ЖАПОНИЯ: АТА-ЭНЕ МЕНЕН БАЛА БАКЧАНЫН ӨНӨКТӨШТҮГҮ
- 16.01.2026
- 0
Жапон өлкөсүндө мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу жана ийгиликтүү тажрыйбаларды Кыргызстанда жайылтуу максатын көздөгөн атайын делегация мүчөсү Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институттун директору Уланбек Мамбетакунов жапон бала бакчаларынан таасирлери менен бөлүштү.
– Уланбек Эсенбекович, бүгүнкү баарлашууну бала бакчалар боюнча жүргүзөлү. Жапонияда балдар канча жашынан баштап бала бакчага барышат экен?
– Жакшы болот. Жапонияда балдар үч жаштан алты жашка чейин бала бакчага барышат. Бирок өлкөдө ата-энелери иштеген же балдарына кам көрө албаган үй-бүлөлөр үчүн балдарды төрөлгөндөн баштап эле кабыл алууга мүмкүн болгон ясли тибиндеги балдар бакчалары да иштейт. Жапонияда мектепке чейинки билим берүү милдеттүү эмес, бирок үй-бүлөлөрдүн 90% жакыны балдарын бала бакчага, яслиге же башка мектепке чейинки билим берүү мекемелерине беришет.
Яслиге балдарын киргизиш үчүн өзүнчө талаптар бар. Мисалы:
- үйдөн тышкары жумушта (толук бир күн, жарым күн, айыл же токой чарбасында, балык уулоодо ж.б.) иштесе;
- төрөткө чейин жана андан кийин;
- энесинин оорусу же психосоматикалык бузулушу;
- чогуу жашаган туугандарына кам көрүлгөн учурда.
Бала бакчага болсо мындай талаптар жок.

– Бала бакчада иштеш үчүн тарбиячыларга кандай талаптар коюларын биле алдыңызбы?
– Яслиде иштеш үчүн педагогикалык колледждин диплому, ал эми бала бакчада иштеш үчүн колледждин диплому, бакалаврдын диплому же магистр даражасы жана мамлекеттик талапка жооп берген педагогикалык лицензия.
– Жалпы эле бала бакчаларда кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?
– Биринчиден, стандарт баланын өнүгүүсүнүн беш багытын аныктайт: ден соолук, мамилелер, айлана-чөйрө, тил жана эмоционалдык билдирүү. Анан бала бакчада болгон иш-аракеттер ушул беш багытты өнүктүрүүгө багыт алат экен.
Эми, Tokyo Gakugei университетинин Takehaya бала бакчанын бир күндүк ишмердүүлүгүнө токтолоюн:
9.00 бала бакчага кабыл алуу
Ойногонго даярдануу
Балдар группада же эшикте ойноо
10.30 Тазалоо
11.00 класстын ичиндеги иш-аракеттер (ойноо, сүрөт тартуу)
11.40 Түшкү тамактануу
12.20 Балдар группада же эшикте ойноо
13.00 үйгө кетүүгө даярдануу
Сүрөтү бар китептерди көрүү, талкуулоо
Ырларды ырдоо
13.30 үйгө кетүү
Ар бир күндүн аягында тарбиячы кийинки күнгө комнатаны даярдайт (оюнчуктардын жайгашкан жерлерин алмаштыруу ж.б.). Ал баланын өнүгүүсүн андан ары жакшыртуу үчүн оюнчуктарды кайра жайгаштырышы мүм-
күн.
– Жакшы экен. Ал эми ата энелер менен иштөө кандай жолго коюлуптур?
– Биз кайсы гана бала бакчага барбайлы ар биринде жардамдашып аткан ата-энелерге кезиктик. Алардын негизги максаты – волонтёр катары бала бакчанын кызматкерлерине жардам көрсөтүү.
Мисалы, балдарга биргелешип апалардын жана аталардын концертин уюштуруу, гүлдөргө кам көрүү, бакчанын аянтын тазалоо, ар кандай майрамдык иш-чараларды уюштурууга көмөктөшүү.
Баса белгилеп кетчү нерсе, ар бир ата-эне бала бакчадагы колдонулуучу каражаттарды (канцеллярдык каражаттар ж.б.) алууга финансалык жардам көрсөтүшөт экен.
Мындан тышкары, бала бакчага кабыл алынган жана башталгыч класска бара турган баланын ата-энесине төмөнкү суроолор берилет:
- чоңдордун айтканын аткарабы?
