БАЛАНЫН  МЕКТЕПТЕГИ, КООМДУК ЖАЙЛАРДАГЫ  ЖҮРҮМ-ТУРУМ МАДАНИЯТЫН САКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ

  • 03.12.2025
  • 0
 БАЛАНЫН  МЕКТЕПТЕГИ, КООМДУК ЖАЙЛАРДАГЫ  ЖҮРҮМ-ТУРУМ МАДАНИЯТЫН САКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ

САБАКТЫН ТЕМАСЫ:  

 «БАЛАНЫН  МЕКТЕПТЕГИ, КООМДУК ЖАЙЛАРДАГЫ  ЖҮРҮМ-ТУРУМ МАДАНИЯТЫН САКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ»

 БАЛАНЫН  МЕКТЕПТЕГИ, КООМДУК ЖАЙЛАРДАГЫ  ЖҮРҮМ-ТУРУМ МАДАНИЯТЫН САКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ

2-тема: Коомдук жайларда өзүн эреже менен тартиптүү алып жүрүү, сөгүнбөө, бирөөлөргө асылбоо, уруш жагдайларын жаратпоо, класста, мектеп ичинде, мектеп короосунда, көчөдө, паркта, коомдук башка жайларда таштанды таштабоо, түкүрбөө, кыз балдар жыртык кийимдерди же жарым жылаңач кийимдерди кийип көчөгө чыкпоо, чачты таранып жүрүү, чачын өрүп жүрүүсү, жарашыксыз модадан качуу, “тааныбыйт, билбейт” деп туура эмес жоруктарды жасабоо, ж.б. тууралуу аңгемелешүү.

Практикалык иш: Коомдук жайларда жүрүү нарктарынын эрежелери тууралуу  долбоор түзүү, талкуулар, ойлор, пикирлер, презентациялар, диспуддар.

      Сабактын максаты: 

  • Окуучуларга жүрүм-турум маданиятынын маанисин түшүндүрүү.
  • Мектепте жана коомдук жайларда өзүн туура алып жүрүүгө үйрөтүү.
  • Адеп, урмат, жоопкерчилик сыяктуу сапаттарды калыптандыруу.

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

  1. Уюштуруу бөлүгү (3 мүнөт)
  • Саламдашуу, окуучуларга жагымдуу маанай түзүү
  • Класстан тышкаркы иштин темасы менен тааныштыруу.
  1. Киришүү (5 мүнөт):

Мугалим окуучулар менен кыска маек жүргүзөт:

  • Силер “жүрүм-турум маданияты” дегенде эмнени түшүнөсүңөр
  • Эмне үчүн адамдын жүрүм-туруму маанилүү деп ойлойсуңар?

Мисалы:

Эгер биз коомдук жайда катуу сүйлөсөк, кезекке турбасак же башкаларга орун бербесек – бул маданияттуулукпу?

III. Негизги бөлүк (25 мүнөт)

  1. Жүрүм-турум маданияты деген эмне?

Бул – адамдын башка адамдар менен мамилесиндеги, сөзүндө жана кыймыл-аракетиндеги тартип, сылыктык, урмат.

  1. Мектептеги жүрүм-турум маданияты:
  • Мугалимге жана классташтарга урмат менен мамиле кылуу.
  • Сабак учурунда тартипти сактоо.
  • Классты, мектепти таза кармоо.
  • Чыр-чатак, шылдың, уруш сыяктуу терс аракеттерден алыс болуу.
  1. Коомдук жайдагы жүрүм-турум маданияты:
  • Улууларга орун берүү.
  • Кезекте тартипти сактоо.
  • Катуу сүйлөбөө, телефонду туура колдонуу.
  • Башкалардын жеке мейкиндигин урматтоо.
  1. Топтук иш (10 мүнөт):

Окуучуларды 3 топко бөлүү. Ар бир топ төмөнкү жагдайды талкуулайт:

 БАЛАНЫН  МЕКТЕПТЕГИ, КООМДУК ЖАЙЛАРДАГЫ  ЖҮРҮМ-ТУРУМ МАДАНИЯТЫН САКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ

  1. Автобуста орун бошобой калганда эмне кылуу керек?
  2. Сабакта классташ урушуп жатса эмне кылуу керек?
  3. Көчөдө улуу адам жардам сураса – кандай жооп берүү туура?

Ар бир топ өз жыйынтыгын айтып берет.

Мугалим окуучулардан сурайт:

Балдар, ушул түшүнүктөр боюнча жашооңордон же улуулардан уккан мисалдарды айтып бере аласыңарбы?

Топтук иш (10 мүнөт)

Текст менен иштөө

«Жүрүм-турум маданияты – ар бир адамдын жүзү»

Ар бир адамдын сөзү, кыймылы, башкалар менен болгон мамилеси анын ички маданиятын көрсөтөт. Кээде адамдын кийими таза, сүйлөгөнү сылык болгону менен, анын чыныгы маданияты башкаларга болгон мамилесинде байкалат.

Мисалы, классташың китебин унутуп калса, сен ага жардам берип, китебиңди кошо колдонууга уруксат берсең – бул боорукерлик. Ал эми бирөө шылдыңдап, күлүп жатса, аны токтотуп, жакшылыкка чакыруу – бул чыныгы маданияттуу баланын иши.

Мектепте, көчөдө, дүкөндө, автобуста же оюн аянтчасында болобу – ар дайым өзүн тартиптүү алып жүрүү керек. Маданияттуу бала:

  • Башкалардын оюна, сезимине урмат менен карайт;
  • Эч кимди кемсинтпейт;
  • Чыр-чатактан алыс болот;
  • Улууларга жардам берет;
  • Ар нерсеге жоопкерчилик менен мамиле кылат.

Жүрүм-турум маданияты жөн эле эрежелер жыйындысы эмес. Ал – адамдын жүрөгүндөгү адеп, урмат жана боорукерлик.
Мындай сапаттар ар бирибизди жакшы адам кылат, коомубузду болсо тынч жана ынтымактуу кылат.

 Окуучуларга суроолор (талкуу үчүн):

  1. Маданияттуу адамды кантип таанууга болот?
  2. Өзүңөрдүн классыңарда маданияттуу балдар көппү? Эмне үчүн?
  3. Өзүңөр кандай жагдайда сылык болууга аракет кыласыңар?
  4. Эгер кимдир бирөө коомдук жерде тартипсиз жүрсө, сен эмне кылат элең?

 Жыйынтыктоо (10 мүнөт):

Мугалим сабакты төмөнкү сөздөр менен жыйынтыктайт:

“Жүрүм-турум маданияты – бул адамдын ички дүйнөсүнүн күзгүсү. Ар бирибиздин сылык, урматтуу жана жоопкерчиликтүү болуубуз коомду көрккө чыгарат.”

“Сылыктык – сулуулуктун белгиси, Урмат – инсандыктын көрүнүшү.”

 Үй тапшырма:

“Маданияттуу адам деген ким?” деген темада 7–10 сүйлөмдөн турган чакан эссе жазуу.

Тарбия, социалдаштыруу жана

мектептен сырткаркы кошумча 

билим берүү лабораториясынын

башчысы Алымбаева Б.Б.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер