“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” ЖАНА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” СЫНАГЫ БАШТАЛДЫ

  • 01.10.2024
  • 0

Бишкекте  республикалык “Жыл мугалими – 2024” сынагы старт алды. Ал 5-октябрга чейин уланат. Билим берүүнүн тарыхында биринчи жолу чоң байге коюлуп, т.а. баш байгенин жеңүүчүсү   батирлүү болот. Сынакка жети дубандан 17 предмет боюнча эң мыкты деп аталган 128 мугалим, 28 тарбиячы катышууда. Аталган иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жатат.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” ЖАНА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” СЫНАГЫ БАШТАЛДЫ

Педагогдун талантын, мээримин, чыгармачылыгын эч нерсе алмаштыра албайт

Билим берүү жана илим министринин орун басары М.Касымалиев сынактын катышуучуларын ириде келе жаткан Мугалимдер күнү менен куттуктады.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” ЖАНА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” СЫНАГЫ БАШТАЛДЫ

— Кесиптик майрамда ишке берилүү, акылмандык, сабырдуулук менен иштеп жатканыңыздарга өзгөчө таазим этебиз. Мугалимдик кесип — эң жөнөкөй, бирок сыймыктуу, түйшүктүү жана эң жоопкерчиликтүү. Биз сиздерди ар бир үй-бүлөнүн мүчөсү деп билебиз. Азыркы мезгилде билим албаган бир да атуул жок эмеспи.  Албетте, коом өзгөрдү, илимий-технология өнүгүп жатат. Бирок эч кандай инновация педагогдун талантын, мээримин, чыгармачылыгын алмаштыра албайт.  “Мугалим – мөмөлүү дарак”  дегендей,  Сиздердин берген билим-тарбияңыздар акылмандыктын, мекенди сүйүүнүн, чынчылдыктын “мөмөсүн”  берет. Ушул ыйык дарагыбыз дайыма гүлдөп, мөмөсүн төгүп турсун!  Мугалимдердин талыкпаган эмгегинин арты менен  окуучуларыбыз эл аралык олимпиадаларда жеңишке жетип, намысыбызды коргоп келатат. Акыркы убакта мугалимдик кесиптин аброюн колдоп, социалдык статусун жогорулатуу максатында жаңы долбоорлор, программалар ишке ашырылып жатат. Жаңы мыйзам  күчүнө кирип, билим жаатындагы өнүгүү процесстери кызып жаткан учурду көрүп жатабыз, — деди орун басар.

Эң оор тесттик тапшырма

Сынактын катышуучулары ириде эң оор 1-турда тесттик тапшырмаларга киришти. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун кызматкери С.Умралиеванын айтуусуна караганда, тестирлөө турунда  гуманитардык предметтер боюнча бир саатка чейин, ал эми табигый-математикалык предметтерге 60-70 мүнөт берилет.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” ЖАНА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” СЫНАГЫ БАШТАЛДЫ

— Тест тапшыруучуларды беш топко бөлдүк. Ар бир предмет, багыты боюнча тест түзүлгөн, ошондой эле педагогикалык кырдаалдар боюнча да тесттер бар. Жалпы тестке 60 баллга жетиши керек. Ал эми тепкичтик баллы 40тан өткөндөр 2-турга катышат, — деди адис.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” ЖАНА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” СЫНАГЫ БАШТАЛДЫ

Эки турдун жыйынтыгында 70-100 балл алгандар 3-турга барат. 3-турда “Сабак” конкурстук сыноосу болот. Анын максаты – катышуучу сабакты даярдоодо, өткөрүүдө жана талдоодо окуу-тарбиялоо процессин жана окуучулардын окуу ишин уюштуруунун негизги формасы катары өзүнүн кесиптик көндүмдөрүн көрсөтүүгө тийиш.

Сынактын өзгөчөлүгү

Аталган конкурстун максаты — башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү. Ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” ЖАНА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” СЫНАГЫ БАШТАЛДЫ

Жыл сайын эле бул кароо-сынак мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын таланттуу, чыгармачылык менен иштеген мугалимдерин аныктоо, аларды колдоо жана кубаттоо, ар бир мугалимдин өзүн-өзү жана кесиптик сапаттарын көрсөтүшүн камсыздоо, кесиптик байланыш чөйрөсүн кеңейтүү, республиканын мыкты мугалимдеринин педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу жана мугалимдердин мыкты тажрыйбасы жөнүндө педагогикалык маалымат менен толуктоо максатында өткөрүлүп келатат. Быйылкы сынак жаңы жобонун негизинде бир нече номинация менен, т.а. башталгыч класстын мыкты мугалими, кыргыз тили жана адабиятынын мыкты мугалими, орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими ж.б. болуп жалпысынан 17 предметтен облустук турда электен өткөн  мугалимдер катышып жатат.

— Эгерде талапкер үч турдан тең өтүп бирдей балл алса, аны чоң жюри “Мугалимге сөз” деген кошумча сыноого жиберет. Мында үч критерий менен баалоодо ал ата мекендик билим берүүнү өнүктүрүү тенденцияларын жана мамлекеттик билим берүү саясатынын маселелерин түшүнүү, ой жүгүртүүлөрдүн тереңдиги жана стандарт, сунушталган чечимдердин негиздүүлүгү жана реалдуулугу, билдирген жеке позициясы жана коммуникативдик маданияты боюнча жогорку көрсөткүчкө жетишсе, ага 10 балл ыйгарылат. Жыйынтыктап айтканда, 17 предметтик мугалимдердин баары бирдей деңгээлде катышат жана өз предмети боюнча эң жогорку балл алган мугалим жеңүүчү аталат. Анын ичинен эң жогорку 110 балл алган талапкер гран-приге ээ болот, — дейт министрликтин жетектөөчү адиси С.Өмүрканова.

Белгилей кетчү жагдай, ар бир турду чоң жюри, чакан жюри жана ар бир предмет боюнча беш же жети кишиден турган комиссия онлайн форматта иштеп жатат. «Кара кылды как жарган» комиссиянын курамында жалпы 100 адам тартылган.

Кимдер келди?

Республикалык “Жылдын мыкты мугалими” сынагына Ош шаары менен Ош облусу өзгөчө даярдык менен келип, акыркы жылдары алдыңкы орунга эч кимди чыгарбай жүрүшөт. Өткөн жылы дагы сынакка атайын мугалимдерди даярдап, бир чоң команда чогуу келип, 1-, 2-орундарды илип кетишкен болчу. Быйыл дагы эң күчтүү жаш мугалим Илгиз Шамурзаев башында турган күчтүү команда келди. Сынактын катышуучуларынын катарында «Олимп» мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Нургүл Тайыр кызы. Ал ОшМПУнун аспирантты (2-курс). Катышуучунун урааны — окуучулардын жүрөгүнөн түнөк тапкан, кесибин сүйгөн жана сүйдүрө алган, ар бир адамдын аң-сезимин ойготуп, жүрөктөрүн дарылаган, Ата-Мекенибиздин эртеңи үчүн кызмат кылган улан-кыздарды тарбиялап, билим берүү.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” ЖАНА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” СЫНАГЫ БАШТАЛДЫ

— Мен мугалимдикти жакшы көрөм — анткени ал эртеңки улуттун келечегине кам көргөн, Ата журтубуздун эртеңин көрө билген, патриот адамдарды тарбиялоо, ар бир адамдын жашоосун өзгөрткөн, өзү үчүн эмес, өзгөлөр үчүн жашаган кесиптин ээси. Окуучуларымдан болсо аруулукту, тазалыкты, шайыр мүнөздү үйрөндүм, — дейт талапкер.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” ЖАНА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” СЫНАГЫ БАШТАЛДЫ

Нургүл Тайыр кызы эмгектен тажабаган, жаңычыл мугалим.  Эмгегинин үзүрүн көрүп, бир топ сыйлыктарга татыктуу болду. Ал Президенттик «Үмүт» стипендиясынын ээси (2014-жыл), Регионалдык жаш окумуштуулар ассоциациясынын «Жаш илимпозу» (2014-жыл),           «Жаш мугалим — 2018» сынагынын баш байгесинин ээси,  Ош шаары (2018-жыл), «Санарип мугалим» баш байгесинин ээси (2022-жыл),         «Жыл мугалими — 2021» 1-орун, Ош шаары; КРнын Билим берүүнүн мыктысы (2023-жыл), «Жылдын мыкты мугалими — 2024» баш байгенин ээси, Ош шаары. Кыскасы, Нургүл Тайыр кызынын алган сыйлыктарын санап отурсак, гезиттин бир бети дагы жеткидей эмес. Жаңычыл, демилгечил мугалимге ийгилик каалайлы!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер