ЖОЖ: БАР ЭКЕН ДА, ЖОК ЭКЕН
- 14.11.2025
- 0
Азыркынын жомогу
ЖОЖ: БАР ЭКЕН ДА, ЖОК ЭКЕН
же чет өлкөлүк “өлүү жандан” баар тапкысы келгендер
Үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын маанилүү өнүгүү негиздеринин бири болуп саналган жогорку окуу жайлары өз алдынча Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине айланды. Акыркы мезгилде жалпы улуттук агартуу тармагынын түпкүлүктүү багыттары катары жаштарга билим берүү, заманбап адистерди даярдоо, аларды илим жана тармактык кесип жолуна тартуу сындуу заманбап учур талаптары байма-бай талкууланып келет. Ошондон улам, сөздү даңазалуу окуу жайлардын бири – Түштүк Африкада Стелленбосс университетинин кире беришиндеги тактада жазылган накыл кептен баштоону эп көрдүм. Анда минтип айтылган экен:
«Азыр бүтүндөй бир улутту же бүкүлү мамлекетти жок кылуу үчүн атом бомбасын таштоонун же өзөктүү ракета куралы менен сокку уруунун кажети деле жок. Ал үчүн билим берүүнүн сапатын кескин түшүрүп, окуучулардын алдамчылык аркылуу баа алуусуна жол ачуунун өзү эле жетиштүү. Дал ушундай жол менен окууну бүткөн дарыгерлердин колунан бейтаптар ажал табат. Дал ушундай инженерлер курган имараттар урандыга айланат. Дал ушундай экономисттер менен бухгалтерлердин айынан кошумча каржы топтолбойт, казына капчыгы толбойт. Дал ушундай юристтер менен соттордун адилеттик менен иши болбойт. Ошентип, билим берүү тармагынын кыйрашы бүтүндөй бир улуттун жайрашына же мамлекеттин жайрашына алып келет!»
Таасирдүү да таасын сөз! Мындай эскертүүнүн илингенинен бери кылымга чукул мезгил өттү. Ошондон бери бул накыл кеп баарыбыз үчүн баштапкы маанисин жоготкон жок. Ал айрыкча Кыргызстандын азыркы агартуу тармагынын жалпы абалын астыртан каңкуулап тургансыйт. Муну азыркы заман чакырыктары да тастыктап жатканын жакшы билебиз. Кайсы доордо, кай заманда, кандай жагдай болбосун, агартуу тармагы ар дайым жалпы коомдун илгери үмүтү, изги тилеги, улут сыймыгы, башкы кыймылдаткыч күчү болуп келген, болуп турат, боло берет.
Ачыгын айтыш керек, кайсы элдин билим берүү жана илим тармагы бутуна бекем турса – утуш ошонуку: өлкөнүн коомдук-саясий абалы турукташат, социалдык-экономикалык пайдубалы бекемделет, маданий-руханий дөөлөтү өсөт, улуттук баалуулуктары менен нарк-насили өз ордун табат. Жанбакты ойлонгуча тобокелчи тоо ашат демекчи, азырынча чамабыз чакталуу экенине карабастан, биз дагы тобокелге тооп кылдык: жалпы адамзат агымынан калбай, жамы агартуу тармагын нукура улуттук жаңы стандартка трансформациялоо аракеттерин жасап жатабыз. Демек, эл аралык билим берүү мейкиндигинде сандан сапатка карай дагы бир кадам таштадык. Билим берүү тармагына тартылган инвестиция – жарандарыбыздын бакубат келечегине кошулган өтө маанилүү салым экенин жакшы түшүнөбүз. Алтургай, мамлекеттик саясатыбыздын өзөктүү багыттарынын бири болуп калды десек да жаңылбайбыз…
Жанагы физика илиминде мындай бир так аныктама бар: “Жоктон бар болбойт, Бардан жок болбойт!”. Биз муну кандайдыр бир деңгээлде адам баласынын жалпы жашоо философиясы катары карасак да болот. Тилекке каршы, таңгалбаска арга жок, арабыздан андай таасын аныктаманы карандай танып, жоктон бар кылгысы, жалгандан чын жасагысы келгендер да чыгат тура. Ага жаштарга жогорку билим берүү жана болочок кесип ээлерин даярдоо мекемелериндеги түзүлгөн кыйчалыш кырдаалды, жанбакты жагдайды мисал тартсак жетиштүү болор.
Биз бала чакта уккан жомоктордун көбү “Тээ-э, илгери болгон экен, жок экен, жалган экен, чын экен” деп баштала турган. Анысы кандай, өткөн жогорку окуу жайларына жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Кыргызстандын көпчүлүк окуу жайларында мына ошондой бар экен да жок экен “өлүү жандар” толтура болуп чыкты.

Маселен, жалгыз эле үстүбүздөгү жылы Ош шаарындагы 5 жогорку окуу жайына жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, сабактарга катышпоо жана академиялык карыздар сындуу бир катар мыйзамсыз иш-аракеттердин негизинде 13 миң 295 студент окуудан чыгарылган. Анын ичинде, облустук окуу жайлардын флагманы катары эсептелип келген Ош мамлекеттик университетинде 3 миң 573 студент жөн эле катталып жүргөнү белгилүү болду.
Ошондой эле, Кыргыз улуттук университетинен 2 миң 710 студент, Нарын мамлекеттик университетинен 300дөн ашуун чет өлкөлүк студент, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен 153 студент, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен 59 студент жогорудагыдай эле негизде окуудан чыгарылды. Баса, Кыргыз улуттук университетинен чыгарылгандардын саны жалпы контракт менен окуйт аталып жүргөндөрдүн 71 пайызын түзгөн.
Баса, белгилей кетчү дагы бир жагдай, окуудан чыгарылгандардын басымдуу бөлүгүн чет өлкөлүк студенттер түзөт экен. Арасында өздөрү окуйт делген жогорку окуу жайы түгүл, Кыргызстандын чет-бучкагын көрбөгөн жаштар дагы бар.
Андан тышкары, айрым ЖОЖ жетекчилери менен ондогон окутуучуларды камакка алуу, кылмыш ишин козгоо, жумушунан бошотуу, административдик тартипке чакыруу сыяктуу жаза чаралары көрүлдү дегендей.
Ошентип, өткөн эки жылдын жыйынтыгы көрсөткөндөй, Кыргызстандан билим алган чет өлкөлүк студенттердин саны 31 пайызга кыскарган. Ал эми коңшу өзбекстандык жаштардын саны дээрлик 53 пайызга чейин төмөндөдү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жылдарга салыштырмалуу 2025-жылы S таризиндеги студенттик визалар 4 эсе азайган. ал баш-аягы 11 миң 645 визаны түздү. Ушу тапта Индия жарандарынын кайрылуулары 80 пайызга азайып, баш-аягы 4 миң 200 кайрылуу түшкөнү белгилүү болду.
Эсиңерде бар чыгар, УКМК башчысы жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев өткөн жылдын соңунда эле жалпы билим берүү тармагында текшерүүлөр жүргүзүлөрүн эскерткен. “Биз буга чейин негизинен уюшкан кылмыштуу топтор менен кармашып келдик. Азыр кылмыштуу топтор жоюлду. Эми билим берүү мекемелерине кезек жетти. Ар бир билим берүү уюму менен билим берүү мекемесин кылдат текшерүүдөн өткөрөбүз. Андан соӊ медицина тармагынын азыркы акыбалын да тыкыр иликтей баштайбыз», — деген эле ал.
Демек, муну жогорку окуу жайларынын ичара жана өзара анча-мынча тазалангандагы кербези катары карасак болот. Жогорудагылар көрүнөө чыккандары, ал эми көшөгө артында көмүскө калгандары канча. Анан, алардын мурдагы абалын элестетип көргүлө. Алтургай, бир кезде Пакистандын өкмөтү Кыргызстандын медицина тармагы боюнча окуу жайларынан алган дипломдор жараксыз дегенге чейин барганы алигиче эстен чыкпаган чыгар.
