдүүлүк: Айырмачылыктарды табышат
- EXPLORE (ИЗИЛДӨӨ) — 10-11 мүнөт
4К: Кызматташтык, Критикалык ойлоо
Мугалим 24 окуучуну 4 төн 6 топко бөлөт
«Материалдар станциясы»
Ар бир топко изилдөө үчүн буюмдар берилет:
- СТАНЦИЯ: ЖЫГАЧ КАШЫК
Буюм:
Жыгач кашык
Изилдөө тапшырмалары:
Карап көргүлө: Түсүн, формасын
Колго алгыла: Салмагын, температурасы, катуулугун
Мурдуңар менен жыттагыла
Суроолор: Бизге тамак ичкенге жыгач кашык ыңгайлуубу? Эмне үчүн?
Оорбу же жеңилби?
Кандай жытты бар?
2-СТАНЦИЯ: МЕТАЛЛ КАШЫК
Буюм:
Метал кашык
Изилдөө тапшырмалары:
Салмагын сезгиле
Магнит менен текшергиле
Үнүн уккула (кагып көргүлө)
Суроолор:
Металл кандай сезилет?
Оорбу?
Кандай үн чыгат?
Тамак ичкенге ыңгайлуубу?
3-СТАНЦИЯ: ПЛАСТИК КАШЫК
Буюм:
Пластик кашык
Изилдөө тапшырмалары:
Салмагын сезгиле
Үнүн уккула (кагып көргүлө)
Суроолор:
Пластик кандай сезилет?
Оорбу же жеңилби ?
Өңү түсүү, формасын кандай?
Күнүмдүк жашообузга колдонгонго ыңгайлуубу?
4-СТАНЦИЯ: ПЛАСТИК ОТУРГУЧ
Буюм:
Пластик орургуч
Изилдөө тапшырмалары:
Пластик отургуч эң бекемби?
Жеңилби же оорбу?
Кандай түстөрдө болот?
Силерге пластик отургучка отурган ыңгайлуубу? Пластик отургуч көп жылдарга чыдайбы?
5-СТАНЦИЯ: ЖЫГАЧ ОТУРГУЧ
Буюм:
Жыгач отургуч
Изилдөө тапшырмалары: Колуңар менен кармап көргүлө
Салмагын баамдагыла:
Суроолор: Жыгач кандай сезилет?
Оорбу же жеңилби?
Отурганга ыңгайлуубу?
Жыгач отургуч сынабы?
Өңү түсү кандай?
6-СТАНЦИЯ: МЕТАЛЛ ОТУРГУЧ
Буюм:
Металл отургуч
Изилдөө тапшырмалары:
Металл отургучтун салмагын сезгиле
Суроолор:
Металл отургуч кандай сезилет?
Оорбу же жеңилби?
Отурганга ыңгайлуубу?
Көп жылдарга жетеби?
Топтор 10 мүнөт ичинде изилдешет жана плакатка жыйынтыктарын көрсөтүшөт
4К көрсөткүчү:
Кызматташтык: Топто биргеликте иштешет
Критикалык ойлоо: Салыштырышат, талдашат
- EXPLAIN (ТҮШҮНДҮРҮҮ) — 8-10 мүнөт
4К: Коммуникация, Критикалык ойлоо
Иш-аракет: Топтордун отчету + Мугалимдин түшүндүрүүсү
ТОПТОРДУН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ (6 мүнөт):
Ар бир топ 1 мүнөттө өз жыйынтыктарын айтып берет:
1-СТАНЦИЯ: ЖЫГАЧ КАШЫК: “Биз жыгач кашыкты изилдедик. Жыгач кашык -катуу, жыты бар, жылуу сезилет, салмагы орто, өңү күрөң. Үйдөн апаларыбыз жыгач кашык менен тамак бышырышат. Жыгач кашык бизге тамак ичкенге ыңгайлуу эмес анткени биз үйдөн жалаң темир кашыктар менен тамактанабыз.”
2-СТАНЦИЯ: МЕТАЛЛ КАШЫК: «Биз металл кашыктарды изилдедик. Метал кашык -салмагы оор,катуу, өңү түсү ар кандай кооз болот, жалтырайт, муздак, бир-бирине тийгизсе үн чыгат, магнитке тартылат. Бизге тамак ичкенге ыңгайлуу.”
3-СТАНЦИЯ: ПЛАСТИК КАШЫК: “Биз пластик кашыкты изилдедик. Пластик кашык-жеңил, өңү түсүү ак, тунук, ийилет, формасы ар түрдүү чоң, кичине болот. Пластик кашык арзан, бир колдонгонго туура келет, бирок ысыкка туура келбейт эрип кетүүсү мүмкүн, сынат.
