АРИФМЕТИКАЛЫК ПРОГРЕССИЯ

  • 24.11.2023
  • 0
АРИФМЕТИКАЛЫК ПРОГРЕССИЯ

АРИФМЕТИКАЛЫК ПРОГРЕССИЯЭлиза Токтомушева,

Кара-Кулжа районундагы Козу Ормокеев атындагы

орто мектебинин математика мугалими

 

Алгебра  9-класс

Сабактын темасы: Арифметикалык прогрессия.

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабактагы колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: Интерактивдүү ыкма

Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: табличка, карточкалар, плакат,  презентация, техникалык каражаттар.

Сабактын максаты:  Арифметикалык прогрессиянын аныктамасын жана арифметикалык прогрессиянын n-мүчөсүнүн формуласын пайдалануу менен көнүгүү иштөө.

Ойлоосун, кабыл алуусуна, сабакка активдүү катышуусуна жетишүү. Окуучуларды топторго бөлүү менен бири-бирине жардам берүүгө тарбиялоо.

Күтүлүүчү натыйжа: Сан удаалаштык, арифметикалык прогрессия боюнча эрежелерин айтып бере алса, турмуштан мисалдарды келтире алса, түшүнүктөрүн пайдаланып, мисал иштей алышса.

 Сабактын жүрүшү:

1. Сабакты уюштуруу жана жагымдуу маанай түзүү үчүн быйтыкчаларды пайдалануу.

2. Үй тапшырмасын доскага илинген табличкалар аркылуу сурап алуу.

3. Жаңы теманы түшүндүрүү:

Санаторияда эс алууга доктор күнүнө күнгө какталуу эрежесин: 1-күн 10 мүнөт, кийинки күндөрү улам 5 мүнөткө узартып туруу керектигин сунуш кылат. Эс алуучу алгачкы он күндүн ар бир күнү канча мүнөттөн күнгө какталып турат?  10, 15, 20, 25, 30, 35, 40, 45,….. бул удаалаштык —

арифметикалык прогрессия деп аталат.

 Арифметикалык прогрессия деп — экинчи мүчөсүнөн баштап улам кийинки мүчөсү мурункусуна бир эле турактуу санды кошкондок пайда болгон сан удаалаштыгын айтабыз. Улам кийинки мучөсүнөн мурунку мүчөсүн кемиткенден калган сан – арифметикалык прогрессиянын айырмасы  деп аталат. Ал  d-деп белгиленет.

а1,a2,a3,…an, an+1     М  : a3=a2+d

М: 1)   1,2,3,4,5…….d=1,      2) -1,-2,-3,-4,-5…..     d=-1     3)    5,10,15,20….  d=5       4)        3,3,3,3,…  d=0

Теорема:  Эгер а1,a2,a3,…an,an+1 айырмасы d болгон ариф.пр. болсо, анда n-мүчөсү

АРИФМЕТИКАЛЫК ПРОГРЕССИЯ

 

1-мисал: а1=1,   d=4 болсо,  а17=? ,            а17=1+(17-1)*4=65    

2-мисал:  6,10,14…. арифметикалык прогрессиянын   n-мүчөсүнүн формуласын жаз. Мында d=4, а1=6,

an= а1+( n-1) d=6+( n-1)*4=4 n+2                                 ж: an=4*n+2

3-мисал: 99 саны 3,5,7,9…арифметикалык прогрессиянын канчанчы мүчөсү? d=2, а1=3,

an= а1+( n-1) d ,      99=3+2n-2,     98=2n,   n=49.

Ж: n=49.

4-мисал: Арифметикалык прогрессияда а8=130,    а12=166,         n-мүчөсүнүн формуласын жаз.

а8= а1+7 d,    а12= а1+11 d              экинчи теңдемеден биринчини кемитсек 4d=36 ,          d=36:4=9 . Демек ,  а1=130-7 d=130-63=67,                                    эми прогрессиянын  n-мүчөсүнүн формуласын жазып алабыз.

an= а1+( n-1) d=67+( n-1)9=67+9 n-9=58+9 n

Ж:an=58+9n

Разминка

  1. Бышыктоо:

№11.

а) а1=2,  d=1/2;

a21+d=2+1/2=2,5;

a3=a2+d=2,5+0,5=3;

a4=a3+d=3+0,5=3,5;

a5=a4+d=3,+0,5=4;       Ж: 2, 2,5, 3, 3,5, 4.

б) а5=4,  d=-5;

a4=a5-d=4+5=9;

a3=a4-d=9+5=14;

a2=a3-d=14+5=19;

a1=a2-d=19+5=24;      Ж: 24, 19, 14, 9, 4.

№12.

(оозеки) биринчи мүчөсүн жана айырмасын табуу.

13.

а) а1=2,  d =3,  болсо, а151+14d

а15=2+14*3=2+42=44;

б) а1=3,  d =4,  болсо, а201+19d

а20=3+19*4=3+76=79;

в) а1=-3,  d =-2,  болсо, а181+17d

а18=-3+17*(-2)=-3-34=-37;

г) а1=-2,  d =-4,  болсо, а111+10d

а11=-2+10*(-4)=-2-40=-42;

 №14.

а) а1=7, а16=67;      б) а1=-3, а25=45

а16= а1+15d                          а25= а1+24d

7+15d=67                             -3+24d=45

15d=60                                  24d=48

d=4.   Ж: d=4.                        d=2.   Ж: d=2.

в) а1=1/2, а7=6,5;             г) а1=-4, а9=0

а7= а1+6d                              а9= а1+8d

0,5+6d=6,5                           -4+8d=0

6d=6                                      8d=4

d=1.   Ж: d=1.                        d=0,5.   Ж: d=0,5.

№15.

а) an=4+3n             б) an=12-5n

a1=4+3*1=7                         а1=12-5*1=7

a2=4+3*2=10                       а2=12-5*2=2

a3=4+3*3=13                       а3=12-5*3=-3

Ж: 7, 10, 13.                              Ж: 7, 2, -3.

в) an=3(n+1)

a1=3*(1+1)=3*2=6

a2=3*(2+1)=3*3=9

a3=3*(3+1)=3*4=12          Ж: 6, 9, 12.

Теманы бышыктоо үчүн суроолор берилет

  1. Жыйынтыктоо. Үй тапшырма: №16 окуп келүү
  2. Баалоо
Бөлүшүү

Комментарийлер