Ушу тапта айрым ЖОЖ жетекчилери эки ортодо чайналып турган чагы: же өкмөт чечимин кантип ишке ашыруунун ыгын таппайт, же мурдагы табакташтары менен мындан ары кинтип иштешүүнүн жолун таппай, арабөк абалда. Ал эми катары калың калк катмары аларга анчалык ичи толбой, а-ай, ушу биздин шылуундар кантип эле өңчөй чет өлкөлүктөр менен шугулданып калсын, жергиликтүү өзүбүздүн жаштардын арасында деле “өлүк жандар” толуп жаткан чыгар деп, алардын айткан жүйөсүнө анчалык ишенкиребей турган чагы. Эми ошолорду дагы кайра дагы бир ирет түгөлдөп көрсөк кантет?
Айрым эксперттер чет өлкөлүк студенттердин санынын азайышы алардын жеке коопсуздугуна байланыштуу болуп жатат дешсе, кээ бирлери муну медициналык окуу жайлардын лицензия алуусуна жана болочок дарыгерлердин виза алуусуна талаптардын катаалданышынан көрөт. Менимче, андай себептердин кыйыр катышы болушу мүмкүн, бирок түздөн-түз тиешеси жок. Адам баласынын өмүрү жана ден-соолугунун сакчылыгында турган кадрларды даярдоочу окуу жайларга карата көзөмөл менен талаптар мындан ары да күчөтүлө бермекчи. Анькени, андай окуу жайлар өңчөй алдамчылык менен жемкорлуктун уюгуна айланып калбоого тийиш.
Албетте, Президент менен Министрлер Кабинети тарабынан бул багытта кечиктирилгис чаралар көрүлүүдө. Өзгөчө медициналык билим берүү жана кадрларды даярдоо жаатында көрүлүп жаткан чаралар колдоого арзыйт. Дарыгер – адам баласынын өмүрү жана анын саламаттыгы менен түздөн-түз байланышкан, терең билимди, жетиштүү тажрыйбаны, өтө кылдаттыкты талап кылган зор жоопкерчиликтүү кесип. Анын адистик жагынан да, илимий-практикалык жагынан да башкалардан кыйла айырмаланып турган өзгөчөлүү жактары бар.
Текшерүү жүрүшүндө болочок дарыгерлерди даярдаган көптөгөн медициналык окуу жайларынын, анын ичинде жеке менчик окуу жайларынын өздөрүнө тийиштүү клиникалык базалары жок болуп чыкты. Эми аларга атайын сынак жарыяланып, андан өткөндөр Медициналык академиянын карамагына киргизилет, ал эми калгандары медициналык кеп-кеңеш берүү мекемелерине айланат экен.
Дегеле, биздин жогорку окуу жайларыбыз мамлекеттик билим берүү мекемеси болгон соң, болочок кадрларды даярдоо маселесине мамлекеттик мамиле жасалышы керек. Баарыдан мурда өзүбүздүн жаштарга, жергиликтүү кадрларды даярдоо жаатына өзгөчө көңүл бурулуусу кажет. Ансыз болбойт, бул – жашоонун эч ким тангыс мыйзамы!
Белгилей кетсек, жакында КР Кылмыш-жаза кодексине киргизилген түзөтүүлөр күчүнө киргизилди. Маселен мыйзамдын 63-беренесине ылайык, коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган жана эркинен ажыратылган адамдар өмүр бою мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөө укугунан ажыратылат. Андан тышкары, мыйзамдын ошол эле беренесине ылайык, өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган жана келишим түзгөн жактарга карата жаӊы жаза түрү каралган. Мындай учурда, жазага тартылган адам жасалган кылмышка карата каралган жаза мөөнөтүнүн жарымын сөзсүз өтөөгө тийиш. Ошондой эле, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек мамилелерин жөнгө салуу мыйзамдарына да айрым түзөтүүлөр киргизилди. Коорупция кылмышы менен жазага тартылган же соттуулугу жоюлган жана калыбына келтирүү негизинде кылмыш иши токтотулган адамдар кайрадан мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы кызматтарга орношо албайт.
Кемел Белек, “Кут Билим”
Комментарийлер