ЖАЗ – ЖАНДУУ ОКУТУУНУН МЕЗГИЛИ: ЖАРАТЫЛЫШ — БИЛИМ ЛАБОРАТОРИЯСЫ
- 19.03.2026
- 0

Жаз – бул табияттын гана эмес, билим берүү процессинин да жаңылануу мезгили. Дал ушул убакта окуучулардын кызыгуусун арттырган, аларды активдүү иш-аракетке тарткан жана билимди чыныгы турмуш менен байланыштырган окутуу ыкмаларын колдонуу өзгөчө мааниге ээ болот. Теориялык сабактардан тышкары, бүгүнкү күндө мектептерде практикага негизделген, жандуу жана интеграцияланган окутуу ыкмалары кеңири жайылууда. Мындай инновациялык ыкмалардын бири — «Жаратылыш — билим лабораториясы», же жаратылышка негизделген окуу мейкиндиктери.


Окуучулардын көздөрү жаратылыш тууралуу сүйлөгөндө жайнай түшөт
Кыргызстандын билим берүү системасында «Мектептер-2030» программасынын алкагында мына ушундай уникалдуу демилге ийгиликтүү ишке ашууда. Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылындагы Зиямидин Каримбеков атындагы орто мектептин мугалимдери «Жаратылыш — билим лабораториясы» долбоорун түзүп, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун түп-тамырынан өзгөртүштү. Деңиз деңгээлинен 2438 метр бийиктикте жайгашкан мектепте 4- жана 9-класстын окуучулары азыр биологияны, адабиятты жана математиканы класста гана эмес, ачык асман алдында үйрөнүүдө.
Бул инновациялык ыкманын авторлору — мугалимдер Асылкан Мойдунова (кыргыз тили жана адабияты), Айсулуу Жумабаева (география), Суксуркан Эгемкулова жана Айнура Касымова (башталгыч класстар) изилдөө жүргүзүп, жыйынтыгында көйгөйдү аныкташкан: 4–9-класстардын окуучуларынын текстти түшүнүү жана талдоо көрсөткүчтөрү 34% гана түзгөн. Окуучулар китеп окууга кызыкпай, сөз байлыгы азайып, өз ойлорун толук жеткирүүдө кыйналышкан.

Бирок ошол эле учурда изилдөө учурунда окуучулар жаратылышка – аба-ырайына, өсүмдүктөргө, айлана-чөйрөгө, климаттын өзгөрүшү сыяктуу темаларга абдан кызыгаары аныкталган. Мугалимдер дал ушул кызыгуудан баштоону чечишти. Дал ушул учур аларга чоң мүмкүнчүлүк берди. Долбоордун авторлорунун айтуусунда:
«Окуучулардын көздөрү жаратылыш тууралуу сүйлөгөндө жайнай түшөт. Биз бул кызыгууну адабият, химия жана математика сабактары менен тереңдетүүнү чечтик. Эми окуучулар топурактын нымдуулугун өздөрү өлчөп, графиктерди түзүп, андан соң аларды Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы жаратылыш сүрөттөлүштөрү менен салыштырышат».
Ошентип, мектепте Жаратылыш — билим лабораториясы түзүлдү — окуучулар үчүн жандуу, практикалык окуу аянтчасы.
Сабак китептен эмес, турмуштан башталат
Эми сабактар башкача өтө баштады. Долбоордун өзөгү — мектептин биогеографиялык аянтчасы. Бул жерде окуучулар төмөнкүдөй иштерди жасашты:
- Климаттык байкоолор: Абанын температурасын, топурактын нымдуулугун өлчөп, маалыматтарды талдашат. Алынган маалыматтарды графика түшүрүп, убакыттын өтүшү менен болгон өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөшөт.
- Суу ресурстарын изилдөө: Жергиликтүү булактардан суунун үлгүлөрүн алып, анын тунуктугун, кычкылдуулугун жана химиялык курамын текшеришет.
- Экологиялык эксперименттер: Компост жасап, анын ажыроо процессин байкашат; «парник эффектисин» моделдештирип; ар кандай топурак түрлөрүндө (кумдуу, чополуу, кара топурак) картошканын өсүшүн салыштырып, илимий негизделген тыянак чыгарышат.
- Адабий талдоо: Жаратылыш жөнүндөгү чыгармаларды окуп, андагы сүрөттөлүштөрдү өздөрүнүн байкоолору менен салыштырып, андан шыктанып өздөрүү аңгеме, ыр же сүрөт тартышат.
Класста болсо алар жаратылыш тууралуу текст окуп, андагы маалыматты өздөрүнүн байкоолору менен салыштырып жатышты.
Математика сабагында алар: жер тилкесинин аянтын эсептешти; өсүмдүктүн өсүү ылдамдыгын чыгарышты; температуранын жана нымдуулуктун өзгөрүү графигин түзгөндү үйрөнүштү.
Жашыл лаборатория — «Мектептер-2030» программасынын мыкты тажрыйбасы
Мындай ыкма кокусунан пайда болгон эмес. Ал «Мектептер-2030» программасынын алкагында иштелип чыккан мыкты инновациялык чечимдердин бири.
Бул программа мугалимдерге даяр методиканы гана бербестен, тескерисинче:
— “Кандай көйгөй бар?”
— “Аны кантип өзүбүз чече алабыз?” деген суроолор аркылуу өз алдынча чечим табууга мүмкүнчүлүк берет.
Жыйынтык: 20%дан ашык өсүш
Мындай ыкма жөн гана кызыктуу эмес — ал натыйжалуу. Долбоор бир гана окуучулардын жаратылышка болгон сүйүүсүн арттырбастан, конкреттүү академиялык жыйынтыктарды да берди:
- Окуу жана түшүнүү көндүмдөрү 20,5%га жакшырды. Окуучулар текстти терең талдоого, негизги ойду бөлүп алууга, далилдерди табууга үйрөндү.
- Математикалык сабаттуулук 10,35%га өстү. Анткени аянтчадагы аралыктарды, температуранын айырмасын эсептөө математиканын практикалык маанисин ачты.
- «Мен жана дүйнө» предметин түшүнүү 22%дан 43%га чейин көтөрүлдү. Окуучулар курчап турган чөйрөнү коргоого башкача көз караш менен карай башташты.
Мугалимдердин айтымында, окуучулардын «жумшак көндүмдөрү» да бир кыйла өнүккөн: аларда командада иштей билүү, өз алдынчалуулук, демилгелүүлүк, лидерлик, жоопкерчиликти ала билүү көндүмдөрү жакшырды.
Эң башкысы — окуучулар өзгөрдү. Алар: суроо бере башташты; өз алдынча ой жүгүртө башташты; заманбап экологиялык көйгөйлөрдү, анын ичинде климаттын өзгөрүшүн түшүнө башташты; жоопкерчиликтүү керектөө жана жаратылышка аяр мамиле кылуу баалуулуктарын калыптандырышты.
«Жаратылыш — билим лабораториясы» ийгилигинин сыры — жөнөкөйлүгүндө. Долбоор кымбат баалуу жабдууларды талап кылбайт. Термометр, күрөк, урук, бир нече банка, кагаз, боёк жана жаратылышка чыгуу мүмкүнчүлүгү — ушунун баары дээрлик ар бир мектепте бар.
«Биздин ыкма универсалдуу. Эгерде чоң аянтча жок болсо, анда терезедеги бакчада да эксперимент жүргүзсө болот. Жергиликтүү коомчулукту, ата-энелерди тартууга болот. Адабият менен илимди байланыштыруу — эң негизгиси.
Бул окуучуларга «Билим деген жашоонун өзү» деген ойду сиңирет», — деп бөлүшөт долбоордун авторлору.
Алардын долбоору учурда STEM билим берүүсүн өнүктүрүү жана «Алтын Казык» программасынын максаттарына толук шайкеш келет. Эң негизгиси, бул лабораториянын эшиги дайыма ачык: бул жерде билим алууну каалаган ар бир окуучу өзүн изилдөөчү катары сезе алат.
Жашыл лабораториялар — дал ушундай “мектептен чыккан” инновациялардын бири. Бүгүн Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы мектептеринде: күнөсканалар уюштурулуп; кичи-бакчалар түзүлүп; компост системалары ишке киргизилип, окуучулар тажрыйба аркылуу үйрөнүп, билимдерин бекемдеп жатышат.
Мектептер-2030 программасы мектеп күнөсканаларын уюштуруу боюнча мектеп жетекчилерине жана мугалимдерге кыскача маалыматтык баракчаны даярдап чыгып билим берүү мекемелерине сунуштоодо.
Ага Хан фонду мектептерге күнөсканаларды уюштуруу боюнча сунуштарын берүүгө даяр.
Асылкан МОЙДУНОВА, Айсулуу ЖУМАБАЕВА
Мүмкүнчүлүктөрдүн күнөсканасы: мектепте жандуу окуу мейкиндигин кантип түзүү керек
(Мектеп күнөсканасын уюштуруу боюнча мектеп жетекчилери жана мугалимдер үчүн кыскача брошюра)
КИРИШҮҮ
Мектеп күнөсканасы – бул окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандырган, практикалык окутууну, STEM ыкмасын жана жашыл көндүмдөрдү өнүктүрүүнү айкалыштырган заманбап билим берүү мейкиндиги. Ал салттуу окуу процессин динамикалык «жандуу лабораторияга» айландырат. Бул жерде окуучулар теорияны гана үйрөнбөстөн, билимдерин практикада колдонушат: өсүмдүктөрдүн өсүшүн байкашат, өлчөөлөрдү жүргүзүшөт, маалыматтарды талдашат, эксперименттерди пландап өткөрүшөт жана командада иштөөнү үйрөнүшөт.
Мектептер-2030 программасынын алкагында мектеп күнөсканасы аркылуу окуучулар математикалык сабаттуулукту жана окуу жана түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Математикалык сабаттуулук күнөскананын жана анын ичиндеги жөөктөрдүн аянтын өлчөө жана эсептөө, топурактын көлөмүн аныктоо, өсүмдүктөрдүн өсүшүн талдоо, таблицаларды, графиктерди жана диаграммаларды түзүү, түшүмдүүлүктү баалоо жана натыйжаларды болжолдоо аркылуу калыптанат. Окуучулар математикалык билимдерин реалдуу практикада колдонушат. Ошол эле учурда окуучулардын окуу жана түшүнүү сабаттуулугун калыптандырууга шарт тузүлөт. Окуучулар ар кандай тексттер менен иштешет: илимий макалалар, графикалык материалдар, отчеттор, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, нускамалар жана маалыматтык материалдар. Алар маалыматтарды талдап, эксперименттеринин жыйынтыктарын түшүндүрүп жана интерпретациялоону үйрөнүшөт. Бул компетенциялар билимди практикада колдонууга жардам берип, сандар жана маалымат менен иштөөгө болгон ишенимди арттырат жана мектепте жана мектептен тышкаркы ийгиликтүү окууга бекем негиз түзөт.
Мектеп күнөсканасы жумшак көндүмдөрдүн өнүгүшүнө да көмөктөшөт:
• Кызматташтык: командада иштөө, ролдорду бөлүштүрүү, маселелерди биргелешип чечүү.
• Сынчыл ой жүгүртүү: кырдаалдарды талдоо, байкоолорго жана эксперименттерге негизделген чечим кабыл алуу.
• Жоопкерчиликти ала билүү: тирүү өсүмдүктөргө кам көрүү, аларды багуу эрежелерин сактоо жана ишти пландаштыруу.
• Лидерлик: идеяларды сунуштоо, долбоорду жетектөө жана башкаларды колдоо жөндөмү.
Мектеп күнөсканасы табигый илимдерди үйрөнүүнүн куралы гана болбостон, айлана-чөйрөгө кам көргөн, мектеп жана коомчулуктун активдүү жана жоопкерчиликтүү мүчөсү боло алган жеке инсанды калыптандыруучу мейкиндик болуп саналат.
Мектеп күнөсканасын уюштуруу максаттары
Күнөскананы уюштуруу төмөнкүдөй максаттарды көздөйт:
• математикалык сабаттуулукту жана окуу жана түшүнүү көндүмдөрүн жогорулатуу;
• окуучулардын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү;
• табигый илимдерге болгон кызыгууну арттыруу;
• билимди реалдуу жашоо шарттарында колдонуу;
• жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу;
• экологиялык жоопкерчиликти калыптандыруу;
• туруктуу өнүгүүнү жана климаттын өзгөрүшүн түшүнүү;
• жаратылыш ресурстарын эффективдүү жана рационалдуу колдонууну калыптандыруу;
• кызматташуу, лидерлик, жоопкерчиликти ала билүү жана сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн калыптандыруу.
Башка предметтер менен интеграция жана STEM ыкмасы
Мугалимдер күнөскананы билим берүү куралы катары колдонушат:
Математика:
✓ күнөскананын аянтын эсептөө
✓ өсүмдүктөрдүн өсүшүн талдоо
✓ маалыматтар жана графиктер менен иштөө
Биология:
✓ өсүмдүктөрдүн өсүшүн изилдөө
✓ фотосинтез
✓ өсүмдүктөрдүн жашоо циклине байкоо жүргүзүү
География жана экология:
✓ климат жана температуранын таасири
✓ ресурстарды туруктуу пайдалануу
STEM:
✓ долбоордук иштер
✓ изилдөө ишмердүүлүгү
Күнөскананын сунушталган өлчөмдөрү
Вариант 2: Стандарттык мектеп күнөсканасы (сунушталат)
Өлчөмү:
4 × 10 метр (40 м²)
Сыйымдуулугу:
30–60 окуучу
Вариант 1: Мини-күнөскана
Өлчөмү:
3 × 6 метр (18 м²)
Сыйымдуулугу:
20–30 окуучу
Бул күнөскана варианты эң оптималдуу деп эсептелет. Төмөндө негизги материалдардын спецификациясы жана керектүү материалдардын эсептөөлөрү берилген. Күнөскананы узак мөөнөт колдонуу жана чыгымдарды азайтуу максатында клеёнканын ордуна поликарбонат менен жабуу сунушталат. Поликарбонат жакшы герметикалуулукту, туруктуулукту жана узак мөөнөттүү пайдаланууну камсыздайт.
Негизги материалдардын спецификациясы
№ Аталышы Техникалык мүнөздөмөлөрү Саны Бирдик
1 Металл каркас Гальванизацияланган профиль түтүк 20×40 мм комплект
же 25×25 мм, металлдын калыңдыгы кеминде 1,5 мм
2 Сотолуу Калыңдыгы 8 мм, барактын өлчөмү 2100×6000 мм, барактар
тунук, UV коргоо 6–7
3 Бириктирүүчү Барактарды бириктирүү үчүн Н-түрүндөгү профиль 10–12 даана
профиль
4 Торцевой Поликарбонаттын четтерин жабуу үчүн 10–12 даана
профиль
5 Термошайбалар Поликарбонатты бекитүү үчүн 150–200 даана
6 Герметикалоочу лента Перфорацияланган жана сплошной 4–6 рулон
7 Эшиктер Металл каркас + поликарбонат 1–2 даана
8 Форточкалар Желдетүү үчүн 2–4 даана
9 Негиз Бетон фундамент же металл негиз комплект
Күнөскана куруу боюнча негизги сунуштар
• Фундамент: туруктуулук үчүн жыгач брус же бетон колдонуу.
• Каркас: гальванизацияланган профиль (50×50 мм же 50×30 мм, калыңдыгы 40 мм).
• Жабуу: калыңдыгы 4–6 мм болгон сотолуу поликарбонат (УФ коргоосу менен) же 2 катмарлуу полиэтилен плёнка (кеминде 140 микрон, туурасы 2 м).
• Мейкиндикти уюштуруу: класстар өтө алышы үчүн жолдордун туурасы кеминде 60–80 см болушу керек.
• Конструкциянын бекемдиги жана туруктуулугу үчүн күнөскананын туурасын өтө чоң кылбай, компакттуу сактоо сунушталат.
Вариант 3: Кеңейтилген күнөскана
Өлчөмү:
5 × 20 метр (100 м²)
Иштөө формалары жана усулдары
Сабактар:
Билимдерди практика жүзүндө колдонуу аркылуу математиканы, экономиканы жана жаратылыш таануу илимдерин интеграциялоо. Окуучулар өндүрүш чыгымдарын эсептешет, түшүмдүүлүктү болжолдошот жана кирешени талдоо менен бирге, реалдуу дүйнөдөгү чечимдерди кабыл алуу үчүн формулаларды жана статистикалык маалыматтарды колдонууну үйрөнүшөт. Бул ыкма теориялык түшүнүктөрдү конкреттүү реалдуу кырдаалдарда бекемдейт жана критикалык ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрөт. Мастер класстар жана практикалык иштер:
мектептин күнөсканасында жана компост жасоочу жайда практикалык иштер, өсүмдүк өстүрүү, компост түзүү жана топуракка кам көрүү боюнча практикалык иштер. Бул иш-чаралар окуучуларга өсүмдүктөрдүн өсүү үлгүлөрүн байкоого, ар кандай шарттардын түшүмдүүлүккө тийгизген таасирин изилдөөгө жана изилдөө жана экологиялык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет.
Чакан бизнес долбоорлору:
Бөлмө өсүмдүктөрүн, чөптөрдү жана компост азыктарын саткан мини-бизнес уюштуруу, анын ичинде каржылык жана өндүрүштүк пландарды иштеп чыгуу. Окуучулар өндүрүштү пландаштырышат, пайданы эсептешет, бааларды белгилешет жана чектелген ресурстарды башкарат. Долбоор ошондой эле гүлдөр жана жашылдандыруу жарманкелерин камтыйт, анда окуучулар кардарлар менен иштөөнү, суроо-талапты талдоону жана атаандаштыкка жөндөмдүү бааларды сунуштоону үйрөнүшөт. Бул иш-чаралар лидерлик, жоопкерчилик жана командалык иш көндүмдөрүн өнүктүрөт жана математика, ишкердик жана практикалык натыйжалардын ортосундагы түз байланышты көрсөтөт.
Изилдөөлөр
Эгиндин түшүмдүүлүгү, рыноктук суроо-талап, чыгымдар жана пайда боюнча маалыматтарды системалуу түрдө чогултуу жана талдоо, ошондой эле өсүмдүктөрдүн өсүшүн жана топурактын сапатын көзөмөлдөө. Окуучулар статистикалык ыкмаларды колдонушат, көрсөткүчтөрдү талдашат жана маалыматтуу тыянактарды чыгарышат. Бул ыкма аналитикалык көндүмдөрдү, маалыматтарга негизделген чечимдерди кабыл алуу жөндөмүн өнүктүрөт жана аларды математиканы реалдуу дүйнөдөгү экономикалык жана экологиялык көйгөйлөргө практикалык колдонууга даярдайт.
Кыргыз Республикасында мектеп күнөсканасын уюштуруу жана анын
ишмердүүлүгү бир катар укуктук жана нормативдик актыларга негизделет. Бул
документтер күнөскананын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун, коопсуздугун,
билим берүү жана экологиялык багытын камсыздайт.
1) Негизги мыйзамдык акт — Кыргыз Республикасынын «Билим берүү
жөнүндө» Мыйзамы (2023-ж., №179) https://cbd.minjust.gov.kg/4-
3419/edition/1273902/ru
«Билим берүү жөнүндө» мыйзам өлкөдөгү билим берүү ишмердүүлүгүнүн укуктук,
уюштуруучулук жана социалдык-экономикалык негиздерин аныктайт жана билим
берүү уюмдарынын иштешинин негизги принциптерин белгилейт. Бул мыйзамга
ылайык:
• мамлекет ар бир жаранга сапаттуу билим алуу жана инсанды ар
тараптуу өнүктүрүү укугун кепилдейт;
• билим берүү уюмдары билим берүү программаларын ишке ашыруу
үчүн өзүнүн материалдык-техникалык базасын пайдаланууга укуктуу;
• мектептер мыйзамдардын жана санитардык-гигиеналык коопсуздук
талаптарынын негизинде кошумча билим берүү демилгелерин жана
долбоорлорун ишке ашыра алышат;
• мектеп тышкы ресурстарды тартууга жана чарбалык ишмердүүлүктөн
алынган каражаттарды өз алдынча пайдаланууга укуктуу
Бул мектеп күнөсканасын окуу жана класстан тышкаркы ишмердүүлүктүн бир
бөлүгү катары билим берүү процессине расмий киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мектеп күнөсканасын уюштуруу боюнча нормативдик-укуктук база
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтому «Мектеп жанындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартибин бекитүү жөнүндө» https://cbd.minjust.gov.kg/158075/edition/1046282/ru
Бул документ мектеп жанындагы чарбалардын ишмердүүлүгүн укуктук жактан жөнгө салган негизги документ болуп саналат. Ага ылайык:
• мектеп жанындагы чарбалар «Окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзамга жана башка нормативдик актыларга ылайык түзүлөт;
• мектептер өздөрүнө тиешелүү жер тилкелерин чарбалык жана билим берүү максаттарында пайдаланууга укук алышат;
• мектеп чарбалары окуучулардын тамактануусун жакшыртууга, жаңы жана пайдалуу азыктарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, ошондой эле билим берүү жана практикалык максаттарды ишке ашырууга багытталат.
Күнөскана юридикалык жактан мектеп чарбасынын бир түрү катары каралат жана анын ишмердүүлүгү үчүн укуктук негиз түзүлөт.
3) Кыргыз Республикасынын «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө» Мыйзамы (2019-ж., №135), https://edu.gov.kg/legislations/110/
Бул мыйзам мектеп тамактануусунун системасын жөнгө салат жана окуучуларды тамак-аш менен камсыз кылуунун укуктук негизин түзөт. Анда мектеп чарбаларында (анын ичинде күнөсканаларда) өндүрүлгөн продукция мектеп тамактануусунда колдонулушу мүмкүн деп көрсөтүлгөн.
Күнөскананын шартында бул өстүрүлгөн жашылчаларды, көк чөптөрдү жана
башка өсүмдүктөрдү мектеп ашканасында колдонууга мыйзамдуу мүмкүнчүлүк бар
экенин билдирет.
4) Кыргыз Республикасынын «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө»
Мыйзамы жана башка экологиялык актылар (1999-ж., №53)
https://cbd.minjust.gov.kg/218/edition/6734/ru
Күнөскананын иштешинде экологиялык мыйзамдардын талаптарын эске алуу маанилүү:
• «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзам жаратылыш ресурстарын
пайдалануунун, топуракты, сууну жана биоресурстарды коргоонун
негизги принциптерин аныктайт;
• «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзам
флорага жоопкерчиликтүү мамилени жөнгө салат, бул өсүмдүктөрдү
тандоодо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо маанилүү.
Бул мыйзамдар күнөсканада өсүмдүктөр менен иштөөдө, компост колдонууда
жана органикалык материалдарды пайдаланууда экологиялык нормаларды
сактоону камсыздайт.
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-
февралындагы № 46 токтому менен бекитилген «Мектеп чарбаларынын
ишин уюштуруу тартиби»,
https://cbd.minjust.gov.kg/158075/edition/1046282/ru
Бул документ төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:
• билим берүү мекемелеринин ичинде мектеп бакчаларын жана фермаларын (анын ичинде күнөсканаларды жана компосттоо системаларын) түзүү жана өнүктүрүү;
• билим берүү уюмдарында мектеп бакчаларын жана чарбаларын (анын ичинде күнөсканаларды жана компост системаларын) түзүү жана өнүктүрүү;
• жерди пайдалануу, башкаруу жана каржылоо тартибин жөнгө салуу;
• практикалык иштердин жыйынтыктарын окуу процессине интеграциялоо.
Бул жобо мектеп ичинде агрардык практикалык ишмердүүлүктү билим берүү максатында мыйзамдуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
6) Жашыл компост жөнүндө жобо (КР Билим берүү министрлиги, 2022)
Бул документ мектептерде компост жана органикалык калдыктарды
колдонуу тартибин жөнгө салат:
• жер семирткичтерди коопсуз өндүрүүнү жана пайдаланууну камсыздайт;
• мектеп аймагында органикалык материалдар менен иштөөнү жөнгө салат;
• окуучуларда экологиялык тарбияны жана жашыл көндүмдөрдү калыптандырууну колдойт.
Жыйынтык: мектеп күнөсканасында компост колдонуу мыйзамдуу жана коопсуз болуп эсептелет жана ал экология жана туруктуу өнүгүү боюнча практикалык окуу иши катары билим берүү процессине киргизилиши мүмкүн.
Укуктук жыйынтыктар (укуктук база эмнени камсыздайт)
✔ Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мектептерде күнөсканаларды түзүүгө жана аларды окуу процессинин бир бөлүгү катары пайдаланууга расмий мүмкүнчүлүк берет.
✔ Мектеп жанындагы чарбалар, анын ичинде күнөсканалар, мектептин чарбалык ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуу объектиси болуп саналат жана алынган продукцияны билим берүү, тамактандыруу жана кошумча максаттарда колдонууга болот.
✔ Экологиялык жана санитардык мыйзамдар күнөсканаларды коопсуз пайдаланууну, топурак жана өсүмдүктөр менен иштөөнү, айлана-чөйрөнү коргоону жөнгө салат.
✔ Заманбап билим берүү саясаты жашыл көндүмдөрдү жана туруктуу өнүгүү принциптерин билим берүү системасына интеграциялоону колдойт, бул мектеп күнөсканасын практикалык гана эмес, стратегиялык билим берүү долбоору кылып көрсөтөт.
Мектептер2030 программасы:
Website: www.schools2030.org
Twitter/X: @schools2030
LinkedIn: @schools2030
Facebook: @schools2030
Instagram: @_schools2030
Комментарийлер