Жасалма интеллект математика сабагында: мүмкүнчүлүкпү же коркунучпу?

  • 30.01.2026
  • 0

Билим берүүнүн азыркы этабы жасалма интеллекттин (ЖИ) активдүү кириши менен мүнөздөлөт. Айрыкча математика сабагында ЖИ мисалдарды тез чыгарып, даяр жооп сунуштоо мүмкүнчүлүгүн түзүүдө. Бирок, мындай шартта окуучунун логикалык ой жүгүртүүсү, анализ жүргүзүү жана өз алдынча кабыл алуу маданияты алсырап кетүү коркунучу бар.

Ошондуктан, бүгүнкү математика мугалиминин негизги милдети — жасалма интеллектти окуучунун ордуна ойлонгон каражат эмес, анын ой жүгүртүүсүн өнүктүргөн педагогикалык инструмент катары туура пайдалануу.

Математика сабагында жасалма интеллектини колдонуу принциптери

Математика — бул логиканы, далилди, тактыкты жана сабырдуулукту талап кылат.  Жасалма интеллект эсептөөнү автоматташтыра алганы менен, ой жүгүртүүнүн логикасын жана жоопкерчилигин калыптандыра албайт.

Ошондуктан ЖИ ни колдонууда төмөнкү принциптер сакталууга тийиш:

  • окуучунун өз алдынча иши биринчи орунда турушу;
  • жоопко эмес, чечүү процессине басым жасалышы;
  • Салыштыруу жана талдоо аркылуу билим бекемделиши.

Математика менен улуттук нарктуулукту да айкалыштыруу керек.

Кыргыз элинин салтында сабырдуулук, тактык, эмгекчилдик жана чынчылдык өзгөчө бааланат. Математика сабагы бул сапаттарды калыптандыруу үчүн эң ылайыктуу предметтердин бири.

Маселени өз алдынча чечүү-чынчылдыкты, ар бир кадамды текшерүү- тактыкты, кыйынчылыктан качпоо- эмгекчилдикти, шашпай ой жүгүртүү- сабырдуулукка тарбиялайт.

Жасалма интеллектти колдонууда өзүмдүн автордук методикамды сунуштайм:

Үч кадамдуу ой жүгүртүү” (ОЖ-ЖИ-АЖ)

Методиканын максаты:

Окуучунун логикалык ой жүгүртүүсүн сактоо жана тереңдетүү, жасалма интелектиге көз-карандылыкты алдын алуу жана математика сабагында улуттук наркттуулукту  калыптандыруу.

Бул методикада жасалма интеллект ортоңку этапта гана колдонулат.

Сабактын башында, аягында да окуучунун өз ой жүгүртүүсү негизги орунда турат. ЖИ окуучунун ордуна ойлонбойт, анын ой жүгүртүүсүн салыштыруу жана талдоо үчүн кызмат кылат.

Методиканын этаптары:

1-кадам. ОЖ (окуучунун өз алдынча ой жүгүртүүсү)

Окуучу маселени өз алдынча иштейт.

-ЖИ колдонулбайт;

-ар бир кадам дептерге жазылат;

-колдонулган формула жана ыкма негизделет.

 

2-кадам. ЖИ (салыштыруу этабы)

Окуучу жасалма интеллектиден ошол эле маселенин чечимин башка жол менен алат. Бул этапта окуучу даяр жоопту көчүрбөстөн, салыштыруу жүргүзөт.

3-кадам. АЖ (анализ жүргүзүү)

Окуучу төмөнкү суроолорго жооп берет:

-кайсы чечүү жолу натыйжалуу болду?

-кайсы жерде айырма бар?

— өзүм кайсы жерде жаңылыштым же туура чечтим?

-эмне үчүн?

 

Баалоо критерийлеринде төмөнкүлөргө көңүл бөлүү керек:

  • Логикалык ырааттуулук;
  • Чечүү жолунуну негиздүүлүгү;
  • Оозеки жана жазуу түрүндө түшүндүрүү.

Методиканын педагогикалык натыйжалуулугу

“Үч кадамдуу ой жүгүртүү” методикасы окуучунун өз алдынча ойлонуу жөндөмүн сактап, жасалма интеллектти көз каранды кылуучу каражат эмес, билимди тереңдетүүчү жардамчы инструментке айлантат. Бул методика математика сабагын тарбиялык жана ой жүгүртүүчү мейкиндик катары уюштурууга шарт түзөт.

Жасалма интеллект — билим берүүдөгү жаңы мүмкүнчүлүк. Бирок ал мугалимдин ордун алмаштыра албайт. Математика мугалиминин негизги миссиясы — технология менен адамдык баалуулуктун ортосундагы тең салмакты сактоо.

“Үч кадамдуу ой жүгүртүү” методикасы жасалма интеллект доорунда логикалуу, сабырдуу жана жоопкерчиликтүү инсанды тарбиялоого багытталган натыйжалуу педагогикалык ыкма болуп саналаарына ишенем.

Анаркулова Мунара, математика мугалим, №84-ЖББ мектеби, Бишке шаары

 

Бөлүшүү

Комментарийлер