ЖАҢЫ ДООРДУН МЕКТЕБИН КАНТИП БАШКАРУУ КЕРЕК?

  • 01.04.2026
  • 0

Санариптик трансформация жана заманбап мектеп менеджменти   

 

ЖАҢЫ ДООРДУН МЕКТЕБИН КАНТИП БАШКАРУУ КЕРЕК?ЖАҢЫ ДООРДУН МЕКТЕБИН КАНТИП БАШКАРУУ КЕРЕК?

Билим берүү тармагындагы ийгилик- бул туура тандалган стратегиялык башкаруудан башталат. Технологиялык прогресс мектеп турмушуна терең кирген сайын, жетекчилерден ийкемдүүлүк жана жаңычылдык талап кылынууда. Балыкчы шаарындагы билим берүү тармагындагы алгылыктуу өзгөрүүлөр, директорлордун заманбап образы жана билим сапатын көтөрүүдөгү санариптик кадамдар тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жылдыз ЭСЕНАМАНОВА менен кенен кеп кылдык.

-Жылдыз Субановна, бүгүн мектеп жөн гана билим берүүчү мекеме эмес, өнүгүү борборуна айланышы керек деген талап коюлууда. Өнүгүү үчүн Балыкчыдагы мектептердин башкаруу системасында кандай «эскирген» ыкмалардан арылып, ордуна кандай заманбап моделдерди киргизип жатасыз? Мунун конкреттүү натыйжасына да токтоло кетсеңиз?  

-Туура айтасыз, заманбап дүйнөдө мектеп коомдун өнүгүү борборуна айланууда. Бул трансформация эң оболу башкаруу системасын кайра карап чыгууну талап кылат. Эскирген авторитардык моделде чечимдер бир гана жетекчи тарабынан кабыл алынып, кагаз түрүндөгү чексиз отчеттуулукка негизделсе, бүгүнкү күндө өзүн актабай калды. Балыкчы шаарындагы мектептерде башкаруунун жаңы, демократиялык жана окуучуга багытталган моделдери жигердүү киргизилүүдө. Бул процессте санариптештирүү негизги ролду ойноодо. Учурда электрондук журналдар, онлайн мониторинг системалары жана мугалимдердин өз ара тажрыйба алмашуусу үчүн ачык аянтчалар түзүлүүдө. Мындай ыкмалар бюрократияны азайтып, көңүлдү окуучунун инсандык өсүшүнө жана билим сапатына бурууга мүмкүндүк берет.

-Билим берүүнү санариптештирүү — бул жөн гана компьютерлерди коюу, интернетке туташтыруу эмес. Сиздин жетекчилигиңиздин астында мектептердин ички менеджментинде (мониторинг, анализ, кадрдык чечимдер) IT-технологиялар кандай роль ойноп жатат?

-Ооба, көп учурда билим берүүнү санариптештирүү дегенде көпчүлүк учурда мектептерди компьютерлер менен камсыздоо же класстарга интерактивдүү доскаларды орнотуу деп түшүнгөндөр да бар. Бирок, бул түшүнүк алда канча терең. Чыныгы санариптештирүү — бул билим берүү мекемесинин иштөө философиясын жана анын башкаруу (менеджмент) системасын түп тамырынан бери өзгөртүү дегенди билдирет. Санариптик трансформациянын негизги максаты — маалыматтардын негизинде натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга шарт түзүү. Эгерде мурда мектеп директору же окуу бөлүмүнүн башчысы окуучулардын жетишкендигин же мугалимдердин ишин кагаз жүзүндөгү отчеттор аркылуу гана айлап-жылдап талдаса, санариптик системалар бул процессти реалдуу убакыт режиминде жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

 

ЖАҢЫ ДООРДУН МЕКТЕБИН КАНТИП БАШКАРУУ КЕРЕК?-Мугалимдердин сабак берүүдөгү методикасын гана эмес, алардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү боюнча кандай демилгелер бар? Заманбап мугалим -бул насаатчы (ментор), шыктандыруучу. Аларды ушул деңгээлге чыгаруу үчүн шаардык деңгээлде кандай стимулдар түзүлүүдө?

-Бүгүнкү күндө билим берүү системасы тездик менен өзгөрүүдө. Мугалим эми жөн гана маалыматты жеткирүүчү эмес, ал окуучунун потенциалын ачуучу менеджер, лидер жана насаатчы болуп саналат. Ошону менен бирге мугалим менен окуучунун натыйжалуу көрсөткүчтөрүн баалап, шыктандырып, колдоп турушубуз парз.  Ушул багытта кечээ жакында таланттуу, зээндүү окуучулар менен иш алып барып, республикалык олимпиададан облусттук деңгээлде 1-2-3-орун алып келген окуучу жана мугалимге 10 миң сомдон акчалай сыйлык берилди. Ал эми республикалык деңгээлде окуучу олимпиададан 1-2-орун алып келсе, 100 миң сом акчалай сыйлык окуучу жана мугалимге каралган. Бул жылы Республикалык олимпиада химия предметинен З.Исаева атындагы мектебинин 11 Г-классынын окуучусу Маликов Нурлан  4-орунду ээледи. Ал окуучу химия предметинен Дүйнөлүк олимпиадага катышып келген окуучулар менен күч сынашты. Бул көрсөткүчтү мен  мыкты жетишкендик деп баалайм.

-Сиздин оюңузча, бүгүнкү мектеп директору чарбакер гана болбостон, креативдүү менеджер да болушу керекпи? Балыкчыдагы мектеп жетекчилеринин башкаруу маданиятын өзгөртүү үчүн кандай кадамдар жасалды?  

-Учурда мектеп директорунун ролу жаңыча мааниге ээ болууда. Мурда директор негизинен чарбалык иштерге жооптуу адам катары каралса, азыркы талап — билим берүүнүн сапатын көтөрө билген лидер жана менеджер болуу.  Балыкчы шаарындагы

мектептерде акыркы жылдары башкаруу маданиятын өзгөртүү боюнча бир топ алгылыктуу кадамдар жасалды. Бул реформалардын өзөгүн төмөнкү багыттар түзөт:

Санариптештирүү: Мектептерде электрондук күндөлүк, электрондук журнал жана башкаруунун автоматташтырылган системалары киргизилди. Бул кагаз иштерин азайтып, процесстерди тездетти. Ачык-айкындуулук: Мектептин бюджети, камкордук кеңештеринин ишмердүүлүгү жана кабыл алынган чечимдер коомчулукка ачык жарыялана баштады. Бул ата-энелердин ишенимин арттырды. Мугалимдердин потенциалын жогорулатуу: Директорлор мугалимдердин кесиптик өсүшүнө шарт түзүп, заманбап тренингдерди жана тажрыйба алмашуу программаларын уюштурууга басым жасашууда. Заманбап менеджментте кызматкерлердин психологиялык абалына чоң маани берилет. Мугалимдердин эмоционалдык жактан чарчоосу билим сапатына түздөн-түз таасир этет.

 

ЖАҢЫ ДООРДУН МЕКТЕБИН КАНТИП БАШКАРУУ КЕРЕК?Сиз жетекчи катары мугалимдердин мотивациясын туруктуу кармоо жана алардын мектептеги микроклиматын жакшыртуу үчүн кандай корпоративдик маданиятты же колдоо системасын киргизип жатасыз?

-Мектептеги дени сак микроклимат -бул мугалимдердин ийгиликтүү иштешинин жана окуучулардын билим сапатынын негизи. Ошондуктан жагымдуу шартта кесиптик потенциалын жогорулатуу багытында иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө. Мугалимдердин арасында ар кандай кароо-сынактарга, семинар-тренингдерге катышып, насаатчы, ментор болуп жүргөндөр да бар. Мындай чыгармачылык менен иштеген мугалимдерге жылдын жыйынтыгы менен акчалай сыйлыктар каралат. Ар бир мугалим өзүнчө таланттуу, кесипкөй инсан.

Жетекчи катары демөөрчүлөр менен иш алып барып жатабыз. “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынактарында жеңүүчүлөргө мурда кир жуучу автомат машина ж.б. үй тиричилигине керектүү техникалар берилсе быйыл, 100 миң сомго чейин акчалай сыйлык берүү планда бар. Мындай мотивация мугалимдин чыгармачылык менен иштөөсүн арттырып, шыктандырат деп ишенем.

-Заманбап мектеп жетекчиси  бул- бюджетти гана күтүп отурбаган, инвестиция тартуу менен алектене алган менеджер деп көп айтылат. Балыкчыдагы мектептердин мамлекеттик бюджеттен тышкары, гранттар, донорлор же бүтүрүүчүлөр менен иштешип, өзүн-өзү өнүктүрүүсү үчүн кандай эркиндиктер жана шарттар түзүлгөн? Бул багытта ийгиликтүү мисалдар барбы?

-Бүгүнкү күндө мектеп директору жөн гана администратор эмес, ал натыйжалуу менеджер болушу керек. Менеджер катары директор мектептин өнүгүүсү үчүн зарыл болгон ресурстарды табууга, команданы шыктандырууга жана стратегиялык пландарды ишке ашырууга жооптуу. Мамлекеттик бюджет мектептин негизги муктаждыктарын, айлык акы, коммуналдык кызматтарын жапса, ал эми заманбап шарттарды түзүү үчүн кошумча инвестициялар талап кылынат. Мектеп жетекчилери инвесторлор менен иштешүүгө аракет кылышат. Ал үчүн Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинети тарабынан долбоорлор менен иштөө семинар-тренингдери өткөрүлгөн. Ар бир жетекчи долбоор менен иштөө тартибин, талабын билет. Башка жактан инвесторлор же жеке демөөрчүлөр келсе, мектепти өнүктүрүү долбоорлору даяр. Сунуштап, иш алып бара алышат.

-Билимдин сапаты «бештердин» саны же ЖРТнын упайы, олимпиаданын көрсөткүчү менен өлчөнбөйт деп айтылууда? Андай болсо, окуучунун турмуштук көндүмдөргө ээ болуусу үчүн жаңы көрсөткүчтөр, жаңы баалоолор  иштелип чыктыбы?

-Көпчүлүк учурда биз билимдин сапатын чейректик «беш» деген баалар, ЖРТнын жогорку упайлары же олимпиададагы жеңиштер менен гана өлчөп келгенибиз ырас. Бирок, заманбап дүйнөдө билимдин чыныгы баасы — бул алган маалыматты турмушта колдоно билүү. Эгерде окуучу математикадан формулаларды жаттап, бирок дүкөндөгү арзандатууну эсептей албаса же үй-бүлөлүк бюджетти пландаштырууда кыйналса, анда ал билимдин натыйжасы аз деп эсептелет. Бүгүнкү күндө эң негизги көрсөткүч — бул сиздин турмуштук көндүмдөрүңүзгө кирген финансылык сабаттуулук, логикалык ой жүгүртүү жана маселелерди чече билүү.

-Сиз бул кызматка келгенде «Мен сөзсүз өзгөртөм» деп өзүңүзгө койгон эң негизги максатыңыз кайсы эле жана анын канча пайызы ишке ашты?

-Мен бул кызматка келгенде өзүмө төмөнкү негизги максатты койгом: мектепти окуучу үчүн коопсуз, мотивация берүүчү жана заманбап билим берүүчү чөйрөгө айлантуу.

Тактап айтканда, сабактарды интерактивдүү кылуу; мектеп–ата-эне байланышын күчөтүү  окуучунун жоопкерчилигин жана өз алдынчалуулугун өнүктүрүү. Ушул багытта иш кызуу жүрүүдө.

-Мен кыялданган мектеп, мен кыялданган мугалим кандай болушу керек?- деген суроого кандай жооп бере аласыз? Сиз кыялыңыздагы мектепке, кыялыңыздагы мугалимге жетишүү үчүн жетекчи катары кандай иш аракеттерди жасап жатасыз?

-Мен кыялданган мектеп — бул жөн гана билим берген жер эмес, окуучу өзүн коопсуз, угулган жана маанилүү сезген чөйрө. Сабактар турмуш менен байланышкан, кызыктуу жана практикалык мүнөздө болуп,  ар бир окуучунун пикири бааланууга тийиш. Мен кыялданган мугалим -бул жөн гана сабак өтүүчү эмес, жол көрсөтүүчү, дем берүүчү жана үлгү болчу инсан.

-Балыкчынын билим берүү бренди барбы? Жакын арада Балыкчы шаарынын билим берүү системасы башка аймактарга үлгү боло турган кандай  жаңылыкты же саамалыкты тартуулай алат?

-“Көл жээгиндеги акылман мектеп” модели Балыкчынын географиялык артыкчылыгына таянган бренд. Балыкчы — Ысык-Көл жээгинде жайгашкан өзгөчө шаар. Муну билим берүүдө колдонсо болот. Ноу-хау: Экология + билим интеграциясы “Жандуу сабактар” (көл жээгинде, практикада) туризм, экология, логистика багытындагы профилдик билимди күчөтүү. Натыйжа: теория эмес, реалдуу жашоо менен байланышкан билим, туристтик маршрут түзүү, шаарды жашылдандыруу, социалдык маселени чечүү.  Санарип платформалар аркылуу ата-эне, мектеп, окуучу деген аталыштагы бир системада онлайн тарбиялык контент түзүү. Окуучунун өнүгүүсүн мониторинг кылуу. Жыйынтыктап айтсам, Балыкчы — “жогорку балл” эмес, бактылуу бала менен айырмаланат.

-Сөзүбүздүн аягында тарбиянын трансформациясы туурасында кеп кылсакпы деп турам. Азыркы муун (Z жана Alpha) такыр башкача маалымат айдыңында жашайт. Аларды мекенчилдикке жана адептүүлүккө тарбиялоодо «эски лекциялардан» башка кандай интерактивдүү, таасирдүү ыкмаларды колдонуп жатасыздар?

-Биз азыр тарбиянын трансформациялык доорунда турабыз. Z жана Alpha муундары үчүн кургак лекциялар же насааттар натыйжа бербейт. Ошондуктан мекенчилдикке жана адептүүлүккө тарбиялоодо төмөнкү төрт негизги заманбап багытты колдонуп жатабыз: Биринчи, балдар атаандаштыкты жана интерактивди жакшы көрүшөт. Биз «Менин шаарым» сыяктуу долбоордук оюндарды, квест-сабактарды жана тарыхый тапшырмаларды киргиздик. Бул жерде окуучу маалыматты жөн эле угуучу эмес, процесстин активдүү катышуучусуна айланат. Экинчи, узакка созулган баяндамалардын ордуна кыска, эмоцияга бай видеороликтерди колдонобуз. Реалдуу каармандардын, мекенге кызмат кылган инсандардын тагдырын видео форматта көрсөтүү — кургак фактыга караганда миң эсе таасирдүү. Атүгүл окуучулардын өздөрүнө видео тартуу тапшырмасын беребиз, себеби алар «окуя»  аркылуу дүйнөнү тезирээк тааныйт. Үчүнчү, жаңы муун өз оюн эркин айтууну каалайт. Биз алар менен «Чыныгы мекенчил ким?» деген темада дебаттарды өткөрүп, адеп-ахлактык дилеммаларды (мисалы, «чындык жана достук таразага түшкөндө») чогуу талкуулайбыз. Бул ыкма баалуулуктарды, жеке ишенимди жана сын көз карашты калыптандырат. Ошондой эле иш жүзүндөгү тарбия (социалдык долбоорлор). Эң таасирдүү тарбия -бул практика. Тазалык акциялары, карыларга жардам берүү же коомдук демилгелерди уюштуруу аркылуу бала өзүнүн коомго керектүү экенин сезет. Онлайн викториналарды жана санарип платформаларды колдонуу менен алардын дүйнөсүнө кирип, реалдуу иштер аркылуу мекенчилдик сезимин билгизбей, табигый түрдө калыптандырууну көздөйбүз.

Аңгемелешкен Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер