ЖАШ ЖЕТЕКЧИГЕ ИШЕНИМ: АЧЫК КОНКУРСТУН ЖЕМИШИ
- 10.03.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылын 4-февралындагы №56 токтому менен мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук негизде тандоо тартибине өзгөртүүлөр киргизилип, билим берүү тармагында маанилүү реформа ишке ашырыла баштады. Бул өзгөртүү 2024-жылдын 22-февралындагы №79 токтом менен бекитилген жобону өркүндөтүүгө багытталып, мектеп жетекчилерин тандоодо ачыктыкты, калыстыкты жана атаандаштыкты камсыздоону көздөйт.
Аталган реформанын негизинде республика боюнча бир мектепте беш жылдан ашык убакыт директорлук кызматты аркалап келген орундарга ачык конкурс жарыяланып, көптөгөн билим берүү мекемелерине жаңы жетекчилер дайындалды. Бул кадам билим берүү тармагына жаңы дем берип, башкаруу системасына жаш, демилгелүү жана заман талабына ылайык иш алып бара алган адистердин келишине жол ачты.
Конкурстук тандоонун өзгөчөлүгү – жетекчилик кызматка талапкерлердин жеке тааныш-билишине эмес, алардын кесипкөйлүгүнө, лидерлик сапатына жана башкаруучулук жөндөмүнө басым жасалгандыгында болду. Натыйжада мектептерди техниканын тилин билген, заманбап технологияларды колдонууга жөндөмдүү, жаңычыл көз караштагы жаш мугалимдер жетектей баштады. Алар үчүн буга чейин тааныш эмес жаңы коллектив менен иштешип, билим берүү уюмун өнүктүрүү жоопкерчилиги жүктөлдү.
Ушундай жаш жетекчилердин катарына академик Ү.Асанов атындагы жатак-мектебинде директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп эмгектенип жүрүп, конкурстук тандоого катышып жеңишке жеткен жаш адис Саягалиева Айзада да кирет. Ал Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы жалпы билим берүү мектебине директор болуп дайындалып, учурда билим берүү мекемесин жаңы дем, жаңы демилгелер менен өнүктүрүүгө белсенип киришти.
Жаш жетекчи Саягалиева Айзада эже менен жетекчилик ишмердүүлүгү тууралуу маек курдук.

— Билим берүү тармагында мектеп жетекчилерин конкурстук негизде тандоо реформасы ишке ашып жатат. Бул реформа мектептердин өнүгүшүнө кандай өзгөрүү алып келет жана жаш жетекчилер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
— Мектеп жетекчилерин конкурстук негизде тандоо реформасы билим берүү системасында ачыктыкты жана атаандаштыкты күчөтүүгө багытталган маанилүү кадам деп эсептейм. Мындай система жетекчилик кызматка билимдүү, демилгелүү жана заман талабына ылайык иш алып бара алган адистердин келишине шарт түзөт.
Бул реформа мектептердин өнүгүшүнө жаңы көз караштарды, инновациялык идеяларды алып келет. Анткени конкурс аркылуу келген жетекчилер мектептин өнүгүүсү үчүн стратегиялык пландарды түзүп, жамаатты бир максатка бириктирип иш алып барууга аракет кылышат.
Ошондой эле бул жаш жетекчилер үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Алар өз билимине, тажрыйбасына таянып, тең атаандаштыкта жетекчилик кызматка талапкер боло алышат. Бул билим берүү тармагында жаңы муундагы лидерлердин калыптанышына өбөлгө түзөт.
— Конкурс кандай этаптардан турду жана сиз үчүн эң жоопкерчиликтүү учуру кайсы болду?
— Бул конкурс эки этап менен өткөрүлдү. Биринчи этапта талапкерлер документтерин электрондук форматта атайын көрсөтүлгөн даректерге жөнөтүштү. Бул процессте бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлүп, документтерди кабыл алуу толугу менен ачык жана санариптик форматта жүргүзүлдү.
Экинчи этапта талапкерлер тест тапшырышты. Тестирлөө билим берүү мыйзамдары, педагогика, психология, башкаруу негиздери жана башка кесиптик багыттарды камтыды. Тестти тапшырып бүткөндөн кийин жыйынтык дароо чыгарылып, эң жогорку упай топтогон талапкер өзү тандаган мектепке директор болуп дайындалат.
Мен үчүн эң жоопкерчиликтүү учур тестирлөө этабы болду. Анткени бул жерде ар бир талапкердин билим деңгээли, даярдыгы жана кесиптик компетенттүүлүгү түздөн-түз бааланат. Ошондуктан бул этапка олуттуу даярдык менен катышуу талап кылынды.
— Аталган мектепке директор болуп дайындалганыңызга канча убакыт болду жана жаңы жамаат менен иш баштоо кандай таасир калтырды?
— Бул мектепке директор болуп дайындалганыма ушул жылдын апрель айында эки жыл болот. Алгачкы күндөрү жамаат менен жакындан таанышып, мектептин ички абалын, мүмкүнчүлүктөрүн жана көйгөйлөрүн талдоого өзгөчө көңүл бурдум.

Жаңы жамаат менен иш баштоо мен үчүн чоң жоопкерчилик жана ошол эле учурда жаңы мүмкүнчүлүк болду. Мектеп жамаатынын тажрыйбасы, эмгекчилдиги жана айыл жериндеги окуучулардын билимге болгон умтулуусу жакшы таасир калтырды. Биргелешкен аракет аркылуу мектепти өнүктүрүүгө багытталган бир катар иштерди баштоого шарт түзүлдү.

— Директор болуп иштеген мезгилде мектепте кандай жаңыланууларды же иштерди жүзөгө ашырууга жетиштиңиз? Окуу-тарбия процессин жакшыртуу багытында кандай демилгелерди көтөрүп келесиз?
— Директор болуп иштеп жаткандан бери мектептин окуу-тарбия процессин жакшыртуу, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн колдоо жана мектеп чөйрөсүн жакшыртуу багытында бир катар иштерди жүргүзүп жатабыз.
Айрыкча мугалимдердин методикалык иштерин жандандыруу, сабактардын сапатын жогорулатуу, окуучулардын чыгармачылык жана коомдук активдүүлүгүн колдоо багытында демилгелер көтөрүлүүдө. Мектепте ар кандай билим берүү долбоорлоруна катышуу, окуучуларды олимпиадаларга жана интеллектуалдык сынактарга даярдоо иштери да күчөтүлүп жатат.
Ошондой эле ата-энелер менен кызматташууну бекемдеп, мектеп коомчулугунун биримдигин чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп келет. Себеби, мектеп, ата-эне жана коомчулук биргелешип иш алып барганда гана жакшы натыйжаларга жетишүү болот деп эсептейм.

— Учурда мектеп жетекчисинен заманбап башкаруу ыкмаларын, технологияны колдонуу жөндөмүн талап кылган мезгил. Сиз жетекчи катары мектепти өнүктүрүүдө кайсы багыттарга өзгөчө көңүл буруп жатасыз?
— Азыркы учурда билим берүү системасы тез өзгөрүп жаткан шартта мектеп жетекчисинен стратегиялык ой жүгүртүү жана заманбап башкаруу ыкмаларын колдонуу талап кылынат.

Мен жетекчи катары үч негизги багытка өзгөчө көңүл буруп жатам. Биринчиси — билим сапатын жогорулатуу жана окуу процессин заманбап методдор менен байытуу. Экинчиси — мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн колдоо жана алардын чыгармачылык демилгелерин колдоо. Үчүнчүсү — билим берүүдө санариптик технологияларды колдонуу жана мектеп инфраструктурасын жакшыртуу.
Бул багыттар мектептин туруктуу өнүгүшүнө жана окуучулар үчүн сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө өбөлгө болот деп ишенем.
— Директорлор 5 жылдык мөөнөт менен иштей турган система киргизилди. Кийинки мөөнөттө дагы жетекчилик кызматка катышуу тууралуу көз карашыңыз кандай? Алдыдагы жылдарга койгон негизги максаттарыңыз менен бөлүшсөңүз.
— Директорлор үчүн 5 жылдык мөөнөт системасы жетекчилердин ишине конкреттүү максат коюп, жыйынтыкка багытталган иш алып баруусуна жакшы мүмкүнчүлүк берет деп ойлойм.
Алдыдагы жылдары мектептин билим сапатын жогорулатуу, мугалимдердин кесиптик потенциалын өнүктүрүү жана окуучулар үчүн коопсуз, заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү негизги максаттарымдын бири болуп саналат.
Эгер жамааттын колдоосу болуп, мектептин өнүгүүсүнө дагы салым кошо алам деп ишенсем, келечекте дагы жетекчилик кызматка катышуу мүмкүнчүлүгүн карап көрөм. Мен үчүн эң башкысы — мектептин өнүгүүсү жана окуучулардын келечеги.
Маегиңизге чоң ырахмат ишиңизге ийгилик!
Бурулкан Кенжебекова «Кут Билим»
Комментарийлер