Жаңы толкун: КЫРГЫЗДЫН АТЫН ТААНЫТКАН ЖАШТАР
- 04.03.2026
- 0
№5 кесиптик лицейдин 2-курсунун студенти Абдурахим Алтынбеков 2025-жылдын 4–8-октябрында Актау шаарында өткөн Turkish Skills эл аралык чемпионатына «сантехника жана жылытуу» компетенциясы боюнча катышып, алтын медалга ээ болуп, Кыргызстандын атын чыгарган жаштардын бири.

Жеңүүчү слесарь-сантехник кесибинде билим алууда. Устаты Таштан Эсенбековдун тажрыйбасы жана талапчылдыгынын аркасында ишти так, жоопкерчилик менен аткарууну үйрөнгөнүн айтат. “Чынын айтсам медаль жөнүндө ойлогон эмесмин. Негизги максатым тажрыйба топтоо жана келечектеги өнүгүү үчүн жаңы билим алуу эле” деген студент жеңиш биргелешкен эмгек, сааттап жасалган машыгуулардын үзүрү экендигин баса белгилейт.
- Биринчи жолу сынактын тапшырмаларын көргөндө чынында корктум. Анткени деңгээли өтө жогору болчу. Бир учурда катышпай эле койсомбу деп да ойлодум. Бирок кийин түшүндүм – бул чоң мүмкүнчүлүк. Ал жакта аткарган айрым тапшырмаларды Кыргызстанда саналуу гана адистер жасай алат.
Мен Кыргызстан да эл аралык деңгээлге чыгышын каалайм. Жаңы технологияларды үйрөтүп, көрсөтүп, жайылткым келет. Албетте, бул чоң каражатты талап кылат. Эгер демөөрчүлөр болуп, өлкөбүз өнүксүн дегендер мага колдоо көрсөтсө, мен кызмат кылууга даярмын, — дейт ал.

Студенттин айтымында, бул кесипти тандоосуна атасынын кеңеши чоң таасир эткен. Дайыма актуалдуу кесип болоруна да көзү жеткен. Себеби ар бир үйдөгү жайлуулук жана коопсуздук сапаттуу сантехниктен көз каранды. Азыр лицейде практикалык көндүмдөрдү активдүү өздөштүрүп, өз ишинин чыныгы устасы болууну максат кылат.
- Адамдар көп нерсесиз жашай алышы мүмкүн, бирок үйдөгү суу жана жылытуу күн сайын керек. Ошондой эле кол менен иштеп, эмгегимдин реалдуу натыйжасын көрүү мага чоң шык тартуулайт. Мен өз кесибимден коркпойм. Кээ бир досторум жана тайпалаштарым сантехник кесибин олуттуу кабыл алышпайт. Бирок алар эң маанилүүсүн түшүнүшпөйт: бул кесипти жасалма интеллект эч качан толук алмаштыра албайт, — дейт Абдурахим.

Абдурахим Алтынбеков ийгиликтин биринчи сыры биринчи кезекте адамдын өз аракетинен көз каранды деп эсептейт. Дайыма алдыга умтулуу, билим алуу, изилдөө жана ишти сүйүү, эң башкысы — өз кесибиңе чындап берилүү ийгилик алып келерин айтат. Себеби өзү жайкы каникул учурунда да текке кетирбей, практика жасап, теорияны кол менен текшерип турат.
Айтымында, албетте, ата-энесинин колдоосу да маанилүү. Алар убагында туура багыт берип, азыр окуусуна шыктандырып турат. Устатынын жардамысыз да бул ийгиликтер болмок эмес, ал дайыма жанында болуп, колдоп, билгенинин баарын бөлүшүүгө даяр инсан.
- Башка өлкөлөр менен Кыргызстандын айырмасын көрүп, өзгөрүү тез эле болбой турганын түшүндүм. Ошондуктан адегенде чет өлкөдө билим алып, дүйнөлүк тажрыйба топтоп келүү керек деп чечтим. Ошондо гана келечекте өлкөмдү ишенимдүү өнүктүрө алам. Келечекте өзүмдү жаңы муундагы инженер катары көрөм. Кыргызстанга дүйнөдөгү эң мыкты технологияларды алып келген адис болгум келет, — дейт студент.
Комментарийлер