4-СТАНЦИЯ: ПЛАСТИК ОТУРГУЧ: «Биз пластик отургучту изилдедик. Пластик отургуч-жеңил, жалтырайт, ар кандай түстүү, отурганга ыңгайлуу бирок коркунучтуу, себеби чоң салмактуу адамдар отурса сынып кетиши мүмкүн, көп жылдарга чыдабайт»
5-СТАНЦИЯ: ЖЫГАЧ ОТУРГУЧ: Биз жыгач отургучту изилдедик. Жыгач отургуч-катуу, жылуу, өңү түсү күрөң болот сырдап койсо ар түрдү болуп калат. Отурганга ыңгайлуу, үстүнө төшөк салып отурсак жылуу болот, сынат эгер көпкө колдонсо эскилиги жетсе.
6-СТАНЦИЯ: МЕТАЛЛ ОТУРГУЧ: “Биз металл отургучту изилдедик. Өңү түсү боз,сырдап койсо ар түрдүү өңгө айланат.
Металл отургуч -отурсаң муздак суук тийип калат, салмагы оор,көп жылдарга жетет анткени металл отургуч темирден жасалат сынбайт.
Мугалим окуучуларды баалайт
МУГАЛИМДИН ТҮШҮНДҮРҮҮСҮ (5 мүнөт):
Мугалим презентация менен түшүндүрөт:
Мен жана дүйнө китебинин 67-бетти ачабыз
Биздин айланабыздагы бардык нерселер буюмдар деп аталат
Буюм менен материал-бул эки башка нерсе
Ар бир буюм бир же бир нече материалдан жасалат
БУЮМДАРДЫН ЖАНА МАТЕРИАЛДАРДЫН — ЭМНЕ АЙЫРМАСЫ БАР?
БУЮМ деген эмне?
БУЮМ — бул биз колдонгон, бизге кызмат кылган НЕРСЕ
Мисалдар:
Кашык (тамак ичүү үчүн)
Отургуч (отуруу үчүн)
Сумка (буюм ташуу үчүн)
Идиш (тамак салуу үчүн)
МАТЕРИАЛ деген эмне?
МАТЕРИАЛ — бул буюм ЭМНЕДЕН жасалганын билдирет.
Негизги материалдар:
Жыгач-Металл- Пластик-Кездеме-Резина-Кагаз-Айнек
МААНИЛҮҮ ЭРЕЖЕ:
БИР БУЮМ = АР КАНДАЙ МАТЕРИАЛДАР
Мисалы: КАШЫК
— Жыгач кашык
— Металл кашык
— Пластик кашык
БИР МАТЕРИАЛДАН =АР КАНДАЙ БУЮМДАР ЖАСАЛАТ
Мисалы: ЖЫГАЧ
— Үстөл
— Отургуч
— Кашык
— Карандаш
— Үй
ЭМНЕ ҮЧҮН АР КАНДАЙ МАТЕРИАЛДАР?
Материалдардын касиеттери:
Материал+Бекемдүүлүгү+Салмагы+Жылуулугу+Баасы
Жыгач — Катуулугу — Орто — Жылуу — Орточо
Металл — Абдан катуу — Оор — Муздак — Кымбат
Пластик — Орточо — Жеңил — Орточо — Арзан
Кездемө — Жумшак — Жеңил — Жылуу — Орточо
МАТЕРИАЛДЫ КАНТИП ТАНДАЙБЫЗ?
Суроолор:
❓ Буюм эмне үчүн керек?
❓ Кандай шартта колдонулат?
❓ Узакка чыдашы керекпи?
❓ Оор болсо болобу же жеңил болушу керекпи?
Мисалы:
Ысык тамак үчүн кашык → Металл же жыгач (пластик эрийт!)
«Балдар, эми силер буюм менен материалдын айырмасын билдиңер! Материал — буюмдун «курулушу», ал эми буюм — биз колдонгон нерсе!»
4К көрсөткүчү:
✓ Коммуникация: Топтор отчет беришет
✓ Критикалык ойлоо: Буюм-материал байланышын түшүнүшөт
- ELABORATE (КЕҢЕЙТҮҮ) — 10-12 мүнөт
4К: Креативдүүлүк, Критикалык ойлоо, Кызматташтык
Практикалык иш:
- СТАНЦИЯ:
Кагаздан кашык жасайбыз
Креативдүү топтук тапшырма:
- СТАНЦИЯ:
Боек,пластик кашыктын жардамы менен кагаздын бетине гүл жаратасыңар
Креативдүү топтук иш:
3-СТАНЦИЯ: «Буюмдар галереясы»
Креативдүү топтук тапшырма:
Тапшырма: Буюмдардын «досторун» тап!
Сол материалдан жасалган 5-7 буюмду тизмеге киргизет
Сүрөттөрдү тартат же кесип алып жабыштырат
Презентация жасайт
Мисал — «ЖЫГАЧ ДОСТОРУБУЗ»
ЖЫГАЧ МАТЕРИАЛ:
Отургуч — отуруу үчүн
Сызгыч — өлчөө үчүн
Карандаш — чийүү жана боео үчүн
Үй — жашоо үчүн
Матрёшка — оюн үчүн
Кашык — тамак ичүү үчүн
Эшик — ачуу-жабуу үчүн
«Биз жыгачтын досторун таптык! Жыгачтан отургуч, сызгыч, карандаш жасалат…»
4-СТАНЦИЯ:
Жыгач кашыкка сүрөт тартасыңар
- СТАНЦИЯ:
Металл кашыкка, кашык салгыч жасайсыңар
Ар бир топ презинтация жасашат
6-СТАНЦИЯ: Жыгачтан жасалган пазл оюнчугун чогултасыңар
Эс алуу убактысы:
Физминутка “Чайнек”
Мугалим сөз айтат, балдар кыймыл көрсөтүшөт:
Эреже:
БУЮМ болсо →Колдорун чабышат
МАТЕРИАЛ болсо → Буттарын тепкилешет
Сөздөр тизмеси:
Үстөл → БУЮМ → Колдорун чабышат
Жыгач → МАТЕРИАЛ → Буттарын тепкилешет
Кашык → БУЮМ → Колдорун чабышат
Металл → МАТЕРИАЛ → Буттарын тепкилешет
Отургуч→ БУЮМ → Колдорун чабышат
Пластик → МАТЕРИАЛ → Буттарын тепкилешет
Сумка → БУЮМ → Колдорун чабышат
Кездемө → МАТЕРИАЛ → Буттарын тепкилешет
Карандаш → БУЮМ → Колдорун чабышат
Резина → МАТЕРИАЛ → Буттарын тепкилешет
4К көрсөткүчү:
✓ Креативдүүлүк: Жаңыча ойлошот, элестетишет
✓ Критикалык ойлоо: Туура материалды тандашат
✓ Кызматташтык: Топто чыгармачыл иштешет
- EVALUATE (БААЛОО) — 8-10 мүнөт
4К: Коммуникация, Критикалык ойлоо
БААЛОО ЫКМАЛАРЫ:
НЕГИЗГИ ЖУМУШ БАРАГЫ
Жыйынтыктоочу тапшырма:
Өтүлгөн тема боюнча тест алуу
- ПРАКТИКАЛЫК БААЛОО :
А.Б.В карточкаларын көрсөтүшөт.
1) Апаң ысык шорпо бышырды
Кайсы кашык менен ичүү керек?
☑ A) Металл же жыгач кашык (ТУУРА!)
☐ Б) Пластик кашык (Эрийт, коопсуз эмес!)
☐ В) Кагаз «кашык» (Жумшап калат)
2) Кайсы материал эң оор?
☐ A)Пластик (Жеңил)
☑ Б)Металл (Абдан оор)
☐ В) Жыгач Орточо)
- Кайсы материал муздак?
+A)Металл (Муздак)
☐ Б) Пластик (Орточо)
□ В) Жыгач (Жылуу)
- ООЗЕКИ БААЛОО — «Билим чөйчөгү»
Мугалим суроолорду чөйчөккө жазат, балдар тартып жооп беришет:
Суроолор:
«Буюм» деген эмне?
Жооп: Биз колдонгон, бизге кызмат кылган нерсе
«Материал» деген эмне?
Жооп: Материал-бул буюм эмнеден жасалганын билдирет
Жыгачтан кандай буюмдар жасалат?
Жооп: Үстөл, отургуч, кашык, карандаш, үй…
Эмне үчүн кашык пластиктен эмес, металлдан жасалат?
Жооп: Пластик ысыкта эрийт, металл бекем жана коопсуз
Бир буюм ар кандай материалдардан жасалышы мүмкүнбү?
Жооп: Ооба! Мисалы: кашык жыгачтан, металлдан, пластиктен жасалат.
-Балдар силер бугүн эмне жаңы нерсени үйрөндүңөр?
-Кайсы материал силерге эн кызыктуу болду?
-Балдар,силер бүгүн чыныгы изилдөөрүүлөр болдунар!
-Биз 3 түрдүү материалдарды үрөндүк
-Алардын касиеттерин билип алдык
-Буюмдарды материалдар боюнча ажырата алдык
-Топто мыкты иштедик
-Эми силер айлана-чөйрөңөрдө эмнени корсөнөр да,кайсы материалдан экенин билесинер!
- ӨЗ-ӨЗҮН БААЛОО — «Менин билимим”
Балдар барагында өз алдынча баалашат:
МЕН БҮГҮН:
А) Буюм менен материалдын айырмасын билдим
Б)Буюм менен материалды аз гана билдим
В)Мага дагы жардам керек
Мугалим окуучулардын баалосун санап сабактын аягында бааларын коюп берет
Үй тапшырма:Бүгүнкү өтүлгөн тема боюнча өзүңөргө жаккан буюмдарды тартып келесиңер.
Саттыбаева Акжол,
К.Маматов мектебинин башталгыч класстын мугалими
Комментарийлер