“ЖАҢЫ СТАНДАРТ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ АЧАТ”
- 20.06.2025
- 0
Уланбек МАМБЕТАКУНОВ, Т.Эрматов атындагы
Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун
директору:

Мектептик билимдин 12 жылдыкка өтүү программасына ылайык окуу системасы толугу менен жаңыланып, атайын заманбап стандарттар иштелип чыкты. Биз төмөндө мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы стандарты туурасында кеп кылмакчыбыз.
— Уланбек Эсенбекович, стандарттын негизги максаты эмнеде? Бул кандай документ?
— Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу мамлекеттик билим берүү стандарты биздин мамлекетибиздин эң кичинекей жарандары үчүн сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүүдө негизги ролду ойнойт. Стандартта көрсөтүлгөн талаптар жашоо шартына жана жашаган жерине карабастан, бардык балдар үчүн бирдей башталгыч мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылышы керек.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык Мамлекеттик стандарттарды кайра карап чыгуу жана жаңылоо өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына, иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүнө, ата-энелердин суроо талаптарына жараша жүргүзүлөт. Ошондуктан, бул бир эле калыпта жүргөн документ эмес, ал дүйнөлүк билим берүү системасынын өзгөрүүлөрүнө шайкеш болгон “жандуу” документ.
— Жаңы стандарт кимдер тарабынан иштелип чыкты?
— Биринчиден, стандарттын мазмунунун үстүндө Агартуу министрлиги тарабынан бекитилген жумушчу топ иштеди. Анын курамында Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана мектепке чейинки уюмдарынын өкүлдөрү болду. Экинчиден, министрликтин жумушчу топко койгон бирден-бир талабы стандарт көлөмү жагынан гана аз болбостон, ар бир тарбиячыга, ар бир ата-энеге жана студентке түшүнүктүү болуусу.
— Бекитилген стандартта кандай өзгөчөлүктөр бар? Эмнелерге өзгөчө басым жасалды.
— Жумушчу топтун мүчөлөрү, эксперттер кичинекей балдарыбызда баалуулуктарды калыптандырууга эң негизги басымды жасашкан. Ар бирин атап кетсем, бул – мекенчилдик, чынчылдык жана адилеттүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк, боорукердик жана жан тартуу, эмгекчилдик жана ак ниеттүүлүк, жаратылышка аяр мамиле жасоо жана туруктуу өнүгүү принциптерин кармануу. Аталган багыттарды аныктоодо башка мамлекеттердин стандарттарын да талдадык. Мисалы, Сингапур жана башка мамлекеттерде өз мекенин сүйүү, мекенчилдик баалуулук эң жогору турат экен. Дегеле, ар бир мамлекеттин өкүлү өзүнүн балдарын жаман болсун дешпейт, ошондуктан калыптандырып жаткан баалуулуктар бирдей болсо бул дагы дүйнөлүк теңдештирүүгө кирет деп айтаар элем.
— Мындан тышкары мектепке чейинки билим берүүдө кандай милдеттер аныкталган?
— Айрымдарын атайын: зордук-зомбулуктун жана басмырлоонун ар кандай түрлөрүн жокко чыгаруу; көп тилдүү чөйрөдө таанып-билүү жана баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү; бардык балдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү, социалдык адаптация үчүн шарттарды түзүү; билим алуудагы өзгөчө муктаждыктары, анын ичинде майыптыгы бар балдардын интеграциясын камсыз кылуу; үй-бүлөлүк жана улуттук баалуулуктарды урматтоого, Кыргызстанды сүйүүгө тарбиялоо; символиканы, өлкөбүздүн маданий көп түрдүүлүгүн урматтоону калыптандыруу.
Азыр мына экологиялык көйгөйлөр, климаттын өзгөрүү маселелери деп атабыз. Ушул боюнча ар бир жаран мектепте же жогорку окуу жайда эле билим албастан, бала бакчанын деңгээлинде да баштапкы маалыматты алып, жаш өзгөчөлүгүнө жараша туруктуу өнүгүү үчүн жаратылышка аяр мамиле жасоону жана жоопкерчиликтүү керектөөнү үйрөнүүгө шарт түзүп беришибиз парз.
Андан сырткары өз алдынчалуулукту, өзүн-өзү тейлөөнүн элементардык көндүмдөрүн калыптандыруу, эмгекти сүйүүгө, ар кандай ишке кылдат жана бирдей мамиле кылууга тарбиялоо, баланын жалпы билим алууга физикалык, когнитивдик, эмоционалдык жана социалдык даярдыгын камсыз кылышы керек.
— Ушул милдеттерди аткарууга тарбиячынын убактысы да, айрым учурда мүмкүнчүлүгү да жетеби?
— Өзүңүздөр түшүнгөндөй, мектепке чейинки билим берүү системасы көп кырдуу, ошондуктан айтылат: өнүктүрүшүбүз, камсыз кылышыбыз жана калыптандырышыбыз керек деп. Бирок мындан эч коркпош керек, себеби стандартка кошумча бир жаштан алты жашка чейинки балдарды өнүктүрүү программасы, тарбиячыга методикалык колдонмо жана башка окуу каражаттары иштелип чыгат. Ошол жерде ар бир тарбиячы белгиленген милдеттерди аткаруу үчүн кандай ыкмаларды колдонуш керек, балдар менен кандай иш-аракеттерди жүргүзүшү шарт, ата-энелер менен кандай кызматташтыкта болуунун жолдору ачык жазылган.
— Компетенттүүлүктү калыптандырышыбыз зарыл деп көп айтабыз? Мектепке чейинки балдарыбызда кандай негизги компетенттүүлүктөр калыптанышы керек деп аныктадыңыздар?
— Биринчиден, тактап алалы, компетенттүүлүк бул адамдын белгилүү бир кырдаалда билимдин, билгичтиктердин ар түрдүү элементтерин жана ишмердиктин ыкмаларын өз алдынча колдоно билүүгө болгон интегративдик жөндөмдүүлүгү болуп эсептелет. “XXI кылымдын чакырыктарына” негизги жооптордун бири- билим берүү чөйрөсүндөгү дүйнөлүк лидерлер тарабынан балдардын XXI кылымдын универсалдуу когнитивдик жана социалдык-эмоционалдык компетенцияларын өнүктүрүү деп эсептешет. Бул “4K”: креативдүүлүк, критикалык ой жүгүртүү, коммуникация (баарлашуу) жана кызматташуу. Ушуга таянып мектепке чейинки билим берүү уюмунун жана үй-бүлөнүн мектепке чейинки мезгилдин аякташына карата ушул стандартты биргелешип ишке ашыруунун натыйжасында алты жаштагы балдар: эмоционалдык-инсандык, таанып-билүүчүлүк-ишмердүүлүк, социалдык-коммуникативдик, маалыматтык-санариптик негизги компетенцияларга ээ жана мектепте окууга даяр окуучулардын ролун өзүнө алууга жөндөмдүү болуп калат.
Бул жерде негизги индикаторлору такталган. Мисалы, ар бир бала өзүнүн жана башка адамдардын сезимдерин жана эмоцияларын түшүнүшү зарыл. Өз алдынча билим алууга жөндөмдүү жана жаңы билимди үзгүлтүксүз өздөштүрүүгө, өнүктүрүүгө умтулуу, башкалар менен баарлашууну, топтордо иштөөгө, бири-бирин урматтоого, китепке жана окууга болгон кызыгуусун бала бакчада калыптандырышыбыз керек. Эң негизгиси калыптандыруу ыкмаларын тарбиячыларыбызга жеткиришибиз зарыл.
— Деги эле бала бакчада балдарга кандай сабактар өтүлөт?
— Стандартта жалпы бала бакчадагы балдарга сүйлөөсүнөн, таяныч-кыймылдоо аппаратынан, интеллектин өнүгүүсүндө көйгөйү барлар, дүлөй жана угуусу начарлар, азиз жана көрүүсү кыйындагандар үчүн билим берүү жана өнүктүрүү сабактарынын пландары берилген.
Пландардын негизинде бала бакчада жүргөн балдарга билим берүү жана өнүктүрүү сабактары дагы берилет. Бала бакчада кенже, орто, улуу жана даярдоочу деп топторго бөлүнөт. Ошондо балдарыбыз төмөнкү сабактарды өтүшөт:
- Курчап турган дүйнө менен таанышуу;
- Кеп өстүрүү;
- Кыргыз тили;
- Элементардык математикалык түшүнүктөрдү берүү;
- Көркөм адабият;
- Музыка жана дене тарбия;
- Аппликация, сүрөт тартуу.
Мындан тышкары психолог жана логопед менен иштөө дагы каралган. Бул учурда зарылчылыкка жараша жекече жана топтук түрдө өткөрүлөт.
— Дагы кандай стандарттын өзгөчөлүктөрүн белгилейт элеңиз?
— Бала бакчада сөзсүз коопсуз жана ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн түзүшүбүз керек. Бул бардыгына коюлган талап. Ошондо төмөнкү компоненттер сакталышы зарыл:
1) физикалык коопсуздук: жайлардын жана аймактын коопсуз болушу, ишенимдүү жабдуулар жана эмеректер, жаракаттан коргоо, жайларга кирүүнү көзөмөлдөө, эвакуация боюнча чаралар жана өрт коопсуздугу.
2) гигиеналык жана санитардык коопсуздук: санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо, тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу, жеке гигиенанын нормаларын кармануу, сапаттуу жана тең салмактуу тамактанууну камсыз кылуу, күн тартибин жана тамак ичүү режимин туура уюштуруу, ошондой эле жугуштуу оорулардын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү боюнча санитардык- эпидемиологиялык талаптарды аткаруу;
3) психологиялык коопсуздук: ишенимдүү атмосфераны түзүү жана баланын инсандыгын урматтоо;
4) инклюзивдүүлүк жана индивидуалдуулукту эске алуу: ар бир бала үчүн өнүгүү чөйрөсүнүн бардык ресурстарына эркин жетүүнү жана мүмкүнчүлүктөрдү жеткиликтүү деңгээлде жана оптималдуу темпте максималдуу өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
5) өнүгүү чөйрөсүн түзүү: материалдардын жана жабдуулардын ар түрдүүлүгү, иштин ар кандай түрлөрүн уюштуруу үчүн мейкиндикти зоналаштыруу, анын ичинде окуу, оюн, чыгармачылык жана эс алуу, балдардын креативдүүлүгүн жана өзүн көрсөтүүсүн колдоо;
6) ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр менен өз ара аракеттенүү: ачыктык жана маалымдуулук, ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр менен жакын байланышта болуу, коопсуздук маселелеринде колдоо көрсөтүү кирет. Ошондой эле, мектепке чейинки билим берүү канчалык деңгээлде сапаттуу билим берүү процессин ишке ашырып жатканын билим берүү башкармалыгынын аймактык органдары тарабынан белгиленген тартипте жылына бир жолудан көп эмес көзөмөл жүргүзүп туруусу парз. Буга мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчилиги жана педагогдору, уюштуруучулары ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр да катышса болот.
Аңгемелешкен М.ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”
Комментарийлер