Боз үйдүн ички жасалгалары
- 18.03.2025
- 0

5-класстар үчүн тарбия саат
Сабактын максаты:
Боз үй жөнүндө билишет.
Боз үйдүн ички жасалгасы жөнүндө үйрөнүшөт.
Нарктуулукка, эмгекке тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Тематикалык сүрөттөр, дидактикалык материалдар, сүрөттөр, слайд ж. б.
Тоолуу шарттарда малчылык менен алектенген кыргыз уруулары ушул шарттарга ылайыкталган көчүрүүгө мүмкүн болгон турак үйдү ойлон тапкан, аны оңой эле чечип, жаныбарга жүктөп, жана кайра тургузуп коюу мүмкүн эле. Аны тургузууга бир гана саат убакыт талап кылынган. Боз үй жыгач каркас катары кереге, уук, түндүк жана кийиз жабуудан турган.
Орто Азияда аны «кыргыз үй» ден коюшат, анын жайлуулутун, бышыктыгын, малчынын тиричилигинде өтө маанилүү Өткөн замандагы усталар менен уздар өргөнүн бышык, жайлуу болушу менен катар, көркөм болушун да ойлонушкан, Өргөнүн көркү «Манас» эпосунда да мындайча макталат:
Ак учук менен суп манат, Ууктарын учтаган,
Үзүгүнө жаптырган. Туурдуктун баарысын,
Босогонун сыртына, Учуга менен тыштаган.
Болоттон чеге кактырган Түндүгүн алтын чаптырган.
Керегенин боюна, Кабылан Манас кирет деп
Каухардан чеге бастырган. Салтанатын арттырган.
Ошондуктан, боз үй бул чабандын гана баш паанасы эмес. Бул элдин
тарыхы, үй-бүлө ыйык туткан эстелик, ар бир кыргыз баласынын, мейли шаардык болсун, бала чагынын образы, анткени ар бир шаардык кыргыздын тамыры демек анын балдарынын жашоосунан да айрып алгыс.
Ак өргө- бул кылымдардан бери келаткан бакыт жөнүндөгү кыялдын символу. Өткөн убакта «Ак өргө», «Ордо үй» элдин мыктыларынын хан сарайы, ак чатыры болгон.
Ошондуктан ак өргө кыргыздардын чыныгы үйү. Ак өргө бул кыргыздын оймо-чиймесинин үйү.
Түндүктүн тешигинен ортодогу очоктун түтүнү чыккан. Боз үйдүн боору чий менен жабылган, чийге калыңдата жүн оролуп кооздолгон. Боз үйдүн сол тарабы эр жак деп аталып, анда эркектердин буюм тайымдары турган: ээр, ат жабдыктары, аңчылык буюмдары ж.б. Оң тарабы аял жак болгон. Ортодо очок жагылган, анын тушунда сандыкта жүк жыйылган.
Боз үйдүн өзгөчө көркү — килемдер. Боз үй ичинен да, сыртынан да ар кандай оюм салынып кооздолгон кийиздер менен, аппликациялар менен, кооздолуп өрүлгөн чачыктар жана теренчек боолор менен кооздолот. Кыргыздын оюмдарынын негизи мотиви «кочкор мүйүз» эсептелинет, Бир калыпта ийилген «кыял» оюму гүлдөп турган бакты элестетет.
Боз үйдүн жасалгасына кылым карытар убакыт болсо да эки окшош жасалгалуу боз үйдү көрө албайсың. Очоктун артындагы орун эн сыйлуу төр деп аталат. Аны үй ээси же сый конок ээлеген. Кышында кыргыздар биргелешип оокат кылган, жазында топ-топ менен жандыктарын бийик тоолуу жайыттарга чыгып кетишчү.
Дасыккан уста боз үйдүн жыгачын жыйырма беш күндө жасайт, боз үй болсо чейрек кылым чыдайт. Жыл бою тынымсыз улам бир жерден экинчи жерге көчүп жүргөн шартта мынчалык узак чыдоо — архитектуралык-конструктивдик ойдун жогорку деңгээли менен түшүндүрүлөт.
БОЗ ҮЙДҮН ЖАСАЛГАЛАРЫ
Боз үйдүн кооз жасалгаларынын бири — жабык баш. Анын этегине тегирич улай тигилет. Тегирич менен түймөсү бар жабык баш: төркү (арткы), алдыңкы (маңдайкы) болуп экиге бөлүнөт. Көркөм көчөт түшкөн эшик чий, канат чий, чыгдан (ашкана) үйдүн жасалгасына кирет. Боз үйдүн ички көркү өрмөкчүлүк аркылуу жүзөгө ашат. «Кажары» (букары), «беш кеште», «сызма» деген түрлөрү бар. Кереге таңгыч, саканак чалгыч, кереге чалгыч, үзүк боо, туурдук боо, жел боо (түндүк боо) өндүүлөр кирет. Мунун ичинен «эки жүздүү терме» жана «бир жүздүү терме» деп бөлүнөт.
Боз үйгө туш кийиз (туштук) тартуу — эзелтен берки салт. Анын боолору ууктун билегине тагылат. Боз үйдүн кире беришиндеги оң ыптада аяк кап кереге көзүнө илинет. Андан ары чыгдан тартылат. Керегеге, же аш ала баканга көөкөр, көнөчөк, көнөк, чыны кап улай илинсе, жакшы жарашат, Күзгү кап-текченин илиниши үйдү ого бетер көрктөндүрүп жиберет Азыр коломто болбогондуктан, үйгө шырдак менен ала кийиз салынат көрпө, көлдөлөң курак, сайма төшөктөр төшөлөт.
Боз үйдүн жүгү да өзүнчө кооздук берет. Жүк жыя билүү кыз-келиндердин чеберчилигин айкындайт. Жүктүн астындагы такта, ага жабылган терме таар, калы килем, сандык, жагдан, күмүш ала бакан, андагы ат жабдыктар, улуттук кийимдер элдик узчулук менен зергерчиликти таасын көрсөтүп турат. Боз үйдүн ички жасалгасына коюлган андай чакан буюмдардан биз ширелишкен композициялык байлыкты, оюм менен көчөттүн диапазонунун өтө кеңдигин, геометриялык сызыктардын тууралыгын жана улуттук колориттин укмуштай чагылышын көрөбүз. Элдик буюмдардан көркөм чыгармачылыктын чыныгы жемишин, эстетикалык күчүн, жергиликтүү өзгөчөлүгүн, улуттук мүнөзүн баамдайбыз.
Сабакты жыйынтыктоо:
Кылым карыткан улуттук боз үйүбүздү даңктап, баалап, муундан муунга даңазалап жүрүү – ар бир кыргыз баласынын милдети болуп саналат.
Анткени боз үй – бул адамдардын сергек ой-чабытынан, сезимдүүлүгүнөн жана көчмөн элдердин биргелешкен акыл-оюнан чыгарылган баа жеткис белек десек жаңылбайбыз.
Боз үйдүн ички жасалгаларын кийизден кооздоп, өтө чеберчилик менен жасаган чебер – уз апаларыбыздын эмгектерин үйрөнүп алуу ар бир жаш муундун сезиминде болуу керек.
Б. Бейшенбаева, Кыргыз билим берүү академиясы, Тарбия, социалдаштыруу жана мектептен сырткары кошумча билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери.
Комментарийлер