«КҮҮНҮН БАШЫ — КАМБАРКАН», (Музыка, 5-класс).

  • 17.03.2026
  • 0
«КҮҮНҮН БАШЫ — КАМБАРКАН», (Музыка, 5-класс).

Сабактын темасы: «Күүнүн башы — Камбаркан» (Музыка, 5-класстар) 

Сабактын максаты:

Билим берүүчү: Комуздун келип чыгышы жана «Камбаркан» күүсүнүн тарыхы боюнча маалымат алышат.

Өнүктүрүүчү: Музыканы угуу, талдоо жана комуздун түзүлүшүн таануу жөндөмдөрү өсөт.

Тарбиялык: Улуттук аспапты сыйлоого жана маданий мурастарды баалоого тарбияланышат.

"КҮҮНҮН БАШЫ — КАМБАРКАН", (Музыка, 5-класс).

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди калыптандыруу.

Сабактын методу: Интерактивдүү.

Сабактын жабдылышы:

1. Комуз

2. Аудио/видео материалдар

3. Музыкалык аспаптардын сүрөтторү, пазлдар

4. Ватман, маркерлер.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Комуздун коштоосунда окуучуларды тосуп алуу.

Музыкалык саламдашуу. Быйтыкчалар аркылуу жагымдуу м аанай түзүу.

Окуучулар сыр сандыктан музыкалык аспаптардын сүрөттөрүн алуу менен топторго бөлүнүшөт.

Берилген үй тапшырманы топтор бири-бирине суроо берүү менен аткаруу.

Комуздун добушун уктуруп, балдарга суроо узатуу.

"КҮҮНҮН БАШЫ — КАМБАРКАН", (Музыка, 5-класс).

Топтук иш:

— Балдар, бул кандай добуш?

Бул аспаптын үнү эмнени элестетет?

Окуучулар комуздун сүрөтүнүн бөлүктөрүн (пазл) чогултушат.

Комуз жөнүндо билген маалыматтарын айтышат.

Мугалимдин иш-аракети: Окуучуларга Камбаркандын уламышы боюнча видео ролик көрсөтөт

Окуучулар видеону көрүп, төмөнкү суроолорго жооп издешет:

1. Камбаркан ким болгон? (Мергенчи).

2. Ал ичегинин добушун кантип угуп калган? (Дарактын башында илинип калган ичеги).

3. Эмне үчүн биринчи күү «Камбаркан» деп аталып калган?

Изилдөө: Комуздун бөлүктөрүн (кулак, моюн, чара, кыл) өз алдынча таап, атап чыгышат.

Мугалимдин иш-аракети: Окуучулардын тапкан маалыматтарын толуктайт.

Теориялык маалымат: «Күүнүн башы — Камбаркан» деген сөздүн маанисин түшүндүрүү. Бул эң байыркы жана негизги күү экенин айтуу.

Комуз кыргыз элинин чертме кылдуу музыкалык аспабы.

Күү-кыргыздын музыкалык аспаптык чыгармасы.

Комуз чертүүнүн ыкмалары: аралашма, калчылдатып чертүү, терип чертүү, жанып чертүү, кол ойнотуп чертүү.

Мугалимдин иш-аракети: Билимди практикада колдонуу.

Салыштыруу: Комуз менен башка элдердин аспаптарын (мисалы, домбура же гитара) окшоштугун жана айырмасын табуу .

Чыгармачылык: «Эгерде мен комузчу болсом…» деген темада 2-3 сүйлөмдөн турган ой толгоо жазуу же комуздун сүрөтүн тартуу.

Мугалимдин иш-аракети: Сабактын жыйынтыгын чыгаруу.

Кайтарым байланыш: «Билем, Билдим, Билгим келет» (БББ) таблицасын толтуруу.

Викторина: «Ооба/Жок» оюну аркылуу жаңы маалыматтарды текшерүү.

"КҮҮНҮН БАШЫ — КАМБАРКАН", (Музыка, 5-класс).

Баалоо: Топтордун жана активдүү окуучулардын ишин баалоо. (Топтор менен иштөөдө ар бир туура жоопторго нота берилген жана окуучулар ноталарын ноталык станга жайгаштырышкан.)

Үй тапшырма: комуздун сүрөтүн тартып, бөлүктөрүн жаттоо.

 

АЛИМБЕКОВА Назира, Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинин музыка мугалими 

Бөлүшүү

Комментарийлер