- саламдашканда кайра жооп кайтарабы?
- жакындары бир нерсе айтканда кунт коюп угабы? ж.б.
Ошентип, бул көндүмдөр үй-бүлөдө калыптанышы керектигин далилдейт.
Дагы бир биз бала-бакчаларда балким колдонсок болчудай нерсе: бала бакчага кирерде стендге ата-энелер тарабынан тарбиялачыларга берилген суроолор, сунуштар жана тарбиячылардын жооптору жайгаштырылат экен, бул жазуу түрүндөгү баарлашуу. Бул дагы ата-энелер менен бала бакчанын кызматкерлери ортосундагы кызматташтыктын бир түрү.

– Тарбиячылардын балдар менен болгон иш-аракеттери боюнча айтып берсеңиз?
– Эң биринчи эле, балдарга бала болууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек дешет экен. Бул эмне дегени? Бул балага ойноого, өздөрүн эркин сезүүгө шарт түзүү керектиги.
Бүгүн баарыбыз бул оюнду ойнойбуз, эртен тиги оюнду ойнойбуз деген план жок экен. Балдар ойноочу оюнду өздөрү тандап, тарбиячынын көрсөтмөлөрүн күтпөйт экен. Эң негизгиси ойноого мүмкүн болгон чөйрөнү түзүп берүү. Себеби, жапон тарбиячылардын, мугалимдердин айтуусу боюнча оюнду окутуунун негизги ыкмасы катары колдонуу бул балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, көйгөйлөрдү чечүүгө жана социалдык өз ара аракеттенүүгө жардам берет.
Балдар менен иштөө убактысы бүткөндөн кийин тарбиячы жардамчылары менен жетекчилик тарабынан берилген бир барак форманы толтурушат. Ал формага бир күндүн ичинде байкаган нерселерди жазышат (баланын же балдардын жүрүм туруму, кызыктуу окуя же кийин эске алынуучу нерселер). Эң кызыктуусу, сөзсүз кара сөз менен жазылбаганы, керек болсо сүрөт деле тарткандары.
Балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн жапон бала бакчалары кымбат баалуу оюнчуктарды колдонбойт дешти. Ата-энелер бала бакчага сүт, каймак жана йогурттун бош идиштерин алып келишет, ал эми балдар аларды өздөрү машиналарды, поезддерди жана башка оюнчуктарды жасоо үчүн колдонушат. Бала бакча фломастерлерди, кайчыларды, скотчтторду жана башка керектүү буюмдарды гана берет.
Ар бир бала үчүн таблица түзүлөт: жалпы моторика, майда моторика, социалдык көндүмдөр, баарлашуу көндүмдөрү — баалоо, алты айдан кийин кайра баалоо. Окутуучулар бул маалыматты ата-энелер менен бөлүшүп, үй-бүлө балага керектүү көндүмдөрдү үйрөнүүгө кантип жардам бере аларын талкуулашат.
Тарбиячылар балдарды текчелерден буюмдарды алып, кайра коюуга үндөшөт. Балдарды тыкан болууга үйрөтүү жапон билим берүүсүнүн эң маанилүү аспектилеринин бири. Мугалимдер ошондой эле көз карандысыздыкка үндөөгө аракет кылышат: балдар кийимдерин алмаштырып, өздөрү бүктөп коюшат.
Эми аягында айтаарым: Баарынан мурда, тарбиячылар балдар бала бакчада өздөрүн коопсуз сезиши үчүн ишенимдүү мамилелерди түзүүгө чоң маани беришет.
Тарбиячылар балдарды алдын ала аныкталган жол менен жүрүүгө үндөшпөйт; балдар өз максаттарына жетүү үчүн өз жолдорун табышат.
Жапон тарбиячылары ар бир бала үчүн күнүмдүк жашоонун табигый агымына басым жасоонун маанилүүлүгүн баса белгилешет. Балдар каалаган нерсеси менен, каалаган учурда ойношсун. Ошондуктан, биз аларды бир нерсе үйрөтүү үчүн чогултпайбыз. Биз ар бир баланын кызыкчылыктарын, мотивациясын жана өз алдынча ой жүгүртүүгө жана иш-аракет кылууга даярдыгын өнүктүрүүгө умтулабыз дешет экен.
– Кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мектепке чейинки мекеме-уюмдарда иштей турган болочок адистерди даярдоодо айтылуу жапон элинин тажрыйбасы бизге да жугумдуу болот деп ишенгибиз келет.
Маектешкен
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер