Физика: Архимед күчү
- 20.02.2026
- 0

Физика, 7-класс
Нурасел Турусбекова
Сабактын темасы:
АРХИМЕД КҮЧҮ. АРХИМЕД КҮЧҮН ЭСЕПТӨӨ ЖОЛУ. НЕРСЕЛЕРДИН СУЮКТУКТА СҮЗҮҮ ШАРТТАРЫ
Сабактын максаты:
- Окуучулар Архимед күчү менен таанышышат.
- Архимед күчүнүн физикалык маанисин түшүнүшөт, математикалык формуласы менен таанышып маселе иштей алышат.
- Жашоодо Архимед күчүнүн колдонушун биле алышат.
- Байкоо, салыштыруу, талдоо, анализ, коммуникация, көйгөйлөрдү чече билүү, приборлор менен иштөө көндүмдөрү калыптанат.
Сабактын методдору: интерактивдүү ыкмалар: иллюстративдик, изилдөөчү, топтордо иштөө, практикалык, суроо-жооп, рефлексия жана өз алдынча баалоо, санариптик технологияларды колдонуу.
Сабактын жабдылышы: Ноутбук, проектор, экран, кыскача ролик (видео), смартфон, ар кандай массадагы топтор, суу, мензурка, жумуртка, аш туз, суу май ж.б.у.с. нерселер
- 7-класс физика окуу китеби. Автор Э.Мамбетакунов; Б.Мурзаибраимова.
- Маселелер жыйнагы. автор Айбек Эмил уулу
Окуучунун таяныч билими: Окуучулар күч, күчтүн түрлөрү, заттын тыгыздыктары жөнүндө билишет.
Сабактын жүрүшү
1Е-этап Шыктандыруу ≈ 10 мин
Класс 3 топко бөлүнөт. Үйгө берилген тапшырманы Quizizz тиркемеси аркылуу кайтарым байланыш кылышат.
- Иш аракет: Биздин жашообузда туура жана туура эмес формадагы нерселер кездешери жөнүндө түшүнүшөт.
- Суроо: Доскадан эмнелерди көрүп жатасыңар?
- Бул нерселердин кандай айырмачылыктары бар?
- Туура жана туура эмес формадагы нерселердин көлөмүн кайсы формула менен табабыз?
- Ар бир топ телефондору аркылуу Quizizzтен тест тапшырып өз топторуна балл топтошот.Туура жана туура эмес нерселер биздин жашообузда кездешерин аныктап билип, видеону көрүп андан өз ойлорун ачыктап дептерлерине жекече жазышат.
Берилген тапшырмаларды аткаруу менен окуучулар жаңы теманы топто иштеп ачышат. А) жекече Б) экиден В) топто
Learningapps.org тиркемеси аркылуу жаңы теманы аныкташат.
Мензурка, суу, аш туз жана жумуртка ж.б.
2Е-этап Изилдөө ≈10 мин
Класс 3 топко бөлүнөт.
Окуучулар Архимед күчүнүн жашообузда кездешери жөнүндө маалыматтарды топтошот.
Видео тасма: Динамометрге илинген жүктү сууга матырып, андан жүктүн көлөмүн барабар суюктук бөлүнүп чыкканын көрүүгө болот.
Инструкция: Тажрыйба көрсөтөм, ар бир кадамды байкап карап отургула, тажрыйба көрсөтүп жаткан маалда силер эмнени байкадыӊар 3 мин убакыт берем, жоопту дептерлерине жазышат.
Иштин жүрүшү: Мугалим суу толтурулган мензуркага туура эмес формадагы нерсени цилиндрди салуу
Бул учурда суунун деңгээли көтөрүлөт. Суу мензуркадан ашып куюлат.
Балдар мугалим көрсөткөн тажрыйбаны байкап, жазып отурушат жана өздөрүнө берилген ишти аткарып дептерлерине жазышат.
М: Суунун деңгээли оор нерсени салгандан ташып кетти ж.б.
Суроолор:
Суунун деңгээли эмне үчүн көтөрүлдү? Суу эмне үчүн ашып кетти?
Изилдөө этабында окуучулар буга чейин туура жана туура эмес формадагы нерселердин көлөмүн аныктоо боюнча маалыматтарды алган, ошондой эле приборлорду колдонууну үйрөнө алышат
Максат: Окуучуларды жигердүү иш-аракеттерге жана өз алдынча байкоо жүргүзүүгө шыктандыруу, аларга кандай гана формадагы нерсени суюктукка салбайлы, ал суунун деңгээлин жогорулатат же суу ташып агарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү.
А) жекече Б) экиден В) топто
3Е-Этап Түшүндүрүү ≈ 8 мин
Инструкция: Мугалим Архимед күчү, нерселердин суюктукта сүзүү шарттары жана аны эсептөө жолу менен тааныштырат.
- Иштин жүрүшү: Слайд көрсөтүлүп, түшүндүрүлөт.
Тарых: Б.з.ч. 260-жылы Байыркы Грециядагы Сиракуз мамлекетинин падышасы Гиерон өзүнө таажы жасаган устанын ак ниет иштегенин текшерүү максатында Архимедке тапшырма берген.Анткени таажынын салмагы устага берилген алтындын салмагына барабар болсо дагы,ага башка арзан металл кошулуп калдыбы деп падыша күмөн санаган.Таажыны бузбай туруп,ага кошулманын бар же жок экендигин билүү керек эле.
Архимед адегенде кандайдыр бир бөлүк алтындын ошондой эле көлөмдөгү суудан 19,3 эсе оор экендигин тапкан.
Бул алтындын тыгыздыты суунун тыгыздыгынан 19,3 эсе чон дегенди билдирет. Архимед таажы жасалган заттын тыгыздыгын табууга аракеттенген. Эгер таажынын тыгыздыгы суунун тыгыздыгынан 19,3 эсеге чон болбосо, анда ал таза алтындан жасалган эмес деген жыйынтыкка келмек.
Нерсенин тыгыздыгын аныктоо үчүн анын массасын көлөмүнө бөлүү керек. Таажынын массасын оңой эле аныктап алууга болот. Бирок, ал өтө татаал формада жасалгандыктан көлөмүн аныктоо кыйынга турган.
Күндөрдүн биринде Архимед мончодо жуунуп жатып суу толтурулган ваннага түшкөндө, суунун кайсы бир бөлүгү ваннадан төгүлүп калган. Анын оюна өзүн кыйнап жүргөн маселени чечүүнун жолу капысынан кылт дей түшөт.
Кубанып жана толкунданган Архимед: «Эврика!», «Эврика!» — деп кыйкырып жиберген. Бул «Таптым», «Таптым!» дегенди түшүндүрөт. Ошентип, ал суюктукка толук матырылган нерсе өзүнүн көлөмүнчөлүк суюктукту сүрүп чыгараарын таап алган. Ушул ачылыш туура эмес формадагы нерселердин көлөмүн аныктоого мүмкүндүк берген. Биз лабораториялык иштерде пайдаланы жүргөн мензурка көпчүлүк учурларда ушундай максаттар үчүн колдонулат.
Уламышта таажы жасалган заттын тыгыздыгы таза алтындын тыгыздыгынан кичине чыгып, устанын айыбы ачылып калганы айтылат, бирок илимде эн сонун ачылыш пайда болгон.
Суюктукка же газга чөгөрүлгөн нерселерге суюктук же газ тарабынан төмөндөн жогору багытталган түртүү күчү аракет этет. Бул күч Архимед күчү деп аталат.
𝑭𝒂=𝝆𝒄∙𝒈∙𝑽н
𝝆𝒄−суюктуктун тыгыздыгы
𝑽н−нерсенин көлөмү 𝒈−эркин түшүү ылдамдануусу
- Эгер нерсенин оордук күчү Архимед күчүнөн чоң 𝐹 оор>𝐹 А болсо,анда нерсе суюктукта чөгөт.
- Эгер нерсенин оордук күчү Архимед күчүнө барабар 𝐹 оор=𝐹 А болсо, анда нерсе суюктуктун ичинде сүзүп жүрөт.
- Эгер нерсенин оордук күчү Архимед күчүнөн кичине 𝐹 оор<𝐹 А болсо, анда нерсе суюктуктун бетинде калкып жүрөт.
4Е-этап Кеңейтүү ≈6 мин
Инструкция: Мугалим тажрыйба көрсөтүп берет,тажрыйба боюнча кыскача эссе жазышат жана турмуштан мисалдарды келтиришет.
Ар бири жекече иштеп, эссе жазышат.
- Керектүү нерселер:
Мензурка,суу жана массалары ар кандай болгон топтор
- Иштин жүрүшү: Мугалим суу толтурулган мензуркага массалары ар кандай болгон топторду салат.
- Бул учурда массасы оор болгон топ чөгөт
- ▪ Үчүнчү топ калкып калганын көрүшөт
❖ Максат: Окуучуларды өз алдынча байкоо жүргүзүүгө шыктандыруу жана тажрыйбадан көргөн жыйынтыктарын турмуш менен байланыштырып ар бири өз ойлорун айтып берүүгө калыптандыруу.
5Е-этап Баалоо ≈11 мин
Ар бир топко тапшырмалар берилет, окуучулар топто иштешет.
I топ: Тажрыйба жүргүзүп,өздөрүнө топтогон маалыматтарды батманга түшүрүшөт.
- Керектүү нерселер:
Мензурка, суу, аш туз жана жумуртка ж.б.
- Иштин жүрүшү: Окуучулар суу толтурулган мензурканын бирине аш тузун салып арлаштырат.Андан кийин жумуртканын бирин таза сууга,экинчисин тузду сууга салышат. Бул учурда таза сууда жумуртка чөгөт. Экинчи тузду суу куюлган мензуркада жумуртка калкыйт. Окуучулар аткарылган тажрыйбадан алынган жыйынтыкты жазышат
II топ: Маселе иштешет:
Суутек менен толтурулган шарга аба тарабынан 260 Н күч аракет этилет. Шардын көлөмүн эсептегиле.Суутектин тыгыздыгы 0,09 кг\м3.
Берилди: Формула: Чыгаруу:
F=260 H 𝑭𝒂=𝝆𝒄∙𝒈∙𝑽н
ρ =0,09 кг\м3 V=𝐹𝜌𝑔 V=260 Н0.09 кг\м3∗9.8 м\с2 = 295 м3
V- ?
Жообу: V=295 м3
III топ: Баш катырма
Берилген суюктуктардын тыгыздыктарын аталышына жараша сан маанисин дал келтиришет.
М: Дениз суусу ρ=1030 кг\м3
Таза суу ρ=1000 кг\м3
- Үй тапшырма: talkingco.de тиркемеси аркылуу QR код менен алышат.
- 22-көнүгүү
№ 1 жана 2 окуу китебинин 191-бети
Комментарийлер