Аммиак жана аммоний туздары
- 17.03.2025
- 0

Врачбек уулу Темирлан, Тогуз-Торо районунун №13 Маруса Жаңыбаева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин химия мугалими
9-класс, химия
Сабактын максаты: Аммиактын физикалык жана химиялык касиеттерин түшүндүрүү.
Аммоний туздарынын касиеттерин жана колдонулушун үйрөнүү.
Химиялык теңдемелерди түзүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.
- Кызыктыруу (Жаңы маалыматты алуу)
Метод: Видеотасма, мугалимдин түшүндүрмөсү
Иш-аракет: Аммиактын формуласы NH₃ жана аммоний иону NH₄⁺ жөнүндө маалымат берилет
Аммиактын кургак газ экени, сууда жакшы эрүүчү экени түшүндүрүлөт
Аммоний туздарынын кычкылдар менен аракеттенүүсү талкууланат
Канчалык түшүндүк?
Аммиак менен аммоний ионунун ортосундагы айырма кандай?
Аммоний туздары кандайча алынат?
- Изилдөө (Түшүнгөн маалыматты тереңдетүү)
Метод: Жуптук иш, “Ой жүгүртүү картасы”
Иш-аракет: Аммиактын химиялык касиеттерин реакция теңдемелери менен талдоо
Аммоний туздарынын жылуулук менен ажыроо реакциясын жазуу
Сурамжылоо: Аммиак эмнеге сууда негиздик касиет көрсөтөт?
Текшерүү үчүн суроо: Аммиактын негиздик касиетин далилдеген реакцияны жазыңыз
Аммоний туздары кандай заттар менен реакцияга кирет?
- Түшүндүрүү (Практикалык тапшырма)
Метод: Топтук иш, эксперимент жасоо
Иш-аракет: Лакмус кагазы менен аммиактын негиздик касиетин текшерүү
Аммоний хлоридинин термикалык ажыроосун байкоо
Тапшырма: Аммиакты лабораториялык шартта алуунун жолун сунуштаңыз (https://youtu.be/_jJMYpplnOQ)
Аммоний нитратын жылытканда кандай заттар бөлүнүп чыгат?
- Түзүү (Алынган маалыматты салыштыруу, себептерин изилдөө)
Метод: “Себеп-натыйжа” диаграммасы
Иш-аракет: Аммиак менен аммоний туздарынын ортосундагы окшоштук жана айырмачылыктарды аныктоо
Аммоний туздарынын айыл чарбадагы мааниси тууралуу талкуулоо
Суроолор: Аммиак жана аммоний иону кандай химиялык байланыш менен байланышкан?
Аммоний туздары эмне үчүн жер семирткич катары колдонулат?
- БААЛОО (Жыйынтык чыгаруу, өз оюн билдирүү)
Метод: “Ооба – Жок” тест, рефлексия
Иш-аракет: Окуучулар теманы түшүнгөн-түшүнбөгөнүн баалоо үчүн тест тапшырышат
Аммиактын жана аммоний туздарынын турмуш-тиричиликтеги мааниси боюнча өз ой-пикирлерин билдиришет
Тест суроолору: Аммиак газ абалында болгон негиздик касиетке ээ зат (Ооба/Жок)
Аммоний туздары кислоталар менен реакцияга кирет (Ооба/Жок)
Аммоний туздары сууда эрүүчү эмес (Ооба/Жок)
Рефлексия: Эмне үйрөндүк?
Бул билимди кайсы тармактарда колдонсок болот?
Жыйынтык: Окуучулар аммиак жана аммоний туздарынын касиеттерин, колдонулушун жана химиялык реакцияларын түшүнүп, аларды турмушта колдоно билүүгө үйрөнүшөт.
Комментарийлер