«Албарстынын оту» жана «алтын безгеги»: Химиядан кыска аңгемелер сериясы
- 07.01.2026
- 0

“Албарстынын оту”
Айыл четинде түн ичинде күйүп тургандай көрүнгөн жарык бар экенин эл көптөн бери айтып жүрчү. Аны “албарстынын оту” дешчү. Бир күнү химия мугалими бул сырды сабакта түшүндүрүп берди.
— Бул коркунучтуу рух эмес, — деди ал. — Бул фосфор деген элемент.
Фосфор абадагы кычкылтек менен тийишкенде өзүнөн өзү жай күйүп, жарык чыгарат. Мурда адамдар илимди билбегендиктен, аны сырдуу күчкө жорушкан экен.
Окуучулар күлүмсүрөп калышты. Табияттагы көп сырлар илим аркылуу айкын болорун ошол күнү түшүнүштү. Албарстынын оту коркунуч эмес, билимге чакырган белги эмеспи…
“Сүйлөбөгөн асылдар” (Асыл газдар жөнүндө)

Химия сабагында мугалим тактага бир нече элементтин атын жазды: гелий, неон, аргон.
— Булар асыл газдар, — деди ал. — Алар көпчүлүк заттар менен реакцияга кирбейт.
Окуучулар таң калышты. Анткени химияда заттар дайыма бири-бири менен аракеттенет деп ойлошчу.
— Демек, алар жалгызсырап жашайбы? — деп сурады Нурбек.
— Жок, — деди мугалим. — Алар тынчтыкты сүйгөн, туруктуулукту сактаган элементтер.
Ошол күнү балдар асыл газдар адамдардай эле экенин түшүнүштү: кээ бири аз сүйлөйт, бирок өз орду бар. Неон жаркыраган жарыктарды берет, гелий шарларды асманга көтөрөт, ал эми аргон лампаларды коргойт. Сүйлөбөсө да, асыл газдар дүйнөгө пайда алып келет.
“Сырдуу пробирка”
Химия сабагы жаңы башталган. Мугалим стол үстүнө тунук пробирканы коюп, анын ичине түссүз эритме куйду. Окуучулар кызыгуу менен карап турушту. Анан ал экинчи эритмени кошкондо, пробирканын ичиндеги суюктук көгүш түскө өзгөрдү.
— Бул жөн эле сыйкыр эмес, — деди мугалим жылмайып. — Бул химиялык реакция.
Ошол учурда Айжан химиянын формулалары гана эмес, жашоодогу көп нерселердин сыры дал ушул илимде катылганын түшүндү. Заттар бири-бири менен кошулганда өзгөргөндөй эле, адамдын билими да үйрөнгөн сайын өзгөрүп, өсөт экен.
Ошентип, химия сабагы Айжан үчүн жөнөкөй сабак эмес, дүйнөнү таанып-билүүнүн ачкычы болуп калды.
Алтын безгеги

Алтын безгеги күч алган заманда тоо боорлору адамга толуптур. Баарынын көзү жерден чыккан жаркыраган таштарда эле. Ошол таштардын ичинде бир таш бар экен — «Жанданган Таш» -деп аталган. Анткени нымдуулукта жарылып, бөлүнөт. Алтындай ийилбейт, морт келет.
Ал күн тийсе алтындай жаркырап, адамдарды өзүнө чакырып, көз кызыктырып турчу. Көргөндөр:
— «Алтын!» — деп кыйкырып, казууга киришчү.
Бирок Жанданган Таш ичинен шыбырачу экен:
—» Мен алтын эмесмин, мен — пиритмин. (Темирдин дисульфиди) Мени тааныбаган адам гана мага алданат… Мен акмактардын алтыны болом»
Алтын безгегине берилген көптөр анын үнүн укпай, үмүтү менен шашылышып, колундагы барын жоготуптур. Ал эми илим билген аз гана адамдар анын чыныгы атын билишип, жаңылышпаган.
Ошондон бери эл арасында айтылат:
«Жаркыраган таш байлык эмес, акыл менен билим чыныгы байлык»
Ашира Кулишева
Ала-Бука району, Кара-Үңкүр жалпы орто мектебинин химия мугалими
Комментарийлер