ЖАҢЫЧА БИЛИМ БЕРҮҮ — ИЙГИЛИКТҮҮ ТУРМУШКА КӨПҮРӨ
- 08.12.2025
- 0
12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ
Быйыл билим берүү тармагы түп-тамыры менен жаңыланып жаткан учур. Республикадагы мектептер жапырт 12 жылдык билим берүүгө өтүп, модернизациялоонун 1-этабындагы иш-аракеттери жүргүзүлүп жаткан чак. Быйыл 1-, 2-, 5-, 7-класстар жаңыланган программа, стандарт, окуу китептери менен билим алышууда. Бирок айрым ата-энелер 6 жаштагы балдар үчүн 12 жылдык оор болуп жатканына кабатыр болуп, Агартуу министрлигине кайрылышкан. Министрлик окуу программасы балдардын курактык өзгөчөлүктөрүнө ылайык келерин, бардык программалар кенже класстын окуучуларынын психологиясын жана физиологиясын эске алуу менен иштелип чыкканын, ошондой эле окуу материалы акырындык менен жөнөкөйдөн татаалга карай киргизилери боюнча түшүндүрмө беришти. Алсак, 1-класста ишмердүүлүктүн негизги түрү – оюн, окутуу акырындык менен жүргүзүлөт. 2-класстын программасы балдардын «Наристе» мектепке чейинки даярдоодон өткөндүгүнө негизделген жана 7 жаштагы окуучулардын курагына толук жооп берет. Бул окутуунун түзүмү бала ашыкча жүктөлбөшү үчүн ойлонулган дегенди билдирет. Ал эми ушул курактагы балдарга сабак берип жаткан мугалимдер ар бир жаңы нерсе кыйынчылык жаратарын, бирок көч бара-бара түзөлөрүн, талыкпаган эмгектин артынан жаңылануунун алгачкы жемиштери бар экенин айтышууда. Төрт айдын ичинде мугалимдер кантип өзгөрдү, кайсы кыйынчылыктарга дуушар болушту, жаңыча иштегендин артыкчылыктары кайсы деген суроолордун тегерегиндеги ой пикирлери, сунуштары менен бөлүштү.
Сабира ТЫНАЛИЕВА, Э.Эсенаманов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими, Айтматов району, Талас облусу:

— Жылдын башында 2018-2019-жылда төрөлгөн балдар эң биринчилерден болуп 12 жылдык билим берүү системасына ата-энесиаркылуу электрондук каттоодон өтүштү. 1-класска 2019-жылкы 23 бала кабыл алынды. Алардын ичинен сегизи кыз, 15и эркек балдар. Жылдын башында КББАдан мугалимдер үчүн бекитилип келген календарлык-тематикалык план боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Сентябрь айында электрондук китеп менен иштесек, октябрь айында математика жана мен жана дүйнө китептери, дептерлери менен мамлекет тарабынан камсыз болду.12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыгына токтолсом, анын терең жана кеңири билим алуу мүмкүнчүлүгүндө. Ар бир окуучуга сабактарды тереңирээк өздөштүрүүгө шарт түзүлдү. Балдар жөн гана маалымат албастан, аны талдап, түшүнүп, практикада колдонгонго үйрөнүп жатат. Эң башкысы окуучулар жаш өзгөчөлүгүнө ылайык өнүгүшүүдө. Сабак өтүүдө окуучуга кызык болгон көрсөтмө куралдарды, заманбап техникаларды жана ар кандай кызыктуу оюндарды пайдаланып, сиңимдүү сабактарды өтүп жатабыз. Балдар алган билимдерин турмушта колдоно тургандай практикалык иштерди көбүрөөк өтүп жатам. Практикалык сабакта окуучуларга сиңимдүү болуп, турмушта колдонордо көз алдына элестетүү менен натыйжалуу болорун байкадым. Окуучуларга жаңыча билим берүү алардын ийгиликтүү жана бактылуу турмушуна көпүрө боло алат. Билим берүүнүн артыкчылыктары, сабактар мурдагыдай кыска эмес, ар бир класста материалдар жакшы, жөнөкөй жана түшүнүктүү берилет. Жаңы темага терең түшүнүп, ой жүгүртүү жөндөмдөрү өнүгөт. 1-класста математика сабагынан башында окуу китеби менен дептерлеринен бир аз кыйынчылыктар жаралган. Цифраларды жазуу менен жаз деген жеринде окуучулар “алфавитти толук үйрөнө электе кантип жазат?“ деген суроолор жаралды. Ар бир бала менен жекече иштөөгө туура келди. Китеп татаал түзүлсө да аны жөнөкөйлөтүп, сабакты кызыктуу өтүүгө изденип, аракет жасап жатабыз. Окуучулар азыр китеп, дептер менен иштегенге үйрөнүп калышты. Өз алдынча иштеген окуучулар бар, арасында мугалимдин жардамы менен иштеген окуучулар да аз эмес. 1-класс үч айдын ичинде математика сабагынан 0дон 20га чейинки сандарды номерлөө, ирети менен өсүү, кемүү тартибинде саноону жана 20га чейинки нерселердин болжолдуу санын; Буюмдардын санын болжолдогонду; Иреттик сандар, жуп жана так сандарды жана аларды салыштыруу иреттөө; Сандарды салыштырганды; Бир орундуу сандарды кошконду жана кемиткенди; Сызгыч менен манжалар жана таякчалар менен жана ар кандай дидактикалык материалдын жардамы менен чыгарганды үйрөнүштү. Ондуктар жана бирдиктерди ажыратып жана кошуу түрүндө жазганды үйрөнүп жатат. Кыргыз тили сабагынан “Алиппеге чейинки мезгилден” учурашууну, сылык сөздөрдү, мугалим, мектеп, үй-бүлө, окуу куралдары боюнча сүйлөп, айтып беришүүдө. Беш тыбышты өттүк. Эки-үч муундан турган сөздөрдү алдыңкы окуучулар окуп, эки-үч сөздөн турган сүйлөмдөрдү түзүп калышты. Тамгаларды элементтери менен жазышат. ”Мен жана дүйнө” сабагынан темага байланыштуу сүрөттөр боюнча ойлорун айтып, сүрөт тартышууда. Берилген суроолорго жооп берүүгө аракет жасашат. Азыркы күндө электрондук китеп менен окуп жатабыз. Келген китеп менен үчүнчү чейректе окуп баштайбыз. Үч айда окуучулар менен биргеликте ушундай иштерди жүргүзүп келатабыз. 12 жылдыкта мектеп окуучуларды чоң турмуш жолуна азыртадан жакшы даярдай баштадык. Өз алдынча ойлоону, жоопкерчиликтүү болууну, максат коюп ага жетүүнү үйрөнүшүүдө. Менин пикиримде, бизге 12 жылдык билим берүүдө методикалык колдонмолор болсо жана мугалимдерге көптөгөн окууларды уюштуруп берсе деген үмүттөмүн. Мектеп системасында баланын жаш курагына жараша билим берүү процессин уюштуруу — алардын социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнө да чоң салым кошот. Жыйынтыктап айтканда, 12 жылдык билим берүү чоң максаттарга жетишүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк! Бүгүн окуучуларыбыз жакшы окуса — эртең кыялына жетет!
Айгүл МАМБЕТАКУНОВА, Ой-Терскен мектебинин башталгыч класстарынын мугалими, Ат-Башы району:




— Мен быйыл 12 жылдыкка өткөн 2-классты окутуп жатам. 1-чейректе математика сабагын И.Бекбоевдин математика китеби менен, ошондой эле интернеттен алынган материалдарды пайдаланып, окуттум. 2-чейректи жаңы китеп менен баштадык. Китеп жакшы чыгыптыр. Медалдын эки бети бар эмеспи. Ошол сыяктуу учурлар болуп жатат. Практика жүзүндө иштеп баштап кемчилигин да, артыкчылыгын да көрүп жатабыз. Биринчиден, китептин көлөмү чоң, салмактуу. Экинчиден, 1 саатта материал иш дептери менен бүтпөй калат экенбиз. Бир тема төрт барак болгон учур болот. Мисалы, акча темасы бизде жок акча, тыйын банкноталары менен берилип калган. 25 тыйын, 2 сомдук деген биздин өлкөдө жок да. Өзүбүздүн акча менен түшүндүрүүгө туура келди. Дептерге жазуу жок болуп, китеп менен иштегенче сабак бүтүп калат. Дептер пайдаланбай, цифраларды көп жазбай калат. Баланын кол жазмасын көзөмөлдөй албай калат экенбиз. Жакшы жагы — китеп бар, иш дептердин баары жакшы. Сөздүктөрдө мурдагыдан айырма бар. Мисалы, айланадагы заттарды объект деп айтат экенбиз. Разряддык маани эрте башталат экен. Мурунку 11 жылдыктар 2-класста 20 ичиндеги сандарды экинчи чейректе баштаса, 12 жылдыктын 2-классында 100 ичиндеги сандар менен иштеп башталат. 2D, 3D фигураларды табуу бар. Биз мугалимбиз, андыктан ар тараптан өнүгүшүбүз керек. Кембридждин методикасын акырындык менен өздөштүрүп кетебиз деп ойлойм.
Фатима ДҮЙШЕБАЕВА, Э.Эсенаманов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими:

— 12 жылдык билим берүүнүн негизги өзгөчөлүктөрү — окуучуга багытталган окуу. Окуучу жигердүү катышкан, изилдөөчү, чыгармачыл инсан катары каралат. Сабакта активдүү методдор көп колдонулат (долбоор, жуптук-топтук иштер, талкуу). Экинчиден, компенттүүлүккө багытталган билим. Жаттаганын эмес, билгенди колдонууга, чечүүгө, критикалык ой-жүгүртүүгө үйрөтөт. Негизги билими жана билгичтиги, б.а. кандай керектүү билимге ээ болушу керек: коммуникация, санариптик сабаттуулук, маалымат менен иштөө, жарандык компетенттүүлүк. Эл аралык билим берүү мейкиндигинде интеграцияланган жана таанылган улуттук жалпы билим берүү системасын куруу, глобалдык атаандыштыкка жөндөмдүү, улуттук-маданий мурасын сактоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылуучу сапаттуу билим берүүгө, коомдун муктаждыгын канааттандыруучу инсанды тарбиялоо болуп эсептелет. Сингапур окутуу ыкмасы- окуучуларды кичи топторго бөлүп, бирдиктүү иштетүү аркылуу билим берүү, ар бир окуучу топтун ишине салым кошуу, бирин-бири үйрөтүү, биргелешип жыйынтыкка жетишүү. Баарлашуу жана кызматташуу менен пикир алмашуу аркылуу түшүнүү тереңдейт, достук климат түзүлөт, материалды терең түшүнө алат.

2025-2026-окуу жылында 1-класска 12 жылдык билим берүүнүн 2019-жылы туулган балдар билим алышууга аттанышты. Бул – заманбап талаптарга жооп берген, ар тараптуу өнүгүүгө багытталган жаны мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү. Келечекте логикалык ой жүгүртүүсү мыкты, жаратуучулук жөндөмү жана коммуникациясы, ошондой эле командада иштөө көндүмдөрү жогорку балдарды тарбиялоо болуп саналат. Учурда мектепте 1-класста 23 окуучу, 2-класстарда 54 окуучу билим алып жатат. 12 жылдык билим берүү алкагында предметтик стандарт боюнча окуучулардан талап кылынган билим, көндүм, компетенциялар боюнча иш жүргүзүлүүдө. Окуу программалар, колдонуучу китептер, сабактын пландары стандартка ылайык түзүлгөн. Алсак, 1-класста сабактарды көбүнчө оюн формасында өтүп, оюн аркылуу үйрөтүп жатабыз. Сенсордук (сезүү органдары аркылуу маалымат алуу жана иштөө, көз менен көргөн нерсени айырмалоо, мисалы: түс, форма, көлөм, кол менен кармоо). Мотордук көндүмдөр (денени жана мүчөнү башкаруу, б.а. кыймыл көндүмдөрү, жазуу, сүрөт тартуу, кол менен куруу) көндүмдөргө көбүрөөк таянып жатабыз. Балдар сандарды кол менен көрсөтүп, форма менен ойноп үйрөнүшүүдө. Суроо-жооп менен эсептөо көндүмдөрүн өркүндөтүп жатышат. Ал эми кыргыз тилин окуу боюнча фонетика, жазуу, окуу көндүмдөрү да оюн аркылуу бекемделип жатат.
12 жылдык билим берүүдө ар бир балага мугалим жеке колдоо көрсөтүү зарыл экендиги байкалды. Мугалимдер сүрөттөр (электрондук материалдарды, ыр, сүрөт, сандар, формалар ) менен иштеп, балдарга мультимедиаларды колдонушууда. Жазуу жана окуу көндүмдөрү бириктирилип окутуу каралган. Үч ай ичинде үндөр, тамгаларды, сөздөрдү таанып, туура окууну үйрөнүп калышты. Тил боюнча 2-класстар кыска тексттерди окуп, суроолорго жооп берүү аркылуу түшүнүү жана сөз байлыктары акырындап өнүгүүдө. Ар бир бала ар башкача окуйт, мугалимдер жеке колдоо көрсөтүп жатышат. 12 жылдык мектептик билим берүүнүн алкагында 1-3-класстарга баа коюлбай, баалоонун сапаттык-сыпаттама ыкмалары колдонулууда. Бул окуучулардын окууга болгон ички шыктаанууларын колдоого жана өнүктүрүүгө, балдардын инсандык өнүктүрүү үчүн мүмкүндүк берет.
1-чейректе 1-класстын материалын, ал эми 2-чейректен баштап 2-класстын жаңы окуу программасы менен билим алышууда. Мында окуу китептери, иш дептерлери сабакта колдонуп, окуучулар иштеп жатат. Мугалимдерибиз талапка ылайык, жаңы нерсени тез өздөштүрүп, ыкчам колдоно билүүгө аракеттенип, изденип иштешүүдө.
Кандай көйгөйлөр болду? Айыл жеринде бардык эле 6 жаштагы бала бала бакчада же мектепке чейинки даярдоо программасына толук катыша албайт. Натыйжада, алар 1-класска бирдей деңгээлде даярдыксыз келиши, ата-энелердин 6 жаштан 1-класска баруу зарылчылыгын толук түшүнбөй, балдарды кармап калышы кыйынчылык жаратып, чогулуштар, түшүндүрүү иштери активдүү жүргүзүлдү. Ата-энелер менен көп учурда тыгыз иштеп, аларга 6 жаштагы баланын мектепке адаптациялануу мезгили канчалык маанилүү экенин түшүндүрдүк.
Сунуш: Мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор көбүрөөк болсо. Мугалимдерди даярдоо жана кайра даярдоо системасын заманбап методикаларга ылайыкташтырса. Кагаз иштерин азайтып, мугалимдин убактысы окуу процессине жумшалса. Окуучулар жана мугалимдер үчүн акысыз, сапаттуу электрондук окуу материалын (видео жана интереактивдүү көнүгүүлөр) түзүлсө. Бала бакчаларда (“Наристе” программасына, мектепке даярдоо программасын кеңейтсе жана анын сапатына көзөмөл жүргүзсө). Себеби 12 жылдык билим берүү системасына өтүү – бул зарыл жана кечиктирилгис кадам. Окуу программаларын жеңилдетип, сапатты жогорулатуу биздин балдарыбыздын келечеги үчүн маанилүү. 1-класста 12 жылдык системасын туура түптөсөк гана биз келечекте профилдик окутуу жана сапаттуу билим берүү тууралуу ишенимдүү сүйлөй алабыз.
Реформаны ишке ашырууда сөзсүз мугалимге ишеним артып, анын эмгегин татыктуу баалаганда гана ийгилик болот. Мамлекет башчысы С.Н.Жапаров: “Мугалим – өнүгүүнүн ачкычы“ — деп мамлекеттин келечеги, мугалимдин кесипкөйлүгүнө көз каранды экенин баса белгилегени ишке ашат деген үмүтүбүз чоң.
Талайкүл ИДИРИСОВА, Ой-Терскен жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими, Ат-Башы району:




— Быйыл 12 жылдык билим берүүгө өткөндө кыйынчылыктар болбой койгон жок. Ириде китептерди убагында алалбай калдык. Эски китептер менен окуганга туура келди. 2-чейректен баштап кембридждик китептер менен сабак бере баштадык. Бул китептин артыкчылыгы — мазмуну турмуш менен байланышкан. Тапшырмалар күнүмдүк жашоодогу жагдайларга негизделип түзүлгөн жана окуучунун айлана-чөйрө менен болгон байланышына, теманы тез жана жеңил түшүнүүсүнө шарт түзүлгөн. Экинчиден, критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган тапшырмалар жакты. Алсак, салыштыруу, байкоо, себеп–натыйжаны табуу сыяктуу логикалык тапшырмалар көбөйгөн. Бул окуучулардын ойлоно билүүсүн жана өз алдынча чечим кабыл алуу жөндөмүн арттырат. Менимче, китептеги кемчиликтерди да айтпасак болбостур. Анткени көч аста-аста түзөлөт демекчи, эмдиги жылы биздин сунуштар эске алынар. Айтсам, цифра, тамгаларды толук өздөштүрө элек учурунда жаза билүүнү талап кылган тапшырмалар бар экен. Бул көпчүлүк окуучуларга кошумча кыйынчылык жаратат. Ошондой эле китептер менен иш дептерлердин көлөмү чоң жана оор. Жаңы басылмалар калың, форматы чоң жана салмагы оор. Башталгыч класстын окуучулары үчүн көтөрүүгө ыңгайсыз. Өзгөчө бир күндө мен жана дүйнө, кыргыз тили жана окуу, математика сабактары бир учурда киргенде, 3–4 калың китеп жана дептерди көтөрүп келүүгө туура келет. Бул 1-класстын окуучуларынын дене түзүлүшүнө оордук келтирип, ыңгайсыздык жаратат.
Махабат АЛГАЗИЕВА, Сагынбек Дүйшенбиев атындагы жалпы билим берүү мекемесинин башталгыч классынын мугалими, Талас облусу:
— Башталгыч класска чыгарылган математика окуу китеби, математика иш дептери, мен жана дүйнө окуу китеби, иш дептерлери келди. Жалпысынан китеп түшүнүктүү, сүрөттөрү менен, балдарга кызыктуу болуп,математикадан жакшы иштеп жатабыз. “Мен жана дүйнө” сабагынан тапшырмалар оор болуп жатат, көбүнчө тексттер берилген, окууну эми өздөштүрүп жаткандыктан окуп, түшүнүүдө кыйынчылыктар болуп жатат. Китеп татаал түзүлгөн экен.
Динара МАМЫРБАЕВА, Сагынбек Дүйшенбиев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими, Талас облусу:
— Жаңы математика китеби окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн жана эсептөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Китеп негизинен түшүнүктүү, чоң жана так берилген түстүү сүрөттөр менен коштолгон, бул башталгыч класстын окуучуларына материалды жеңил кабыл алууга жардам берет. Ар бир тема жөнөкөй мисалдардан башталып, бара-бара татаалдашып барат. Бирок жалпы бөлүктөрү жеңил түшүндүрүлгөнү менен, айрым темалар мугалимдин кошумча түшүндүрмөсүн талап кылгандай бир аз татаалыраак болуп түзүлгөн. Мен жана дүйнөокуу китеби окуучулардын айлананы таануу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө арналган. Китеп толугу менен көп сүрөт менен байытылган, бала үчүн кызыктуу форматта берилген. Ар бир бөлүмдө жаратылыш, коом, адамдын жүрүм-туруму жана курчап турган чөйрө тууралуу маалыматтар жөнөкөй тил менен көрсөтүлгөн. Тема боюнча суроолор жана практикалык тапшырмалар окуучунун байкоо жүргүзүүсүнө чоң өбөлгө түзөт. Бирок ошол эле учурда мен жана дүйнө китебинде жазуу түрүндө тапшырмалар көп берилген. Окуучулар тамгаларды эми өтүп жаткандыгына байланыштуу окууга бир аз кыйынчылык жаратууда. Жалпысынан айтканда билим берүү системасын трансформациялоодо кыйын, бирок жакшы иштер жүрүп жатат. Ар бир жаңы иш кыйынчылык менен башталып, акырындык менен жемишин берет.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер