ЖАКШЫ АДАМДЫН БЕЙНЕСИ

  • 22.12.2023
  • 0

Зина Караева филология илиминде жаңыдан өркүндөп келаткан семиотика багытында «Котормо жана Семиотика» илимий мектебин ачып, 12 илимдин кандидатын тарбиялады. Аспиранттары, илимий изилдөөчүлөрү, шакирттери, жаш кесиптештерине кайталангыс насаатчы.

ЖАКШЫ АДАМДЫН БЕЙНЕСИ

Адегенде айылдык мектепте англис тил мугалими, андан сон ОшМУнун чет тилдер факультетинде окутуучу, ага окутуучу болуп иштеген. 1989-жылы Ташкент шаарындагы Ф.Энгельс атындагы чет тилдер институтунда кандидаттык диссертациясын жактаган. 2006-жылы «Котормонун лингвистикалык жана семиотикалык проблемалары» деген темада докторлук эмгегин коргогон.

2012-жылы Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин  Курманжан Датка тууралуу «Ханышанын көз жашы» чыгармасын англис тилине которуп, бул эмгеги Лондондо өткөн котормочулар форумунда биринчи орунга ээ болгон. Жалпысынан алганда Зина эже 15 китепти: арасында Тенти Адышеванын, Жоомарт Боконбаевдин ырларын, Галина Долгаянын «Орто Кылымдын Кудайлары» чыгармасын англисчеге которгон, булардан сырткары 100гө чукул илимий макалалардын автору, илимий ишмердүүлүктүн аркасы менен АКШ, Польша, Италия, Германия, Улуу Британия, Шотландия, Индия, Кытай, Люксембург, Франция, Швейцария, Россия, Өзбекстан, Казакстан жана башка бир катар өлкөлөрдө илимий конференцияларга катышкан.

Кыргыздын турмуштук, кенже эпосторун которуу, дүйнөлүк маданиятка таанытуу — илимий мектептин башкы максаттарыныны бири. «Кыз Сайкал» жарыкка чыккан, «Кыз Дарика», «Саринжи-Бөкөй», «Жаныш-Байыш», «Кожожаш», «Олжобай менен Кишимжан», «Курманбек» эпостору англис тилине которулуп  атат. Котормолорду редакторлоодо шотландиялык тилчи-котормочу  Лаура Хамилтондун эмгеги зор.

Кагаздан башын көтөрбөгөн, калем менен көз майын короткон, колун жооруткан, белин ооруткан эжеден эмгектенгенди, максат коюп, умтулганды, ким болбосун ошол адамдар менен диалог түзө билгендиги, тил билги, иш билги, дилгирлиги, адамгерчилиги, меймандостугу менен бизге үлгү болуп келатат.

2004-жылдары Зина эже «творческий отпускка» чыгып, илимий иштери менен Москвага поезд менен жол тартыптыр, элдин баары чаар-ала сумкалары шыкалган товарлары менен баратышыптыр.

«Сиздин эмне товарыңыз бар, эмне алып баратасыз? — деп сурашат.

— Эч нерсем деле жок.

— Эч нерсе жок болсо, Москвага эмнеге баратасыз?

— Китеп окуганы, — десе,

— Ой тооба, биякта эл турмуштан кыйналып, тиричилик деп жүрсө, Сиз китеп окуганы баратам дейсиз да,  — деп таң калышыптыр.

Поездде элдер улам ар кимиси келип, башына тумак кийгизип, жүн жоолуктарын салып, одеял менен ороп коюшту дейт. Таможнядан өткөн соң кайрадан мага кийгизгендерин баарын «кийип бергениңизге рахмат» деп кайра алып кетишти дейт. Ошондой өткөөл жылдарда да илим жолунан башка нукка бурулбай, курсак камын ойлобой, илимий азык издеген эженин эмгеги текке кеткен жок.

Бишкекке келген чет элдик же региондон илимпоз болобу, конок деп аэропорттон тосуп алып, шаарды көрсөтүп, барчу жерине жеткирип, конокко көңүл буруп, убакыт ажыратып маектешет, кыргыздын салты, маданияты менен тааныштырат. Эже менен мамиле түзгөн кайсы окумуштуу, доктор болбосун жылуу достук, кызматташтык мамилелерин үзүшпөгөндүгүн дипломаттык сапаттарынын жемиши десем болот.

Меймандостугун, адамгерчилигин айта кетпесе болбос. Бир жылы бир волонтер региондон келип студенттерге семинар, тренинг өтүп, кайсы жерге жайгаштыруу маселеси чыгып калды, мейманканага жаткырганга ким демөөрчү болот, акчаны кайдан алабыз же жыйнасакпы деп ойлонуп атсак эже келип калды, «Эч ойлонбогула, мен үйүмө алып кетем» деп маселени дароо ордунда чечип койду. Тиги волонтерду үйүнө алып барып сыйлап, конок кылып, эртеси башына калпак кийгизип, узатып коюптур.

Жашооңдо, караңгыда жылдыздай жарыгын чачкан, жүргөн жеринде жакшы из калтырган, сөз ээрчиткен адамдар болот го, Зина эже ошондой жарык, кенен, айкөл, терең Адам. Жакында Кыргызстан Эл аралык университетинде эженин үзүрлүү эмгегинин урматына Зина Караева атындагы филология кабинети ачылды.

Эмгектенгенден ырахат алган, күнү-түнү китебин, калемин колунан түшүрбөгөн устатыбызга ишине ийгилик, бекем ден соолук каалайм!

Дүйшөң Шаматов  агайдын «Эжекеме» деген саптарын лентадан окуп калып, кошумчалап коюуну туура көрдүм.

Илим менен алпурушуп эжекем,

Далай баалуу эмгектерди жаздыңыз.

Ийне менен кудук казган сыяктуу,

Тил илимин терең-терең каздыңыз!

Кенже эпос, кыргыз эли жараткан,

Турмуш, жашоо, максат, бакыт камтыган.

Мына эми дүйнө жүзү таанышат,

Англис тилде окуганга ашыгат.

Дайым бизге үлгү болуп жүрөсүз,

Кичи пейил, эң бир мээрман затыңыз.

Чет өлкөдө кыргыздарды таанытып,

Чыгып жүрөт сыймык менен атыңыз.

Бар болуңуз менин алтын, эжекем,

Шакирттердин урмат сыйын алыңыз.

Оорубаңыз, кейибеңиз эч качан,

Бекем болсун, темир болсун жаныңыз!

Рахат КУЛТАЙ

Бөлүшүү

Комментарийлер