БАЛАНЫН ҮЙДӨГҮ НАРКТУУ ЖҮРҮМ-ТУРУМ МАДАНИЯТЫН САКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ
- 28.11.2025
- 0

САБАКТЫН ТЕМАСЫ
«БАЛАНЫН ҮЙДӨГҮ НАРКТУУ ЖҮРҮМ-ТУРУМ МАДАНИЯТЫН САКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ»
Аӊгемелешүүнүн багыты: Нарктуу инсандык маданият, мамиле жана жүрүм-турум маданияты.
Максаты: Нарктуу жүрүм-турум маданияты тууралуу окуучулардын билимдерин бекемдөө.
1-тема: Үйдө жана коомдук жайлардагы баланын жүрүм-турум маданияты, үйдө баланын күндөлүк режиминин болушу, аны так сактоого көнүгүү, убагында туруу, убагында ата-энесине жардам берүү, убагында мектепке жана башка кошумча билим алуу, эс алуу, көңүл ачуу жайларына баруу; бекерпоздуктан качуу, күндөлүк убактысын туура нерсеге пайдаланууга көнүү, начар достордон арылуу, жаман чөйрөгө барбоо, кечинде өз убагында кийинки сабактарына даярданып, убагында эс алуу; кол телефонду чектөөсүз көрүүнү адат кылбоо, интернеттен пайдалуу нерсени гана көрүү. Үйдө күндөлүк жүрүм-турум эрежесинин үлгүсүн түзүү, аны талкуулоо.
Практикалык иш: Баланын үйдөгү жүрүм-турум эрежеси, аны сактоо маданияты тууралуу долбоорлор, талкуулар, ойлор, пикирлер, презентациялар.
Предметтер аралык байланыш: кыргыз адабияты, тарых.
Методдору жана ыкмалары: топто иштөө, талкуулоо.
Ресурстар: макал-лакаптар, слайд, ырлар, ватман кагазы, проектор, темага карата жасалгалоолор, интернат-булактары.
Убактысы: 45 мүн.
Сабактын максаттары
Окуучуларды үй-бүлөдө жана коомдо жакшы жүрүм-турум эрежелерине үйрөтүү;
Кыргыз элинин нарк-насилине таянып, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо сыяктуу сапаттарды бекемдөө;Окуучуларда жоопкерчиликти, тартипти жана адеп-ахлакты калыптандыруу.
САБАКТЫН ЭТАПТАРЫ:
Уюштуруу бөлүгү (5 мүн.) (саламдашуу, класста жагымдуу жагдай түзүү. Класстан тышкаркы иштин темасы менен тааныштыруу).
Киришүү (5 мүнөт)
Мугалимдин кириш сөзү:
Окуучулар менен саламдашуу. Сабактын максатын түшүндүрүү. “Баланын үйдөгү нарктуу жүрүм-турум маданиятын сактоо эрежелери жөнүндө” (Кыскача ой бөлүшү)
– Кыргыз эли «Адамдын көркү – адеп» деп бекеринен айткан эмес. Ар бирибиз үй-бүлөдө алган тарбиябызды, жүрүм-турумду коомго алып чыгабыз? Ошондой эле үйдөн алган тарбиябыз келечектеги жашообузга чоң таасир этет. Кыргыз эли ар дайым «Улууну урматта, кичүүнү ызатта», «Адамды көркү адеп» деп келген.
Ошондуктан үйдөгү жүрүм-турум маданиятын сактоо – ар бирибиздин милдетибиз. Бүгүн ошол нарктуу жүрүм-турум тууралуу сүйлөшөбүз/
III. Негизги бөлүк (20 мүн.)
Топтук иш (10 мүнөт)
а) Нарктуу жүрүм-турум деген эмне?
Үй-бүлөдө улууларды урматтоо, алардын сөзүн угуу;
Кичүүлөргө кам көрүү, боорукер болуу;
Чындыкты айтуу, жалганга жол бербөө;
Үй-бүлөнүн ишине жардам берүү, жоопкерчилик алуу.
б) Үйдөгү жүрүм-турум эрежелери:
Ата-эне менен сылык сүйлөө, аларга урмат көрсөтүү.
Үй иштерине жардам берүү (тазалыкns сактоо, кичүүлөргө кам көрүү).
Чындыкты айтуу, жалган айтпоого көнүү.
Үй-бүлө мүчөлөрү менен ынтымактуу болуу.
Үйдө адептүү сүйлөп, жаман сөз колдонбоо.
Чоңдор кирип келгенде ордунан туруп саламдашуу.
Үйдө китеп окуп, билим алууга убакыт бөлүү.
в) Нарктуу жүрүм-турумдун пайдасы:
Үй-бүлөдө ынтымак жана жылуу мамиле түзүлөт;
Ата-эне кубанып, баласына ишеничи артат;
Коомго чыкканда бала сыйлуу жана маданияттуу болот.
г) Кыргыз элинде айтылган акыл-насааттар: «Ата-энени сыйлаганды кудай да сыйлайт»
«Жакшы бала – ата-эненин кубанычы, жаман бала – ата-эненин күйүтү»
«Адамдын башы – акыл менен, үйдүн башы – тарбия менен»
в) Талкуу суроолору:
Үйдө ата-энеңерге кандайча жардам берип жатасыңар?
Силердин оюңарча, тарбиялуу бала кандай сапаттарга ээ болушу керек?
«Нарксыз» жүрүм-турум дегенди кандай түшүнөсүңөр?
IV. Практикалык бөлүк (10 мүн.)
Окуучуларды топко бөлүнүп, ар бир топ «Үйдөгү нарктуу жүрүм-турумдун бир үлгүсүн» сахналаштырып көрсөтөт (мисалы: ата-энеге жардам берүү, кичүү бир тууганды карап берүү, улууга орун берүү, чындыкты айтуу ж.б.).
Ар бир сахналаштырылган көрүнүштөн кийин класска суроо берилет: «Бул көрүнүштүн тарбиялык мааниси эмнеде?»
Сахналаштырылган көрүнүш: “Үйдөгү нарктуу жүрүм-турум”
Тема: Үйдөгү үлгүлүү жана нарктуу жүрүм-турум
Максат: Балдарды үй-бүлө ичинде улууну урматтоого, кичүүнү ызаттоого, сылык, жоопкерчиликтүү болууга үндөө.
Каармандар:
Эне
Ата
Бекзат (улуу баласы, 7-класс)
Айгүл (карындашы, 3-класс)
Жээнбек (чоң ата)
Көрүнүш: Таңкы үй-бүлөлүк абал
(Үйдө дасторкон. Эне чай даярдап жатат. Бекзат телефон менен алек, Айгүл оюнчугун чогултуп жүрөт.)
Эне:
– Балдарым, тургула! Таңкы чай даяр болду. Биринчи чоң атаңарды чакырып келгиле.
Айгүл (жүгүрүп чыгып):
– Макул, апа! (Чоң атасын жетелеп келет.)
Айгүл:
– Чоң ата, келгиле, дасторконго отуруңуз.
Чоң ата (жылмайып):
– Рахмат, кызым. Кичүүсү улуу адамга жол берсе, үйдө береке болот.
Бекзат (телефонун карап):
– Мен тамак жей электе оюнумду бүтүрөйүнчү…
Ата (сылык, бирок катуу үн менен): – Балам, дасторкон үстүндө телефонго караган – нарктуу иш эмес. Улууну сыйла, дасторконду урматта.
Бекзат (уялгандай):
– Кечиресиз, ата. Телефонун коёт.
Эне:
– Мына ушинтип, бири-бирибизди урматтап отурсак, тамагыбыз да даамдуу болот.
2-Көрүнүш. Кечки маек
(Кечинде Айгүл китеп окуп отурат, Бекзат апасына жардам берип жатат.)
Атасы:
– Балдар, бүгүнкү күн кандай өттү?
Бекзат:
– Мугалим «нарктуу үй-бүлө» тууралуу айтып берди. Мен биздин үйдү мисал кылдым.
Айгүл:
– Мен да апама дайыма жардам берем. Үйдү жыйнайм, полду жууйм, тамак жасаганга жардам берем.
Энеси:
– Балдарым, силердин дайыма мага жардам бергениңер, сылык болгонуңар – биздин үйдүн нарктуулугун билгизип турат.
Чоң атасы:
– Туура айтасың, кызым. Үй-бүлөдө сылыктык, мээрим, урмат болсо – ошол нарктын өзү. (Бардыгы бири-бирин карап жылмайышат.)

Атасы:
– Нарк – бул сөз эмес, иш жүзүндөгү жүрүм-турум. Ар күнү кичине иш менен да үйүңдүн аброюн көтөрө аласың.
Баары бир ооздон:
– Үйдөгү нарктуу жүрүм-турум – элге да үлгү болот! (Музыка коюлуп, сахна жабылат.)
V. Жыйынтык (5 мүн.)
Мугалим:
– Балалык үйдө алган тарбия – өмүр бою силер менен болот. Нарк-насилдүү жүрүм-турум ар дайым силерге ийгилик, урмат алып келет. Өзүбүздү тарбиялап, ата-энебиздин, мугалимдерибиздин акыл-насаатын угуп жүрөлү.
Үй тапшырма
«Мен үй-бүлөмдө кандай жакшы жүрүм-турумду карманам?» деген темада эссе жазуу.
Кыргыздын нарк-насыяттарына байланыштуу макал-ылакаптарды чогултуу.
Тарбия, социалдаштыруу жана
мектептен сырткаркы кошумча
билим берүү лабораториясынын
башчысы Алымбаева Б.Б.
Комментарийлер