ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТ: КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН
- 20.11.2025
- 0
РЕДАКЦИЯДАН: Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоонун негизги жана эӊ калыс жолу катары ЖРТ, анын иштөө принциптери жана шарттары жөнүндө коомчулук, анын ичинен мугалимдер да кененирээк түшүнүк алышы үчүн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан (ББОУБ) алган маалыматты сандан санга улантып берүүнү чечтик. Муну менен катар окурмандардан/мугалимдерден келген айрым пикирлерди да жарыялайбыз.
- Долбоордун тарыхы
Кыргыз Республикасында Жалпы республикалык тест (ЖРТ) өткөрүү демилгеси билим берүү чөйрөсүндөгү реформалардын планын иштеп чыккан Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2002-жылы сунуш кылынган. Реформалоонун маанилүү маселелеринин бири болуп билим берүү чөйрөсүндө кесипкөйлүк деңгээлде баалоо жүргүзө алган көз карандысыз тест уюмун (КТУ) түзүү эсептелген. КТУнун маанилүү максаты катары ЖОЖдордо окуу үчүн мамлекеттик гранттарды алууга талаптанган мектеп окуучуларын объективдүү, ачык тесттен өткөрүү саналган. Мындай уюм расмий түрдө негизделип, катталган. Бул жеке, коммерциялык эмес уюм – Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ) эле. Ал эми ЖРТ болсо окууга өтүү өнөктүгүн коштогон терс көрүнүштөрдү жоюуга жардам берген жана республиканын жогорку окуу жайларына чыныгы таланттуу жаштар өтө алгандай ачык-айкын, адилеттүү кабыл алуу жараянын камсыз кылган курал болуп калды.
ЖРТнын максаты – өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуусун ийгиликтүү улантып кете ала турган эң жөндөмдүү абитуриенттерди аныктоо.
2025-жылы Жалпы республикалык тест жыйырма төртүнчү жолу өткөрүлдү.
2002–2025-жылдардын аралыгында Жалпы республикалык тестти өлкөнүн жогорку окуу жайларына окууга өтүүнү каалаган 1 032 639 киши тапшырды. Алардын ичинен жогорку окуу жайлардын гранттык орундарына 115 449 адам кабыл алынган. 2025-жылы ЖОЖдордун гранттык орундарына кабыл алынгандардын жалпы катарынан 48,2 %ын айылдык, 17,6 %ын бийик тоолуу аймактардагы мектептерди бүтүргөндөр, 16,4 %ын Бишкек шаарынын жана 17,4 %ын чакан шаарлар менен облус борборлорунун абитуриенттери түзөт.
2025-жылы контракттык негизде окууга тапшыргандардын 38,3 %ын айылдык, 11,4 %ын бийик тоолуу аймактардагы мектептерди бүтүргөндөр, 29,7 %ын Бишкек шаарынын жана 19,7 %ын чакан шаарлар менен облус борборлорунун абитуриенттери түзөт.
ЖРТ: жыйырма жылдык өнүгүү динамикасы
2002-жыл
Кыргызстанда ЖРТ киргизилген алгачкы жылы үч бөлүктөн турган негизги тест иштелип чыккан:
- «Математика» бөлүмү, ал 40 тест тапшырмасын камтыган;
- «Текстти окуу жана түшүнүү» бөлүмү, 30 тапшырманы камтыган;
- «Кыргыз/орус тилинин практикалык грамматикасы» бөлүмү, ал дагы 30 тапшырманы камтыган.
2003-жыл
- Негизги тесттин курамына 30 тест тапшырмасынан турган «Аналогиялар (окшоштуктар) жана сүйлөмдөрдү толуктоо» бөлүмү кошулду.
- Өлкөнүн жогорку окуу жайлардын керектөөлөрүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу боюнча, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан химия, биология, англис жана немис тилдери боюнча предметтик тесттер иштелип чыкты.
- ЖРТга катталган ар бир абитуриент үчүн кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде «Жалпы республикалык тестке даярданабыз» аттуу акысыз брошюралар иштелип жана басылып чыкты. Мындан ары ушундай брошюраларды ар бир абитуриентке таратып берүү жылдан жылга өтүүчү тажрыйба болуп калды.
- ЖРТ долбоору тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ар бир абитуриентке ЖРТ катышуучусунун сертификатын берүү системасы колдонулду. Сертификаттын жана айрып алма талондордун жардамы аркылуу өлкөнүн ЖОЖдоруна өтүү жол-жобосун жакшыртуу мүмкүн болду.
- Абитуриенттер ЖРТга даярдануу үчүн негизги тест боюнча кыргыз жана орус тилдеринде колдонмолор иштелип жана басылып чыкты.
- Өлкөдөгү абитуриенттердин жашаган жана билим алган шарттары бирдей болбогондугун эске алып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги квоталоо системасын киргизди. Ага ылайык, мектептердин баары төрт категорияга бөлүнгөн. Тигил же бул категорияга караштуу болгондугуна жараша тесттин катышуучуларынын сертификаттары өңүнөн айырмалана баштап, ЖОЖдордун гранттык орундарына жарыяланган конкурс ар бир категориянын ичинде өткөрүлө баштады.
2004-жыл
- Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан химия жана биология, англис жана немис тилдери боюнча кошумча предметтик тесттерге даярдануу үчүн колдонмолор иштелип чыгып, кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жарыкка чыкты.
- ББОУБ бул жылдан баштап ЖРТ менен байланышкан бардык маалыматтык материалдар, тесттин өткөрүлүшү боюнча жылдык отчёттор жана ЖРТга даярдануу үчүн материалдар (колдонмолор, тапшырмалардын мисалдары ж.б.у.с.) жайгаштырыла турган testing.kg интернет сайтын ишке киргизди.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ЖРТнын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ЖОЖдорундагы гранттык орундарга гана эмес, контракттык орундарга да кабыл алуу системасы сынактан өттү.
2005-жыл
- Негизги тесттин математика бөлүмү кайрадан иштелип чыгып, ал өз ичине ар бири 30 тест тапшырмасынан турган 2 бөлүктү камтып калды.
- ББОУБ ЖРТга даярдануу үчүн колдонмолордун экинчи, жакшыртылган версиясын даярдап чыгарды.
2006-жыл
- Жалпы республикалык тесттин «кечиккен каттоо» жол-жобосуна өзгөртүүлөр киргизилди.
- 2006-жылдан тартып ББОУБ жаңы «кошумча каттоо» жол-жобосун иш жүзүнө ашыра баштады. Колдонууга киргизилген жол-жобо коомчулук тарабынан оң баага арзыды, анткени ал абитуриенттер менен алардын ата-энелеринин акча каражаттарын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берди.
2010-жыл
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйрутмасы боюнча ББОУБ тарабынан тарых жана физика боюнча кошумча предметтик тесттер иштелип чыкты.
- ЖРТга даярдануу үчүн негизги жана предметтик тесттер (химия, биология, англис жана немис тилдери) боюнча колдонмолордун 3-чыгарылышы даярдалып, жарык көрдү.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жаңы эреже киргизилип, ага ылайык, мамлекеттик ЖОЖдорго окууга өтүү үчүн ар бир абитуриент милдеттүү түрдө негизги тестти жана тандап алган адистигине жараша, эң жок дегенде, бир предметтик тест тапшырууга тийиш болуп калды.
- Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна окууга алууда алардагы контракттык орундардын 50 %ын ЖРТга катышкан абитуриенттер ээлеши керек деген эреже киргизилди.
2011-жыл
- Немис тили боюнча предметтик тестти тапшырууну тандаган абитуриенттердин саны жылдан жылга азайып келгендигине байланыштуу, предметтик тесттин бул түрү жоюлду.
- ББОУБ тарабынан ЖРТга даярдануу үчүн колдонмолор жакшылап кайрадан иштелип чыгып, жаңыдан басылып чыгарылды.
- ББОУБ Алиппе-ТV компаниясы менен биргеликте кыргыз жана орус тилдеринде ЖРТга даярдануу боюнча видеосабактарды тартып, КТРК каналында көрсөтүүлөрдү уюштура баштады.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен мамлекеттик жогорку окуу жайлардын (алардын менчик түрүнө карабай) гранттык да, контракттык да билим алуу формасындагы күндүзгү окуу бөлүмдөрүнө окууга өтүү үчүн ар бир абитуриент ЖРТ тапшыргандыгынын жыйынтыктарын көрсөтүшү керек деген жобо киргизилди.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 40-беренесин толугу менен аткаруу кадамдарын жасады. Аталган беренеде мындай деп жарыяланган: «Жогорку окуу жайларга кабыл алуу Жалпы республикалык тесттин жыйынтыктарынын негизинде жүргүзүлөт». Ошону менен министрлик тарабынан өлкөнүн жогорку окуу жайларындагы бюжеттик гана эмес, контракттык орундарга да кабыл алуудагы коррупция менен күрөшүү жана бардыгы билим алууда бирдей мүмкүнчүлүк менен камсыз болуу жаатында дагы бир кадам шилтенди.
2012-жыл
- Менчик түрүнө карабай, бардык ЖОЖдорго, алардагы бардык бөлүмдөргө: күндүзгү (гранттык жана контракттык орундарга), сырттан окуу, дистанттык окуу бөлүмдөрүнө окууга өтүү үчүн ЖРТны тапшыруу милдеттүү болуп калды.
- Тийиштүү адистиктер үчүн предметтик тест катары математика боюнча тест киргизилди.
- ББОУБ Алиппе-TV кампаниясы менен биргеликте кыргыз жана орус тилдеринде ЖРТга даярдануу боюнча видеосабактарды тартып, КТРК каналында көрсөтүүлөрдү чыгарып турду.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен Бишкек жана Ош шаарларында «кечиккен тестке» каттоо жүргүзүлүп, июнь айында ар кандай себептер менен май айында болуп өткөн негизги тестке катыша албай калган абитуриенттер үчүн тест өткөрүлдү.
2013-жыл
- Тесттин жеткиликтүүлүгү, ачык-айкындыгы жана тест материалдарынын сактоо коопсуздугун жогорулатуу үчүн ББОУБ тестти өткөрүүнүн схемасына өзгөртүүлөрдү киргизди: ЖРТ эми бүткүл республика боюнча бир убакытта башталат.
- ББОУБ ЖРТга даярдануу боюнча колдонмолорду кайрадан иштеп чыгып, кыргыз жана орус тилдеринде негизги тест жана химия/биология сабактары боюнча колдонмолордун жаңы басылышы жарык көрдү.
2015-жыл
- Абитуриенттерден келген суроо-талаптардын негизинде ББОУБ кыргыз жана орус тилдеринде «Өз күчүӊдү Жалпы республикалык тестти аткарууда сынап көр: чыныгы тест тапшырмалары» аттуу эки жаӊы колдонмо иштеп чыгарды. Бул колдонмолор негизги тестке жана химия/биология сабактары боюнча предметтик тесттерге даярдануу үчүн багытталган. Бул колдонмолордун ар биринде чыныгы Жалпы республикалык тестке кирген тапшырмалар камтылган.
2016-жыл
- Предметтик тесттерден абитуриенттердин ЖРТга даярдануусу үчүн кыргыз жана орус тилдеринде математика, физика, тарых жана англис тили боюнча чыныгы тесттин тапшырмаларынан турган колдонмолор даярдалып, чыгарылды.
- Тестке даярдануу үчүн testing.kg сайтында кыргыз жана орус тилдеринде негизги жана предметтик тесттер (химия, биология, физика, математика, тарых жана англис тили) боюнча акысыз сынак онлайн тесттер иштелип чыгып, сунушталды.
Андан тышкары, ББОУБдун кеӊсесинде компьютердик сынак тесттер даярдалып, өткөрүлүп турат.
2017-жыл
- Негизги тест жана химия, биология боюнча предметтик тесттерге даярдануу үчүн кыргыз жана орус тилдеринде колдонмолор кайрадан жаӊыртылды.
- Негизги тест жана предметтик тесттер боюнча тест тапшырмаларынын варианттарынын саны көбөйдү.
2020-жыл
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйрутмасы боюнча филологиялык адистиктер үчүн кыргыз тили жана адабияты жана орус тили жана адабияты боюнча предметтик тесттер киргизилди.
- «Илим-Элим» онлайн платформасы менен биргеликте ЖРТнын негизги тестине даярдануу үчүн кыргыз тилинде 25 видеосабак тартылды. Видеосабактар ББОУБдун сайтында жана расмий YouTube каналында, «Mega 24», «О» уюлдук операторлорунун уюлдук тиркемелерине акысыз жайгаштырылып, андан тышкары, ЭлТРден, КТРКнын «Баластан» телеканалынан көрсөтүлдү.
- Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди гранттык жана контракттык орундарга тандоо жана кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Абитуриент online» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу онлайн түрдө жүргүзүлдү.
2021-жыл
- Алгачкы жолу Жалпы республикалык тестке катышуу үчүн абитуриенттерди каттоо системасы ББОУБдун сайтынын электрондук платформасында онлайн форматта өткөрүлдү. Онлайн каттоо системасын киргизүү абитуриенттер жөнүндө кененирээк маалымат алууга, маалыматтарды тезирээк иштетүүгө, банктар жана уюлдук тиркемелер аркылуу каттоо акыны төлөөнү автоматташтырууга мүмкүнчүлүк түздү.
2022 жыл
- Абитуриенттердин жана алардын ата-энелеринин маалымдуулугун жогорулатуу максатында ЮНИСЕФтин колдоосу менен ЖРТ жөнүндө орус жана кыргыз тилдеринде 10 видеоролик иштелип чыкты. Роликтерде ЖРТны кимдер тапшыра ала тургандыгы, ЖРТ учурунда абитуриенттердин жүрүм-турум эрежелери, тестке кирүү үчүн керектүү документтер, белгилүү бир адистикке тапшырууга керек болгон предметтик тесттер, жооп баракчаларын кантип туура толтуруу керектиги, ЖРТны ийгиликтүү тапшырууга даярдануунун ар кандай жолдору жөнүндө кеңири айтылат.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги КРнын ЖОЖдоруна кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестти уюштуруу жана өткөрүү боюнча чечим кабыл алды. Буйрук Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жыл, 30-июндагы № 355 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу жол-жоболорунун негизинде чыкты. Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кышкы кабыл алуу контракттык келишимдин негизинде окуй турган абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн гана жүргүзүлөт.
2023-жыл
- КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйрутмасы боюнча кыргызчадан орусчага, орусчадан кыргызчага которулган тесттик тапшырмалардын эквиваленттүүлүгүн салыштыруу максатында ЖРТнын негизги жана предметтик тесттерине жана ошондой эле тесттик тапшырмалардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына дал келишине эксперттик баа берилди. Эксперттик топ ЖРТнын тапшырмалары толугу менен билим берүү стандарттарына дал келет деген бүтүмгө келди; кыргыз жана орус тилдериндеги тапшырмалар бири-бирине шайкеш келгендигин белгиледи.
2024-жыл
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесин ишке ашыруу максатында 2023-жыл, 17-июлдагы «Мамлекеттик тил жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын кабыл алынгандыгына байланыштуу, ушул жылы мамлекеттик тил боюнча тест милдеттүү түрдө киргизилди. Ага ылайык, кыргыз тили Кыргызстандын мамлекеттик тили болуп саналат жана мамлекеттик тилди колдонуу тартиби Конституциялык мыйзам боюнча аныкталат, ушундан улам Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жыл, 7-февралдагы № 191/1 буйругу чыккан. Аталган тесттин жыйынтыктары КРнын ЖОЖдоруна тапшырууда эч кандай таасир этпейт.
2025-жыл
- Педагогикалык адистиктерге кабыл алуу системасына өзгөртүүлөр киргизилди: мурдагы бюджеттик (гранттык) окутуу формасынын ордуна ваучердик система киргизилди – бул мамлекеттик каржылоо ыкмасы болуп, анда бюджеттик каражаттар студентке бөлүнүп, окутуунун менчик түрүнө карабастан, билим берүү уюмдарына багытталат.
- Ваучердик каржылоо механизмин сыноо иретинде апробациялоого 17 жогорку окуу жай катышууда, тагыраагы, бул долбоорго кошулууга даяр экенин билдирген окуу жайлар гана тандалды. Ваучердик программа боюнча кабыл алынуучу ЖОЖдордун тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин «Абитуриент online» порталы аркылуу таанышса болот.
1-таблица. 2002–2025-жылдардагы Жалпы республикалык тесттин көрсөткүчтөрү

Бардыгы: 1 032 639 115 449
* — кабыл алуу боюнча маалыматтар Кыргыз Республикасынын ЖОЖдору тарабынан берилди.
** — кабыл алуу боюнча кеӊири маалымат берилген жок.
2. ЖРТ Кыргызстанга кандай пайда алып келет?
ЖРТнын эң маанилүү пайдасы – абитуриенттердин материалдык, социалдык абалына же республиканын кайсы жерлеринде жашагандыгына карабастан, аларга окуу жайларга өз күчү менен өтүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү. Мындан тышкары, ЖРТнын натыйжасында:
- мугалимдер окутуу үчүн, окуучулар окуу үчүн мотивация алышты, анткени мектеп директорлорун сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча, акысыз жогорку билим алуунун анык мүмкүнчүлүгү мугалимдерди да, окуучуларды да күч үрөөгө эң жакшы шыктандырды;
- бүтүрүүчүлөрү ЖОЖдорго өткөн мектептердин саны көбөйдү;
- ЖОЖдордо алыскы аймактардан келген студенттердин саны өстү;
- коомчулуктун ишеними күчөп, жашоодо оң өзгөрүүлөр мүмкүн деген үмүт пайда болду;
- окуучулар билим алуудагы негизги көндүм катары тексттерди окуп, талдай билүүгө умтула баштады, анткени тестте окуучулардын окуган текстин канчалык түшүнгөндүгүн текшерүүнү көздөгөн атайын бөлүм бар;
- мамлекеттик тил боюнча билимди колдонуу маанилүүлүгүн баса белгилөө: мамлекеттик тил өлкөнүн жана коомдун биримдигин камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт. Ал улуттук өзгөчөлүктүн символу болуп, социалдык интеграцияга, билим алуу жана башкаруу тутумуна жеткиликтүүлүккө өбөлгө түзөт, жарандар менен мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат. Ошондой эле, ал маданий баалуулуктарды муундан муунга өткөрүү милдетин аткарат.
- математика, окуу, химия, биология, физика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили сабактарында алынган билимдерди колдоно билүүгө басым жасалууда, анткени тестте басым фактыларды эстегенге эмес, алган билимди колдонууга жасалат;
- окуу жана жазуу менен катар, азыркы замандагы билимдүү адамдын негизги куралдарынын бири математикалык билим экендигине өзгөчө басым жасалды ж.б.у.с.
Тест жүргүзүүнүн көз карандысыздыгы
Тестти иштеп чыккан жана өткөргөн тесттик уюмдун көз карандысыздыгы өкмөттүк документтер менен регламенттелген. Эгерде адамдар чоӊ кызматта иштегендерге жана алардын «телефон чалууларына» алагды болбой, жумушун таза аткарып, кесипкөй адистер түзгөн куралдарды, усулдарды колдонуп иштөө мүмкүнчүлүгүнө жетишсе, ийгилиги объективдүү критерийлер боюнча бааланса, анда ар ким өз ишинин жыйынтыктары үчүн жоопкерчиликтүү болот. Жумушту ачык-айкын өткөрүп, анын бардык жол-жоболорун дыкаттык менен аткарып, жыйынтыктарынын тактыгын камсыз кылган учурда, коомчулуктун ишеними да артат.
Тест кызматында иштегендер бир эле нерсеге – илим мыйзамдарына көз каранды болушат.
Албетте, тест мамлекеттин саясатына көз каранды болбой коё албайт, анткени тестти буйрутма кылган – заманбап коом, анын өз керектөөлөрү, талаптары, өнүгүү мыйзамдары бар. Тест күчтүү саясий колдоого муктаж, бирок аны өткөргөн мекеме өзү, анын кызматкерлери саясий күрөшкө, саясий күчтөрдүн алган ордуна, кимдир бирөөнүн кызыкчылыктарына көз каранды эмес. Жалпы республикалык тестти алсак, аны өткөргөн мекеменин милдети – жогорку окуу жайларда окуусун ийгиликтүү улантып кете ала турган адамдардын жөндөмдөрүн ченөөгө жараган максималдуу так куралды түзүп чыгуу. Ушул бирдей куралдын жардамы менен ЖОЖдорго тапшыра турган бардык абитуриенттер алардын үй-бүлөлүк, социалдык абалына же ата-энесинин материалдык дараметине карабастан ченөөдөн өтүүгө тийиш.
Бирок тестти өткөргөн уюмдун көз карандысыздыгын ал эч кимге эсеп-жооп бербейт же ага эч ким көзөмөл жүргүзбөйт деп түшүнүүгө болбойт. Жалпы республикалык тестти өткөрүүдө Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тесттин жана тест өткөрүү процессинин негизги мүнөздөмөлөрүн регламенттеген нормативдик документтерге таянат. Ошондой эле ЖОЖдорго өтүү конкурсун өткөрүү жараяны жана абитуриенттерди гранттык жана контракттык орундарга кабыл алуу тартиби да регламентке салынган. Тесттин максатын жүзөгө ашыруу үчүн ББОУБ Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен, жергиликтүү деңгээлдеги билим берүү бөлүмдөрү, мектептер жана ЖОЖдор менен тыгыз алакада иштейт. Борбордун ишмердигине тике көзөмөл жүргүзгөн орган – Камкорчулар кеңеши, анын алдында борбор өз ишмердигинин эң маанилүү багыттары боюнча эсеп-жооп берип, эң маанилүү чечимдерди аны менен бирге кабыл алат.
Кыргызстандын мектептеринин бүтүрүүчүлөрүн ЖОЖдорго өтүү үчүн тесттен өткөрүүнү мамлекеттин буйрутмасы боюнча көз карандысыз, жеке, коммерциялык эмес уюм жүргүзгөн Евразиядагы биринчи өлкө болуп эсептелет.
Тесттин купуялыгы
Тест жакшы натыйжа берип, кандай максатта түзүлсө, ошону ченеш үчүн, тактап айтканда, ишенимдүү болуш үчүн купуялык катуу сакталат. Тест мазмунунун купуялыгын сактоо менен тесттин жыйынтыктарына таасир этүүгө жол берилбестигинин кепилдиги – бул ар бир абитуриенттин тагдырына да, Кыргызстандын ЖОЖдорундагы бюжеттик орундардын бөлүнүшүнө да чоң таасир тийгизүүчү маанилүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген зарыл шарттар. Жөнөкөй тил менен айтканда, тест тапшырмалары сатылбагандыгын, белгилүү бир төлөмдүн аркасы менен абитуриент чындыгында топтогондон жогорураак упай жазылган сертификатты алуу мүмкүн болбогондугун кепилдикке алуу зарыл. Тажрыйба көрсөткөндөй, абитуриенттердин өздөрүн да, алардын ата-энелерин да, баарыдан мурда, тынчсыздандырган суроолор мына ушулар.
Аброй жана жоопкерчилик
Бардык зарыл талаптар сакталгандыгын толук ынанып айтууга мүмкүндүк берген эң биринчи маанилүү далил – бул уюмдун ар бир мүчөсү ББОУБдун аброюнун колдоого өтө кызыкдар болгондугу, анткени бул уюмдун туруктуулугун жана андагы кызматкерлердин туруктуу жумуш ордун камсыз кылат. Ошентип, ички жана тышкы коррупцияга каршы жүргүзүлгөн күрөш уюмдун ар бир кызматкерине пайда гана алып келет. Андан тышкары, ББОУБдун кызматкерлери бир катар документтерге кол коюшуп, ошол документтерде кызматтык тартип бузулган учурда олуттуу жазага тартуу каралган. Жогоруда айтылып кеткендей, уюмдун ишмердигине ББОУБдун Камкорчулар кеңеши көзөмөл жүргүзөт.
ББОУБда купуялыктын бир катар жол-жобосу иштелип чыккан жана такай өркүндөтүлүп келет. Ошол жол-жоболордун так аткарылышы уюмдун ичинен да, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын, абитуриенттердин ата-энелери жана абитуриенттердин өздөрү тарабынан да көзөмөлдөнүп турат. Аталган жол-жоболор тест тапшырмаларынын түзүлүшүн, тапшырмалардын сыналышын, тесттин чогултулушун, көбөйтүлүшүн, өткөрүлүшүн, тест материалдарынын сакталышын, тест жыйынтыктарынын иштелип чыгышын, тест жыйынтыктарынын берилишин ж.б.у.с. жөнгө салат. Төмөндө ошол жол-жоболордун айрымдары жөнүндө маалыматтар берилген.
Тапшырмалар бир нече “электен” өткөрүлөт
Тест атайын даярдыктан өткөн жана бүгүнкү күнү тест тапшырмаларын түзүүдө жетиштүү тажрыйбасы бар Кыргызстандын мектептеринин мугалимдери жана
Тест материалдарынын купуялыгы – ченөө тактыгынын зарыл шарты. |
ЖОЖдордун окутуучулары тарабынан ББОУБдун кеңсесинде иштелип чыгат. Тапшырмаларды жазып бүткөндөн кийин иштеп чыккан адам аны рецензиялоого берет. ББОУБда көп баскычтуу рецензиялоо колдонулуп, бир эле тапшырма эң кеминде 5 рецензиядан өткөндөн кийин гана тест тапшырмалардын банкына түшөт. Рецензиялоодон өткөн тапшырмалар кыйла оңдолуп, кошумча иштелип чыгышы жана өзгөртүлүшү мүмкүн. Ошон үчүн тапшырманын акыркы варианты баштапкысынан бир топ айырмаланат.
Тапшырмаларды иштеп чыккан адамдын өзү кабыл алынган тапшырмалар андан кийин эмне болорун билбейт. Ал тапшырма кандай өзгөргөндүгү, кайсы тестте (ББОУБда азыркы учурда тесттердин бир нече түрү иштелип чыгат), качан колдонулары, дегеле колдонулуп-колдонулбаганы туурасында маалымат албайт. Бул тапшырма тапшырмалардын электрондук банкына жайгаштырылып, сыноодон өтүп, татаалдыгы, бөлүштүрүү жөндөмдүүлүгү ж.б.у.с. так статистикалык мүнөздөмөлөргө ээ болгондон кийин гана колдонулат.
Сыноодон тесттер эмес, тапшырмалар банкындагы суроолор өтөт. Сыноого чейин алардын болжолдуу гана мүнөздөмөлөрү болуп, алар эксперимент аркылуу текшерилиши керек. Бир дагы тапшырма эксперимент аркылуу сыноодон өтмөйүнчө, тестке киргизилбейт. Ошол эле мезгилде сыналган тапшырмалардын баары эле иштелип чыккан жылы тигил же бул тесттин тутумуна кире бербейт. Тесттин акыркы варианты алдын ала белгиленген мүнөздөмөлөр, иштелип чыккан матрица боюнча тесттин алдында түзүлөт.
“Ачкычтар” эч кимдин колунда болбойт
Купуя маалыматтарды камтыган компьютерлер жергиликтүү тармакка да, интернетке да байланышпайт жана белгилүү бир так кармалуучу жол-жоболор боюнча гана ачылат. ББОУБдагы бир дагы адам тестке байланыштуу толук маалыматка ээ боло албайт. Анын өз алдынча бөлүктөрүнө ээ болгон адамдардын алкагы да өтө чектелген. Борбордун көпчүлүк кызматкерлери купуя маалыматты ача алышпайт. Тест нускалары ББОУБдун коопсуздук кызматынын көзүнчө көбөйтүлөт. Нускалоо жасалып жаткан жайга видеокамералар орнотулуп, видеобайкоо жана видеожазуу жүргүзүлөт. Мындан тышкары, басып чыгаруучу уюм жана тесттерди чыгарууга байланыштуу ар бир кызматкер купуялыкты сактоо жөнүндө жеке макулдашууга кол коёт.
Түзүлгөн тесттин даяр ачкычтары (ачкыч – тапшырманын туура жообу) бүткүл өлкөдө тест бүтмөйүнчө жана бардык жооп баракчалары сканерге түшүрүлүп бүтмөйүнчө түзүлбөйт. Тест сынак тапшырып жаткандардын колуна тиймейинче, эч ким толук тестти көрбөөгө тийиш. Тапшырма аткарылып жаткан мезгилде же тесттин башка бир баскычтарында эч ким абитуриентке жардам бере албайт.
Эч ким “жардам бере” албайт
150 суроодон жана ар башка 5 бөлүктөн туруп, көптөгөн варианттары бар тесттин даяр ачкычтары жок болгондугу (өзүнчө көптөгөн варианттары бар предметтик тесттерди эсепке албаганда да) — тестти өткөргөн администраторлордун бири тест аткарууда жардам бергиси келген күндө да, анын мындай мүмкүнчүлүгү болбостугунун кепилдиги. Тестти өткөрүүдө да катуу карманган жол-жоболор иштелип чыгып, администраторлорго тест материалдары менен жалгыз калууга тыюу салынган. Тест материалдарын санап чыгуудан баштап, аларды таратып берүү, чогултуу жана таңгактоо сыяктуу тест материалдары менен жүргүзүлүүчү операциялардын баары тестти өткөрүү тайпасынын бардык мүчөлөрүнүн катышуусу менен аткарылат.
Диск эӊ катуу корголот
Жооп баракчаларынын баарын сканерге түшүрүп, маалыматтарды электрондук базага киргизгенден кийин, суроолордун ачкычтары түзүлө электе жана жыйынтыктар эсептеле электе, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, массалык маалымат каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын жана “Перемена” коомдук фондунун өкүлдөрүнүн көзүнчө абитуриенттердин жооптору компьютердик дискке жазылат. Ошол диск банктын (демейде эл аралык банктын) сейфине салынат.
Банк чөнөгүнүн (ячейка) ачкычы ББОУБдун кызматкерлери болбогон эки адамда сакталат. Адатта алардын бири Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, бири эл аралык уюмдун өкүлү болот. Ошол чөнөктү ачуу үчүн бир эле мезгилде ошол жерде аталган эки кишинин, ББОУБ өкүлүнүн жана банк кызматкеринин болушу талап кылынат. Чөнөк ачылган сайын бул туурасында банктын журналына жазылат.
Кыргызстандын бардык ЖОЖдорунда бардык абитуриенттерди кабыл алуу жараяны бүтмөйүнчө, диск банкта сакталып турат. Абитуриенттердин жоопторунун бул электрондук базасы өзгөртүүгө мүмкүн болбогон жана берилген жыйынтыктар менен качан болсо да текшерүү мүмкүн болгон үлгү болуп эсептелет. Ошентип, маалымат базасындагы упайларды өзгөртүү жана жасалма упайлар жазылган сертификатты берүү мүмкүнчүлүгү толук жоюлат.
Тапшырмаларга сын пикир пайда болсо…
Тесттин катышуучулары өз упайлары кандайча эсептелгендиги жөнүндө жооп алыш үчүн жана компьютер алардын упайларын туура эсептегенин текшериш үчүн ЖРТда эки баскычтан турган консультациялар бар. Консультациялардын биринчи баскычы тест өтүп жаткан учурда жүргүзүлөт. Тест башталар алдында ар бир аудиторияда окулган администратордун сөзүндө, эгерде суроолор же тесттин тапшырмаларына сын-пикир пайда болсо, тесттин тапшырмаларын аткарып бүткөндөн кийин абитуриент атайын түзүлгөн так эместиктер формасын толтуруп бериши зарыл. Ал формада абитуриент тестте эмне түшүнүксүз болгондугун же тапшырмаларга карата кандай сын-пикири бар экендигин жазып берет.
Ушул эле формага ал өз телефон номерин же башка байланыш каражатын жазат. Ар бир форма жазып кайрылган катышуучуга борбордон консультант байланышып, тапшырманы чогуу талдап чыгышат. Эгерде тест тапшырмасына карата коюлган сын-пикирде негиз бар болсо, анда бул тапшырма бардык тест тапшырган катышуучулар үчүн да эсепке алынбайт. Эгерде тест тапшырмасында ката жок болсо, анда катышуучуга тапшырма түшүндүрүп берилет.
Консультациянын экинчи баскычы упайларды эсептөө боюнча консультация деп аталат. Консультациялар офлайн жана онлайн түрдө өткөрүлөт. 2020-жылдан тарта аймактарда жашаган абитуриенттерге шарт түзүп берүү максатында офлайн консультациялар жүргүзүлүп келет. Консультациялардын өткөрүлүшү абитуриенттер менен алардын ата-энелерине түздөн-түз ББОУБдун кеңсесине келип, катышуучулардын жооп барактарындагы упайлар туура эсептелгендигине ынанышын камсыздайт. Бул учурда абитуриенттин колуна анын жооп барагы берилип, ал ББОУБдун консультанты менен чогуу өзү же ата-энеси менен бирге жооп барагындагы топтогон упайларын эсептеп көрсө болот.
Консультация учурунда абитуриент тест дептеринин номерин туура эмес боёп койгон, калеминин сыясы жайылып кеткен, туура эмес жоопторду оӊдогондо квадрат менен эмес, тегерек менен боёп койгон учурлар кездешет. Мындай учурлар ар бир катага жараша компьютерде упайлардын туура эмес эсептелишине алып келет. Эгерде ката техникалык мүнөздө болсо жана тесттин катышуучусунун билим алуу жөндөмдөрүнүн көрсөткүчү эмес болсо, ал упайларын кайрадан эсептеп чыгуу үчүн арыз жазууга укуктуу.
Даттануулар кандай каралат?
Бул катышуучулардын арыздары тест аяктагандан баштап ЖОЖдорго кабыл алуу конкурсу башталганга чейин атайын Жалпы республикалык тест менен байланышкан суроолор боюнча Бирдиктүү комиссия тарабынан каралат. Бул комиссия ББОУБдун, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин коррупцияны алдын алуу секторунун, КРнын ЖОЖдорунун өкүлдөрү жана ММК өкүлдөрүнөн турат.
Комиссиянын отурумунда бардык түшкөн арыздар каралат. Комиссиянын мүчөлөрүнө техникалык ката болгондугу тууралуу бардык документтештирилген далилдер көрсөтүлгөндөн кийин гана, болгон каталарды эске алуу менен сертификаттагы упайды кайра эсептеп чыгуу мүмкүн же мүмкүн эместиги жөнүндө чечим кабыл алынат.
ЖОЖго ким кабыл алат?
ББОУБ республиканын ЖОЖдоруна кабыл алуу конкурсун өткөрбөйт жана ал үчүн жооп бербейт. КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан жана
2020-жылдан бери иштеп жаткан ЖРТнын жыйынтыгы боюнча КРнын ЖОЖдоруна кабыл алуу системасы абитуриенттерге университетке келбестен, телефон же компьютер аркылуу онлайн катталуу аркылуу сынакка катышууга жана ЖОЖдун студенти болууга мүмкүнчүлүк берет. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин https://2020.edu.gov.kg сайтында онлайн конкурс өткөндөн кийин, кабыл алар алдында ар бир ЖОЖ кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин топтогон упайларын ырастоо үчүн алардын тизмелерин ББОУБга жөнөтөт.
ББОУБ кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмелеринде көрсөтүлгөн упайлар менен борбордогу электрондук базага киргизилген упайларды салыштырып, бардыгы туура болуп чыккан учурда тизмелердин ар бир бетине ББОУБдун директорунун колу жана уюмдун мөөрү коюлат. Андан кийин кабыл алууга сунушталган абитуриенттин жеке кабинетине окуу жайга кабыл алынгандыгы туурасында билдирүү келет. Муну абитуриент ырастап, же четке кага алат. Ырастагандан кийин ЖОЖдо гранттык жана контракттык орундарга кабыл алынган абитуриенттердин тизмеси түзүлөт. Мындай процедуралар ЖОЖго тапшыруудагы коррупциялык коркунучтардын алдын алат.
3. Жалпы республикалык негизги тесттин мазмуну
Тестти өткөрүү – педагогикалык ченөөнүн эң бир татаал куралы. Тест өз-өзүнчө тест тапшырмаларынан тургандай көрүнгөнү менен, чындыгында, ал кылдаттык менен түзүлгөн система болуп, анын ар бир курамдык бөлүгү так аныкталган орунда туруп, ушул тесттин чегинде өзүнө гана таандык, кайталангыс ченөөлөргө жана милдеттерге ээ болуп, өз милдеттерин аткарат да, бардык бөлүктөр менен жалпылыкта иштейт.
Жалпы республикалык тест көп варианттагы жооптору бар, алардын бири гана туура болгон тапшырмалар форматында жасалган.
Тесттин мындай форматы кокусунан тандалып алынган эмес. Ал тесттин жыйынтыктарын эсептөөдө адамдын кийлигишүүсүн минималдуу кылып азайтат. Жараяндардын баары автоматташтырылып, бул тесттин жыйынтыгына адамдык субъективдүү фактордун таасир берүүсүн жокко чыгарат.
Тест төмөнкүдөй үч бөлүмдөн турат:
- математика бөлүмү (90 мүнөт)
- сөздүк-логикалык бөлүм (90 мүнөт)
- кыргыз же орус тилинин практикалык грамматикасы (35 мүнөт)
Математика бөлүмү эки бөлүктөн турат: салыштырууга берилген тапшырмалар (30 мүнөт) жана туура жообун тандоого сунушталган тапшырмалар (60 мүнөт).
Сөздүк-логикалык бөлүм да эки бөлүктөн турат: окшоштуктар жана сүйлөмдөрдү толуктоо (30 мүнөт) жана текстти окуу жана түшүнүү (60 мүнөт).
Тесттер абитуриенттердин тандоосуна, тесттен өтүп жаткан адам өзүнүн билим-жөндөмдөрүн кайсы тилде жакшыраак көрсөтө алаарына жараша эки тилде: кыргызча жана орусча сунуш кылынат.
Жооп барагын толтурууга жана нускамаларды угууга кеткен убакытты эсепке албаганда, тесттин узактыгы 3 саат 35 мүнөттү түзөт.
Мамлекеттик тил боюнча тест
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жыл, 7-февралдагы 191/1 буйругуна ылайык, 2024-жылы мамлекеттик тил боюнча тест киргизилди. Аталган тест КРнын ЖОЖдорунда окууну каалаган бардык абитуриенттер үчүн милдеттүү болуп саналат жана алардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт (1 – ортодон төмөн, 2 – орто, 3 – ортодон жогору, 4 – жогорку).
Мамлекеттик тил боюнча тест 50 суроону камтыган эки бөлүмдөн турат:
1) мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын жана мектеп программасын эске алуу менен түзүлгөн лексика-грамматикалык мүнөздөгү суроолор;
2) ар кандай стилдеги, жанрдагы жана тематикадагы эки текстти окуп, аларга карата берилген 5тен суроого жооп берүү.
Тексттерди тандоодо тестке катышкандардын жаш өзгөчөлүгү жана окутуу кыргыз жана орус тилдеринде окутулган мектеп окуучуларынын мектеп программасындагы лексикалык минимумдары эске алынат. Тест жооп барагын толтурууга жана тесттин администратору окуган нускамага бөлүнгөн убакытты эске албаганда 60 мүнөткө созулат.
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин чечимине ылайык, мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыктары 2024–2025-жылдары КРнын ЖОЖдоруна тапшырууда таасир этпейт. Бирок мамлекеттик тил боюнча тест тапшырылмайынча, негизги жана предметтик тесттердин (ЖРТ сертификаты) жыйынтыктары берилбейт.
Предметтик тесттер
Жалпы республикалык тесттин алкагында химия, биология, физика, математика, тарых жана англис тили боюнча предметтик тесттер өткөрүлүп келген. 2020-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйрутмасы боюнча филологиялык адистиктер үчүн кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча предметтик тесттер киргизилген.
Предметтик тесттерди тигил же бул предметтик тестти тапшыруу талап кылынган адистиктерге окууга өтүүнү каалаган абитуриенттер тапшырышат. Предметтик тесттердин максаты негизги тесттин максатынан башкача. Предметтик тест жетишкендиктерди баалайт. Бул учурда окуучулардын тигил же бул предметтеги окуу жетишкендиктерине баа коюлат. Бирок бул жерден да басым алардын эске тутуусун текшерүүгө эмес, окуп үйрөнгөндөрүн түшүнүүсүн жана алган билимдерин колдоно билүүсүн текшерүүгө жасалат.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору предметтик тесттерди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрликтеринен (КР ББИМ) келип түшкөн буйрутманын негизинде иштеп чыгат. Өз кезегинде, КР ББИМ предметтик тесттерге болгон өз буйрутмаларын жогорку окуу жайлардын муктаждыгына жараша жасайт.
Катышуучуларды каттоо жана тестти өткөрүү жол-жоболору
2025-жылы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн Жалпы республикалык тест (ЖРТ) өз убагында 18–24-майда 128 тест борборунда өткөрүлдү.
2025-жылы Жалпы республикалык тест эки этап менен өткөрүлдү:
1-этап – 18–20-май,
2-этап – 22–24-май.
Тестке убагында катыша албай калган абитуриенттер үчүн 20–22-июнда Бишкек, Ош шаарларында кошумча тест өткөрүлдү.
Жалпы республикалык тестке катышуу үчүн абитуриенттерди каттоо ББОУБдун сайтынын электрондук платформасында онлайн форматта былтыркы жылдагыдай эле өткөрүлдү.
Тестке катталган абитуриенттер гана киргизилди. 2025-жылы каттоодон жалпы 52 437 адам өттү. Алардын ичинен 51 150 катышуучу февраль-апрель айларындагы онлайн каттоо учурунда,
1 287 адам кечигип калгандар үчүн июнь айында өткөрүлгөн тестке каттоо учурунда катталган. Каттоонун жол-жобосу абитуриенттер үчүн ыӊгайлуу болду. 11-класстардын окуучулары, техникумдар менен коллеждердин, атайын орто окуу жайлар менен кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү онлайн каттоо системасына кирүү үчүн логин жана паролдорду түздөн-түз өздөрүнүн окуу жайларынан алышты. Мурунку жылдардын бүтүрүүчүлөрү жакынкы райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн алышты.
Тест башталганга бир ай калганда катталган абитуриенттерге тест кайсы жерде, качан жана кайсы убакта болору көрсөтүлгөн тестке кирүү талону жиберилди. Ошондой эле ар бир катталган абитуриент салттуу түрдө “Жалпы республикалык тестке даярданабыз” аттуу акысыз брошюраны өзү тест тапшыруу үчүн тандаган тилде алды.
Жалпы республикалык тестке негизги каттоо 3-февралдан 4-апрелге чейин өткөрүлдү. Ошол мезгилде катталууга үлгүрбөй калган абитуриенттер тестке бир күн калганда жана тест өткөрүлүп жаткан күндөрү бардык тест борборлорунда уюштурулган кошумча каттоодон өтө алышты.
Кыргыз Республикасынын агартуу министрлигинин демилгеси менен Бишкек жана Ош шаарларында 11-июндан 19-июнга чейин кошумча тестке каттоо түйүндөрү уюштурулду. Аталган тест 20–22-июндарда Бишкек, Ош шаарларында өткөрүлүп, ага мурда катталып, бирок жүйөлүү себептерден улам тестке өз убагында катыша албай калган абитуриенттер жана тесттен четтетилбеген, бирок мурда тест тапшырбай калган каалаган абитуриенттердин баары катыша алышты.
Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кышкы кабыл алуу мурунку жана 2025-жылдын бүтүрүүчүлөрүн тандоо жана окуунун контракттык формасы боюнча окуу акысын төлөө келишиминин негизинде абитуриенттерди кабыл алуу үчүн гана жүргүзүлөт.
Кышкы кабыл алуу үчүн онлайн каттоо октябрь айында, ал эми тест Бишкек жана Ош шаарларында 2025-жылы ноябрь айында болот. 2023- жана 2024-жылдардагы кышкы кабыл алуу боюнча Жалпы республикалык тесттин катышуучуларынын саны, орточо, эң жогорку жана эң төмөнкү тесттик упайлары тууралуу маалыматтар ББОУБдун www.testing.kg веб-сайтында жайгаштырылган.
Бирдей шарт
Тесттин эффективдүүлүгүнүн маанилүү фактору болуп тестти башкаруу жол-жоболорун иштеп чыгуу жана аларды так кармоо, ошондой эле бардык тестти тапшырып жаткандар үчүн бирдей шарттарды түзүп берүү эсептелет. Бирдей шарт дегенибиз бардык абитуриенттер варианты менен тилине карабай, татаалдыгы жана берилген убактысы жагынан бирдей тестти тапшырарын, бирдей тест аткаруу көрсөтмөлөрүн жана тест учурунда өзүн алып жүрүүнүн бирдей эрежелерин угарын, бирдей жооп баракчаларын толтурарын билдирет.
Мурдагы жылдардай эле, 2025-жылы ЖРТны тапшырып жаткан учурда абитуриенттердин коопсуздугун сактоо максатында КРнын Агартуу министрлиги, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору, жергиликтүү башкаруу органдары, билим берүү бөлүмдөрү, мектеп жетекчилиги, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана КРнын Ички иштер министрлиги тарабынан тийиштүү чаралар көрүлдү.
Тест өткөрүү графигине ылайык, ар бир тест өткөрүлө турган күнү, тестке кирүүнү тартиптүү уюштуруу үчүн жана тестти өткөрүү үчүн тест борборлорунда төмөнкү кызматкерлер иштеп жатышты:
- Тестти өткөрүү үчүн жооптуу болгон ББОУБдун администраторлор командасы;
- Тесттин мамлекеттик масштабдагы иш чара катары өткөрүлүшүнө жооптуу болгон жергиликтүү башкаруу органдарынын, райондук/шаардык билим берүү башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн кызматкерлери;
- Тест борборлорунун аймагында тартиптин сакталышын, элдердин топтолбошун, чоочун адамдардын жок болушун камсыздаган Ички иштер министрлигинин кызматкерлери;
- Тестке киргизүү процессин уюштуруу үчүн ден соолугунун абалына байланыштуу абитуриентти тестке киргизбөө тууралуу чечимди кабыл алуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин жергиликтүү кызматкерлери;
- Тест борборунда тестти өткөрүү үчүн көмөк көрсөтүп иштеген мектептин кызматкерлери: мектептин жетекчилиги, завхоз, коопсуздук кызматы (тестке кирүү учурунда жардам берүү жана тест борборунун кире беришиндеги тартипти камсыздоо үчүн жана тест учурунда мектептин аймагында чоочун адамдардын болушуна жол бербөө үчүн) жана тест борборунда санитардык нормаларды камсыздоо үчүн, тест аудиторияларын, дааратканаларды, ж.б. өз убагында тазалап туруу үчүн).
ЖРТ мектептерде өткөрүлүп, алар бир катар шарттар менен талаптарга туура келиши керек болчу. Республиканын бардык аймактарында жарык, жакшы желдетилген, жетиштүү сандагы парта, отургучтар коюлган дарсканалары бар мектептер тандалып алынды. Ар бир дарскана 50дөн 100гө чейин абитуриентти батырууга тийиш эле. Бир эле мезгилде бир мектепте 250гө чейин абитуриент тест тапшыра алды.
Бирдей шарт түзүү үчүн милдеттүү түрдө аткарыла турган талаптардын бири болуп тест борборлорун даярдоо эсептелет: үстөлдөрдү абитуриенттер бири-биринен көчүрө албагандай же тестти аткарууда жанындагыларга жолтоо болбогондой кылып коюштуруу; ар бир үстөлгө бирден гана абитуриентти отургузуу; ар бир орунга номер коюу; ар бир дарсканага төмөнкүдөй маалымат материалдарын илип коюу: жооп баракчаларында тест борборунун номерин, өзүнүн каттоо номерин жана тест дептеринин номерин кандай толтуруш (боёш) керектиги көрсөтүлгөн плакаттар. Тестке чейин, тесттен кийин жана сменалардын ортосунда тест аудиторияларын тазалоо үчүн зыянсыз заттар (полду жуу, отургучтарды, парталарды, каалганын кармагычтарын ж.б.у.с. сүрүп туруш үчүн).
Жыл сайын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген абитуриенттер да Жалпы республикалык тестке катышышат. Өзгөчө билим алуу муктаждыктары бар балдардын интернат-мектептеринде окуган тест катышуучулары үчүн ББОУБ Бишкек жана Ош шаарларында өзүнчө тест борборун уюштуруп, ал жерде тестти атайын даярдыктан өткөн жана медициналык билими бар администраторлор өткөрдү. Аймактардагы тест борборлорунда мүмкүнчүлүгү чектелген абитуриенттерге да өзгөчө көңүл бурулду. Алар менен атайын даярдоодон өткөн администраторлор иштешти, алар тест борборун даярдоо этабында да жана тест учурунда да абитуриенттердин жеке муктаждыктарына ылайык ЖРТны тапшыруу үчүн зарыл болгон оптималдуу шарттарды түзүп беришти.
2025-жылы Жалпы республикалык тестке бардыгы болуп 65 өзгөчө муктаждыгы бар абитуриент катышкан. Алардын ичинен 26сы начар көргөн; 7өө араба (инвалиддик коляска) колдонгон абитуриенттер; 7си буттарынан жаракат алып, кыймылдоо жөндөмү чектелгендер (гипс таӊылган, балдак таянган); 9у ДЦП диагнозу бар; 7си I типтеги кант диабети менен ооругандар; 5и өнүгүүсү кечеңдеген жана аутизм диагнозу барлар; 2си эпилепсия менен; 1и начар уккан жана 1 катышуучу курч өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги диагнозу менен болгон.
Тестке кандай киришет?
Тестке киргизүү төмөнкүдөй жол менен жүргүзүлөт:
- Абитуриенттер тест борборунун кире беришинде тест тапшыруу тили жана кезегине жараша бир нече катарга тизилип турушат.
- Аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тест борборлорунун сыртындагы тартипти көзөмөлдөп турушат: адамдардын топтолбошун жана чоочун кишилердин тест борборуна кирбешин камсыздашат.
- Андан соӊ абитуриенттин документтери текшерилип, ал тест борборунун ичине киргизилет. Абитуриенттер тестке кирүү талону жана паспорту бар болгон учурда гана тестке киргизилет. Эгерде абитуриент паспорт ала элек болсо, анда туулгандыгы тууралуу күбөлүккө кошумча сөзсүз түрдө абитуриенттин сүрөтү чапталган, окуу жайынын же паспорт үстөлүнүн мөөрү басылып бекитилген маалым катты алып келүүсү талап кылынат.
- Тест борборунун ичинен администраторлор абитуриенттерди катышуучулардын каттоо тизмелеринен текшерип, тестти тапшырган тилине жараша аудиторияларга узатып киргизишет.
Жогорудагы бардык пунктылардын аткарылышы КРнын ЖОЖдоруна тапшыруу үчүн ЖРТны коопсуз шартта өткөрүүгө жана тест учурунда өзүн алып жүрүү эрежелерин сактаган абитуриенттердин тестти тынч абалда аткаруусуна мүмкүндүк берет.
Эреже бузгандарга кандай чара көрүлөт?
Тестти баштаар алдында стандартташтырылган сөз айтылып, анда абитуриенттерге майда-чүйдөсүнө чейин ар тараптуу нускама берилет. Тестти өткөрүү эрежелерин абитуриенттер тест башталар алдында дагы бир жолу өздөрүнүн тест дептерлеринен окуй алышат. Тесттен өтүп жаткандар бирдей шартта болушу үчүн тест учурунда эч кимге эч кандай артыкчылык берилбей, бардык тест өткөрүү борборлорунда абитуриенттердин баары бирдей эрежелерди катуу сактоого милдеттүү болушат.
Суроо пайда болгондо абитуриент колун көтөрүп, администратор анын жанына келет. Бирок абитуриент тесттин мазмунуна байланыштуу суроо бербеши же тапшырманы аткарып жатып жардам сурабашы керек. Өз кезегинде, администратор тесттин мазмунуна байланыштуу суроолорго жооп берүүгө акысы жок. Эгерде абитуриент суроонун бир дагы туура жообу жок деп эсептесе же анын тапшырмаларга карата кандайдыр башка сын пикири болсо, тест аяктагандан кийин жооп баракчалары тапшырылганда, ал өзүнүн сын пикирлерин тесттеги так эместиктерди каттаган атайын формага толтуруп берет.
Тесттин эрежелерин бир нече жолу бузган абитуриент тесттен чыгарылат. Эгерде абитуриент эрежелерди одоно бузса, мисалы, шпаргалка колдонсо, тесттин тапшырмаларын сүрөткө тартканга же кайда болбосун (бир барча кагазга, шоколадды орогучка ж.б.у.с.) көчүрүп алууга аракет кылса, ал тесттен дароо четтетилет. Бул чара туурасында абитуриенттердин баары тест башталганга чейин эскертилет. Андан тышкары, ар бир тест борборунда жана тест өткөн дарсканада тест жүрүп жаткан мезгилде тыюу салынган буюмдардын тизмеси берилип, плакаттар илинип турат.
Тест учурунда уюлдук телефондорду жана башка электрондук каражаттарды жанына алып, аларды пайдаланышы менен байланыштуу четтетүүлөрдүн санын азайтуу үчүн жана тест тапшырмаларынын жашыруундугун сактоо үчүн ББОУБ 2016-жылдан баштап абитуриенттер теске киргизүү учурунда металлодетектор менен сканерлеп текшерилет. Бул ыкма колдонула баштагандан бери тестке уюлдук телефон алып кирген абитуриенттерди тесттен четтетүү учурлары кыйла азайган.
Акыркы жылдары тесттен четтетүүнүн эң көп катталган себеби – тестти тапшырууга катталган абитуриенттин өзү эмес, анын ордуна башка адам келген учурлар. Андан тышкары, шпаргалкаларды колдонуп же танапистен кийин тест өтүп жаткан бөлмөгө уюлдук телефондорун жана смарт сааттарын алып киргенге аракет кылган абитуриенттер да болгон.
Администраторлор
Тест борборлорунда алдын ала атайын окуудан өткөн администраторлор гана иштешет. Төмөн жакта берилген 3-таблицада 2003-жылдан баштап, 2025-жылга чейинки тест борборлорунун жана администраторлорунун саны жөнүндө маалыматтар берилген.
Таблицада көрүнүп тургандай, 2012-жылы Жалпы республикалык тестти милдеттүү түрдө тапшыруу талабы киргизилгенине байланыштуу, тест борборлорунун саны көбөйүп, бул жагдай тест администраторлорунун санынын кескин өсүшүнө алып келген.

Тестке даярдоочу тренинг-семинарларга катышардан мурун, администраторлор бир жыл ичинде уланган ачык тандоо конкурсунун баскычтарынан өтүшөт.
- Окууга кабыл алуу жараяны
2020-жылдан баштап ЖОЖдордун гранттык орундарына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин «Абитуриент Онлайн» автоматташтырылган маалыматтык тутуму (https://2020.edu.gov.kg) аркылуу онлайн режимде жүргүзүлдү. Салттуу форматтагы кирүү сынактары маданият жана искусство ЖОЖдоруна, ошондой эле дене тарбия жана спорт адистигине кирүү үчүн гана өткөрүлдү.
2025-2026-окуу жылына 10 000 мамлекеттик билим берүү бюджеттик орундар бөлүнгөн, алардын ичинен 1262 ваучер – педагогикалык адистиктерге/багыттарга, 350 грант эл аралык макулдашуулар боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн, 50 грант ЖРТ боюнча эң жогорку упай алган абитуриенттерди конкурстан тышкары киргизүү үчүн, 75 грант чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарга, 20 грант 2002-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, 2010-жылдагы апрель, май, июнь окуяларында каза болгон жарандардын балдарына жана «кайрылман» статусу бар адамдардын балдарына, биринчи жана экинчи топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген, жөлөк пул боюнча теңдештирилген согуштун катышуучуларынын жана майыптарынын балдарына, бала кезинен майыптарга, жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга 500 орун бөлүндү.
10 000 мамлекеттик билим берүү грантынын (гранттык орундардын) ичинен 7 947 гранттык орун Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу ЖОЖдорго бөлүнгөн, калгандары башка мамлекеттик органдар тарабынан каржыланат. Мисалы: КРнын Ички иштер министрлигине 150; Саламаттыкты сактоо министрлигине 555; Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 208; Коргоо министрлигине 125; Тышкы иштер министрлигине 20 бюджеттик орун бөлүнгөн.
ИИМ Академиясынын, КРнын куралдуу күчтөрүнүн аскер институтунун, Борбордук Азиядагы Америка университетинин, Борбордук Азия университетинин адистиктери жана кошумча сынактарды талап кылган адистиктер жана багыттар боюнча конкурска ЖРТны да, аталган ЖОЖдордун кошумча сынактарын да ийгиликтүү тапшырган абитуриенттер катыша алат.
7 103 гранттык орунга кабыл алуу ЖРТ жыйынтыктары боюнча жүргүзүлдү, салттуу форматтагы кирүү сынактары маданият жана искусство ЖОЖдоруна, ошондой эле дене тарбия жана спорт адистигине кирүү үчүн гана өткөрүлдү (ЖРТнын жыйынтыктарысыз).
Төрт категориядагы мектептер
Мектептердин баары 4 категорияга бөлүнгөн: Бишкек шаарындагы мектептер, чакан шаарлар менен облустук борборлордогу мектептер, айылдык мектептер, бийик тоолуу аймактардагы мектептер. Тигил же бул категорияга тийиштүүлүгүнө жараша сертификаттар өңү менен айырмаланат. Сыя көк түс бийик тоолуу аймактардагы мектептердин категориясына таандык. Сары түс – айылдагы мектептердин категориясыныкы. Көгүлтүр түс чакан шаарлар менен облус борборлорундагы мектептердин категориясын, ал эми кызыл түс Бишкектеги мектептердин категориясын билдирет. Кабыл алуу учурунда орундар мектептердин ар бир категориясынан берилген талондордун санынын ара катышына ылайык бөлүштүрүлөт. Мектептердин белгилүү бир категориясынын өкүлдөрү канчалык көп болсо, аларга тийген орундардын саны да ошончолук көп болот.
Гранттык орундарга кабыл алынгандардын эң чоң пайызы (48,2 %) айыл мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында байкалат. Алардын Жалпы республикалык тестке катышуусунун ЖОЖдордун гранттык орундарына тапшырып, конкурска катышкан абитуриенттеринин санындагы үлүшү да дээрлик ошондой эле (42,1 %). Жалпы республикалык тест, жашаган жерине карабай, ар бир абитуриенттин ЖОЖдо окууга болгон жөндөмдүүлүгүн аныктап көрүүгө мүмкүндүк берет.
Төмөн жакта берилген диаграммаларда көрүнүп тургандай, 2025-жылдагы ЖОЖдорго кабыл алуунун жыйынтыгында мектеп категорияларынын ар бирине кирген тесттин катышуучулары пропорционалдуу орун ээлешкен: 48,2 % – айыл мектептеринин бүтүрүүчүлөрү, 11,8 % – бийик тоолуу аймактардагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү, 25,2 % – Бишкек шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү жана 20,1 % – облустук борборлор менен чакан шаарлардагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү.
2025-жылкы Жалпы республикалык тесттин катышуучуларынын жана окууга алынган абитуриенттердин мектеп категорияларына жараша бөлүнүшү (% түрүндө)

2025-жылы Жалпы республикалык тесттин катышуучуларын жана кабыл алынган абитуриенттердин мектеп категориялары боюнча бөлүнүшү

* Россия, Казакстан жана Тажикстан мектептеринин бүтүрүүчүлөрү жана өз мектебинин кодун туура эмес көрсөткөн бүтүрүүчүлөр.
Грантка жана “бюджетке”
Кабыл алынгандардын диаграммасы дээрлик толугу менен тест катышуучуларынын диаграммасын кайталап турат. Бул учурда кеп гранттык орундарга кабыл алуу жөнүндө болуп жатканын дагы бир жолу белгилей кетүү керек.
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2025–2026-окуу жылына карата ЖОЖдорго өтүү үчүн бекиткен босого упай гранттык жана контракттык окутуунун бардык формаларына мурдагы жылдардай эле негизги тест боюнча 110 упайды, предметтик тесттер боюнча 60 упайды түздү.
- Саламаттык сактоо багыттарына/адистиктерине: негизги тест боюнча – 120 упай; биология боюнча – 60 упай; химия боюнча – 60 упай.
- Педагогикалык багыттардын гранттык окуу формасына негизги тест 130 упай, предметтик тесттин упайы 60 болуп бекитилди.
- «Айыл чарба илимдери» багыты боюнча адистиктер үчүн – 100 упай.
I, II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген абитуриенттер ЖРТнын негизги тестинин жыйынтыгы 90 упай болгон учурда гранттык орундарга (саламаттык сактоо багыттарынан/адистиктеринен тышкары), 90 упай менен контракттык орундарга тапшыра алышат.
Ар жылы I, II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген абитуриенттер ЖРТ тапшырышат. Бул туурасында бардык тест борборлорунда иштеген администраторлор өз убагында алар менен иштөө боюнча нускамалдарды алышат.
Адистиктердин тизмеси менен алар үчүн талап кылынуучу тесттер Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан аныкталган.
“Абитуриент online”
2020-жылдан тарта ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн түрдө өткөрүлөт. Бул процессти уюштуруунун алкагында «Абитуриент online» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыккан.
www.2020.edu.gov.kg сайтына Кыргызстандагы бардык окуу жайлар, факультеттер, адистиктер киргизилген. «Абитуриент оnline» кабыл алуунун жүрүшүн реалдуу режимде байкоого, рейтингдеги ордун көрүүгө, окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын сынактын жүрүшүнө жана жыйынтыктарына таасирин минималдаштырууга жана абитуриент өзү каалаган окуу жайга тапшырууга мүмкүндүк берет.
Жалпы республикалык тесттен босого упайдан жогору алган жана мамлекеттик тил боюнча тестти тапшырган ар бир абитуриент тиешелүү сертификат жана талон менен жогорку окуу жайдын имаратына барбай эле, өлкөнүн каалаган бурчунан порталга катталып, окуу жайга тапшыра алат. Профилдик предметтик тесттин болушу тиешелүү багыттарга кабыл алууда абитуриентке артыкчылык укугун берет. Жеңилдик алууга талапкерлер тиешелүү документтерди тиркеши керек болгон.
Кабыл алуунун биринчи туру 14-июлда башталып, 16-июлда саат 14:00дө аяктаган. Кабыл алууга сунушталган абитуриент үч күндүн ичинде тандаган адистик боюнча билим ала турганын тастыкташы керек болуп, тастыкталбаган учурда анын орду бош деп эсептелет.
Тастыктоо үчүн абитуриент автоматташтырылган маалыматтык системасына бул документтерди электрондук түрдө тиркеши керек: паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк; орто жалпы билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими жөнүндө диплом; ЖРТнын сертификатынын алдынкы бети; окуу үчүн төлөм жөнүндө дүмүрчөк (контракттык негизде кабыл алынган учурда). Аталган документтердин түп нускаларын жогорку окуу жайга окуу жылдын башында тапшыруу керек.
2-тур 21–23-июль аралыгында өткөрүлдү. 3-тур Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен 28–30-июль, 4-тур 04–06 август, 5-тур 11–13 август аралыктарында өткөрүлдү. Сырттан окуу жана кечки окутуу формаларына кабыл алуунун мөөнөттөрү ЖОЖдор тарабынан белгиленген.
Турлардын саны, гранттык орундардын толтурулуу динамикасына жараша, бирден бешке чейин болушу мүмкүн. Толтурулбаган же документ тапшыруу менен ырасталбаган гранттык орундар кийинки турга калат. Конкурстун мөөнөтү аяктаган соң, гранттык комиссия эң жогорку упай алган абитуриенттерди кабыл алып, кабыл алынгандардын тизмесин упайларын ырастоо үчүн ББОУБга берип жиберет. Андан кийин ББОУБ тарабынан ырасталган тизме кароого илинип, абитуриенттер керектүү документтерди тапшырып, студент болуп калышат.
Мурда Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги гранттарды жогорку окуу жайлардын тапшырган билдирмелеринин негизинде бөлүштүрчү. Эми педагогикалык адистиктерге ваучердик окутуу системасына өтүү менен абитуриенттер өздөрү каалаган жогорку окуу жайын тандашат. Бул мамлекеттик да, жеке менчик да жогорку окуу жай болушу мүмкүн.
Грант/ваучер
Жогорку окуу жайлардагы ваучердин баасы жылына 42 миң 350 сомду түзөт. Эгерде жеке окуу жайдагы окуу акысы ваучердин наркынан жогору болсо, анда айырмасы студенттин эсебинен төлөнөт.
Педагогикалык адистиктер боюнча окууга тапшырууну каалаган жана Жалпы республикалык тесттин негизги тестинен кеминде 130 упай алган абитуриенттер конкурска катыша алышат. Грант/ваучер алуу боюнча конкурс жогорку окуу жайлардын кабыл алуу кампаниясы баштала электе «Абитуриент online» порталындагы «Ваучер» бөлүмүндө өткөрүлөт.
Жыл сайын ББОУБда Жалпы республикалык тесттин жыйынтыктарына талдоо жүргүзүлүп, анда абитуриенттердин саны, алардын тест өткөрүү тилин эсепке алуу менен мектеп категориялары боюнча бөлүнүшү, облустар боюнча тесттин жыйынтыктары, ЖОЖдордун гранттык орундарына кабыл алынган абитуриенттердин бөлүнүшү жөнүндө маалыматтар жана ЖОЖдордун гранттык орундарга кабыл алуу конкурсунун жыйынтыктары боюнча түзүлгөн рейтинги көрсөтүлөт.
Жалпы республикалык тесттин жыйынтыктары менен төмөнкүдөй отчётторду карап таанышсаӊар болот: «Кыргыз Республикасында 2003-жылы Жалпы республикалык тесттин жыйынтыктарын талдоо: Алгачкы пикир», «Жалпы республикалык тестти өткөрүү жана 2004-жылы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу жараяны», «Жалпы республикалык тест 2002–2005». 2006-жылдан баштап ББОУБдун отчёту «Жалпы республикалык тест жана Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорундагы гранттык жана контракттык орундарына кабыл алуу» деп аталат. Отчёттордун баарын www.testing.kg дареги боюнча ББОУБдун расмий сайтынан тапса болот.
Тест жыйынтыктары жана билим сапаты
Түздөн-түз 2025-жылкы тесттин жыйынтыктарына өтүүдөн мурда, тесттин жыйынтыктарын билим берүүнүн сапатын баалоо үчүн колдонуу эмне себептен сунуш кылынбагандыгына дагы бир жолу көңүлдү буруп кеткибиз келет:
- Бул тест мектеп бүтүрүүчүсүнүн мектеп программасы боюнча даярдык деңгээлин эмес, анын ЖОЖдо окуп жатканда керек боло турган жеке жөндөмдөрүн жана билгичтиктерин көрсөтөт.
- Тесттин жыйынтыктары мектептердин үзүрлүү иштегендигинин негизги көрсөткүчү катары колдонулганда, мектеп билим берүүсүнүн натыйжалуулугуна таасир берүүчү башка факторлор (социалдык-экономикалык чөйрө, каржылоо деңгээли, физикалык инфраструктура ж.б.) көз жаздымда калат.
- Мектеп ишинин соңку натыйжасын баалоо окуучулардын билиминин баштапкы деңгээлиндеги айырмачылыкты эсепке албайт, ошол эле учурда баштапкы деңгээл тесттин жыйынтыктарына таасир этпейт.
- Мугалимдер тесттин программасына кирбеген предметтерге жетиштүү көңүл бурбай, жалаң гана «тест үчүн» окута башташы мүмкүн.
- Көңүлдү тест жыйынтыктарына топтогондо, маанилүү башка көрсөткүчтөр (баланын психологиялык абалы, анын өз күчүнө канчалык ишенгендигин ж.б.) жөнүндө унутуп койсо болот.
- Эгерде тесттин жыйынтыктары боюнча мектеп иши туурасында жалпы тыянак чыгарышса, анда мектеп көбүрөөк көңүлдү «орто» окуучуларга бөлүүгө аракет жасап, бул күчтүү окуучулар менен жүргүзүлгөн ишке таасир берет же болбосо, тескерисинче, жалаң эле артта калып, чоң үмүт артылбаган балдар менен алпурушуп калат.
- Жакшы натыйжа көрсөтө алган жана көрсөтө албаган мектептердин ортосунда өзүнчө бир теңсиздик пайда болушу мүмкүн. Көрсөткүчтөрү төмөнүрөөк болуп калган мектептерде бул окуучулардын моралдык абалына залакасын тийгизип, окууга умтулуусун басаңдатып салышы мүмкүн.
2025-жылкы Жалпы республикалык тесттин жыйынтыктары
Абитуриенттердин санынын негизги тест боюнча топтогон упайларынын суммасына жараша бөлүнүшү

Жогору жакта берилген гистограмма абитуриенттердин негизги тест боюнча топтогон упайларына жараша бөлүнүшүн көрсөтөт.
Тесттин максаты андан ары республиканын ЖОЖдорунда ийгиликтүү окуп кете ала турган потенциалдуу студенттерди аныктоо болгондугуна байланыштуу, гистограмманын оң жагы жантайыңкы келет, тактап айтканда, ал жакта орто жана ортодон жогору жыйынтыктарды көрсөткөн абитуриенттер кылдат бөлүштүрүлгөн.
2025-жылдын өлкө боюнча орточо упайы – 127,2, ал эми максималдуу упайы – 242. Бул учурда максималдуу упайды топтогон абитуриент тесттин бардык суроолоруна жооп бергендигин билдирбейт.
Тестти тапшыруу тили. Гуманитардык жана табигый-математикалык багыттар
Төмөн жакта берилген 4-таблицада катышуучулардын тестти тапшыруу тилине жараша бөлүнүшү жана жалпы саны, тест упайларынын орточо мааниси, тест упайларынын стандарттык четтөөсү (маалымат өзгөрмөлүүлүгүнүн чени), Альфа Кронбах ишенимдүүлүк коэффициенти (тест жыйынтыктарынын кайталануусу; коэффициенти 0,70тен ашкан тест ишенимдүү болуп эсептелет) көрсөтүлгөн.

Буга чейин берилген диаграммада 2025-жылы ЖРТнын катышуучулары мектеп категориялары боюнча кандайча бөлүштүрүлгөндүгү көрсөтүлгөн.
I тиркемеде тест упайларынын орточо маанилери көрсөтүлүп, 2025-жылкы Жалпы республикалык тесттин Кыргыз Республикасынын облустарын салыштырганда алынган жыйынтыктарынын негизги тесттин бөлүмдөрү жана предметтик тесттер боюнча бөлүнүшүнүн гистограммалары берилген.
Абитуриенттердин 2002–2025-жылдардагы тесттин ар кайсы бөлүмдөрү боюнча көрсөткөн натыйжаларын изилдөө гуманитардык илимдерге шыктуу адамдар, адатта, математикага жөндөмсүз болуп, математиктер, тескерисинче, гуманитардык илимдерге кирген предметтерди анча жакшы окуй алышпайт деген эл арасында кеңири тараган пикирдин жаӊылыш экенин айгинелеп турат. ЖРТ жыйынтыктары бир эле абитуриенттин тесттин ар кайсы бөлүмдөрү боюнча топтогон упайларынын ортосунда чоң корреляция бар экендигин көрсөтөт. Тесттин математика жана сөздүк-логикалык бөлүмдөрүнүн ортосундагы чоң айырмачылыктар чанда гана кездешет.
Мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыктары
2023-жылдын июнь айында кыргыз тилинин сот өндүрүшүндө, мамлекеттик кызматта, жарнамада, массалык маалымат каражаттарында жана билим берүү тармагында колдонулушуна карата талаптарды жөнгө салган мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынган. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖго тапшырууну каалаган абитуриенттердин кыргыз тилин билүүсүн текшерген милдеттүү тестти киргизүү жөнүндө токтом кабыл алган. Абитуриенттер мамлекеттик тил боюнча тестти негизги тестти тапшырган күндүн эртеси тапшырышты. Ага бардыгы болуп 57 305 абитуриент катышты. Абитуриенттер мамлекеттик тилди билүү деңгээлине жараша төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- 13 633 абитуриент мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билет;
- 30 168 абитуриент мамлекеттик тилди ортодон жогору деӊгээлде билет;
- 12 546 абитуриент мамлекеттик тилди орто деңгээлде билет;
- 958 абитуриент мамлекеттик тилди ортодон төмөн деңгээлде билет.
2025-жылы гранттык окуу формасына тапшырган абитуриенттердин жалпы санынын 46 %ын мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билген абитуриенттер түзсө, 44 %ын ортодон жогору, 9 %ын орто, 1 %ын ортодон төмөн билген абитуриенттер түзөт.
2025-жылы контракттык окуу формасына тапшырган абитуриенттердин жалпы санынын 30 %ын мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билген абитуриенттер түзсө, 52 %ын ортодон жогору, 16 %ын орто, 2 %ын ортодон төмөн билген абитуриенттер түзөт.
Негизги тестти кыргыз тилинде тапшырууну каалаган абитуриенттер төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- 10 865 абитуриент мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билет;
- 17 877 абитуриент мамлекеттик тилди ортодон жогору деӊгээлде билет;
- 3 450 абитуриент мамлекеттик тилди орто деңгээлде билет;
- 73 абитуриент мамлекеттик тилди ортодон төмөн деңгээлде билет.
Негизги тестти орус тилинде тапшырууну каалаган абитуриенттер төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- 2 768 абитуриент мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билет;
- 12 291 абитуриент мамлекеттик тилди ортодон жогору деӊгээлде билет;
- 9 096 абитуриент мамлекеттик тилди орто деңгээлде билет;
- 885 абитуриент мамлекеттик тилди ортодон төмөн деңгээлде билет.
Ошентип, мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгына ылайык, абитуриенттердин 23,8 %ы мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде, 52,6 %ы ортодон жогору деӊгээлде, 21,9 %ы орто деңгээлде, 1,7 %ы ортодон төмөн деңгээлде билет.
Предметтик тесттердин жыйынтыктары
Жогоруда айтылгандай, предметтик тесттерди абитуриенттер ЖОЖдун кайсы багытына окууга өтүп жаткандыгына жараша тапшырышат. Окуу багыттары менен адистиктердин тизмеси жана ошондой эле тапшырыш керек болгон предметтик тесттер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталат жана бекитилет. 2025-жылы абитуриенттерге предметтик тесттердин төмөнкүдөй тизмеси сунуш кылынды: физика, математика, химия, биология, тарых, англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.
Тандап алган адистигине өтүү үчүн, негизги тесттен сырткары, абитуриент үчүн бир эле предметтик тестти тапшыруу жетиштүү болот. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына өтүп жаткандардан гана эки предметтик тест (химия жана биология) тапшыруу талап кылынган. Бирок тест тапшырып жаткандардын көбү үч, айрым абитуриенттер болсо алты-жети предметтик тест тапшырып өз күчүн сынап көрүштү. Бул мектепти бүтүрүп жаткан учурда окуучулар кайсы адистикти тандаарын жетиштүү деңгээлде так билбей, предметтик тесттерди бирине болбосо бирине өтөрмүн (мисалы, “Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына өтө албай калсам, тилди окуткан окуу жайга тапшырып көрөрмүн”) деген ой менен тапшырганын билдирет.
Көпчүлүк абитуриенттер тарых предметин тандаган – 22 746. Эң аз тандалган предмет 2020-жылы киргизилген орус тили жана адабияты боюнча тест болду – 3 982 адам. Биологияны 13 911, химияны 12 110 абитуриент тандаган. Математиканы 12 999 абитуриент тандап тапшырган. Барган сайын абитуриенттер предметтик тесттерди тандоодо англис тилине артыкчылык берүүдө – 14 307 (былтыркыга караганда 1 126 адамга көбүрөөк). Мурдагы жылдардагыдай эле, ЖРТнын катышуучулары физика боюнча предметтик тестти азыраак тандаган – 4 443. Ал эми 2020-жылы киргизилген кыргыз тили жана адабияты боюнча предметтик тестти 4 319 адам тапшырган.
Жалпысынан алганда, предметтик тесттер абитуриенттер үчүн негизги тестке караганда көбүрөөк кыйынчылык туудурат деп айтса болот. 2025-жылы эӊ жогорку орточо упайды (88,2) англис тили предметин тапшырган абитуриенттер көрсөткөн. Табигый-так циклдеги предметтер боюнча орточо упайдын көрсөткүчү быйыл бири-биринен анча айырмаланбайт: математика – 65,4; биология – 63,1; химия – 61,0. Физика боюнча орточо упайлар (59,4) өткөн жылга салыштырмалуу 2,2 %га төмөндөгөн. Бул көрүнүш мектептердеги физика мугалимдеринин жетишсиздиги менен түшүндүрүлөт жана күтүлүүчү жыйынтык болуп саналат. Гуманитардык циклдеги предметтер боюнча орточо упайдын көрсөткүчү төмөнкүдөй: кыргыз тили жана адабияты – 72,5 упай; орус тили жана адабияты – 71,5 упай; тарых – 69,8.
Быйыл да предметтик тесттер боюнча орточо упайларды жогору деп айтууга болбойт. Бирок 2025-жылдагы предметтик тесттердин жыйынтыктары, физика предметинен башка бардык предметтер боюнча, 2024-жылдагы тесттин жыйынтыктарына караганда 2–6 упайга жогорураак.
Тест жыйынтыктары: уландар менен кыздардын жетишкендиктери (III тиркеме)
2025-жылы тестке катышкан кыздар менен уландардын санын көрсөткөн маалыматтар болжол менен мурдагы жылдардагы маалыматтардан көп айырмаланбайт (III тиркемени караңыз): быйыл тестке 32 554 кыз жана 24 904 улан катышкан. Айырмасы 7 650 адамды түзүп, кыздардын саны көбүрөөк. ЖОЖдордун гранттык орундарына 4 220 кыз жана 2 883 улан кабыл алынган.
Негизги тест боюнча кыздардын орточо упайлары (130,1) балдардын упайларынан (123,4) 6,7 упайга жогору болуп чыкты. Башкача айтканда, мурдагы жылдардагыдай эле, кабыл алынган кыздардын жыйынтыктары уландардыкынан жогорураак. Кыздар менен уландардын негизги тесттин «Математика» бөлүмүнөн көрсөткөн жыйынтыктары 0,3 упайга айырмаланат: уландардыкы – 26,1; кыздардыкы – 25,8.
Бир нече жыл мурун математика боюнча уландар кыздарга караганда жакшыраак натыйжа көрсөтсө, өткөн жылы кыздардын жыйынтыгы балдардын жыйынтыгынан 1 упайга жогору болгонун белгилеп кетүү керек. «Окшоштуктар жана сүйлөмдөрү толуктоо» бөлүмүндө да кыздардын жыйынтыктары уландардыкынан 1,9 упайга жогору болду. «Текстти окуу жана түшүнүү» бөлүмүнөн кыздардын жыйынтыктары уландардыкынан 1,3 упайга жогору.
«Тапшырган тилдин практикалык грамматикасы» бөлүмү боюнча жыйынтыктардын айырмасы кыздардын пайдасына 3,7 упайды түздү. Бул тесттин бөлүмү, адатта, уландарга караганда кыздар үчүн оңоюраак болот. Мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгы, гендердик жактан алып караганда, негизги тесттин жыйынтыгынан анча айырмаланбайт. Мамлекеттик тил боюнча тестке бардыгы болуп 32 501 кыз жана 24 804 улан катышкан, башкача айтканда, кыздар 7 697 адамга көбүрөөк.
Мамлекеттик тил боюнча тестти тапшырып, окууга тапшырган кыздардын аталган предмет боюнча жыйынтыгы уландардыкынан 0,3 упайга көбүрөөк: тиешелүү түрдө 3,1 жана 2,8.
Мамлекеттик тил боюнча тесттен жогорку деңгээлди 9 784 кыз жана 3 849 улан көрсөткөн. Кыздар 5 935 адамга көбүрөөк. Ортодон жогору деңгээлди 16 874 кыз жана 13 294 улан көрсөткөн. Кыздар 3 580 адамга көбүрөөк. Орто деңгээлди 5 411 кыз жана 7 135 улан көрсөткөн. Айырмасы 1 724 адамды түзөт. Ортодон төмөн деңгээлди 432 кыз жана 526 улан көрсөткөн. Айырмасы 94 адамды түзөт. Ошентип, мамлекеттик тилди кыздар уландарга караганда мыкты билерине күбө болдук.
Предметтик тесттердин жыйынтыктары гендердик жактан негизги тесттин жыйынтыктарынан бир топ айырмаланат. Физика жана математикадан башка предметтерди тапшырган кыздардын саны ошол эле предметтерди тапшырган уландардыкынан көп болгону көңүлдү бурат. Маселен, тарыхты 12 364 кыз жана 10 382 улан, англис тилин 10 291 кыз жана 4 016 улан, биологияны 9 674 кыз жана 4 237 улан, химияны 8 452 кыз жана 3 658 улан тапшырган. Кыргыз тили жана адабияты боюнча тестти 3 313 кыз жана 1 006 улан, орус тили жана адабияты боюнча тестти 2 973 кыз жана 1 009 улан тапшырган. Ал эми математика предметин 6 522 кыз, 6 477 улан тапшырса; физика предметин 3 048 улан, 1 395 кыз тапшырган.
Предметтик тесттер боюнча жыйынтыктарды карап чыксак, уландардын биология, химия, математика, физика жана англис тили предметтик тесттеринен көрсөткөн жыйынтыктары кыздардыкынан жогорураак. Табигый-так илимдер предметтери боюнча айырма орточо эсеп менен 0,5 упайды, ал эми англис тили боюнча 2,8 упайды түзөт. Тарых (кыздардыкы – 70,1; уландардыкы – 69,6), кыргыз тили жана адабияты (кыздардыкы – 74,3; уландардыкы – 66,6) жана орус тили жана адабияты (кыздардыкы – 73,2; уландардыкы – 66,7) боюнча тестте кыздардын көрсөткөн жыйынтыктары уландардыкынан бир топ жогору. Тарых боюнча тестти кыздар уландарга караганда 0,5 упайга, кыргыз тили жана адабиятын 7,7 упайга, орус тили жана адабиятын 6,5 упайга жогорураак тапшырышкан.
Абитуриенттерди КР ЖОЖдорундагы гранттык жана контракттык орундарга кабыл алуунун жыйынтыктары[1]
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан 2025-2026-окуу жылына белгиленген босого упайлар төмөнкүдөй:
- гранттык жана контракттык негизде окууга тапшыруу үчүн негизги тест боюнча – 110 упай, предметтик тесттер боюнча – 60 упай.
- Саламаттыкты сактоо багыттар/адистиктер боюнча гранттык орундарга 120 упай, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 110 упай, биология жана химия предметтеринен 60 упай талап кылынат.
- Педагогикалык билим берүү багыттар/адистиктер боюнча гранттык орундарга тапшырууда негизги тесттен 130, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 115 упай, ал эми предметтик тесттерден 60 упай талап кылынат.
- Айыл чарба жана айыл чарба илимдери боюнча багыттар/адистиктер боюнча гранттык орундарга, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 100 упай, химия боюнча – 60упай, биология боюнча – 60упай, физика боюнча – 60упай, математика боюнча – 60 упай .
- I, II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген абитуриенттерди кабыл алуу үчүн саламаттыкты сактоо боюнча адистиктерден/багыттардан тышкаркы бардык адистиктер/багыттар боюнча гранттык орундарга тапшырууда негизги тесттен, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттен – 90 упай талап кылынат.
Кыргызстандын ЖОЖдорундагы гранттык орундарга кабыл алуунун жыйынтыктары менен ушул отчёттун III–VIII тиркемелеринен кененирээк таанышсаӊар болот.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине, облустардагы аймактык билим берүү башкармалыктарына, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө, ошондой эле мектеп директорлоруна Жалпы республикалык тестти өткөрүүдөгү кызматташтыгы жана көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет. Бардык студенттерге ББОУБдун жамааты окуусунун ийгиликтүү, студенттик жашоосунун кызыктуу болушун каалайт.
[1] Абитуриенттерди ЖОЖдорго тандап алуу жана кабыл алуу тартиби менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2022-жылдын 30-июнундагы № 355 Токтому менен бекитилген «Мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө жобону» карап таанышып чыксаңыз болот.
Комментарийлер