Африканын ички суулары

  • 22.12.2025
  • 0
Африканын ички суулары

Усупбаева Кенжегул Нурдиновна

Аксы районуна караштуу Учкемпир Турдубаев атындагы №26 жалпы орто билим беруу мектебинин география мугалими

Предмет:География

Классы:7- класс

Тема:Африканын ички суулары

5Е моделине негизделген сабактын планы

Сабактын максаттары (Күтүлүүчү натыйжалар)

Билим берүүчү 

Африканын негизги дарыяларын, көлдөрүн жана жер астындагы сууларын атайт жана картадан таба алат.

Өнүктүрүүчү 

Африканын ички сууларынын жайгашуусун климат жана рельеф менен байланыштырып анализдей алат.

Тарбия берүүчү

Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана жаратылышты коргоого жоопкерчиликтүү болууга үйрөнөт.

Африканын ички суулары

Сабактын жүрүшү (5Е модели боюнча)

Саламдашуу

Кызыктыруу

«Сырдуу кутуча» оюну: Мугалим кутучадан «Африканын картасы», «Суу» деген сөздөрдү жана Нил дарыясынын сүрөтүн көрсөтөт. «Бүгүнкү сабакта эмне жөнүндө сөз болорун тапкыла?» деп суроо берет

Теманы аныкташат: «Африканын ички суулары»

Азаматсынар!Демек бугунку сабагыбызда Африканын ички сууларын окуп, изилдейбиз.

Кана балдар суу жөнүндө кандай макалдарды билесинер?

Суу тийсе жер когорот.                    Сууну сактаган -жошоону сактайт. Суу-омур булагы. Суу аккан жер жашыл болот.        Суу бар жерде-жашоо бар.

Баракелде балдар! Эгер биз Африканын сууларын изилдесек — Африканын жашоосун тушунобуз.

Изилдөө.

Окуучуларды 3 топко бөлөт. Ар бир топко тапшырма жана планшет (же картанын чоң фрагменти) берет:

1-топ: Африканын негизги  Нил, Конго, Нигер дарыяларын аныктап, маалмат топтогула.          -Атластын картасынан дарыяларды таап,кайсы өлкөлөрдү аралап агаарын,аныктагыла

2-топ: Африканын негизги  Виктория, Танганьика, Ньяса көлдөрүн атластын картасынан таап, жайгашкан мамлекеттерин аныктагыла.

3-топ: Африкада суу ресурстарында кандай көйгөйлөр бар экенин, аныктагыла.          Ар бир топ өздөрүнүн изилдөөсүнүн жыйынтыгын, картадан көрсөтүү менен аткарышып, презентациялашат.

Топтордо берилген ресурстарды, окуу китебин жана картаны колдонуп, тапшырмаларды аткарышат, маалыматтарды талдашат.

Ресурстар: Африканын картасы, окуу китеби, стикерлер, маркерлер.

Мугалим толуктап, терминдердин так аныктамаларын (мис., «режим», «гидроэнергетикалык потенциал») берет.

Нил дуйнөдөгү эн узун дарыя болуп эсептелет.-Болжол менен 6650км. Нил эки негизги булактан чыгат.Ак Нил Виктория көлөнөн чыгат. Кара Нил Угандадан башталып, Судандагы Хартум шаарында кошулуп, Нил дарыясын түзөт. 11 өлкөнү аралап агат.Алар:Уганда, Руанда, Буринди, Танзания Конго Демократиялык Республикасы, Кения, Эфиопия, Судан, Египет, Еритерия жана башкалар.Нилдин боюндагы пирамидалар жана бай тарыхый эстеликтер туристерди тартат. Суу жолдорунан кеме жана товар ташууда пайдаланышат. Дарыя маданый жашоонун булагы катары таанылат. Конго  дарыясынын узундугу 4700км.Суунун агымы боюнча- Нилден кийинки  Африкадагы экинчи узун бирок агымы боюнча эн ири дарыя. Токой экосистемасынын негизги булагы болуп эсептелет.Гидро энергия өндүрүүдө чоң ролу бар.Жаратылыш байлыгы жана транспорттук мааниси жогору.Конго дарыясы- Африканын “жүрөгү”анткени ал континенттин чон бөлүгүнө жашоо жана энергия берет.

Нигер дарыясы батыш Африкада жайгашкан. Гвинея, Мали, Нигер,Бенин жана Нигерия өлкөлөрүн аралап агат.Узундугу болжол менен 4180км.Гвинеянын тоолорунан башталып, Мали жана Нигер аркылуу өтүп, Нигериядагы Гвинея булуңуна куюлат.Айыл чарба жана сугат иштери үчүн негизги булак.
Транспорт жана балык уулоо үчүн колдонулат.
Өрөөнүндө көп эл жашайт жана шаарлар жайгашкан. (мисалы, Бамако, Нияме, Лагос).
Жыйынтык:
 Нигер дарыясы — Батыш Африканын экономикалык жана жашоо үчүн маанилүү суусу, ал бул аймакты азык-түлүк жана суу менен камсыз кылат.                    2-топ.1. Виктория колу  Чыгыш Африкада, Уганда, Кения жана Танзаниянын чегинде жайгашкан. Аянты: болжол менен     68 000 км² — Африканын эң чоң жана дүйнөдө экинчи ири көл. Нил дарыясынын башаты болуп эсептелет.Калкка   балык уулоо, суу транспорту жана гидроэнергия үчүн маанилүү. 2Танганьика көлү: Танзания, Конго Демократиялык Республикасы, Бурунди жана Замбиянын ортосунда жайгашкан. Узундугу: 660 км, тереңдиги: 1470 м — дүйнөдөгү эң терең көлдөрдүн бири. Суусу тузсуз, бирок өтө терең, уникалдуу балыктар жана жаратылыш экосистемасы менен белгилүү. 3.Ньяса колу Малави, Мозамбик жана Танзаниянын чек арасында жайгашкан. Узундугу: 580 км, тереңдиги  700 м. Суусу таза жана жылуу, балыкка бай. Малави өлкөсүнүн экономикасы жана туризми үчүн өтө маанилүү. Бул үч көл — Африканын эң чоң жана маанилүү суу сактагычтары болуп, континенттин климатына, жаратылышына жана калкынын жашоосуна чоң таасир этет.

3-топ Африка чоң суу запастарына ээ болгонуна карабастан, бул ресурстарды натыйжалуу башкарууда бир нече олуттуу кыйынчылыктарга  туш болууда.

1. Суунун Жетишсиздиги жана Климаттын Өзгөрүшү Кургакчылык: Климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында кургакчылыктар тез-тез болуп, узарып жатат. Бул жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардын запасын азайтууда.Жаан-чачындын туруксуздугу айыл чарбасын жана суу менен камсыздоону пландаштырууну кыйындаштырууда. Көптөгөн ири дарыялар (Нил, Замбези, Конго) бир нече өлкөнүн аймагы аркылуу агат. Жогорку агымдагы өлкөлөр (мисалы, Эфиопия) ГЭС курганда, төмөнкү агымдагы өлкөлөр (мисалы, Египет, Судан) суунун көлөмү азайып кетет деп коркушат. Суу түтүктөрүнүн, сугат системаларынын жана тазалоочу жайлардын начар абалы же жоктугу. Натыйжада, суунун чоң көлөмү талааларга жетпей же ашыкча сарпталып, жоготуулар коп болууда. Өнөр жай калдыктары, канализация жана айыл чарба жер семирткичтери суу ресурстарын, анын ичинде жер астындагы сууларды да булгап, пайдаланууга жараксыз кылууда.  Топтор өз   иштерин презентациялашат. Бири-биринин маалыматын угуп, суроолорду беришет. Негизги түшүнүктөрдү дептерге жазышат.

Тапшырма: «Себеп-Натыйжа» оюну Мугалим суроо берет: «Эмне үчүн Африканын ички суулары континенттин аймагына бирдей бөлүштүрүлгөн эмес? Бул климат жана рельеф менен кандай байланышта?» Окуучулардан картага карап, мисалдар менен түшүндүргуло. (Мисалы: «Экватордо көп жаан-чачын -> Конго дарыясы эң суулуу» же «Чыгыш Африка жаракасы -> Терең көлдөр».

Африканын ички сууларынын бирдей таралбашынын негизги себептери анын климатына жана рельефине (жер бетинин түзүлүшүнө) байланыштуу.

Мында негизги факторлор: Климаттын ар түрдүүлүгү: Экваторго жакын аймактарда, Конго бассейни жыл бою жаан-чачын көп болгондуктан, дарыя тармактары жыш жана дарыялардын суусу мол (мисалы, Конго дарыясы).Тропикалык жана субтропикалык аймактарда (Сахара чөлү, Калахари чөлү): Жаан-чачын өтө аз же дээрлик жок болгондуктан, дарыялар сейрек кездешет, көбүнчө мезгил-мезгили менен гана суу толгон кургак нуктар (вади) же туздуу тайыз көлдөр бар (мисалы, Чад көлү).Субэкватордук аймактарда (Нил, Нигер, Замбези): Жаан-чачын мезгилдик мүнөзгө ээ (жайкы жаан-чачын), ошондуктан дарыялардын суусунун деңгээли жыл мезгилине жараша кескин өзгөрүп турат.⛰️ Рельефтин өзгөчөлүктөрү:Африканын көпчүлүк бөлүгү бийик түздүктөр жана платолордон турат. Дарыялар бул тепкичтүү рельеф аркылуу агып өткөндүктөн, алардын нуктарында көптөгөн босоголор жана шаркыратмалар (мисалы, Замбезидеги Виктория шаркыратмасы) пайда болуп, кеме жүрүүгө тоскоолдук жаратат. Чыгыш-Африка тектоникалык жаракалар зонасында (рифт өрөөнү) ири жана терең көлдөр (Виктория, Танганьика, Ньяса) топтолгон.

Демек балдар Жыйынтыктап айтканда, Африканын сууларынын таралышы климаттык зоналарганымдуу экватордон кургактыкка  чейинки жаан-чачындын өлчөмүнүн кескин өзгөрүшүнө түз байланыштуу.

Окуучулар алган билимин колдонуп, суроолорго оозеки жооп беришет, географиялык себеп-натыйжа байланыштарын логикалык жактан негиздешет.

Баалоо

Балдар баарыбыз колдорубуздагы телефондорду билимге арнасак натыйжасы эн жакшы болот. Анда баарынардын телефондорунарга ссылка барды ачып бугунку темага арналган тестти иштейбиз.

https://forms.gle/9gbL5Y4 

Бул сылка аркылуу берилген тест,жооптору менен.                     

​1. Африкада түштүктөн түндүктү карай аккан, дүйнөдөгү эң узун дарыя кайсы?                   

а) Конго (Заир).      б) Нигер.                 в) Замбези.             г) Нил

​2. Африкадагы аянты боюнча эң чоң көл кайсы?

а) Танганьика

б) Ньяса (Малави)

в) Виктория

г) Чад

​3. Конго дарыясы кайсы океанга куят?

а) Инди океаны

б) Атлантика океаны

в) Жер Ортолук деңизи

г) Кызыл деңиз

​4. Замбези дарыясында жайгашкан, дүйнөгө белгилүү шаркыратма кайсы?

а) Анхель

б) Виктория

в) Ниагара

г) Игуасу

​5. Чыгыш Африкадагы Улуу Рифт өрөөнүндө жайгашкан эң терең көл кайсы?

а) Виктория

б) Танганьика

в) Чад

г) Туркана

​6. Нигер дарыясы кайсы булуңга куят?

а) Сидра булуңу

б) Гвинея булуңу

в) Аден булуңу

г) Мозамбик булуңу

​7. Жер Ортолук деңизине куйган ири дарыя кайсы?

а) Конго

б) Замбези

в) Нил

г) Оранж

​8. Суу деңгээли жана аянты климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу өтө көп өзгөрүп турган тузсуз көл кайсы?

а) Танганьика

б) Чад

в) Киву

г) Альберт

​9. Африканын кайсы дарыясы экваторду эки жолу кесип өтөт?

а) Нил

б) Нигер

в) Конго (Заир)

г) Замбези

​10. Африканын түштүгүндөгү Атлантика океанына куйган дарыя кайсы?

а) Лимпопо

б) Замбези

в) Оранж (Кызгыл сары)

г) Рувума

​11. Нил дарыясынын негизги эки куймасы кайсылар?

а) Конго жана Нигер

б) Замбези жана Лимпопо

в) Ак Нил жана Көк Нил

г) Оранж жана Вааль

​12. Африканын түштүк-чыгыш жээгинде, Инди океанына куйган ири дарыя кайсы?

а) Нигер

б) Замбези

в) Оранж

г) Конго                          

 Бардык окуучулардын тесттинин жообу ноутбук, проектордун жардамында доскага чыгып окуучулар оздорун оздору баалашат.       

Үй тапшырмасын берүү: «Африканын ички сууларынын чарбалык мааниси» (чакан эссе же доклад даярдоо).

 

Суроолорго тез жооп беришет. Сабакка активдүү катышкан окуучулар бири-бирин баалашат. Үй тапшырмасын жазып алышат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер