ЖАҢЫ БИЛИМ — ЖАҢЫ ДЕМ
- 16.12.2025
- 0
Жыл жыйынтыктоого аз эле убакыт калды. Ушул учурда ар бир мекеме, ишкана артын кылчайып карап эмнеге жетиштик, эмнеден аксадык, келээрки жылы эмнеге көңүл бурушубуз керек деп саресеп салат эмеспи. Өтүп бараткан жылга карасак, өлкөдө билим берүү тармагында олуттуу өзгөрүүлөр орун алды. Эң башкысы “Алтын Казык” программасы ишке ашырылууда, билим берүү тармагы түп-тамырынан өзгөртүлүп, 12 жылдык билим берүүгө өттү. Мектептеги башкы фигура болгон мугалимдер жаңы программага, жаңы стандартка, жаңы окуу китебине шайкеш келүү үчүн күнүгө кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүнүн үстүндө эмгектенип жатышат. Агартуу министрлиги мугалимдерди жаңыча иштөөгө багыт берип, болгон шарттарды түзүп жатат.
Жаңыча окутуу – заман талабы
2025-2026-окуу жылында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту мугалимдерди окутууда бир топ жаңычыл иштерди аткарды. Илгери мугалимдер беш жылда бир жолу билимдерин өркүндөтүп келишсе, учурда күнүгө болбосо да ар кандай долбоорлордун алкагында заман талабына ылайык уюштурулган жумалык, бир айлык окуулардан өтүшүүдө. Анткени өлкө 12 жылдык мектептик билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу мугалимдер жаңы стандарт, жаңы программа, жаңы окуу китептери боюнча сабак бере башташты. Андыктан башталгыч класстын мугалимдеринен баштап STEM сабактарынын мугалимдери тынымсыз окуудан өтүшүүдө.
«Устат/Ustat» платформасы
Коомчулукка белгилүү болгондой, мугалимдер менен усулчулар үчүн жаңы санариптик «Ustat» платформасы ишке киргизилген. Бул деген ата мекендик портал болуп саналат, б.а. башкалардан көз каранды болбойбуз дегенди билдирет.

— Билим берүүнүн санариптешүүсү — бул учурдун талабы гана эмес, билимдин сапаты менен жеткиликтүүлүгүнө коюлган негизги шарт. “Ustat” платформасы өлкөнүн бардык аймактарындагы ар бир мугалимге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биздин максат — мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну жеткиликтүү, ачык жана заманбап кылуу, — дейт институттун директору Алмазбек Токтомамбетов.
Платформа Кыргызстандын Ulut Soft.kg аттуу IT-компаниясы тарабынан Агартуу министрлигинин тапшырмасы менен иштелип чыгып, билим берүүнү санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Ustat билим берүү порталы мугалимдерге квалификациясын жогорулатуу курстарын ыңгайлуу онлайн-форматта өтүүгө шарт түзөт. Платформа төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт: заманбап окуу программалары боюнча онлайн-курстар жана видео-лекциялар; практикалык тапшырмалар жана тестирлөө бөлүмдөрү; электрондук сертификаттарды автоматтык түрдө түзүү системасы; жеке кабинети жана окуу процесси боюнча прогрессти көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү; жаңы курстар тууралуу билдирүүлөр; окуу материалдарына жана усулдук көрсөтмөлөргө дайыма жеткиликтүүлүк; электрондук сертификаттарды автоматтык түрдө түзүү системасы; жеке кабинети жана окуу процесси боюнча прогрессти көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү; жаңы курстар тууралуу билдирүүлөр; окуу материалдарына жана усулдук көрсөтмөлөргө дайыма жеткиликтүүлүк.

Эми мугалимдер жыл сайын окуудан өтмөй болушту.
— Былтыркы жылы билим берүү боюнча жаңы мыйзам кабыл алынбадыбы. Анда 5 жылдык деген талап алып салынды. Азыр жаңы жобо иштелип жатат. Анын талаптарына ылайык, ар бир мугалим жыл сайын өтсө деп жатабыз. Болгону азыр канча саат өтүш керек деген маселе. Мугалим жыл сайын белгилүү бир саатта өтүп турса, мугалим дайым корголуп турат. Дайыма изденип турат. Өзүнүн билимин өркүндөтүүнүн үстүнөн иштейт эле. Канча саат өтүү боюнча өзүбүздүн мүмкүнчүлүккө карап киргизишибиз керек. Мүмкүнчүлүгүбүз платформанын негизинде бир топ жакшырды деп айтсак болот. Эгерде 2018-2019-жылдары өлкө боюнча 11-12 миң мугалим окуудан өтсө, 2023-2024-окуу жылында 54 миң, 2024-2025-окуу жылында 41 миң мугалимди өткөрдүк, т.а. 140 пайызга өзүбүздүн планды аткардык. Мында электрондук платформалардын да жардамы, үлүшү бар, — дейт жетекчи.
Жаңы модулдар
Учурда институтта 96 электрондук модуль бар, электрондук порталга учурда 68 модуль жайгаштырылса, анын 44ү жаңы иштелип чыкты. Мындай модулдар учурда да жигердүү иштелип жатат жана порталга жайгаштырылууда.
— Республикалык институттун окутуучуларын аймактар тез-тез чакырып, курстар байма-бай өтүлүүдө. Алсак, мурда курстар дээрлик Бишкек менен Чүй үчүн өтүлүп келсе, 2023-2024-окуу жылында Республикалык институт окуткан мугалимдердин 30,72 %ы, 2024-2025-окуу жылында 38,17 %ы башка аймактардан болду. Ошол эле учурда Республикалык институт өзүнүн гана ишин алга жылдырууну максат кылбастан, өлкөнүн деңгээлинде кесиптик чеберчиликти жогорулатуу системасын илгерилетүүнү өзүнүн миссиясы деп билет, ошондуктан бул багытта жигердүү иш алып барууда, — дейт институттун директору А.Токтомамбетов.
Бул багытта республикалык деңгээлде институт кызматташууну күчөтүп, өлкөбүздүн аймагында курс өткөргөн уюмдар менен байланышы жакшырды. Өткөн окуу жылында алардын жардамы менен Кыргызстанда жети миңден ашык педагогикалык кызматкерлер кесиптик чеберчилигин жогорулата алышты. Республиканын аймагындагы эл аралык уюмдар: Дүйнөлүк Банк, Азия Өнүктүрүү Банкы, ЮСАИД, Ага Хан уюмдарынын долбоорлору менен кызматташып, чеберчиликти жогорулатуу курстарын биргелешип өткөрүшкөн. Натыйжада, окуудан өткөн мугалимдердин саны кескин жакшырган. Маселен, акыркы үч жылга көз чаптырсак, 2003-жылы 29934, 2024-жылы 35380, ал эми 2025-жылы 34081 мугалим окуудан өткөн. Облустук институттар менен борборлордон 7000 мугалим быйыл окуудан өткөн, жалпы алганда республика боюнча 41081 мугалим билимдерин жогорулатышкан.
Жаңыланган 105 программа
2025-2026-окуу жылында Сингапурдан келген адистер Кыргызстанда чыгып жаткан жаңы окуу китептерин окутууну эске алуу менен 241 мастер-тренерди даярдады. Мастер-тренерлерди негизинен райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн усулчулары түздү. Мастер-тренерлер тээ август айында республика боюнча 1-2-5-7-класстардын математика жана табият таануу мугалимдерин, англис тили мугалимдерин окутту. Жалпы 29 миңден ашык мугалим окутулду. Ошондой эле 12 жылдыкка өткөн мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууда 105 программа жаңыланган.

— Анткени Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, Кыргыз Республикасында жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандарты иштелип чыгып бекитилди. Бул стандарттардын өзөгүн баалуулуктар түздү, жаңы эмоционалдык-инсандык компетенттүүлүк, таанып билүү-ишмердик компетенттүүлүгү кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “Улуттук демилге – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу доктринасы кабыл алынды. Булардын негизинде окуу программалар кайрадан каралып чыкты. Буга чейин жалаң эле 72 сааттык окуу программалар болсо, учурда 100 сааттык — 5, 144 сааттык — 3, 300 сааттык — 2 курс иштелип чыкты. Окуу программалары алдыңкы технологияны да, баалуулуктарды да камтууда. Айрым мисалдар: Билим берүүнүн заманбап технологиялары; Функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу; STEM/STEAM билим берүү; Маалыматтык-коммуникациялык технология: Жасалма интеллектти билим берүүдө колдонуу; Жашыл көндүмдөр; “Алтын Казык” программасы: баалуулуктарга негизделген билим берүү; “Кыргыз жараны”; “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы”; “Улуттук демилге – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу ж.б., — дейт жетекчи.
Кошумча кесиптик билим берүү
Республикалык институт 2023-жылдан баштап кошумча кесиптик билим берүүнү (кайра даярдоо) колго алып, учурда 15 багытта мугалимдер окуп жатышат. Айрым мугалимдер көп жылдан бери башка предметтен сабак берип келишет, бир нече жолу кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарынан өтүшкөн.
— Учурда “Мугалим” автоматташкан маалымат системасын кабыл алуу бул маселени дагы да алга жылдырды деп айтсак болот. Анткени канча жылдан бери окутуп келгенине карабастан, алган диплому менен окуу предмети туура келбеген учурда, “Мугалим” системасында ал мугалимдин орду бош (вакант) болуп көрсөтүлөт. Андан сырткары окуу предметин алмаштыргысы келгендер, мисалы, кыргыз тили мугалими дипломун алган, башталгыч класстардын мугалими болгусу келет, же лингвист диплому бар, филолог мугалим болгусу келет, же болбосо учурунда техникалык университетти бүтүп алып, эми математика, физикадан, айыл чарба академиясын бүтүп алып, химия, биологиядан сабак бергиси келгендер арбын. Алар Республикалык институтта 1,5 жыл сырттан окуп, мурдагы дипломунун неизинде жаңы диплом алышат. Ушундай 135 угуучу 2025-жылы колдоруна диплом алышты. Учурда мында окуп жаткандардын саны -1554, — дейт директор.
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшееванын маалыматы боюнча, мугалимдер үчүн 1-2-5-7-класстар боюнча жаңы окуу китептери жана окуу программалары тууралуу дагы кеңири маалыматтар үзгүлтүксүз берилип турат. Анын айтымында, КББАнын сайтында (kao.kg) 12-класска чейинки 63 предметтик стандарт жана ар бир предмет боюнча 63 окуу программасы жайгаштырылган. Базистик окуу пландары 11 жылдык жана 12 жылдык билим берүү системасы үчүн иштелип чыккан. Мындан тышкары 41 календардык-тематикалык план орус тилинде, 42 календардык-тематикалык план кыргыз тилинде даярдалган.
Талас облусу
Талас облустук билим берүү усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенованын берген маалыматына таянсак, 2025-жылдын август айынан тартып декабрь айына чейинки аралыкта билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнү камсыз кылуу багытында бир топ маанилүү иштерди аткарды.


— Облус боюнча жалпы 850 STEM сабактарынын мугалимдери жана 215 англис тили мугалимдери – жалпы 1067 педагог 12 жылдык билим берүүгө даярдык боюнча Бишкек шаарынан окуп келген улуттук тренерлердин жетекчилиги астында жер-жерлерде окутуудан өтүштү. Ошондой эле райондордо жаңыланган мамлекеттик стандарттарга ылайык тренингдер, семинарлар уюштурулуп, мугалимдерге үзгүлтүксүз усулдук жардамдар көрсөтүлүүдө. Учурда Талас билим берүү усулдук борбору тарабынан сентябрдан-декабрга чейин 195 мугалим квалификациясын жогорулатып, кошумча ЖРТга даярдоо боюнча 21 мугалим РПККЖ жана кайра даярдоо институтунун базасында кыргыз тили жана адабияты боюнча билимин өркүндөтүп келишти. Мындан тышкары Ысык-Көлдө өткөн форумга облус боюнча 113 педагог катышып, алган тажрыйбаларын кайра райондордо жайылтышты, — дейт С.Бейшенова.

2025-2026-окуу жылынын сентябрь-декабрь айларында мыкты мугалимдердин тажрыйбасын жайылтуу максатында предметтик сабактар, мектеп директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары жана «Ата-энелер мектеби» боюнча жалпы 22 облустук семинар өткөрүлдү.

Облустук семинарлардын тажрыйба алмашуусу, алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу боюнча облустук баракчаларга жана билим берүүнүн жаңылыктары жана Салтанат Бейшенова деген баракчаларга, ютуб каналдарга тынымсыз жарыяланып турат.
— “Жыл мугалими” кароо-сынагы облустук турга жалпы 34 мугалимден табыштама келип, тесттик этаптан соң 21 мугалим экинчи турга өткөн. Алардын ичинен 8 мугалим жана мектепке чейинки билим берүүдөн 3 кызматкер республикалык этапка катышууга жолдомо алышты. 2025–2026-окуу жылынын башында “Алтын Казык” программасынын алкагында математика жана табигый илим мугалимдерине 909, англис тилчи мугалимдерге 269 ноутбук таратылып берилди. Учурда бул техникалар “Санарип Кампа” жана башка платформалар аркылуу сабактарды заманбап форматта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Окуучулардын предметтик олимпиадасына даярдыкты жакшыртуу максатында методикалык кеңешмелер уюштурулуп, мугалимдер тарабынан мурунку жылдардын олимпиадалык тапшырмалары талданып, иш-план түзүлдү. Предметтик кружоктор, секциялык сабактар, индивидуалдуу жана топтук даярдыктар туруктуу жүргүзүлүүдө. Мектептерден сырткары окуучулар “Онлайн”, “Салымбеков бизнес мектеби”, “СЕКОМ плюс” ТОЕFL курстары, “Osmon School” платформалары аркылуу кошумча билим алууда, — дейт жетекчи.

2025–2026-окуу жылында облус боюнча бир жаңы мектеп жана үч балдар бакчасы өз ишин баштады: Талас районунда 192 орундуу Борош Жанузаков мектеби жана 75 орундуу “Сабира апа” бакчасы; Бакай-Ата районунда 175 орундуу “Мекенчил” бакчасы; Манас районунда 75 орундуу Б.Миршакиров атындагы бакча пайдаланууга берилди.

— Талас облусунун билим берүү системасы өзүнүн негизги максаты — балдардын сапаттуу билим алышын камсыздоодо, мугалимдердин кесиптик өсүүсүн колдоодо, санариптик жана заманбап билим берүүгө багытталган реформаларды жайылтууда туруктуу кадамдар менен алдыга жылууда. Бул иштер мындан ары да системалуу түрдө улантылмакчы. Облус аймагында педагогдор арасында тажрыйба алмашуу боюнча семинар, тренингдер байма-бай өтүлүп келүүдө, — дейт Салтанат Бейшенова.
Нарын облусу
2024-2025-окуу жылында облустагы жалпы 140 мектепте 60149 окуучу билим алып. 5564 мугалим эмгектенди. Алардын ичинен 5143ү жогорку, 65и бүтпөгөн жогорку, 336сы атайын орто билимдүү. 1512 мугалим пенсия жашындагылар болсо, 457си жаш мугалимдер болуп саналышат.



Нарын облусунун мугалимдери жаңы 2025-2026-окуу жылына карата билимдерин өркүндөтүп, окуучуларга жугумдуу, заман талабына ылайык билим берүү үчүн эс алуу учурунда дагы ар кандай семинар-тренингдерден өтүштү. Маселен, Нарын шаарында жалпы 580 мугалим эмгектенет. Анын ичинен 533 мугалим жогорку билимдүү, ал эми 47 мугалим сырттан окуусун улантып жатат. 2023-2024-окуу жылында 40 жаш мугалим эмгектенип, тажрыйба топтоп, ийгиликтерди жарата алышты.
— Азыркы учурда мугалимдер мектептерде лабораториялык каражаттар жетишпегендиктен “Виртуалдык лаборатория” сабактарын жана окуучуларды долбоор, изилдөө иштери менен көбүрөөк иштеткенге басым жасалууда. Ал эми Ак-Талаа районунун Жоробек Сатылганов мектебинде математика мугалими болуп эмгектенген Элмира Саякбаева дагы эмгек өргүүнүн мезгилинде билимин жогорулатуу максатында онлайн курстардан окуганын айтты. Окуучуларды ЖРТга даярдоо жана олимпиадаларда ийгиликтерди жаратуу — анын биринчи максаты, — дейт Нарын облустук усулдук борборунун жаңы жетекчиси Орозмамбет Солтобаев.
Дагы бир нарындык мугалим Күмүшай Мамаева заманбап билим берүүнүн талабына ылайык, жаңы усулдарды үйрөнүү үчүн “Мугалимдер Академиясы” мугалимдердин квалификацияны жогорулатуу курсунан педагогика, психология, компьютердик билим алганын белгиледи.
— Бул курстан алган билимди сабактан колдоном. Мисалы, ден соолугу начар окуучу бар эле. Ал окуучу оор жумуш кыла албайт. Субботникке чакырып жатсам, ал окуучу мен жарабайм деген ойдо калды. Курстан алган метод менен ага жумуш тапшырдым. Ал кызга мен субботникке ким эмне алып келет, ким эмне алып келди, ким жаңы даярдык менен келүү үчүн келди, кандай иштегенин көзөмөлдөө жагын тапшырдым. Башка учурларда да жазуу жумуштарын берип, ага болгон ишенимди арттырдым, — дейт К.Мамаева.
Ал ошондой эле “Биз билгибиз келет” — компьютердик академиясы тарабынан өткөрүлгөн онлайн курска да катышып, 2 жарым ай 72 сааттык окутуудан өттү. Бул академиянын курстарынан ал үч жылдан бери окуп келатат.
Курстан алган билимдин негизинде элеттик мугалим баалоодо, үй тапшырма текшерүүдө, бышыктоодо алган билимдерин колдонуп келет.
— Мисалы, бышыктоодо футбол оюнун түзүп (https://www.umapalata.com/zexpo/game.html?LANG=RU&idGames=98569) жыйынтыктап алдым. Окуучулардын алган билимин футбол ойнотуп, түшүнгөнүн текшерип алдым. Кызыгуусу артат экен. “Сабакты кызыктуу өтүүнүн заманбап ыкмаларын IT билим берүү менен айкалыштыруу” аталышы боюнча 16 саатык квалификацияны жогорулатуу курсунан өттүм. Бул курстан да жакшы билим алдым. Эми сабактарга колдоном. Ар бир курстун өзүнчө жакшы жактары бар. Окуучунун кызыгуусун арттырууда чоң салым кошот, — деди мугалим.
Бекитилген графиктин негизинде облустун мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде алдыӊкы педагогдордун иш-тажрыйбаларын жайылтуу максатында облустук деӊгээлдеги семинарлар болуп өттү. Алсак, Ак-Талаа районунун С.Атамбеков атындагы орто мектебинде «Окуучулардын билим сапатын жогорулатууда заманбап технологиянын ролу», Кочкор районунун Кайып Темиров атындагы орто мектебинде «Билим берүүгө 100 жыл: билим берүү түгөнгүс азык, жоголбос байлык, кемибес кенч” аттуу семинарлар өткөрүлдү. Ат-Башы районунун Кара-Булуң келечеги балдар бакчасында «Балдардын музыкалык табитин өстүрүү», Нарын шаарындагы №18 “Ак-Дил балдар” бакчасында “Сабат ачуу сабагын өтүүнүн ыкмалары”, Нарын районундагы “Г.Эсенаманова” атындагы балдар бакчасында “Оюн-мектепке чейинки курактагы баланын негизги ишмердиги” деген темаларда семинарлар катышуучуларды кайдигер калтырган жок.
Ошентип, нарындыктар эс алууда бир дагы убакытты текке кетирбей ар ким ар кандай курстардан окуп, билим куржунун жаңыча усулдарга, ыкмаларга толтурушту.
Айтмакчы, 2024-2028-жылдарга мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү, эл аралык билим берүү мейкиндигинде интеграцияланган жана таанылган улуттук мектептик билим берүү системасын түзүү, глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүндүк берген жана улуттук социалдык-маданий мурасынын сакталышын жана өнүгүшүн камсыз кылуу максатындагы Агартуу министрлигинин буйругун аткарууга нарындыктар бардык аракетти көрүп жатканы жакшы көрүнүш.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер