ЖАҢЫ КЕСИПТИК СТАНДАРТТАРДЫН МАКСАТЫ-ЭМГЕК РЫНОГУНУН   ТАЛАПТАРЫН ТОЛУК КАНААТТАНДЫРУУ

  • 19.03.2026
  • 0

 

ЖАҢЫ КЕСИПТИК СТАНДАРТТАРДЫН МАКСАТЫ-ЭМГЕК РЫНОГУНУН   ТАЛАПТАРЫН ТОЛУК КАНААТТАНДЫРУУУчурда башталгыч кесиптик билим берүүнүн жаңы Мамлекеттик стандарттары иштелип чыгып, көпчүлүк бөлүгү Агартуу министрлиги тарабынан бекүүдө.  Кесиптик жаңы стандарттарынын кабыл алынышы — бул эмгек рыногунун талаптарына ылайык адистерди даярдоодогу чоң кадам. Ушундан улам Республикалык илимий-методикалык борбордун (РИМБ) директорунун орун басары  Алымкан САТАРОВАНЫ  кепке тарттык.

-Алымкан Ногойбековна, жаңы Мамлекеттик стандарттардын мурункулардан негизги айырмасы эмнеде?

-2018-жылга чейин башталгыч кесиптик билим берүүдө окутуунун мазмуну Типтүү окуу планынын моделине негизделип келген.   Бүгүнкү күндө биз башталгыч кесиптик билим берүү тутумунда чоң реформалардын босогосунда турабыз. Мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуунун башкы максаты — эмгек рыногунун жана иш берүүчүлөрдүн талаптарын толук канааттандыруу.

Жаңы стандарттар Улуттук квалификациялык алкактын 4- деңгээлине ылайык, кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууну жана окутуу процессинде милдеттүү ченемдерди, эрежелерди так сактоону көздөйт. Бул дегендик, биздин лицейлерди аяктаган жаштар эл аралык стандарттарга жооп берген, атаандаштыкка жөндөмдүү адис болуп чыгышат. Эми биз «эмнени окутуу керек?» деп эмес, «иш берүүчүгө кандай көндүмдөрү бар адис керек?» деген принцип менен иштейбиз. Азыркы тапта негизги басым компетенцияларга жана натыйжага жасалууда. Жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттарынын мурункулардан негизги айырмасы -бул окутуунун мазмунун академиялык калыптан (Типтүү окуу планынан) арылтып, аны толугу менен эмгек рыногунун жана иш берүүчүлөрдүн реалдуу талаптарына ийкемдүү кылып өзгөртүүдө.

 ЖАҢЫ КЕСИПТИК СТАНДАРТТАРДЫН МАКСАТЫ-ЭМГЕК РЫНОГУНУН   ТАЛАПТАРЫН ТОЛУК КАНААТТАНДЫРУУ-Окутуунун сапатына тийгизген таасири кандай болот?

-Жаңы стандарттар билим берүүнүн сапатын түп тамырынан бери жогорулатат. Бул үчүн биздин Республикалык илимий-методикалык борбор (РИМБ) тарабынан мугалимдерди жана устаттарды кайра даярдоочу «Педагогикалык чеберчилик» курстары (500-690 сааттык) туруктуу өткөрүлүүдө. Бүгүнкү күндө 270тен ашык устат бул курсту аяктап, жаңы стандарттар менен иштөөгө даяр. Ар бир окуу жайда иш берүүчүлөрдүн катышуусу менен Окуу-усулдук бирикмелер (ОУБ) түзүлгөн. Алар окутуунун мазмунун иштеп чыгышат жана анын сапаты РИМБ тарабынан пландуу түрдө мониторингден өтүп турат.

Жыйынтыктап айтканда, бул өзгөрүүлөр биздин бүтүрүүчүлөрдүн окууну аяктаары менен дароо жумушка орношуусуна жана эмгек рыногунда өз ордун табуусуна чоң өбөлгө түзөт. Дуалдык окутууну жайылтуу боюнча айтсам,  окуу процессинин 70-80% практикага, ишканалардагы реалдуу жумуш ордуна багытталат. Теория болсо 20-30%ды гана түзөт. Иш берүүчүлөрдү тартуу боюнча, мында  иш берүүчүлөр окуу программаларын иштеп чыгуудан баштап, бүтүрүүчүлөрдү баалоого чейин (Экзамендик комиссиянын төрагасы катары) катышат. Санариптештирүү багытында, окутуу процессине онлайн платформаларды жана жасалма интеллект (AI) сыяктуу заманбап технологиялар активдүү киргизилет.

-Стандарттарды иштеп чыгууда иш берүүчүлөрдүн талаптары канчалык эске алынды?

-Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү системасынын өнүгүшү окуу жайлардагы окуу процессин уюштуруу жана жакшыртуу, кесиптик даярдоонун сапатын жогорулатуу менен тыгыз байланышта. Өлкөбүздүн экономикалык тармактары үчүн квалификациялуу жумушчу кадрларын даярдоодогу маанилүү факторлордун бири -кесиптик башталгыч билим берүүнүн жумуш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык,  атаандаштыкка жөндөмдүү квалификациялуу жумушчуларды даярдоо жана окутуунун сапатын жогорулатуу болуп эсептелет. Анткени, акыркы эки жыл аралыгында эмгек рыногунда 30дан ашык жаңы кесиптер жана квалификациялар пайда болду. Республикалык илимий-методикалык борборунун негизги функцияларынын бири — Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында окутулуучу кесиптердин тизмесине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизип туруу болгондуктан иш берүүчүлөрдүн талабы негизги багыт болуп эсептелет.

-Жаңы стандарттар 12 жылдык билим берүү тутумуна өтүү планы менен кандайча айкалышат?

-12 жылдык билим берүү моделин ишке ашыруу алкагында, РИМБ жалпы билим берүү мектептеринин жогорку класстарынын окуучулары үчүн (өнөр жайдын 6 багыты жана 28 адистикти камтыйт) профилдик даярдоо боюнча окуу пландарын жана окуу программаларын иштеп чыгуу менен алектенет. Мектеп окуучулары үчүн профилдик даярдыктын максаты- окуучуларды ийгиликтүү карьерага даярдоо жана заманбап эмгек рыногуна ылайыкташуу, ошондой эле теориялык билимди гана эмес, тандалган кесиптик тармакта ийгиликтүү иштөө үчүн зарыл болгон практикалык көндүмдөрдү  алуу жана тандаган кесиби боюнча Мамлекеттик үлгүдөгү сертификатка ээ болуу.

 

ЖАҢЫ КЕСИПТИК СТАНДАРТТАРДЫН МАКСАТЫ-ЭМГЕК РЫНОГУНУН   ТАЛАПТАРЫН ТОЛУК КАНААТТАНДЫРУУ-Кайсы кесиптер боюнча стандарттар биринчи кезекте жаңыланды?

-Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары  үч этап менен иштелип чыгып, бекитилди: 1-этап: Билим берүү программаларын бирдиктүү тартипке келтирүү максатында, КРнын «Билим берүү жөнүндө» жана «Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө» мыйзамдарына, ошондой эле Өкмөттүн 2018-жылдын 22-январындагы №41 токтомуна ылайык, 21 мамлекеттик стандарт бекитилген. Бул этапта артыкчылыктуу тармактар катары курулуш, жеңил өнөр жай, коомдук тамак-аш, тоо-кен өндүрүшү, энергетика, айыл чарба жана металл иштетүү багыттары тандалып алынган. 2-этап: Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кесиптик стандарттарынын реестрине жана жаңы методологияга ылайык,  Агартуу министрлигинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы   буйругу менен 11 мамлекеттик стандарт бекитилди. Алар: тоо-кен, электротехника, курулуш, жыгач иштетүү, айыл чарба, тигүү өндүрүшү жана транспорт багыттарын камтыйт. 3-этап: 2024-жылдын сентябрь айынан 2025-жылдын март айына чейин Республикалык илимий-методикалык борбору   тарабынан дагы 20 кесип боюнча стандарттар иштелип чыгып,  Агартуу министрлигинин үстүбүздөгү жылдын 13-мартындагы буйругу менен расмий бекитилди.

-Санариптик көндүмдөр жана «жашыл» экономика маселелери жаңы стандарттарда кандай чагылдырылган?

-Санарип көндүмдөр жана жашыл экономикалык маселелери боюнча Башталгыч кесиптик билим берүү стандартына ылайык жалпы кесиптик циклда стандарттык предметтер киргизилген. Санарип сабаттуулук — 24 саат, ал эми “Жашыл” экономика маселелери “Эмгекти коргоо жана өндүрүштүк экология” сабагында берилет.

-Республикалык илимий-методикалык борбор кесиптик лицейдин мугалимдерин жаңы стандарттар менен иштөөгө кантип даярдап жатат? Квалификацияны жогорулатуу курстарынын өзгөчөлүктөрүнө да токтоло кетсеңиз?

-Борбордун негизги миссияларынын бири — башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана инженердик-педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу болуп саналат. Бул багыттагы иштер министрлик тарабынан бекитилген атайын пландардын негизинде туруктуу жүргүзүлүүдө.

Иш берүүчүлөр менен кызматташтыгыбызды айтсам,  өндүрүштүк окутуу устаттарынын кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында алдыңкы ишканалар менен меморандумдар түзүлгөн. Мисалы, «Куликовский» кондитердик үйү, «Швейпрофи», «Газпром» компаниялары, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКы жана «Кыргызстан ашпозчулар гильдиясы» сыяктуу өнөктөштөр менен биргеликте практикалык окутуулар өткөрүлөт. «Педагогикалык чеберчилик» программасынын  алкагында 500дөн 690 саатка чейинки көлөмдө кесиптик кайра даярдоо курстары уюштурулду. Анын негизги максаты — мугалимдердин билим берүү чөйрөсүндө ийгиликтүү иштөөсү үчүн зарыл болгон заманбап көндүмдөрдү калыптандыруу. Бүгүнкү күндө бул курсту 270 мугалим жана устат ийгиликтүү аяктады.

Санариптештирүү жана инновация боюнча жаңыланган программаларга ылайык, окутуу платформалары аркылуу онлайн форматтагы курстар киргизилди. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, окутуу процессине жасалма интеллектти (AI) колдонуу боюнча атайын сабактар кошулуп, бул технологиялар аркылуу окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жолдору үйрөтүлүүдө.

-Жаңы стандарттар боюнча окуу китептерин жана методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу иши кандай жүрүп жатат?

-Билим берүүнүн сапатын жогорулатууда окуу усулдук адабияттар, окуу китептердин мааниси өтө чоң экендиги барыбызга маалым. Кесиптик предметтер боюнча окуу китептерин камсыз кылуу үчүн РИМБ “Мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү” боюнча мамлекеттик программасынын алкагында экономиканын 10дон ашык тармагын камтыган 81 аталыштагы окуу китептерин жана усулдук-адабияттарды басмадан чыгарды.

Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мазмунунун камсыздоодо  окутуу процессине колдонулуучу окуу материалдарын толук жана квалификациялуу экспертизадан өткөрүү үчүн Республикалык илимий- методикалык борборунда Илимий-методикалык Кеңеш  түзүлгөн.  Курамы Агартуу министрлигинин, Илим, жогорку билим жана инновация министрлигинин кызматкерлеринен, РИМБнан, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүнөн, илимий кызматкерлерден, жумуш берүүчүлөрдөн турат.

-Стандарттардын аткарылышын көзөмөлдөө механизми кандай жана окуу жайлар жаңы талаптарга даярбы?

-Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын аткарылышын камсыз кылуунун негизги механизми — окутуунун мазмунун эмгек рыногунун актуалдуу талаптарына ылайык туруктуу жаңылап туруу болуп саналат. Бул процессти ишке ашыруу үчүн ар бир окуу жайда адистиктер боюнча Окуу-усулдук бирикмелер (ОУБ) түзүлгөн. Окуу-усулдук бирикменин курамына тармактык иш берүүчүлөр жана тажрыйбалуу мугалим-устаттар кирет. Алар биргеликте кесиптик стандарттарга таянып, окуу-усулдук комплекстерди  иштеп чыгышат. Бул комплекске тематикалык пландар, окуу программалары, методикалык материалдар жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоо куралдары кирет. Даярдалган окуу-усулдук материалдар алгач усулдук бирикмелерде каралып, андан соң окуу жайдын жетекчилиги тарабынан расмий бекитилет. Ошондой эле билим берүүнүн сапатын аныктоо максатында РИМБ тарабынан туруктуу мониторинг жүргүзүлүп турат.  Мындан тышкары окуу-тарбия процессин натыйжалуу уюштуруу үчүн окуу жайларга пландуу түрдө усулдук жардамдар көрсөтүлөт.

-Жаңы стандарттарда өндүрүштүк практикага жана дуалдык окутууга канчалык басым жасалган?

-Жогоруда баса белгилегендей, жаңы стандарттардын негизги багыты — дуалдык окутуу тутумун жайылтуу. Бул бизнес чөйрөсү менен билим берүү мекемелеринин адистерди биргелешип даярдоочу натыйжалуу платформасы болуп саналат. Учурда башталгыч кесиптик билим берүү тутумунда дуалдык окутуунун элементтери жигердүү колдонулуп, экономиканын ар кыл тармактары үчүн кесипкөй кадрлар даярдалууда.

Дуалдык окутуунун негизги артыкчылыктарына токтоло кетейин. Бул негизинен практикага багытталган окутуу.  Окуу процессинде теориялык билимге 20-30% гана убакыт бөлүнсө, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө 70-80% чейин басым жасалат. Окутуу түздөн-түз ишкана шартында жүргүзүлүп, окуучулардын кесиптик компетенциялары жумуш ордунда өнүктүрүлөт. Иш берүүчүлөр менен кызматташтык жолго коюлууда.  Окуу программалары иш берүүчүлөр менен түздөн-түз макулдашылып, эмгек рыногунун реалдуу муктаждыктарына ылайыкташтырылууда. Бүгүнкү күндө башталгыч кесиптик окуу жайларынын 60%га жакыны дуалдык окутуу технологиясын колдонуу менен квалификациялуу кадрларды даярдоону ийгиликтүү ишке ашырууда.

-Иш берүүчүлөр студенттерди баалоо процессине катыша алышабы? Бул стандарттарда каралганбы?

-Ооба, жаңы стандарттарга ылайык, иш берүүчүлөрдүн баалоо процессине катышуусу милдеттүү түрдө каралган. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик компетенцияларын баалоо «Бүтүрүүчү квалификациялык сынактарды өткөрүү жөнүндө» жобонун негизинде жүргүзүлөт.

Бул ченемдик документке ылайык, Мамлекеттик бүтүрүү экзамендик комиссиясынын төрагалыгына милдеттүү түрдө иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү дайындалат. Бул чара бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээлин эмгек рыногунун талаптарына ылайык объективдүү баалоого жана алардын кесипкөйлүгүн тастыктоого мүмкүндүк берет.

-Бул өзгөрүүлөр кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуу көрсөткүчүнө кандай таасир этет деп күтүп жатасыз?

-Бул өзгөрүүлөр башталгыч кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн иш менен камсыз кылууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана чоң өбөлгө түзөт деп ишенем. Себеби, бүгүнкү күндө адистерди даярдоо жана билим берүүнүн сапатын камсыздоо процесси түздөн-түз эмгек рыногунун жана иш берүүчүлөрдүн реалдуу талаптарына негизделген. Биз заманбап стандарттар аркылуу тармактык компетенциялары өнүккөн, эмгек базарында атаандаштыкка жөндөмдүү жана өз ишин так билген кесипкөй адистерди даярдап жатабыз. Бул ыкма бүтүрүүчүлөрдүн окууну аяктагандан кийин дароо жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн бир топ жогорулатат.

Аңгемелешкен М.ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер