Австралия материги
- 26.10.2024
- 0
География, 7-класс
Сабактын максаты:
- Австралия материги боюнча жалпы маалымат алышат
- Материк боюнча кеңири түшүнүк алышат картадан көрсөтө билишет
- Мекенин, элин-жерин сүйүүгө, экологиялык жактан таза сактоого тарбияланышат.
Сабактын тиби: оозеки
Сабактын усулу: интерактивдүү
Сабактын жабдылышы: окуу китеби, дептер, карта, атлас, проектор, ноутбук, карточкалар ж,б.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу иштери. Өтүлгөн теманы кайталоо, жаңы теманы өтүү
Жаңы тема: Австралия
Сабактын башында материк боюнча слайд коюлат.
Австралия материги аянты 9 млн км км2. Латын тилинде australis — түштүк деген мааниде.
Австралиянын азыркы кездеги калкы эки группадан аборигендер жана англоавстралиялыктар.
Калктын саны 19 млн ашык. Калктын орточо жыштыгы 1 км кв жерге 2 киши туура келет.
Ал эми бүгүнкү күндө калктын саны 25,890,773 киши (2023-ж)
Австралия борбору — Канберра шаары.
Мамлекеттик тили — англис тили.
Акча бирдиги — Австралия доллары
Материктин четки чекиттери
Түндүгүндө – Иорк тумшугу
Түштүгүнөн – Түштүк чыгыш тумшугу
Батышынан – Стип-Пойнт
Чыгышынан – Байрон тумшугу
Австралия башка материктерден асман мелжиген бийик жанар тоолорунун, мөңгүлөрүнүн жоктугу, жер титирөө болбогону менен айырмаланат.
Материк түндүктөн түштүккө 3200 км. Батыштан чыгышка 4100 км аралыкка созулуп жатат. Австралиянын түштүк чыгышында эң чоң арал Тасмания орун алган.
Ачылышы жана изилдөө тарыхы
Австралия башка материктердин кенжеси катары европалыктар тарабынан кийин ачылган. Голландиялык деңиз саякатчы Виллем Янсзон 1605-1607-жж Карпентария булуңуна жеткен. Испаниялык саякатчы Л.Торрес 1606-ж материкти Жаңы-Гвинея аралынан бөлгөн кысыкты ачса, голландиялык саякатчы (1642-1643-жж) Абель Тасман Австралияны айланып өтүп өзүнүн атынан коюп Тасмания аралын ачкан. 18-к. экинчи жарымында Джеймс Кук (1768-1770-жж) Австралиянын чыгыш жээктерин ачкан.
Материктин рельефи
Материктин рельефинин түзүлүшү анча татаал эмес. Батышында бөксө тоолор 500-700м, ал эми борбордук бөлүгүндө түздүктөр, ойдуңдар ээлейт 150-200м. Эйр көлүнүн оен чуңкуру -13 м. Австралиянын түштүгүндө Австралиялык Альпыда материктин эң бийик чокусу — Косцюшко тоосу (2230 м).
Кең байлыктары
Материк ар түрдүү жаратылыш ресурстарына бай. Алсак темир, жез, коргошун, цинк, алтын, күмүш, платина, таш көмүр кендери ж,б. жатат. Чөкмө тектерден — фосфорит, кайнатма туз, көмүр, нефть, жаратылыш газдары бар.
Климаты
Австралия жер шарындагы кургак жана ысык материк. Аянтынын 4/3 бөлүгүнө нымдуулук жетишпейт. Себеби: географиялык абалы, экваторго жакындыгы, тропиктин эки жагында жатышы жана материктин батыштан чыгышка кыйла созулушу.
Ички суулары
Материкте Африкадагыдай суусу мол чоң дарыялар жок. Австралиянын эң ири дарыясы Муррей ал өзүнүн Дарлинг куймасы менен узундугу 2740 км.
Австралия материги чакан көлчөлөргө, көлчүктөргө бай жана алар туздуу келет. Эң чоң көлдөрү- Эйр, Торренс.
Жаратылыш зооналары
Австралия башка материктерден органикалык дүйнөсүнүн бөтөнчө өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Себеби: материктин аймагында өскөн өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн 75% жакыны эндемиктер болуп Австралияда гана кездешет.
Австралиянын жаныбарлар дүйнөсү ар түрдүү жана көп өзгөчөлүктөрү бар. Кеңгурунун тукуму көп таралган. Эң чоңу 3 м, кичинеси 30 см. Ал эми эвкалипт токоюнда коала деген сумкалуу аюу кезигет. Тасман аралында өтө сейрек сумкалуу шайтан делчү жаныбар сакталып калган. Сууларда крокодилдер бар.
Канаттуулардан — төө куш, ак куу, тотукуш ж.б., ошондой эле уулуу жыландар, кескелдириктер, чегирткелер, ар кандай оорууларды таркатуучу, чымын-чиркейлер көп.
Кымбаттуу окуучум сабактын аягында дүйнөдөгү эң кургак, аянты боюнча эң кичине, бир материк, бир мамлекет болгон Австралия материги боюнча бир кызыктуу окуя менен жыйынтыктагым келип турат.
Австралия мамлекетинде жашаган бир врач кечкисин жумушун аяктап үйүнө сапар тартат. Ал унаасы менен жолдо бара жатканда токойлуу талаа жолду аралап өтчү. Ошол күнү өтүп бара жатса жолдун ортосунда жабыркап жаткан чөнтөктүү жаныбар кеңгуруну көрөт. Ал кесибине байланыштуубу негедир айланып өтө албай унаасын токтотуп кенгурунун жанына келет жаныбардын жараатын корот, жараатын байлап жардам көрсөтө баштайт. Күтүлбөгөн жерден кенгуру тура калып кичинекей колдору менен врачтын мойнунан кысып муунтуп баштайт, анын күчтүүлүгүнөн жардам берген врач өзү жардамга муктаж анын торунан чыгып кыйынчылык менен унаасына жетип келген экен.
Бул окуя боюнча балдардын ойлору талкууланат…
Сабакты бышыктоо: Австралия материги боюнча кроссворд толтурабыз.
Сабыралы кызы Жазыгүл,
С. Жоробаев атындагы №65 жалпы орто билим берүүчү мектебинин география мугалими
Комментарийлер